Атай Өмүрзаков, "Atai Production" продюсердик борборунун директору, бийчи:

"Кыргыз электро бугиси -


бул өзүнчө керемет"- дешти..."



Бийдин аркасынан учурда бир топ ийгиликтерге жетишип аткан Атай Өмүрзаковду бүгүн Кыргызстан гана эмес, европалыктар да таанып калган кез. "Жакшынын шарапаты-жамандын кесепети" дегендей Россияда, Украинада, Чехияда өткөн таланттар таймашында Кыргызстанды жакшы жагынан даңазалап келди. Ушу тапта, өзү жеткен ийгиликтерге башкалардын жетишине да көмөктөшүп, КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп чоң масштабдагы бий фестивалын уюштурууда.

- Бийди алгач качан бийлей баштагансың?
- Биринчи жолу Каракол шаарында сахнага бийлеп чыккам. Алгачкы сыйлыгым ошол фестивалдан DVD утуп алганым. Ал жөнөкөй эле буюм болгону менен алгачкы байге катары мага абдан баалуу сезилет. Ошол сахна мени көп нерсеге жетүүгө далалаттандырган. Алдыма максаттарды койдум. Алгач Бишкекти багынтууну, анан Россияга барууну максат кылып отуруп, улам барган сайын максаттарым кеңейип барат.
- Бий - жашооңдун маңызыбы же хоббиңби?
- 15ке чыкканга чейин бийди кыздын иши деп жаман көрчүмүн. Кийин кызыгып кеттим. Бийди жашоомдун маңызы катары эсептебейм. Мен үчүн хобби бойдон эле калат. Бирок, максатка жетүүнүн куралы болуп калды.
- Максатка жетүүдө кандай тоскоолдуктарга кабылдың?
- Россияга барарда чоң тоскоолдуктар болгон. Жол киреге акча жок, материалдык жактан аябай кыйналгам. Демөөрчүлөр да чыккан эмес. Анткени, ал убакта мага эч ким ишенчү эмес. Акыры КТРК аркылуу демөөрчүлөрдү издөөгө туура келди. Телеканалдан элге кайрылуумдан кийин, алгач Ж.Бакиевдин фонду акча бөлүп берди. Андан кийин, Украинага, Чехияга барууда жеңилдиктер боло баштады. Демөөрчүлөр өздөрү кол сунду.
- "Украина таланттарга бай" сынагына кантип катышып калдың?
- Алар өздөрү интернеттен бийлегенимди көрүп чакырышкан . "Украина таланттарга бай" конкурсунун мага көп пайдасы тийди. Бий боюнча жакшы маалыматтарга ээ болуп, көп нерсеге көзүм ачылып келди. Андан кийин, Чехияга барып өзүмдүн көздөгөн максатыма жеттим. Эми бийлегенди токтотсомбу деп турам.
- Себеби ?
- Кыргызстандагы таланттуу балдарга жардам берүүнү ойлоно баштадым. Бийлесем, жарым жылга же бир жылга келишим түзүп алып, бийлеп жүрө бермекмин. Анда, бир кездеги мага окшоп, жардамга муктаж таланттуу балдарга жардам бералбай калам. Азыр бий мектебин ачуунун үстүндө да иштеп атам.
- Мектепке кабыл алуунун талаптары кандай? Жаш курагычы?
- Мектепке кабыл аларда талантына карабайм. Башкысы - бийге каалоосу күчтүү болушу керек. Ал эми жашка чек жок. 7 жаштан баштап 60 жашка чейин катыша берсин. Кайсы тармакта болбосун алгач өзүнө ишеним, анан каалоо болушу керек.
- Мугалимдер кайдан келет жана бийдин кайсы түрлөрү үйрөтүлөт?
- Бий мектебине бийдин бардык түрлөрүн киргизгенге аракет кылабыз. Классикалык бийден йогага чейин үйрөтөбүз. Окутуучулар менен сүйлөшүлгөн. Кыргызстандагы мыкты хореографтар келип иштешет. Алар да макулдугун берген. Учурда иштин башталышын гана күтүп турушат. Андан тышкары, Америкадан, Казакстандан белгилүү хореографтар келип, мастер-класстарды өтүп турушат.
- " Мен бийчимин " жаңы долбоорунун негизинде Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин ичинен алгач ирет чоң масштабдагы бий фестивалы өткөрүлгөнү жатат. Ошол боюнча айта кетсең?
- "Atai Production" продюсердик борборун ачкам. Борбордун эң алгачкы иши катары алдыдагы "Мен бийчимин" долбоорун өткөрүү болуп турат. Бул Кыргызстандагы эң масштабдуу долбоорлордон . Анткени, бюджети дагы чоң, катышуучулары да бүт дүйнөдөн келип, 1000ден ашык адамды түзөт. Бул долбоор биздин жаштардын талантынын ачылышына жакшы түрткү берет деп ойлойм.
- Ошондо кайсы мамлекеттерден келет жана фестивалдын бюджети канча ?
- Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Корея, Япония, Кытай, Россия, Украина, Белорусия, Түркия ж.б. Ал эми бюджети 211 000 доллар. Фестивалда коюлган ар бир бийдин багыты боюнча алдыңкы орунга чыккандарга кубоктон тышкары 5 миңден 10 000 долларга чейин акчалай сыйлык берилет.
- Талантыңдын аркасында Кыргызстанга жаңы бир бийдин стилин жайылтып койгондой болдуң?
- "Электро буги" бийине байкемдин бийлегенин көрүп, таасирленип, ошондон үйрөнгөм. Бул бийдин түрү 1980-жылга чейин эле бар болчу. Бирок, өлүп калган бийлердин түрүнө кирип калган. Мен ошол бийди Кыргызстанда көтөрдүм деп ойлойм. Кээде мага: "азыр балдардын баары эле бийлеп атат. Мунун аркасынан алар бир нерсеге жетише алабы?- деген ой келет. Анткени, баары тең эле ийгиликке жетише беришпейт да. Ошол себептен балдарга жардам берүү максатын койдум. Долбоор ачканымдын себеби да ушул.
- Жакында окуучуларың болгон "Тумар Кg" тобун Украинага алып барып келдиң. Ал жакта калыстар тобу: "Атай, сенден жакшы бийчи гана эмес, мыкты окутуучу дагы чыгат экен" дешти. Ушул балдар тууралуу айтып берсең?
- Бул балдар 5-класстан бери чогуу жүргөн досторум. Фантазиясын, бийлегенин мурда эле көрчүмүн. Булар көп нерсеге жетишерин ошондо эле билгем. Идеялары да өзгөчөлөнүп турат. Өзүлөрү да бийлегенден тышкары, бийдин музыкаларын тандап, баарын жасап чыгышат. Мен беш жылда жетишкен ийгиликтеримди, иштеримди алар эки жылдын ичинде жаратып койду. Келечеги кең балдар. Башталышын Европадан жакшы башташты. Жакында эле Украинада болушуп, ийгиликке жетишти. Азыр алар фавориттердин арасында турушат. Биринчи орун алып калышы да мүмкүн. Ал балдар бийлегенден кийин калыстар тобунун мүчөлөрү "кыргыз электро бугери -өзүнчө керемет" деп айтышты. Демек, бизге статус ыйгарыла баштады. Мунун өзү жетишкендик. Булардан башка да ал жакка дагы бир бала барып, аларды таң калтыра алса, анда Кыргызстанды маданияттын борбору катары эсептеп калышканы турат. Мен ушуга жан талашып атам.
- Он жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?
- Бизнес чөйрөсүнөн орун алам го. Бүгүнкү кылып аткан иштеримди жолго коюп алгандан кийин, өзүмдөн кийинки балдарга тапшырам. Андан тышкары, менде грандиоздук максаттар бар. Ошолорго жетүүгө аракет кылам.

Нурайым
Рысмамбетова