Жолдошбек Орозов, "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын ордо кеңешинин төрагасы:

"Эгер бийлик элди экиге бөлүп отурса, анда


көпкө узабайт"


- Жолдошбек мырза, сиз 25-мартта Ысык-Көл областынын Каракол шаарында өткөн тынчтык митингине катышып келген экенсиз. Ал жакка эмне себептен бардыңыз эле?
- Буга эки себеп болду. Биринчиден, "Асаба" партиясынын мүчөсү Туратбек Дүйшеевдин дүйнөдөн өтүп кеткендигине байланыштуу анын жакындарына көз көрсөтүп коюу үчүн, экинчиден, Ысык-Көл областтык "Апрель баатырлары" коомдук бирикмеси жана апрелде курман болгондордун эне-аталарынын чакыруусу менен тынчтык митингине катышуу үчүн барганбыз. Баса, митингдин уюштуруучулары бизди гана эмес, митингге катышуу үчүн областтын губернаторун жана Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын да чакырган экен.
- Тынчтык митинги эмнеге арналды да, митингде эмне сөз болду?
- Бул митингде айтылган талаптар, сөздөр баягы эле эл арасында айтылып келе жаткан сөздөр, талаптар. Эч кимге жашырын эмес, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 эр-азаматтын канын төккөндөр алигиче жазасын албай келатат. Бүгүнкү күндө ошол 7-апрелде алган жаракатынан улам каза болгондордун саны 103кө жетти. А күнөөлүүлөр болсо дале жок. Акмат Бакиевди бетине кармап келишти эле, аны да качырып тынышты. Бийлик эч нерсени билбегендей, көрбөгөндөй, дегеле 2010-жылдын 7-апрели болбогондой түр көрсөтүп жатат. Эл мына ушундан улам кыжыры кайнап, кайгыга уугуп чыгып жатпайбы. Же бул эч ким эч качан айтпай турган нерсеби? Ошол эле сот реформасын айталы. Реформа эле реформа дешет, сот реформасы да создугуп кетти. Бири-бирине карама-каршы мыйзамдар кабыл алынып, мамлекетте башаламандыктар көп болуп жатат. Анан түндүк менен түштүк маселеси. Акыркы мезгилде бийлик элди түндүк менен түштүккө бөлгөнгө ачыктан ачык эле провокация жасап жатат. Митинг мына ушул өңдүү маселелерге арналды.
- Эл митингди кандай кабыл алды?
- Элден айланса болот. Эл митингди туура түшүнүү менен кабыл алды. Анда айтылгандар карандай чындык болуп жатса, кантип ал талаптарга кошулбай коет.
- Биз митингде чыр чыгып кетти, "Бакиев тушундагы Түп окуясы кайталанды" - деп угуп жатабыз го?
- Өкүнүчтүүсү, Бакиев бийлигинин тушундагы Түптө оппозиция өкүлдөрүнө жасалган провокация бул жолу да кайталанды. Тынчтык митинги учурунда Каракол шаардык кеңешине "Республика" партиясынан шайланган депутаттар тарабынан Бакиев бийлиги уюштурган Түптөгү жумуртка операциясынан да ашкан элге каршы провокацияга күбө болдук. Алар жергиликтүү бандиттерди жалдап, "Апрель баатырлары" коомдук бирикмесинин балдары кармап турган транспаранттарды талашып, аларга бычак такаганга чейин барышты. Шаардык кеңештин депутаттары ажылдаган мас катындардын, мас адамдардын артына туруп алып, аларды элге каршы тукуруп, көз көрүнөө провокация жасап жатышты. Буга митингдин уюштуруучулары, ага катышкан адамдар, мени менен барган "Асаба" партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйканов, ордо кеңештин мүчөсү Чолпонбаев Асылбек жана 150 "Асаба" партиясынын мүчөсү күбө өтө алат.
- Бийлик адамдарынын тынчтык митингине жасаган мамилесине кандай баа бересиз?
- Мен коркпостон эле ачык айтар элем, азыркы бийликтин элге карата жасаган мамилеси алардын Бакиевдердин кландык-тоталитардык башкаруусунан да ашып түшкөнүн көрсөтөт. Өз эли, өз мамлекети үчүн иштейм деген бийлик мындай кадамга бармак эмес. Бийликтин митингге карата чагымчылык мамилесинен кийин, митингдин катышуучулары Өкмөт башчысы Бабановдун отставкасын талап кылды. Демек, алиги депутаттар өздөрүнүн чагымчыл аракети менен Бабановду элге жек көрсөтүп, элге каршы коюп алышты.
- 2008-жылдын 26-апрелиндеги Түптөгү Каркыра маселесине арналган митингге сиз да катышсаңыз керек эле?
- Ооба, катышкам. Кайран Дооронбек Садырбаев агабыз ошол окуядан көп узабай дүйнөдөн өтүп кетти. Эгер, ал киши Караколдогу бул окуяны көрсө, бийликке айтар сөзү башкача болмок. Ал кишиден кийин азыр баш көтөргөн жигиттер калбай калса керек. Ошол Түптөгү митингге Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаев Өмүрбек да катышкан. Бирок, ал эмнегедир акыркы мезгилде таптакыр эле унчукпай калды. Айталы, Өмүрбек Чиркешович Караколдо кайталанган Түптөгү жумуртка окуясын түздөн түз кайталаган окуя тууралуу уккан жок дейсизби? Укту. Анда эмнеге "Республика" партиясынын жер-жерлерде жасап жаткан мыйзамсыз иштерине саясый баа бербейт, айтчусун айтпайт. Ошол Түптөгү окуяга Болот Шер, Азимбек Бекназаровдор катышты эле. Тилекке каршы, булар да ооздоруна талкан сугунуп алгансып, таптакыр эле унчугушпас болуп калды. Сыягы, булар да "Республика" партиясына катуу сүздүрүп койдурушса керек. Мейли, Бакиев бийлиги көрсөткөн кордукту алар унутса да биз унутпайбыз.
Мен ошол эле Өмүрбек Текебаевге, Азимбек Бекназаровго жана Болот Шерге: "Улуу урматтуулар, эгер силер бийликтен устукан тийип калганга сүйүнүп жатсаңар, анда чоң жаңыласыңар. Анда силерди раматылык Дороонбек Садырбаевдин арбагы кечирбейт. Азыркы бийлик тарабынан Бакиев бийлигинен да катуу кысым жасалып, куугунтук, чагымчылык иштер жүрүп жатат, мунун аягы кыргызды түндүк менен түштүккө ажыратып салышы ыктымал" - деп айтар элем.

(Уландысы 8-бетте)





Көсөмдөрүңөр


кимдер?


(Башталышы 2-бетте)
Мен убагында Ө.Текебаевден дагы, Т.Сариевден дагы эмне деген гана убадаларды укпагам. Кийинчерээк, убадасы жок эле А.Атамбаев жигиттик кылып, өзүнүн ким экендигин көрсөтө алды. Бирок, кийинки кездердеги президентибиздин айрым кадамдары да айрым ойлорго жетелеп, ага пайда келтирбей турган аргасыз жыйынтыктарды пайда кылууда.
Бүгүн Ө.Текебаев менин уулум Равшан Жээнбековду "парламенттик шайлоо учурунда убада кылган акчасынын жарымын бербей койду" - деп күнөөлөп чыкты. Ал Равшандын "акча болбой жатат. Болгондо берейин" - дегенине да көнбөдү. Акырында, аргасы кеткен уулум "билгениңди кылып ал, бербейм"- дептир. Жыйынтыгы белгилүү- партиядан чыгаруу. Кошумча тагылган күнөөсү "партиялык тартипке баш ийбейт", "эл менен иштегиси келбейт".
Ушулардан улам Өмүкөңдөн да бир нерсени сурап коюунун өңүтү келип турат. Убагында сен өзүң Равшандан акча алганда ал да сени ушинтип куугунтуктады беле же шартыңды түшүнүп, сен өзүң кайтарып бергенче унчукпай жүрдү беле? Анан дагы бир суроо дейбизби же эскертип коюу дейбизби, Ө.Текебаев бүгүн оңду-солду көтөрмөлөп жаткан "соратниктери" деңизге чөгүп бараткан кораблден качкан чычкандар сыңары жок болуп кеткен учурдагы Жээнбековдор менен "Алиби", "Ачык саясат" гезиттеринин Ө.Текебаев менен "Ата Мекен" партиясына көрсөткөн колдоосун канчага баалай алат болду экен? Булар, албетте ар кимдин абийирине, уятына түздөн-түз көз каранды нерселер.
Равшанды Ө.Текебаев менен анын командасы "партиялык тартипке баш ийбейт" деп күнөөлөшөт экен. Эй айланайындар, кечээ эле баарыңар "Бакиев бийлиги баарын басып алды, үй-бүлөлүк диктатура орноду. Башкалардын пикири менен эсептешүү деген унутулду" деп айкырып жүрбөдүңөр беле. Бийлик колуңарга тийгенде эле анын баары унутулуп, силердин гана дегениңер деген, сөзүңөр сөз болушу керекпи? Ошол эле Адилдин, Равшандын, Өмүрбектин ой-пикирлерин эмне үчүн уккуңар келбейт? Же силердин билим, акыл көрөңгөңөр дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайынан окуп билим алган менин уулумдукунан кыйынбы? Кудайды бир карасаңар боло. Силердин өз партиялаштарыңар сындап жатса, демек бар да ошондой ишиңер.
"Партиянын тапшырмасын аткарбайт, эл менен иштебейт"- дейсиңер. Мейли, Ноокатка баралбай калыптыр. Бирок, ал жерде шайлоо болгон жок го. Аркы Ошто, биягы Каракол менен Токмокто эмне карабасып жергиликтүү кеңештерге илинбей калдыңар? Ага да Равшан күнөөлүүбү? Андай болбосо, эмне үчүн Э.Алымбековду жанагы жаагын жаныган Калмаматовду партияңардан чыгарбайсыңар? Талап партиянын бардык мүчөлөрүнө бирдей болуш керек эмеспи? Андан көрө "ляппайчылар" өз киши, сын айткандар жоопко тартылыш керек" - деген принцип иштейт" - деп мойнуңарга алганыңар оң болуп жүрбөсүн. Болбосо "Ата Мекен" партиясынын туусун Равшанчалык көтөрүп, телевидениеден болобу, радиодон болобу, гезиттерден болобу, ал гана эмес парламент трибунасынан болобу омоктуу ойлорун, жүйөлүү пикирлерин силердин көпчүлүгүңөргө окшоп жомоктотпой түз, кескин, түшүнүктүү айтып, күн сайын элге жеткирип жаткан кимиңер барсыңар? Бул эмне эл менен иштөө эмеспи? Андан көрө, "ич күйдүлүк, көрөалбастык баарыбызды жеңип кетти" - десеңер ишенимдүү болмок экен.
Убагында пикирлеш, максатташ болуп жүрүп, анан бийликке жеткенде тар кызыкчылыктардын туткунунан чыга албай бири-бирине эрегишип, жаманчылык издей баштаган белгилүү адамдар жөнүндө жогорудагы сөздөрдү айтуу мен үчүн аябай эле оор. Анткени, коомчулук бизден таза мамилелерди, акыйкат иштерди күткөн. Тилекке каршы, мындан 2-3 жыл мурда обологон изги тилектерден Аликбек Жекшенкуловдун партиясына койгон "Акыйкат" деген аты гана калып, ал эски малдын көзүндөй болуп кулакка жакшы угулуп, калгандарынын бардыгы будуң-чаң түшкөн бул дүйнөдө аралашып жатып калгандыгы башкаларды билбейм, мени өзгөчө өкүндүрүп келүүдө.
Менин жазгандарым келечектеги мемуарлардын алгачкы сүртүмдөрү болот окшоп калды. Деги эле кудай бизди бири-бирибиз жөнүндө калп айтуудан, негизсиз жамандоодон сактаса экен. Ойлогону башка, айтканы андан башка, ал эми жасаганы таптакыр башка адамдар арабызда болбосо экен. Ошондо гана биз бир адамдын бийлигинен кутулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз, турмушубузга атаандаштык аралашып, чыныгы кыйын, чыныгы лидер адамды тандап алабыз. Ошондо гана жашообуз оңолот, ошондо гана аң-сезимибиз тазаланат. Ага жетүүчү жолубуз, албетте узак, аң-дөңү көп. Бирок, биз ага кантсек дагы барышыбыз керек. Ага бир адамдын - А.Атамбаевдин дагы, Ө.Текебаевдин дагы, Р.Жээнбековдун дагы кызыкчылыгы үчүн эмес, бүтүндөй кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн барышыбыз керек. Бул биздин программа-максимум болот.
Аягында мени түйшөлткөн дагы бир маселе - мен эзилип отуруп Караколдук замандаштарыма өз оюмду жеткире алдымбы? Эгер бу саам жеткире албасам, алдыда биз жолукчу күндөр арбын, айтуучу сөздөр көп. Бири-бирибизди түшүнүшө турган учур сөзсүз келет.
Бабырбек
ЖЭЭНБЕКОВ,
гезиттин башкы
редактору