Бурхановадан "бурр-р" этти


КТРКнын "Ала-Тоо" программасынын Нуржамал Бурханова деген "айжамалы" бар. Эбиреп чыга калганда экранга жараша түшөт. Өзү ушул программанын башкы редактору. Жакындан бери коллегалары "Бурханова бурулбай жандай өтүп кеткенде буркураган башкача жыт келчү болду" - дешип кеп кыла башташты. Бу КТРКда кимдер гана иштебейт. Ар өнөрдөн кур эмес. Арасында мурду кадимки машкеден кем калбаган жытчылдары "экспертиза" кыла коюшса, демейде атыр жыты алыстан келчү Бурханова айым "буркурап" эле "жашылбай" жыттанып басчу болуп калыптыр. Көрсө, Ак үйдүн ана башчыларынын бири ай сайын 1000 доллар төлөп, өзгөчө өкмөттүн ишине байланышкан "негативдүү" материал болуп калса, "каш-кирпигиңди тергендей эле терип сал",- деп өтүнүптүр. Ошону менен жалаң "жашылбай" жыттанган Бурханова "буркурап" эле турат дейт, чиркин.


Кара далы кызга үй


Казакстандын мажилис депутаты Нуртай Сабильянов кара далы кыздарга үй берүү маселесин көтөрүп чыкты. "Ал бечаралар "бутубузга туруп алалы"- деп жүрүп турмушка да чыкпай калды. Жаштары да кырктан ашып кетти. Же баладан жок, же үйдөн жок калышты. Бала төрөп алалы десе баарыбыз кеп кылабыз. Кара далы кыздар коомубуздун корголбогон катмарына айланды"- деди ал. "2020-жылга чейин баарына-үй" программасын ишке ашырууну көздөп жаткан казак бийлиги "ырас эле"- деп ойлонуп калды дейт. Биздин кара далы кыздарды ойлогон жан барбы?



Көө жукпай, калбыр табылбай...


Омоктуу ойлорун ортого таштап турчу Орозбек Молдалиев деген саясый серепчини ким билбейт. Айланып барып Ак үйдүн бир бурчунан орун таап, президенттин аппаратынын стратегиялык иликтөө жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчылык кызматында иштеп жаткан. Демейде айтчусун айтып, түз жүргөн Орозбек ага, хан сарайдагы интрига оюндарынан иренжип, оозу бирди айтып, колу башканы жасагандарды көрүп көңүлү калып, "кызматтан кетем",-деп эки-үч жолу арыз жазыптыр. Бирок, тигилер "кетпейсиң" - деп тырышып, кетирбей жатышыптыр. Сыягы, шыбаган көөлөрү жукпай жаткандай. "Көө сиңсин, сен дагы бизге окшоп жууса кеткис болгондо, куйругуңа калдыраган калбыр байлап туруп, арыз жазбасаң деле айдап чыгабыз"- дегенди айталбай жатышса керек.


"Алмашалы" дегени ырас экен


Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнь "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курууда "Инвестицияга ресурс алмашуу" жөнүндө сөз болгонун танган жок. "Бирок, бул боюнча Кыргызстанда тескери маанай жаралып жаткандан кийин, ага биз урматтоо менен мамиле кылабыз...Кытай үчүн бул жолду ким салары маанилүү эмес, эң башкысы ал курулса болду"- деп билдирди. Демек, кыргыз бийлиги "андай оюбуз жок"- демиш болгону менен темир жол курулушу үчүн "кенибизди берели"- дегени чын чыкты. Учурда Кыргызстан темир жолду куруу үчүн 2 сунуш (концессия же биргелешкен ишкана) киргизип жатыптыр. Бул маселе боюнча 2-майда атайын делегация Кытайга жөнөйт.


"Жайлайбыз"- дешти


Бүгүнкү күндө табияттын кырсыгынан түштүк жергеси бир топ зыян тартты. Жакында эле сел жүрүп, бир катар райондордо эгин талааларын жууп, жол-көпүрөлөрдү алып кетти. Эми, "какаганга муштаган,- дегенсип Аксы районунун 400 гектардан ашык жеринен чегиртке табылып отурат. Күн ысык тийсе чегирткелер эртелеп "бешиктен" чыгып, каптап кетиши мүмкүн. Айыл чарба министрлигинин адистери: "ал чегирткелерди көзүн ачырбай жайлайбыз, колубузда БУУ тарабынан берилген 2 тонна "Димилин" дарысы турат. Ал 100 миң гектарга жетет"- деп сооротушууда. Дайыма "жайлайбыз"- дешчү эле, ай ким билет? Ким кимди же ким эмнени "жайлап" жиберер экен?


Губернатордун ою, Ормондун тою


Нарын облусунун губернатору К.Муратбеков экономиканы жандантып, өндүрүштү өркүндөткөндөн көрө, "Ала көлдөй чык, Ала тоодой эт" кылып, той өткөргөнгө маштыгын көрсөтүп келет. Былтыр Соң-Көлдүн бетегесин миңдеген машинеге тебелетип, чаңын асманга сапырып, Куйручуктун 140 жылдык мааракесин өткөргөн. Той тарагандан кийин таштандыдан баса албай калганбыз. Ошого кеткен каражатка кур дегенде Э.Өскөналиевдин "Куйручук" китебин он- миңдеген нускаларда бастырып, коомчулукка таратып койсо чоң иш кылмак. Быйыл Ормон хандын 220 жылдыгын ошол эле Соң-Көлдө өткөрсөк деген оюн Кочкор районунда болгонунда балп эттирди. Бул улуу адамдарды эскерип, мааракесин өткөрүүгө эч ким деле каршы эмес. Заманга-шартка жараша ыксыз ысырапка барбай, эт-чучукка оозду майлап басып кетпей, жер-сууну тебелетпей эле, кыргыз тарыхында орду бар Ормон ханды эскерүүнүн башкача жолдорун табууга неге болбосун?! Кыскасы, Соң-Көлдө дагы бир той болот окшойт...


Безип кетишиптир


Эсеп палатасынын аудитору Өктөмхан Абдуллаева "Жаш мугалимдин депозити" аталган программа иштебей эле иштен чыкканын ЖКнын тармактык комитетинде айтып чыкты. Башында бул прог-раммага ылайык 500 жаш мугалим тандалып алынса, анын 57си бир жылга чыдабай безе качса, 2010-жылы тартылган 497 жаш окутуучунун 113ү ордун таштап, "көлөкө" издеп кетишиптир. Бир сөз менен айтканда Кыргызстандын мугалимдеринин 65 пайызын 45 жаштан өткөндөр түзөт экен. Кебетеси жер-жерлердеги мектептердин шартына күйдүм-быштым болгон улуу муундун өкүлдөрү эле түтпөсө, жаштар чыдабайт окшойт. Ошондой эле, республиканын мектептеринин 4 пайызы гана интернет эмне экенин билбесе, калгандары "картөшкөнүн жаңы сорту болуш керек"- деп жүрүшкөндүктөрү кабырга кайыштырат.


Эстен чыккан эмгек майрамы


Бүгүн 1-Май. Эмгек күнү. СССР кезинде бул күндү эмгекчилердин эл аралык тилектештиги күнү катары белгилеп, баарыбыз борбордук аянтка парадга чыгып, эмгекти, тынчтыкты жактаган транспаранттарды оболото көтөрүп, маанайыбыз андан жаркырап, бир сонун күн болор эле. Учурда Кыргызстанда 1-Май эмгек күнү аталганы менен анчалык шааниси байкалбайт. Дегеле, эмгек, анын баалуулугу, тарбиялык, жаратмандык мааниси тууралуу түшүнүктөр басаңдап, тетирисинче "коррупция", "кылмыш дүйнөсү", "рэкет" деген түшүнүктөр коолап-чайлап кеткендей таасир калтырат. Карапайым эмгек адамына караганда капчыктуу байларды идеал тутуп калдык. Кандай айтканда да "эмгекти" баалабаган коомдун эртеңи бүдөмүк экени талашсыз.


"Капкак милициясы" дейби?


Бишкек шаарында жыл сайын 30дан ашык канализациянын капкагы кайдадыр "кайып" болуп турат экен. Алардын ар биринин баасы 3,5 миңден 4,1 миңге чейин жетет. Бул капкактарды уурдап барышып, металлоломго тапшырып жатышканы белгилүү. Мунун кесепетинен кечээ эле аман турган жол, аңырайып ачылып калып, жол коопсуздугуна да чоң коркунуч жаралууда. Минте берсе, Бишкек мэриясы атайы "капкак милициясын" уюштурганга аргасыз болот окшойт. Эгер ошого барса, коомчулук деле туура кабыл алчудай.