Тоо бүтүп, токой


калдыбы?



" Кыргызстан Азиядагы абдан кооз, жаратылышы жомоктогудай өлкө"- деп мактанып келебиз. Бирок, ошол бейиштей жаратылышыбызды ушул калыбында келечек муундарга таштап кетүүгө мамлекеттик деңгээлде аракет жасай албай жатканыбызды жашырууга болбостур. Дегеним, эгемендик алгандан бери ылдый тартсаң жакасыз, өйдө тарсаң этексиз калчу казынабыздын өп-чаптыгына шылтоолоп, биз көлдөрүбүз менен сууларыбызды, токойлорубуз менен коруктарыбызды коргой албай ар кимдин аң уулап, шапар тебүүчү жайына айлантып алдык. Ушул өзүбүз эле эмес, тигил четтен келген конокторубузга чейин тоолорубузду жаңыртып, кызыл китепке кирген жаныбарларды жүздөп аткылап, токойлорубузду кыйып, тонналап жүктөп качышты. Унчуга албадык. Коррупциянын бир тамыры ушул жактан башталганын көрүп-билип турдук, каршы чыга албадык…


Өкмөттүн коррупция
жыттанган токой
реформасы

Ушу тапта кыргыз Өкмөтү "токой чарбаларын жакшыртуу максатында" деген аталышта бул тармакта реформа жасаганы турат. Чындап үңүлө келген кишиге, бул жаңы реформанын ичинде кайсы бир жеке кызыкчылыктардын башы калкып чыккандай көрүнөт. Анткен себеби, КР Өкмөтүнө караштуу жаратылышты коргоо жана токой чарба агенттиги токой чарбасын өзүн- өзү каржылоого өткөрүү максатын көздөп жатыптыр. Алардын мындай аракетине айрым бир токой чарбаларынын ийгиликтүү иштеп, жетишээрлик каржы булактарын тапканы себеп болуп жаткан имиш. Ошону менен аталган агенттик өзүнө караштуу мамлекеттик токой чарбаларынын ана башчыларына атайын жыйын өткөрүп, "өзүңөр ылайыктуу формасын тандап, бизге алып келгиле. Кааласаңар акционердик коом, кааласаңар кооперативдик бирикме болгула" дегендей тапшырма берип, кыскасы ар кимиң өз жашооңорду кылгыла, мамлекет силерди качанкыга чейин багып отурат эле дегендей мамиле кылганын тээ ала жазда эле уккан жайыбыз бар. Э кокуй, бул эмне деген сокур саясат? Убагында Акаев дагы "дыйкан чарба деген мыкты"- деп, кубаттуу айыл чарбаны, агрардык секторду камчыга ченеп кармата берип, эмне болдук? Эми токой чарбаларын "өзүңдү өзүң бил, өтүгүңдө төргө ил" деп ар кимге кармата берсек, эртең Кыргызстан токойсуз калбайбы? Акчасы көп арамдар каалаган токой чарбалыгын өзүнүн табакташтары менен ээлеп алып, жаңгагын сатып, элигин атып, карагайын дүмүрү менен омкоруп, тоолорду томсортпойт деп ким кепилдик берет? Ошондуктан мындай аракеттердин алдын алып, Өкмөттү "эй, көзүңдү ач" дей турган окшойбуз. Кеч болуп кала электе. Ушул ойдон улам айрым токой адистерине кайрылып, бул реформанын айланасында маек куруп көрөлүчү.

Канат Сүйүндүков, Ысык-Ата райондук токой чарба башкармалыгынын начальниги:

"Токой чарбасын
мамлекет багыш
керек!"
- Канат Байназарович, биздин угушубузча жакында токой чарбаларын мамлекет каржылоодон баш тартып, өзүн өзү каржылоого өткөрөт экен. Бул саясат ансыз да араң жан токой чарбаларын жоготуп алууга алып келбейби?
- Ооба, чындыгында Кыргызстанда токойго, жаратылышка болгон саясат башкача нукта жүрүп келет. Мен ар убак "токойчу десе эле Орозкулду элестетпегилечи, биз деле Кыргызстандын кооз, абасынын таза болушуна кам көргөн ак пейил адамбыз" деп айтып келем.Азыр алып карайлы, биз токой чарбалары мамлекеттин бир бөлүгү болуп турганыбыз менен толук кандуу каржыланбайбыз. Ооба, чындап эле өзүн-өзү камсыз кыла турган чарбалар анан өзүн-өзү камсыз кылууга кудурети жок чарбалар да бар. Жанагы өзү-өзү каржылоого өткөрүү маселеси да ошондон улам келип чыкты. Бирок, бирин-экин кирешелүү чарбага карап туруп, баарынын үстүнөн тон бычкан туура болбой калат го.
Мисалы, бизге мамлекеттен айлык маянабыздан башка акча деле каралбайт. Токойду караган күзөтчүлөрдүн унааларынын чыгымы, алар минген аттардын жем-чөбү көчөт даярдоого, аны тигип, өстүрүүгө кеткен чыгымдардын баарын өзүбүз таап жатабыз. Айталы, биздин Ысык-Ата токой чарбасы, райондук бийликтин эшигин жыртып жүрүп, бак өстүрө турган питомниктерибиздин аянтын кеңейтип, алма, өрүк, арча, жаңгак, тал-теректердин көчөттөрүн отургузабыз. Кийинки жылы аларды ушул райондун аймагындагы айылдарга, айыл тургундарына сатып, ошондон түшкөн каражат менен кийинки жылга көчөт отургузуп, артканы менен чыгымдарыбызды жаап жатабыз. Элибизде "жамандан жууса кеткис так калат, жакшыдан өскөн бак калат" деген сөз бар. Демек, токой чарбаларын жеке менчикке же өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү ордуна, тескерисинче, мамлекет камкордукка алып, каржылоону күчөтүшү абзел. Токой деген бул түшүнгөн кишиге жаратылыш кооздугу эле эмес, абанын тазалыгы, жаратылыш катаклизмдеринин коргоочусу жана ал керек болсо, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк болуучу курулуш материалы. Биз ушуну толук түшүнбөй жатабыз. Мисалы, мен Японияда болуп, алардын токой саясатына баа бердим. Аларда мамлекеттик жана жеке менчик токой чарбалары бар экен. Экөө тең токойлорду көбөйтүүнү максат кылып, бир карагай кыркса, ордуна үч балаты отургузат экен. Демек, жеке менин оюмда мамлекет токойду сактап калууга жаңыча көз караш менен караш керек.

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер:

"Токойду
кырккандардын
сазайын берем деп,
өзүм сазайымды
жедим"
- Топчуке, биздин угушубузча жакында токой чарбаларын мамлекет каржылоодон баш тартып, өзүн-өзү каржылоого өткөрөт экен. Бул саясат ансыз да араң жан токой чарбаларын жоготуп алууга алып келбейби?
- Мен дагы ушул өңдүү каңшаарларды угуп калып жаттым эле. Эгер чындап бул реформаны ишке ашырса, анда азыркы Өкмөт өзүнө өзү кылат. Себеби, абалтан эле тоо менен токой, суу менен жер элдин байлыгы болуп эсептелет. Ага кимдир бирөөнүн ээлик кылам дегенине кыргыз эли жол бербейт. Убагында Совет бийлигинин үлкөндөрүнүн бири болгон Косыгин атайын токтом чыгарып, Кыргызстандын жаңгак токойлорун сактап, аны өнүктүрүү керектигин белгилеген. Биз ошол Косыгинче болбой жатабыз.
Токой чарбачылыгын жеке менчикке бердик дегиче, жакынкы 5-10 жылдын аралыгында токойлорубузду тыптыйпыл кылып алабыз. Мына азыртан эле айтылуу Таластын 90 чакырымга созулган суу боюндагы токою таздын башындай болуп, тарып баратат. Ал эми тээтиги Аксыдагы сейрек кездешүүчү "ак карагай"- деген кереметке кыргын салып кетишти. Ошол ак карагай менен жаңгактын уюлунан шылуундар жүздөгөн миллион доллар пайда табышты. Менин маалыматым боюнча, ошол баалуу жыгачтар бери жагы Канадага чейин жетиптир.
Бул "өзүн-өзү башкаруу"- деген, " каалаганыңды кыл, жаныңды бак "-деген эле сөз. Андай реформаны кыргыз элинин душманы гана жасайт. Кокус, эртең токойлор кимдир бирөөлөрдүн уюшмасына тийди дегиче, бүрсүгүнү ал айбалтасын көтөрө чуркап, карагайларды кыйып сатат, андан кызылдай пул түшөт. Токой ичиндеги жаныбарларды атат, андан да кызылдай пул түшөт. Анан? Ал пулду тапкандар, кайра көчөт отургузабы? Албетте, жок.
Мына кечээ "Евронюстан" берип атат, дүйнөдө Косто-Рика деген мамлекет эң эле бак-шактуу, кооз жаратылыштуу өлкө болуп саналат экен. Анткени, ал жакта бир бак кыркыш үчүн ордуна эки көчөт тигет экен. Ал өлкөдө бак өстүргөн адамдардын айлык маянасы жогору, ал тургай канча көп көчөт тиксең, ошончо көп гонорар алат экенсиң. Мына, келечекке болгон камдуу саясат. Мисалы, жанагы Амазонканын айланасындагы токойлор Латын Америкасынын атмосферасындагы кислороддун 20 пайызын чыгарат экен. Демек, калк таза абадан деп алып, узак жашайт деген сөз.
Ал эми бизде токойлорду мамлекеттик чиновниктер башында туруп кырктырып жатышат. Бул боюнча көп аракет кылдык. Мисалы, мен башкарып турганда 118 даана "тогорок" аталган баалуу талды кыркып, дүмүрүн өрттөп, ордуна жалбырактарды таштап койгон фактыны тапканбыз. Атайын комиссия менен текшерип, сазайын колуна берип жатканда, Отунбаева менен Каптагаевдер ошол шүмшүктөрдүн тилине кирип, кайра менин сазайымды колума беришпедиби! Балким, жанагы " өзүн-өзү башкаруу" деген ошол шүмшүктөрдүн сунушу менен болуп жаткандыр…
Урматтуу окурман! Гезит элдин байлыгы болгон токойлордун кайсы бир шылуундардын колуна өтүп кетишине каршы туруп, учурда токой чарбасынын тегерегиндеги бул шектүү реформага карата ачык позициясын билдирген адамдардын ой-пикирлерине кенен орун берүүнү максат кылууда. "Ынтымактуу айылды калың өскөн бактан бил" демекчи, чындап эле жаратылыш менен адамды тең салмактап, ар кандай жаратылыш кырсыктарын алдын алып турган касиеттүү токойлордун кыркылбай, тескерисинче алардын аянттарын арбыта азыртадан салым кошушубуз керектир. Андыктан, бүгүн кайдыгер карап отуруп, эртең бармак тиштеп калбайлы. Кыргыз кийинки кездери сабырдуулугунан сазга батып калган учурлар арбын эмеспи.

Тынчтык
Алтымышев




"Эгер бийлик элди экиге бөлүп олтурса, анда көпкө узабайт"

(Башталышы 7-бетте)

- Жергиликтүү бийлик чагымчылык иштерди кандай кабыл алды?
- Мен иралды Ысык-Көл областынын губернатору Мирбек Асанакуновду ушундай чагымчыл иштерге жол бергени үчүн эл алдында жооп берип, элден кечирим суроого тийиш деп эсептейм. Губернатордун түздөн түз милдети, бул эл арасындагы ынтымак, биримдик. Анан эле бир эл бөлүнүп-жарылып, бири-бирине кыйкырып жатса, губернатор билмексен-укмаксан болуп отурса бул туура эмес. Элди укпаган мындай бийликтин кимге кереги бар?
- Бийликке абдан таарынган экенсиз?
- Жок, мен таарынган жокмун. Мен чындыкты айтып жатам. Эгер капа болбосо, өлкөнүн премьер-министри Ө.Бабановго да айтар сөзүм бар. Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов "Респуб-лика" саясый партиясынан шайланган депутаттардын чагымчыл иш-аракеттерин эмитен тыйбаса, элге өзү эле жаман көрүнөт. Мунун арты жакшылык менен аяктабайт. Өз келечегине өзү балта чабат.
- Элди түндүк менен түштүккө бөлгөн чакырыктар да болду дейт, буга эмне дейсиз?
- Андай чакырыктар менен эл чыккан жок. Тынч-тык митингине чыккандарга карата алиги ажаан аялдар, мас аялдар, аларды тукургандар "Ташиевдин куйруктары", "Келдибековдун куйруктары" деп кыйкырып, "Силер ошолорго сатылдыңарбы?" деп митингдин катышуучуларын кекетип-мокотуп турушту. Бул дегендик бийликтин элди түндүк менен түштүккө бөлүп турганынын ачыктан ачык далили эмеспи. Чынында митингге Ташиевдин да, Келдибековдун да тиешеси жок болчу. Эгерде бийлик элди минтип экиге бөлүп олтурса, анда ал көпкө узабайт.

Болотбек
Таштаналиев