Сталин


(1878-1953)
Иосиф Виссарионович Сталин - орус революционери, советтик саясий, мамлекеттик, аскерий жана партиялык ишмер, жумушчу жана эл аралык коммунисттик кыймылдын көрүнүктүү ишмери.
Сталин Тифлис губерниясындагы Гори шаарында грузиндин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы - Виссарион Иванович Джугашвили өтүкчү, кол өнөрчү болгон. Кийинчерээк бут кийим фабрикасында жумушчу болуп эмгектенген. Орус, армян, азербайжан тилдерин мыкты билген. Энеси - Екатерина Георгиевна багбанчынын кызы болуп, күнүмдүк туш келген жумуштарды аткарган.
Иосиф төрөлгөндөн кийин атасынын иштери начарлап, ичип кетет. Туруктуу үйү жок, батирден батирге көчүшүп, баштарынан көп кыйынчылыктарды өткөрүшөт. Аягында атасы аялын таштап, уулун өзү менен алып кетейин дегенде, энеси болбой Иосифти өзүнө алып калат. Ал баласын "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" өстүрөт. Иосифти окууга берип, анын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпайын деген максатта, атайы бычмачылыкты, сайма саюуну да үйрөнүп, таңдан кечке иштейт.
Иосиф 1884-жылы, 5 жашында, чечек менен ооруйт. Анын изи өмүр бою кетпей бетинде калды. Жыл өтүп-өтпөй аны жеңил араба сүзүп, буту менен колунан катуу жаракат алат. Ушундан улам Иосифтин сол чыканагы жакшы бүгүлбөй калат.

Согуш алдындагы
тышкы саясат
Германияда Гитлердин бийликке келишинен кийин Сталин советтик саясатты башка нукка бурган. Мурда Германия менен шериктеш болууга аракеттер көрүлсө, Гитлердин келиши СССРдин саясатына кыйла өзгөртүүлөрдү киргизүүгө себепкер болгон. Эми СССР мурдагы Антантанын курамындагы өлкөлөр менен биригип, фашисттик Германияга каршы туруу аракетине өткөн. Бирок, башында бул саясат мындай ыраатта жүргөн эмес. Алгач, 1935-жылдары Германия менен Польшанын өз ара жылуу мамилелеринен чоочулаган Сталин жашыруун түрдө Гитлерге кол салбоо тууралуу келишим түзүүнү сунуштайт. Гитлер анын сунушун четке кагып, болбой коёт. Мындан кийин Антантанын курамындагы өлкөлөр да - Англия, Франция СССРден чоочулап, Гитлер менен тынч мамиледе болууну каалашкан. Ошол себептен, Англия менен Франция СССР менен Германияга каршы аскерий кызматташууга барышкан эмес.
1939-жылдары кырдаал курчуп, Германия менен Польшанын ортосунда пикир келишпестиктер башталган. Учурдан пайдаланып, Англия менен Франция фашисттик Германияга каршы турарын билдирип, өз тарабына СССРди өткөрүүгө далалат жасашат. 39-жылы жайында Сталин Англия, Франция менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол эле учурда Германия менен ич ара сүйлөшүүгө барат.
1939-жылы 23-августта СССР менен Германия кол салбоо тууралуу келишим түзүшөт. Сталин бул келишимди түзүү менен СССР көп жерден утат деп ишенген. 39-жылдын сентябрында Коммунисттик Интернационалдын жетекчилигине бул жөнүндө: "Согуш капиталисттик өлкөлөрдүн эки тобунда жүрүүдө. Жерди бөлүштүрүү, ага үстөмдүк кылуу максатында. Биз алардын бири-бирин алсыздандырышына каршы эмеспиз. Германиянын шарапаты менен бай капиталисттик мамлекеттердин абалы начарласа жаман эместир. Гитлер өзү каалабай, түшүнбөй туруп, капиталисттик системага доо кетирип жатат. Биз алардын бири-бирин жакшылап тытмаланышына түрткү берип, бул кырдаалды ыгы менен колдонсок болот. Польшанын талкаланышынан кийин, жаңы аймактарга социалисттик системаны жайылтсак жаманбы" - деп айтканы бар.

Улуу Ата Мекендик согуш
1941-жылы 6-майда, согуштун башталышына бир жарым ай убакыт калган маалда, Сталин СССРдин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болчу. Согуш башталган учурда болсо Коба КПСС БКнын алты секретарынын бири эле.
Кээ бир маалымат булактарында Советтер Союзунун согушка даярдыгы жок болгондугу, согуштун башында көптөгөн курмандык болгонуна Сталиндин күнөөлүү экени айтылат. Себеби, Кобага 41-жылдын 22-июну согуш башталар күн экендиги тууралуу алдын ала кабар айтылган деген. Дагы башка тарыхчы О. А. Ржевский белгилегендей, 1941-жылы 17-июнда СССРдин Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин 1чи башкармалыгынын жетекчиси П.М. Фитин Сталинге Берлинден келген кабарды угузган. Анда Германиянын СССРге карата кол салуу даярдыктары аяктап, кол салуу болору баяндалат. Ошентсе да, ал катта так убактысы такталган эмес. Сталин да согуштан качып кутулбасын билген, бирок чалгынчылар айткан убакыт келсе да Германия тараптан эч кандай басып алуу аракеттери болбогон соң бул имиш маалыматтарга "Англиянын чыгарганы болсо керек" деп кол шилтеп койгон.
Дагы бир билдирүүлөрдө, 1941-жылы 15-июнда Рихард Зорге аттуу советтик чалгынчы 1941-жылы 22-июнда Советтер Союзуна кол салуу болорун маалымдаган деп эскерилет. Бирок, муну көбүнчө коопсуздук кызматында, чалгын кызматында иштегендер, "Никита Хрущёвдун маалында жасалган жасалма кат" деп келишет. Мындай пикирди көпчүлүк тарых изилдөөчүлөр ырастап, Сталинде согуштун чыга турган күнүн кабарлаган так маалымат албагандыгын айтышат.
22-июнда таңкы саат 5:45 те Сталин Кремлде СССРдин тышкы иштер эл комиссары Молотов, ички иштер эл комиссары Л.П. Берияны, коргоонун эл комиссары С.К.Тимошенкону, СССРдин Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары Л.З. Мехлисти жана Жумушчу-Дыйкан Кызыл армиясынын башкы штабынын жетекчиси Г.К. Жуковдор менен жолугуп, түзүлгөн кырдаал боюнча сүйлөшкөн.

Сталин - СССРдин
аскердик лидери
41-жылы 8-августта Сталин СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы менен СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы командачысы болуп дайындалат.
16-августта №270 буйрукка кол коёт. Бул буйрукка ылайык тылдан качкан, туткунга түшкөн адамдар чыккынчы делип, алардын үй-бүлөлөрүн "чыккынчынын үй-бүлөсү" деп камакка ала башташкан.
41-жылы "Москва камоодо турат" деп жарыяланганы менен Сталин борбордо кала берген. Ошол жылы Октябрь революциясынын 24 жылдыгы өтүп, ага карата Коба Кызыл аянттан парад өткөрттүргөн.
Сталин бир нече ирет фронт тарапка чыгып, аскердик күчтөрдүн абалы менен жеринен таанышып турган. 1941-жылы июлда Батыш фронтун көрүп келип, кийинчерээк Можайск, Звенигород, Солнечногорск коргонуу чектерине барган. Волоколамскидеги бейтапканаларга барып, БМ-13 ("катюша") ракеталарын текшерип, И.В. Панфиловдун 316 - дивизиясы менен жолуккан.
42-жылы 30-майда ал партизандык кыймылдын Борбордук штабын ачат. 5-сентябрда "партизандык кыймылдын иштери тууралуу" деген буйругун жарыялайт.
Ошол эле жылдын 28-июлунда коргоонун эл комиссары катары № 227 буйрукка кол коюп, анын жол-жобосу боюнча аскерлерге жетекчиликтин буйругу жок ордун таштап кетүүгө уруксат берилбей, буйрукту аткарбагандар айып батальондоруна жөнөтүлүүгө тийиш болгон.
Согуш убагында Сталин "Жеңиш" орденин эки ирет, Суворовдун 1чи даражадагы орденин алган. 1943-жылы 6-мартта ага Советтер Союзунун Маршалы наамы берилген. 45-жылы 26-июнда аскерий эмгеги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы, күн өтүп-өтпөй эң жогорку наамды - Советтер Союзунун Генералиссимусу наамын алган. Согуш жылдарында Сталин улуу уулу Яков Джугашвилиден ажыраган. Өзү 1953-жылы дүйнөдөн кайткан.