Өкмөт ЖКны кантип өчүрдү?


26-апрель күнү болуп өткөн Жогорку Кеңештин жыйыны анча байкалбаган, бирок көптөгөн кызыктар менен коштолду. Көпчүлүгүбүздүн "бүйүрүбүз кызыбай", "атажуртчулар" менен Ташиевден күткөн "үмүтүбүз" акталбай "недовольно" кайттык. Биз күткөндөн алда канча "скучно" болду. Тырмактай илинчекти колдон чыгарбаган Бабанов бакылдап отуруп баарынын жаагын жапты.

Бул күнү Бабанов шагыраган 46 чиновниги менен келип, залды "көркүнө" чыгарганга чейин залда аз эле депутат отурган. Таң эрте ар ким арыз-муңун айтып, кээ бирлери арманын төгүп, кай бири калп эле шайлоочуларына көрүнүп алмакка ойдогусун божураган жарым сааттык бар эмеспи, "ар кандай маселелер" деген. Ошол бөлүктө эл ичинде өкмөткө болгон нааразылыктардын жыйындысын оптом оодармакка Камчыбек Ташиев алгачкы сөздү алды. Сөзгө жазылган жагынан чыны менен эле Камчыкеден эч ким озо албайт. Анан калса, маанилүү маселелер каралып жаткан чакта "Ата-Журт" фракциясынан Камчыкени коштоп, болгону артта Надира Нарматова менен дагы бир аты-жыты белгисиз депутат айым отурат. Ал эми Данчиктин экс-жубайы Динара Исаеванын сүйлөгөнүнө зар болгондор көп. Баарынан кызыгы, "атажуртчулар" саясий шоу моменттерди колдон чыгарышпайт.
Камчыке катыра сүйлөгөндөн кийин эле дароо көздөн кайым болду. Андан соң сөз алган кадимки ыраматылык артист Докенин карындашы Гүласал Садырбаева түрмөдө жаткан "Мадам в шляпе" деген каймана аты бар Адина Турдубаева деген айымдын акыбалы оор экенин, аны тезинен дарылоого чыгаруу зарылдыгын айтты. Ал эми Асия Сасыкбаева болсо адатынча орусча-кыргызча аралаштыра сүйлөп, интернет сайттарынын бирине чыгып кеткен "дедовщинанын" жоруктары тартылган видеотасма тууралуу айтып, аны жасагандарга токтоосуз чара көрүү зарылдыгын эскертти.
"Атамекенчилер" отурган залдын арткы катарындагы 3 жаш депутаттын ичинен Гүлниза Бейшенбаева гана отурду. Мурда ага чейин ал орундукта тажик тектүү Равшан Сабиров отурчу момпоюп. Жыйынды такыр калтырчу эмес. Эми фракция ичиндеги "короо кайтармай" кезеги Гүлниза айымга тийиптир. Фракциянын атынан кнопка басканга залда бирөө болбосо болбойт да. Маанилүү маселелер каралып жатканда кнопка басканга Төлөгөн аксакалдын баласы Райкан аке да жардамдаша калат. Себеби, Текебаев ал кишиге катуу ишенет да. Баарынан кызыгы, добуш берүү башталганда эле бал издеген аарыдай болуп ары бери ызылдап жөнөшөт десең. Бир ирет азиз көздүү Дастан Бекешов отургучтарды кармалап, ары-бери жүгүрүп 2-3 компьютерди катар басып чыкканда оозум ачылган. "Жок дегенде ушул жигитти тынч коюшпайбы",- деп артта отурган журналисттер күбүрөнүп жатышканын кулагым чалган.
Бир убакта Ширин Айтматова келди кечигип. Саатты карасам 11ден 5 мүнөт өтүптүр. Ал орундугуна отураары менен эле төрага танапис жарыялап калды. Ошону менен 15 мүнөт ары-бери жүгүрүп, депутаттар менен шыбырашып, акыркы имиштерди тыңшай коюп кайра кирдик. Кирсек жыйын башталып, Бабанов жайнаган чиновниктери менен залдын төрүндөгү атайын орундуктардан орун алыптыр. "Аа, өкмөт келиптир, эми Ташиев менен Келдибеков жайлайт буларды"-деп журналисттер шыпшына кулак түрүнгөнүбүз менен кырдаал биз күткөндөй болгон жок.
Адатынча эле алгачкы сөздү Ташиев алды. Бир ирет Бабанов Таласка барганда элдин алдында: "Былтыр баары дефицитти айтып жатышты эле, мына, акырында профицит менен чыктык"-дей койгону бар эле. Ташиев дароо ошону сурады. Өкмөт башчы адатынча жумшак жылмайып, өзү жаттап алган цифраларды кайталап, башты айлантып салды. Ии баса, ага чейин Бабанов доклад окуган. Анын докладына ишенсек, учурда өлкөбүз өтө ылдамдыкта өнүгүп, мамлекет бир канча жылдын ичинде бай мамлекеттердин ичине кирип калышы мүмкүн экен. Бирок, моюнга ала турган нерсе, Бабановдун бул доклады отургандарды муютту. Айрымдары сүйүнгөнүнөн кол чаап да жиберишти.
Жалпысынан сөзгө жазылгандар 80ге чукулдады. Алгач сөз алган Ташиев 25-апрель күнү "The Moscow Post" гезитине жана анын интернет баракчасына жарыяланган Өмүрбек Бабанов менен Казакстан президентинин өкүлү Булат Утемуратовдун стенограммасы тууралуу дагы сурады. Негедир Бабанов буга анчалык олуттуу реакция жасаган жок. Бул суроого жооп берип жатып: "Ошол стенограмманы бирөөгө жаздырып, ага төлөп, россиялык сайттарга, гезиттерге акча коротуп жарыялагандан көрө детдомдорго жардам берип коюшса болмок"-деп, негедир Камчыбек Кыдыршаевичти күлө карап койгону кызык болду. "Бул сайтка маалыматты жайгаштыруу 500 доллар турат жана анда "автор маалыматка жоопкерчилик албайт" деп жазып коюшат. Мындайларды орусча айтканда "желтая пресса" дешет. Андагы пастык сөздөрдү окуганда чач тик турат. Жазылгандардын баары - ушак. Мындай сөздөрдү ким жазса, аны Кудай урсун. Аны арабыздагы эле адам, өкмөт башчысы отчет берээрде таратып жатат",-деп дагы бир топ нерселерди саймедиреди. Ошондой эле премьер-министр Кыргызстанда ушак тараткан массалык маалымат каржаттарынын жоопкерчилигин карап чыгуу керектигин белгиледи. Андан ары демиткен Камчыбек Ташиев премьер-министрден:"Ахмат Бакиевдин качып кеткендигине өкмөт башчысынын тиешеси бар деген сөздөр чыгып жатат, буга кандай жооп бересиз?" деп сурады. Бабанов адатынча дипломаттыкка салып: "Бул абсурд маселе. Мен А.Бакиевдин жүзүн көргөн эмесмин" - деп күлүп жооп берди. "Эгерде менин тиешем бар болсо, эмнеге анда мен Жаза аткаруу кызматынын башчысын алмаштырдым. Менин тиешем бар деген сөздөр - бул ушак", - деп кошумчалады.
Андан соң сөз алган "Республика" фракциясынын депутаты Канат Исаев өкмөт башчыга ар кандай провокациялык иш-чаралардын алдын алуу зарылдыгын, болбосо "ириткичтер" тескери маалыматтык согуш жарыялап жатканын кыйытты.
Андан соң суроо узаткан "Ата Журт" фракциясынын депутаты Талант Мамытов Ө.Бабанов тууралуу интернетте чыккан маалымат тууралуу суроо берип, өз кезегинде Бакиев дагы ал тууралуу маалыматтарды ушак деп айтып жатып, кандай абалга туш болгондугун эскертти.
"Бакиев менен Бабановдун айырмасы чоң. Бакиев бийлиги учурунда анын агасы, баласы бийликке келген. Бирок менин бир дагы тууганым, эжелерим азыр бийликте иштебейт. Менде бийликте тууганчылык деген жок" - деди Ө.Бабанов. "Ал эми Кайсар деген ал ким?", - деп суроо берди Т.Мамытов.
"Ал- адам" -дегенде залдагылар каткырып жиберишти. "Ал менин досум болот, жакшы мамилелерибиз бар. Бирок кадрдык иштерге ал аралашпайт, 2 жарым айдан бери жолугуша элекпиз. Ал Казакстандын жараны болот", - деп өзүн актоого жакшы эле аракет кылганы менен, депутаттардын арасы күбүр-шыбырдан арылбай койду.
Ара-чолодо сөз алган Мыктыбек Абдылдаев анын артынан бирөөлөр аңдып жүргөнүн, эгер колго түшчү болсо оңдурбастыгын айтып, УКМК менен ИИМ жетекчилерине кайрылды. Бабанов адатынча "териштирем, жообун берем"-деп суудан кургак чыкканга аракет кылып, Мыктыбек Юсуповичти мактап кирди. Ортодо экөө "тоок кепе" тууралуу кызык аңгеменин башын чыгарышып, отургандарды күлдүргөнү менен көбү түшүнө берген жок. Көрсө, "тоок кепе"-дегени Бабанов өткөн жылы тоок фабрикасын көбөйтүүнү убада кылыптыр. Тымызын "намектерду" ыргыткан Абдылдаев Бабановго азыр Атамбаевдин отчетун тапшырып жатканын, нагыз сурак күзүндө болоорун, ошондо күнү бүтүшү мүмкүндүгүн эскертти.
Ортодо Ахматбек Келдибеков менен Марат Султанов финансы, бюджет жана дагы башка цифралар боюнча бирдемелерди сурады эле, Бабанов тайсалдай түштү. Чынын айтсам, четин дагы түшүнгөн жокмун. Канткени менен тиги экөө кыйын финансисттер эмеспи, премьерди жакшы эле тайсалдатышты. Марат Султанов демекчи, ал сөз алганга чейин процедуралык микрофонго чыга калган "Ата Мекен" фракциясынын укукчул депутаты Турат Мадылбеков: "Суроо бергенге 80ге жакын депутат жазылыптыр. Суроо кайталанып жатат. Ушуну менен токтотуп, талкууга өтпөйлүбү", деди эле, араң турган Марат Абдразакович: " Баягыңарды дагы баштадыңарбы? Убагында "Ата Мекен" оппозицияда жүргөндө кыскарталы дегенде эле так секирип чыкчу эмес белеңер? Эгер "митинг-пикет токтосун, оппозиция менен конструктивдүү диалог болсун"-десеңер, келгиле, чогуу-чаран отуруп сүйлөшөлү, сурайлы, жооп берсин" - деп, так кесе жооп кайтарды. Ага чыдай албаган Мадылбеков микрофондун өчкөнүнө карабастан Марат Абдразаковичке акыл үйрөтө сөөмөй кезеп, бирдемелерди айтып жатты. Айтор, депутаттар тоз-тополоң түшүп, биринин сөзүн бири укпай, төраганын тартипке чакырганы таасир берген жок. Бир убакта кайрадан суроо-жооптор улана баштаганда арттагы орундуктарда отурган "Ата Мекендин" жаш депутаттары Бактыбек Калмаматов, Гүлниза Бейшенбаева, Ширин Айтматова үчөө бирдемелерди кобураша калып эле каткырып жатышты. Аларга наркы катардан Дастан Бекешов кошулду. Тигил жакта суроо-жооп болуп жатса, бул жакта өзүнчө базар. Мектептин классында жаман окуган окуучулар арткы катарда отуруп алып, карта ойногондой эле таасир калтырат экен.
Ошентип Жогорку Кеңештеги бул күн ар кыл майда кызыктар менен коштолду. Акырында депутаттар өкмөткө күзгө чейин "доб-ро" беришти. Эми күздө не болоор экен?..