Чыңгыз хан

Монгол империясын түптөгөн (1206), Азия жана Чыгыш Европаны


багындырган даңазалуу колбашчы


XII кылымдын аягында монгол урууларынын арасында уруу-урукка бөлүнүү башталып, алар башка уруулардын малын уурдап, жерин тартып алып, ич ара чатакташуу менен күн кечирип келишкен. Монголдор Алтайды ээлеген наймандар, Байкалдын жээктерин башкарган меркиттер менен кырды бычак душман болушкан. Бет карагыс, чоң коркунуч туудурган душманы манжурлар эле.
Темучиндин атасы Есугей баатыр Борджигин уруусунан чыккан. Окумуштуулардын бири анын теги ак сөөктөр десе, башкалары аны "эрки узун кишилерден" чыккан дешет. Минтип өз уруусунан бөлүнүп кеткен күчтүү, азаттыкты сүйгөн талаа жашоочуларын аташкан. Алар эч качан хан же нойондордун көзүн карабай өз оокатын өзү өткөрүп, байлык топтогон. Есугей да күчтүү, эр жүрөк баатырлардан болгон. Жортуулдардан дайым олжолуу келген.
Анын эң кымбат олжосу - меркиттер менен салгылашта тартып алган Оэлун (Айлун) эле. Ал аны аялдыкка алып, Оэлун Темучинди төрөйт. Темучин төрөлгөндө колуна бир ууч кан кармап төрөлгөн деп айтылат аңыздарда.
Темучин эр жеткенде атасы кошуна урууга ээрчитип барып, 10 жаштагы Бортэнин кулагына сөйкө салып, кудалап коюшат. Монголдордун салты боюнча алар кудалашкандан кийин 5-6 жылдан соң гана үйлөнүшмөк. Ошентип, Есугей уулун болочоктогу кайын ата, кайын энелерине калтырып, өзү үйүнө жөнөйт. Жолдо баратып от жагып отурган татарларга кезигет. Талаа жашоочуларынын эрежесине ылайык жолоочу жолдогу көчтөн даам сызып кетиши жана ага эч ким тийбеши шарт болчу. Бирок, татарлар шартты бузуп, көч ээлерин таарынтпай тамагын таткан Есугейге уу берип коюшат. Ал ошол күнү эле көз жумуп, өлөр алдында туугандарына өч алууну керээз кылып калтырат.
Атасынын көзү өткөн соң, анын ордун уулу Темучин ээлейт. Бирок, жаш мураскорду эч ким теңине албай, Есугейдин мал-мүлкүн камчыга ченеп бөлүшүп, ар кимиси ар тарапка чачырап кетишет. Ал энеси, өгөй энеси жана бир туугандары менен күн кечирип эски журтунда кала беришет. Турмуштун сыноолору 12 жаштагы Темучинди токтоо, эрктүү, максатка умтулган жигит кылып тарбиялайт. Атасынан айрылган өспүрүм көп нерсеге эрте түшүнүп, жашоого башкача көз караш менен карап калат. Ал жаш кезинде эле душмандарына сөз ташып, чыккынчылык кылып жүргөн бир тууганы Бехтерге иниси Хасарды тукуруп, тигини жаа менен аттырып салат.
Ушундан улам аны душмандары кармап кетип, аны өлтүрбөстөн моюнунан тактайга таңып коюшат. Ал мойнуна таңылган тактайы менен айлап эмес, жылдап жүрөт. Темучин тарткан азапты көргөн кулдардын бири ага жардам берип, качырып жиберет. Кыйноодон кутулган Темучин үй-бүлөсүн таап, келинчеги Бортэге үйлөнөт.
Ар тарабынан аңдыган душмандарынан арылбасын билген Темучин аскер сураганы атасынын эски досу Ванханга барат. Тартууга Бортэнин себине келген кундуз тонду берет. Темучин башка жакта жүргөн кезде меркиттер анын аялы Бортэни жана Сочихэлди уурдап кетишет. Колуктусун бошоткону жана меркиттерден өч алганга Темучин кан досу Жамуха менен душмандын артынан түшөт. Бир нече айдан кийин Бортэ меркиттерден бошотулуп, Сочихэл туткунда кала берет. Кийин ал меркиттерге Темучиндердин каякта отурганын айтып, кол салууга жардам бергени белгилүү болот.
Бортэни бошотуу үчүн меркиттерге карай жүрүш жана башка бир катар салгылаштар Темучинге чоң атак, аброй алып келет. Темучиндин ийгилиги досу Жамуханын жана Ванхандын колдоосу менен болгон. Ошентсе да, тагдыр экен кийин ал экөө Темучиндин келишкис душманына айланышкан. Болочоктогу хан бат эле күчтөнүп, көп жерлерди, урууларды багынтат. Бирине күч колдонсо, башкалары ага өз ыктыяры менен кошулушкан. Анын аскерлеринин саны 20 миңге жеткен. 1206-жылы курултайда Темучин өзүн өзү Чыңгызхан - Улуу хан атаган. Ал монгол, түрк жана манжур урууларын башкарган.
Бийликтин бир тизгин, эки чылбыры Чыңгызхандын колуна тийгенден кийин уруулар ортосундагы мал талаштары токтогон. Алар бүтүндөй бир эл катары жашап, бир баш мыйзамга (Яса) баш ийишкен. Ал мамлекеттин бир гана башчысы болгон.
Ички саясат урууларды бириктирүүгө багытталган. Мамлекеттин түзүлүшү аскердик негизге таянган. Аскер күчтөрү аскердик-административдик бөлүккө бөлүнгөн: эң чоңу 10 миңдик аскерлер - түмөндөр, башында түмөн башы турган. Анын алдында миң аскерди башкарган миң башылар болгон. Андан кийин жүздүк, аларга ондуктар баш ийген. Аскер ичиндеги тартип катуу көзөмөлдөнгөн.
Яса мыйзамы Монголиядагы ээн баштыкты, тартипсиздикти жойгон жана күнүмдүк жашоодобу же жүрүштө болобу, кетирген күнөөсү үчүн айыпкерге өлүм жазасы колдонулган (согуш майданында качып кеткен аскер үчүн бүт ондук жаза тарткан; чыккынчы, күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аял, уруу, уурдалганды саткан соодагер ж.б. өлүм жазасын алган). Мындай катаал мыйзам монгол урууларында мурда болгон эмес, эч ким көрбөгөн да, укпаган.
Тышкы саясатта бир гана максат коюлган. Ал жаңы жерлерди ээлөө болчу. Ал убакта анын кол алдындагы аскер 300 миңге жеткен. Алар Темучиндин айтканын эки кылбай, бүгүн десе бүгүн, эртең десе эртең жүрүшкө чыкканга даяр турушкан.
Чыңгызхан үчүн Кытайды каратып алуу зор мааниге ээ болгон. Бул максатын жүзөгө ашыруу үчүн ал алгач тангуттардын мамлекети Си-Сяны (Чыгыш Түркстандан Сибирге чейинки аймак) карамагына өткөрүп, чыгыш чектерин бекемдеген (1205, 1207, 1209-жж. жүрүштөр). Кытайдын түндүк бөлүгүндөгү Цзинь империясын каратуу үчүн үч жыл бою тынымсыз чабуул жасап турган. Арадан бир аз эс алып, монгол уруулары 1215-жылы Бээжинди багынткан. Эки жылдан кийин кытайлыктардын каршылыктары толук кандуу басылган.
Хан ошондон кийин Хорезмди басып алууну максат кылат. Тянь-Шанды ашып өтүп, Бухара, Самаркандды, Хорезмдин борбору - Үргөнчтү ээлеп, андагы китепкана, ордо, бакчаларды жок кылган. Анын аскерлери элди аёосуз кырып, монгол аскерлеринин катарына кошулгандардын жанын аман калтырышкан.
1221-1223-жж. монгол-татарлардын аскерлери батышты карай жылып, тоо-талаа, чөлдөр аркылуу өтүп Ооган, Индия, Иран, Азербайжан, Армения, Грузияны чаап алган. Анын мыкты кол башчыларынын бири Сүбөдөй Түндүк Кавказ менен Крымга барып, Судак шаарын талкалаган. Бул монгол жортуулунан кыйраган Европанын алгачкы шаары болчу. Көп өтпөй монгол-татарлар алан жана кыпчак урууларынын тынчын алышкан. 1223-жылы 31-майда монгол-татарлар Калка дарыясынын боюнда орус-кыпчактардын бириккен күчтөрүн кыйроого учураткан.
1225-жылдын күзүндө Чыңгызхан мекенине кайткан. Бир жарым жылдай ал жортуулда жүргөндө ага каршы чыккан тангуттардын көтөрүлүшүн басуу менен алек болгон. 1227-жылы Хуанхэ дарыясынын жанында дүйнө салган. Анын кандайча каза болгону тууралуу ар кандай божомолдор айтылат.
Темучин түбөлүк жашоону, өлбөстүктү каалаган. Ооруп калганда, ордосуна түбөлүк жашоонун сырын билген даос кечилин чакырткан. Анткени менен ал ар бир адамдын башында турган өлүмдөн кутула алган эмес.
Чыңгызхан акыркы керээзинде мураскорлукка Бортэ төрөгөн үчүнчү уулу Угедейди калтырарын айткан. Салтка ылайык Чыңгызханды жерге бергенден кийин, анын зыйнатына катышкан аскерлер, кулдар, сулуу кыздар да өлтүрүлгөн. Алар муну хандын жайын ашыкча адам билбесин деген максатта жана анын кийинки жашоосунда аскерлер, кулдар керек болот деген түшүнүк менен жасашкан.
Хандын сөөгү ал энеси менен бала кезинде жашаган тоого коюлган.Чыңгызхандын мемориалы азыркы Кытайда, анын автономдук району Ички Монголияда жайгашкан. Ушул күнгө чейин Темучиндин бейити табылбай келет. Уламыштарга ишенсек, Чыңгызхан жер бетине кайра кайтып келүүгө тийиш.