Асия Сасыкбаева, ЖК депутаты:

"Мен үчүн Абдрахманов


не существует"



Г езитибиздин 20-апрелдеги №28 санына Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов кеңири интервью берип, өзүнүн мурдагы партиялаштары тууралуу бир катар ачуу сөздөрдү айткан эле. Алардын ичинде Асия Сасыкбаеванын дарегине дагы олуттуу сындар айтылган. Буга байланыштуу маалыматтык теңдикти камсыздоо максатында Асия Айтбаевнанын да пикирин сурап кайрылдык.

- Асия Айтбаевна, Сиздин вице-спикерлик кызматта мыйзамсыз иштеп келе жаткандыгыңыз тууралуу пикирди Өмүрбек Абдрахманов айтып келе жатат. Буга кандай карайсыз?
- Ооба, Абдрахманов "Текебаев Башмыйзамдын 73-беренесин бузуп, вице-спикерди мыйзамсыз шайлады" - деп кыйкырып жүрөт. Эгер эсиңиздерде болсо, мен вице-спикер болуп "Ата Мекен" фракциясы оппозицияда турганда шайлангам. Болгондо дагы жалпы палата шайлаган. Ошондон бери бул кызматтарга кайра шайлоо боло элек. Мунун эмнеси Башмыйзамга каршы келет? Ошондуктан Абдрахмановдун бул айткандары туура эмес.
Экинчиден, Абдрахманов өткөндө силердин гезитке берген интервьюсунда мени "Элдин салыгынын эсебинен Америкага барып келди. Ал жакта неберелери жашайт экен" - дептир. Мен ал жакка өзүм "барам"- деп демилге көтөргөн жокмун. ООНго отчет боюнча баргам.
Экинчи иш-сапарымда парламенттик система орногон өлкөлөрдүн жыйынына барып, ал жерде англис тилинде доклад жасагам. Алар атайын англис тилинде доклад жасай ала турган адамдарды издеп, мени чакырышты. Аларга англис тилдүү, ошол эле учурда өлкөдөгү акыркы кырдаалды жакшы билген адам керек болгон. Же, биз бул жакта революция жасап жатканда АКШда карап отурган Абдрахманов барсынбы? Эми ошону менин неберелериме шылтаганы туура эмес да. Ал дайыма "Мен Сасыкбаеваны мамлекеттин эсебинен акча коротуп, Америкага барып келгени үчүн сынга алдым" - деп мактанып жүрөт. Ал мени бир дагы жолу парламенттин трибунасынан же болбосо бет маңдай жолуккан жерден сындаган эмес. Анан, бетке айта албаган сөздөрүн гезиттерге айтып, чуркап жүрөт. Эми алтымыштан ашкан киши болсо, анан каратып туруп калп айтса, мындай кишиге эмне деп жооп беришим керек?
-Өмүрбек Абдрахманов экөөңүздөр эмне себептен каршылашып калдыңыздар?
- Мен бир жолу парламенттеги заседание өткөн залдан фойеге чыксам, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов жана Руслан Казакбаев үчөө турушуптур. Абдрахманов Казакбаевге Текебаев тууралуу калп сөздөрдү айтып жатыптыр. Анан мен ага кайрылып: "Ай, уят эмеспи, министр силерге кичинекей бала беле ушак айткыдай? Силер депутатсыңар. Өзүңөрдүн статусуңарды туура түшүнүшүңөр керек" - дедим. Ошентсем эле Абдрахманов дароо мага карап бакырып, сөгүнүп кирди. Анан менин дагы ачуум келип айттым: "Ай, жап оозуңду!"-деп. Ошону менен залдагы ордуна барып отуруп алды. Урушканыбыз ошол эле, башка себеп деле жок.
Убагында баары айтышты: "Абдрахманов сени каралап жатат, сотко бербейсиңби?" - дешип. Мен ал киши менен соттошуп, убактымды короткум келбейт. Ал киши менен соттошмок тургай, ал жөнүндө ойлогум да келбейт.
Өмүрбек Абдрахманов баарына ушундай орой мамиле кылат. Мен аны убагында, "Манас" боюнча жаман сөздөрдү айтып жатат" деп айыпташканда канча коргоп жүрдүм. Канча жаман иштерди кылганына карабастан, аны жаап-жашырып, жашына карап, "мамлекеттин алдында сиңирген эмгеги болсо керек" деп колдоого алып жүрдүм. Эми мындан ары мен үчүн - Абдрахманов не существует.

Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru




сүйлөшөр алдындагы сөз

Алиби гезитинин эшиги ар дайым ачык


"Ата-Журт" фракциясынын, ары оппозициянын лидери Камчыбек Ташиев, экс-төрага Ахматбек Келдибековдор "Алиби" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековго киши салып, "Алиби" гезити оппозиция тууралуу бир жактуу маалыматтарды берип жатат" деп бир топ нааразылыктарын айтышкан экен. Редакциянын чогулушунда башкы редакторубуз оппозиция тууралуу маалыматтарды берүүдө бир жактуулукка жол бербөөнү талап кылып, алардын таарынычында да жүйөө бар экенин айтып, оппозиция өкүлдөрүнөн маек уюштурууну тапшырды.

"Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен маек уюштурууну мен мойнума алдым. Жашырганда эмне, кимге кандай, билбейм, мага Камчыбек Кыдыршаевичтин саясатчы катары позициясы көп жагынан жакын. Саясатка кеч аралашса да бат такшалды, элге да бат эле таанылып, төбөсү тез көрүндү. Анын саясатчы катары мыкты касиети - башка бирөөлөргө окшогусу келбейт. Болгонун болгондой айтат. Кыргыздар мындай адамдар тууралуу "ичинде карасы, көңүлүндө аласы жок" деп коюшат. Беттегенин бербеген көкжалдыгы да бар. Бакиев бийлигинин тушунда Данияр Үсөновдун өкүмзор мамилесине кыжыры кайнап, өкмөттүн отурумунан кол шилтеп чыгып кеткени баарыбыздын эсибизде. Мындай кашкөйлүк бардык эле саясатчынын колунан келе бербейт. Ошол жоругунан кийин Бакиев бийлиги Камчыбек Кыдыршаевичтин Сузактан экенине карабай, артынан кылмыш ишин козгоп, далай убара кылганы да маалым. Эгер, заман алмашып кетпегенде К.Ташиев мырза бийликтин куугунтугун аябай тартмак.
Эми ал өткөн иш. Камчыбек Кыдыршаевичтин башкы редакторго кылган таарынычынан кийин, башкы редакторубуздун мага берген тапшырмасын бир жумадан бери аткара албай жүрөм. Менде анча деле кычыткылуу суроо жок болчу. Болгону оппозиция митингдери, бийлик менен оппозиция жолугушуусуна оппозициянын келбей койгонунун жүйөөсүн Камчыбек мырзанын өз оозунан угуп, болгонун болгондой, эч кандай комментарийсиз эле берип коёлу деген ниет эле. Камчыбек мырза менен болчу маек созула бергенинен Адахан Кимсанбаевичтин жакын адамдарына (тарыхчы Кыяс Молдокасымов) чыгып, Адахан мырзанын телефонун сурап ала албадым. Анан Ахматбек Келдибековдун кабылдамасына барып, жардамчысына телефон калтырып, эмнеге келгенимдин жөн-жайын айтып, жооп күтүп жатам.
Албетте, мен мамлекеттин иши менен жүргөн адамдардын убактысы аз экенин түшүнөм. Өз кезегинде депутат мырзалар да бизди туура түшүнсө болот. "Алиби" гезити алгач жарыкка чыккан күндөн эч кимге эшигин жаап же далысын салган эмес. Сүйлөшүүдөн качкан эмеспиз. Биздин эшигибиз баарына ачык. Бизге кызмат ордуна, улутуна карабай бардык окурмандарыбыз бирдей. Биз мүмкүн болушунча эч кимди капа кылбай, чындыктан тайбай, болгонун болгондой жазганга аракет кылабыз. Ал эми кээ учурда сындар да айтылат. Андайда биз кимдир-бирөөнү жаман көргөндөн эмес, жүйөөсүнө жараша айтабыз. Анткени, саясатчыларды бардык учурда эле мактай албайсың, бардык учурда сындай да албайсың. Сындын да, мактоонун да өз мерчеми, өз учуру бар. Муну окурмандар түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойбуз.
Оппозициянын өкүлдөрүнө, анын ичинде "Ата-Журт" фракциясынын лидерлери Камчыбек Кыдыршаевичке, Ахматбек Келдибековичке, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Кимсанбаевичке редакциянын эшиги дайыма ачык экенин, алардын пикирин, көз карашын эч кандай бурмалабай, комментарий жасабай чыгарып берүүгө, кызматташууга даяр экенибизди дагы бир ирет билдирип кетмекчибиз.

Болотбек Таштаналиев, "Алиби" гезитинин башкы редакторунун орун басары