Байыркы кырк уруу кыргыздар



Белгилүү философ Ч.Нусуповдун бул макаласы окуган адамды ойлондурбай койбойт. Ал президент А.Атамбаевдин отурса-турса деле "биз курама элбиз" - деп элдин башын курулай айлантып жатканын жакшы эле ашкерелеп ачып бериптир. Айныгыс далилдерди "Манастын" өзүнөн казып чыгып, көзүбүздү ачып жатат. Анда эмесе көңүл буруп окуп көргүлө.

А.Атамбаев мамлекет башчысы кызматына киришип жатып, Кыргызстандын элине төмөндөгүдөй сөздөр менен кайрылды: "Словно из лоскутков сложен он", - говорится в эпосе "Манас" о нашем народе, в котором веками в нерушимом единстве живут представители многих национальностей" - "Кылымдар бою бузулбас биримдикте көптөгөн улуттардын өкүлдөрү жашайт биздин эл ичинде, "курактан куралган сыяктуу"-деп айтылат "Манас" дастанында" (Карагыла: 1 декабря 2011 г., Автор: K-News; жана - msk "Фергана" от 01.12.2011).
Бул жерде "курама" деген түшүнүк "курак" деген сөз менен алмашып калган. Бул боюнча чиновниктерден жападан жалгыз эл депутаты Мыктыбек Абдылдаев: "Кыргыздар "курак" болуп куралган эл деген сөздөр айтыла баштады. Чынында эле биз "куракпызбы" ар элдерден кошулган? Жок, кыргыздар курактан куралган курама эмес, мындай ойду аркалагандарга минтип сүйлөгөнгө тыюу салышыбыз керек!" - деп айтып чыккан эле.
"Манас" дастанында чуулгандуу курак жөнүндө ныпым сөз да, ой да жок. "Курама" деген кыргыз сөзүн "курак" деп Атамбаевдин уккан адамдын кыжырын келтире чечмелөөсү жана түшүнүүсү, кыргыз элинин аброю менен өзүмдүк аталышын кемсинткени тууралуу кыргыз аксакалдары ой-пикирлерин айтып чыгышса жакшы болот эле. (ред. - биз аларды басып чыгарууга даярбаз).
Биздин оюбузча, мындай учурда Мыктыбек Абдылдаев гана эмес калкынын тарыхын, маданиятын, салт-санаасын билген жана сыйлаган ар бир кыргыз, минтип шылдыңдуу түрдө "куракка" салыштырганына б.а. кездеменин эч нерсеге жарабай калган өөнүнө салыштырылышына кош көңүл кала албайт. Түпкүлүгүндө бул - кыргыз тилин бурмалоо гана эмес, элдин генофондун сактап жана маданиятыбызды, тилибизди, киндик кан тамган жерибизди муундан-муунга өткөрүп берип келе жаткан ата-бабаларыбыздын арбагын мазактоо, шылдыңдоо болуп эсептелет.
Кыргыз тилиндеги "курама" деген сөз орус тилине эч качан "курак" (лоскут) делип которулбайт. Кездеменин кыркындысы же бөлүгү (лоскуток) кыргыз тилинде "курак" - кыркынды, "өөн" - кийиздин, теринин, кездемелердин ар кандай майда, керексиз кыркындылары, "кесинди" - кыркынды деген түшүнүктөр менен айтылат. Кыргыздар "курак жууркан", "кийиздин өөнү", "кийимдин өөндөрү", "кездеменин кесиндиси" деп айтышат. Өз Ата Журтунун чыныгы атуулу "курама" жана "курак" деген түшүнүктөрдү эч качан өзү чаташтырбайт.
Айта кетчү нерсе, "Манас" дастанында "курама" - деген түшүнүк уруу, урук, эл дегенди билдирбейт. Бул жөнүндө төмөндө кең-кесири айтылат.
Бирок, Атамбаевдин "көптөгөн улуттардын өкүлдөрү кылымдар бою бузулбас биримдикте жашап келүүдө" - деп кырк уруу кыргыз элинин калыптануу тарыхын бурмалап чечмелөөгө аракеттенгендиги өзгөчө таң калтырат. Эч бир жоопкерчиликсиз айтылган бул ой, жок эле дегенде эки себептен улам таптакыр келишпей турган карама-каршы пикирди жаратат.
Биринчиден, бул ой-сабатсыз айтылган, анткени, эч бир жагдай-шартта, эч бир элдин ичинде "кылымдар бою бузулбас биримдикте", көптөгөн улуттардын өкүлдөрү" жашоосу мүмкүн эмес. Себеби, же алар түпкүлүктүү этнос менен негизинен аралашып кетишет, же болбосо алар менен ассимиляция болуп, соңку орто кылымдагы түрк тилдүү элдердин, тагыраак айтканда, өзбектердин, казактардын, алтайлыктардын, хакас-тардын, тувалыктардын тарыхынан көрүнгөндөй жаңы элди же жаңы улутту жаратышат. Бул жөнүндө да кеңири айтабыз.
Экинчиден, президенттин айтканына ынансак "кыргыз эли түрдүү тилде сүйлөгөн урууларды, уруктарды жана элдерди эске алып айтылган ар түрдүү "курактардан" куралган, ар түрдүү улуттардын аралашма, баш аламан кошундусун элестетип турган эл" - деген маанидеги ой келип чыгат. Шумдугуң кургур десе! Бирок, мындай эмес. Мындай учурда кыргыз элинин "ичинде" деп эмес, кыргыз элинин "арасында" "көптөгөн улуттардын өкүлдөрү кылымдар бою бузулбас биримдикте жашап келүүдө",- деп айтканыбыз туура болот.
Кийинки мезгилде эл арасында, өзгөчө жаштар чөйрөсүндө, алардын аң-сезиминде, кээ бир тарыхчылар жана саятсатчылар аркылуу тарыхты бурмалагандын айынан - "кыргыздын кырк уруулары Алтайда же Эне-Сайда топтолуп, анан Ала-Тоо менен Теңир-Тоого көчүп келишкен" - деген жалган пикир пайда болду. Мисалы, Кыргыз ССРинин тарыхынын жаңы басмасынын I томунун 8-бөлүмүндө М. В. Плоских, А. М. Мокеев сыяктуу авторлор эч далилсиз эле: "кыргыздарды ар кайсы түрк жана монгол урууларынын аралашма эли" - деп эсептегени аз келгенсип, кыргыздарды Эне-Сайдан жана Алтайдан 15-кылымда Ала-Тоого келишкен" - дешет (карагыла мындан тышкары: Плоских М. В. Наш Кыргызстан. - Бишкек: Илим, 2004.- Б.- 145; Мокеев А. М. Кыргызы. Этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии. Бишкек, 1996. - Б. - 209.). Бул эки илимпоз сөрөйлөрдүн кыргыздардын тарыхын бурмалоо ой-максаттары тээ совет доорунда эле пайда болуп, Кыргыз мамлекети көз каранды эместигин алганда кайра жанданган. Партократтардын буйругу боюнча 1984- жылы Кыргыз ССРинин тарыхынын жаңы басмасынын 1 тому чыгат. Анда ушул авторлор энесайлык кыргыздарды жана теңир-тоолук менен ала-тоолук кыргыздарды эки башка эл деп эсептешет да, илимий булактарды одоно бурмалап, ойдон чыгарылган маалыматтарды жазышат.
Бул деген кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана аң-сезимин кемсинтүү. Биринчиден, кыргыз эли огуз-карлук жана монгол уруулардан жаралган калк эмес, ал таза кандуу кыргыздын кырк урууларынан пайда болгон эң байыркы, эзелки түрк эли. Экинчиден, теңир-тоолук менен ала-тоолук кыргыздар эзелтен бери Ала-Тоо менен Теңир-Тоону ээлеген. Буга далил катарында - байыркы кыргыздардын Үйшүн менен Кушан мамлекеттери Батыш Түркстанда жайгашканы (биздин заманга чейинки 2 - биздин замандагы 4-кк.) болуп бере алат.
Бул эки автордун "кыргыздарды Эне-Сайдан жана Алтайдан 15-кылымда Ала-Тоого келишкен"- дешкени, бул деген үйшүндөрдү кыргыз уруусу дегенден жана эсептегенден жоопсуздук менен качуу. Мисалы, кыргыздардын тарыхын эзелтен кемсинтип келген илимпоз М. В. Плос-ких арамзалык менен үйшүндөрдүн жаралуусун табышмак катарында эсептейт (карагыла: Наш Кыргызстан - Б. 43.). Ал эми "Манас" дастанынан тышкары, илимий булактарда Н. Я. Бичуриндин, Н. А. Аристовтун, А. Н. Бернштамдын, Ю. А. Зуевдин, Ж. М. Малабаевдин, Н. В. Кюнердин, В. В. Бартольддун жана башка илимпоздордун эмгектеринде үйшүндөрдү кыргыздын уруусу катарында таанышкан.
В. Радлов, Ч. Валиханов, В. Бартольд, А. Бернштам, О. Караев жана башка ушул сыяктуу окумуштуулар "кыргыздар азыркы жашап жаткан жерлерине биздин эранын биринчи миң жылдыгында жана экинчи миң жылдыктын башында көчүп башташкан" - деп жазышат. Кийинки тарыхый уламыштарда жана санжыра тарыхтарында болсо (мисалы. 16-к. жазылган Сайф ад-Дин Аксыкенттин эмгегинде, ошондой эле 19-20-кк. жазылган санжыраларда ) "кыргыздар монголдордун жортуулуна чейин Орто Азияда жашашкан жана ар кандай саясий окуяларга катышышкан"- деп айтылат.
Демек, "кыргыздар эл катары 15-кылымда ар бир улуттардан түзүлүп Эне-Сайдан жана Алтайдан Түркстанга келишкен"- деп айтуу - байыркы кыргыздардын тарыхын кара ниеттик менен жасалмалоонун айдан ачык мисалы! Азыркы замандаштарыбызды "кыңк этип сөз айта албаган жана мээси жок көпчүлүк"- деп шылдыңдаган мамиленин айкын көрүнүшү! Ошол "илимпоз" сөрөйлөрдүн маалыматын ээрчисек анда кырк уруу кыргыз алда канча мурда өз Түркстан жеринде эмес, Алтайга же Эне-Сайга келген кезде пайда болгон болот. Мындай пикир бир гана максат үчүн - кыргыз эли ар түрдүү улуттардан куралгандыгы жөнүндөгү бузуку, түрдүүчө сүйлөгөн маалыматты кантип болсо да актап-жоктоо үчүн ойлоп табылгандыгында болуп жатат.
Кыргыздын кырк уруусу ичинен Батыш жана Чыгыш Түркстанда жашаган

"Кабак-Арт менен Сары-Колдо
Кабырга тууган кыпчак бар,
Кашыма жыйып алайын.
Алчын, үйшүн, найманды,
Абак, тарак, аргынды,
Айтайын тойго баарыны" (Сагымбай Орозбаков. "Манас". Эпос. -Б.: 2010, 41-бет) - деп көпчүлүгүн Жакып кан Алтайга тойго чакыргандыгы жөнүндө баяндалат "Манас" дастанында. Манас изилдөөчү Зулпукар Сапанов Сары-Кол деген жерди Памир деп атайт, жана кан Кошой, Ак Балта, Жакып туулган кичи мекени болгон деп эскертет ("Учур", 1 март, 2012-ж.). Кийин Жакып кан 70 бүлөдөн турган өзүнө жакын уруулаштары менен Алтайга көчкөндүгүнүн өзү эле жогоруда саналган дагы башка көптөгөн кыргыз уруулары Манастын атасы төрөлгөндөн узак жылдар мурда эле байыркы мезгилден бери, түпкүлүгүндө Түркстанда жашашкандыгынын эң сонун күбөсү эмеспи. Айтмакчы, дастандын өзүндө кан Жакып башында туруп Алтайга кыргыздын 70 бүлөсү качкандыгы айтылат. Бул жөнүндө дастанда Жакып той бергенде минтип баяндалат: "Жетимиш үйлүү кыргызын, Эт башкартып койдуртту" (41-бет).
Этногенезинин тамыры биздин заманга чейинки 8-5 жана андан да аркы кылымдарга кеткен, көптөгөн илимий булактарда "кырк уруу эл" - деп гана аталган байыркы кыргыздардын Ата Мекенинин тарыхын азыркы жаштар билүү керек. Биздин заманга чейинки 3 - биздин замандагы 2 - кылымдын соңунда Чыгыш Түркстанда жана Борбордук Азияда (Кыргыз-Нур көлүнө жакын жерде) жайгашкан Гянь-Гунь (Кыргыз) мамлекетинин тарыхы жөнүндө да аларда туура түшүнүк болуш керек. Ошол кездеги Борбордук Азиядагы жана Чыгыш Түркестандагы кыргыз уруулардын бир бөлүгү Түштүк Шибердеги (Сибирь) Динлин мамлекетин талкалап өз кыргыз мамлекетин куруп - тарыхта энесайлык кыргыздар деп аталгандыгы тууралуу да кыргыз улан-кыздарынын арасында илимий маалымат болуш керек.
Азыркы кыргыз жаштарынын көпчүлүгү кырк уруу кыргыз элинин батыш жана түндүк бутактарынын калыптануу тарыхын, тагыраак айтканда, Үйшүн (б.з.ч. 2-к. - б.з. 1-к-дын.) жана Кушан мамлекеттеринин (б.з.ч. 1-к. - б.з. 4-к-дын соңу), Батыш Түркстандагы теңиртоолук, анжияндык жана ферганалык кыргыздардын, ошондой эле Түштүк Сибирдеги Гянь-Гунь (б.з. 1-4-кк), б.з.6-кылымынан тартып - Хягас (же болбосо Кыргыз) мамлекеттерин калыптаныш тарыхын толук билбегендигин өкүнүү менен айтса болот.
(Уландысы кийинки санда)

Нусупов Ч.Т. философия илимдеринин доктору,
Профессор





Алиби

8-май, 2012-жыл






??.??