Марк Антоний

(болжол менен б.з.ч. 83-жылы туулуп, б.з.ч. 30-жылы каза болгон)



Байыркы римдик аскер башы, б.з.ч. 43-жылы Октавиан жана Лепид менен биргеликте экинчи триумвиратты (алдыңкы кол башчылардын биримдиги) түзүшкөн. Брут жана Кассийдин аскерлерин талкалап (б.з.ч. 42-жыл), Рим империясынын чыгыш аймактарын караткан.

Марк Антоний б.з.ч. 83-жылы ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Анын үй-бүлөсү илгертен эле саясатка аралашып, атагы чыккан адамдардан эле. Чоң атасы консул Гай Марийдин буйругу менен өлтүрүлгөн. Энесинин Юлий Цезарь менен туугандык жайы бар болчу.
Антонийден келечекте мыкты кол башчы чыгат деп эч ким ойлогон эмес. Ал өз курагындагы жаштардай эле ичип-жеп, жаштык доорун шаң-күлкү менен өткөрүп келген. Аягында карызга баткан уулунун жоруктарына чыдабаган атасы аны үйүнөн кууп да жиберген.Тентип, каякка бараарын билбеген Антоний куралдуу тобу менен Элдик чогулуш, Форумду өзүм билемдикке салып башкарган элдик трибун (кедейлердин укугун коргоо укугу жүктөлгөн мансап кишиси) Клодийге барып кошулган.
Антоний атак-даңктуу адам болууну көксөгөн. Бирок, ага ошол учурдагы жүрүш-турушу менен ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес эле. Ошондуктан, чечендикти үйрөнүү максатында Грецияга жөнөйт. Бирок чечендикке болгон кызыгуусу көпкө созулбай, окуусун таштайт да, сириялык Габиний аттуу консулдун аскер окуусуна тапшырып, өзү теңдүү аскерлердин арасында кадыр таап, анын сүймөнчүгүнө айланган.
Антоний алгачкы ийгиликке Габиний аны Иудейдеги көтөрүлүштү басууга жөнөткөндө жетишкен. Артындагы үркөрдөй аскерлери менен өзүнөн саны арбын каршылаштарын жеңип чыккан. Ошондон тартып анын эрдик жана башкаруу сапаттары ачыла баштаган.
Көп өтпөй Габиний Египетке Птоломей XIIIгө элдин көтөрүлүшүн басууга көмөктөшкөнү чакыртылат. Бул ирет да Антоний өзүн көрсөтө алды. Ал өзүнүн аскерлери менен Нилдин куймасында жайгашкан Пелусий шаарына барып, каршылаштарын айланып өтүп, артынан келип талкалаган. Жеңишке жеткен Антоний Птоломейден көтөрүлгөн эл үчүн жан соога сураган. Көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы Архелайказа болгондо анын зыйнатын сый-урмат менен өткөрттүргөн. Анын аракеттерине египеттиктер аябай ыраазы болушкан.
Римге кайтып келген Антоний Юлий Цезарь менен жакындашат. Галлийге жасалган жүрүштөн кийин Цезарь жаш аскер башчысына олжону мол берет. Антоний эл ичинде урматка ээ болуп, саясатка катуу киришет. Жаш аскер башы элдик трибун болуп шайланат. Антоний Цезарды колдоп, аны Помпейдин тарапкерлери Римден кууп чыкканда да, ал кайра Римге кайрылып келип, Помпейге каршы күрөш баштаганда да анын жанында жүргөн.
Цезарь менен Антоний бири-бирине ынак эле. Юлий Цезарь Антонийдин кайраттуулугун, жүрөктүүлүгүн жогору баалап, ага бекем ишенген. Ал жаш аскер башчысына Италияны убактылуу башкарууну тапшырат. Тилекке каршы, Антоний анын ишеничин актабай, баягы тазкейпине түшүп, арак ичип, сойкулар менен жүрүп, карызга батып, сатып алган буюмдарынын акчасын төлөбөй өз билгенин жасайт. Сүткорлордун кызыкчылыгына тийип албайын деп, ал сенатта карыз милдеттенмелерди жокко чыгаруу боюнча мыйзамдын кабыл алынышына жолтоолук кылат. Мыйзамдын демилгечилеринин бири Долабелла козголоң уюштурат, бирок ал тез эле басылат. Римге кайтып келген Цезарь ал ишенген адамдын жасаган ишин көрүп, нааразы болуп, аны жанынан кетирет. Бирок, экөөнүн таарынычы көпкө узаган эмес.
Цезарь киши колдуу болуп өлтүрүлгөн соң, Антоний анын жубайы Кальпурнияга барып, күйөөсүнүн кагаздарын жана акчаларын тартып алат. Арадан бир-эки күн өтүп, ал Цезардын зыйнатында канга боёлгон кийимдерин көрсөтүп, аны өлтүргөндөрдөн өч алууга чакырык салат. Эл тез эле чогулуп, падышанын каршылаштарынын үйлөрүн өрттөөгө киришет. Брут жана Кассийлер аргасыздан качышат.
Антоний Римди аз убакытка башкарып турган. Цезарь мураскорлукту бакма баласы - жээн небересине калтырган эле. Ал Римге келип, Антонийдин Кальпурниядан алган акчаларын талап кылат. Аскер башчы анын талаптарын четке кагып, анысы аз келгенсип, Цезардын мураскорун тилдеп иет. Бул чатактан улам экөө тирешип, салгылашта Октавиан жеңишке жетет.
Жеңилген Антоний аскерлерин ээрчитип, Альпы аркылуу Лепид башкарган Галлийге жөнөйт. Ал Антоний тарапка бат эле өтүп, акырында Антоний, Октавиан жана Лепид үчөө биримдик түзүшүп, ал "экинчи триумвират" деп аталып калат.
Биримдик - Кассий менен Брутко каршы чыгып, б.з.ч. 42-жылы октябрда алардын аскерлерин талкалап, утулгандар өз жандарын өздөрү кыйышат. Жакшылык унутта калбай, Антоний учурунда анын өмүрүн сактап калган Брутту акыркы сапарга узатууда бардык сый-урматын көргөзгөн.
Антонийдин үлүшүнө Рим аймагынын Чыгыш бөлүгү тиет. Ал мурдагы жашоосуна кайрылып келет. Бир кезде көзү түшүп жүргөн Клеопатраны атайы чакыртат. Клеопатра аны менен жолугууга катуу даярданып, Антонийди өзүнө чакырат.. Ошентип, ал Клеопатранын тузагына кантип түшкөнүн да билбей калат.Клеопатра учурдан пайдаланып, Антонийдин жардамы менен өзүнүн бир тууганы Арсинояны жок кылат. Ал бир тууганынын атаандаштыгынан чочулаган эле.
Аскер башчы өз иштеринен алыстай баштайт. Б.з.ч. 41-40-жылдары Октавиан баштаган аскерлер Перузин салгылашына аттанганда, Антоний ага барбай коёт. Душмандар Азиянын алдыңкы бөлүктөрүн карата баштаганда гана Антоний ордунан козголуп, б.з.ч. 40-жылы сентябрда Октавианга жолугат. Экөө Римдин кайсы жери кимге тиерин аныкташып, чыгыш бөлүгү Антонийдин энчисинде калат.
Биримдикти бекемдөө максатында Антоний Октавиандын бир тууганы Октавияга үйлөнөт. Ал жөн кыз эмес, Римдин сулууларынын алдыңкысы эле. Ошентсе да, Антоний Клеопатраны (ал ага эки бала төрөп берген - Александр Гелиос, Клеопатра Селена) унута албай, б.з.ч. 37-жылы Парфяндардын аскерлерине каршы аттанганда аялын Италияга жиберип, Клеопатраны чакыртып келип, аны мыйзамдуу аялым деп жар салат. Ал эч ким менен акылдашпай туруп Клеопатрага Римдин бир топ жерлерин - Кипр дарыясын, Крит жана Иудейди тартууга берип жиберген.
Бирок, Перузин салгылашынын жыйынтыгы көңүл кубантарлык болгон эмес. Антоний жеңилип, аман калган аскерлерин сактап калуу үчүн тоолор аркылуу качууга мажбур болгон. Жолду катар 24 миң легионер жана 4 миң атчан аскеринен ажыраган. Жеңилүү ызасын тарткан Антоний Римге "биз жеңдик" - деп кат жөнөттүргөн. Римдиктер иштин чоо-жайы менен кабардар эле. Үлгү туткан аскер башчынын жасаган жоруктары эч кимге жаккан эмес.
Үй-бүлөнү жараштырууну көздөп, Октавиан күйөө баласын тартипке чакырат. Антоний Марк такыр болбой коёт. Анын кадамы Октавиандын ар-намысына тийип, ал ичинде кек сактап калат.
Антонийдин Октавиядан Римдеги үйүнөн чыгып кетүүсүн талап кылуусу Октавиандын кыжырын келтирген.Ошентип, эки жак катуу кармашка даярдана башташат.
Бул согушта Антонийдин армиясы жеңилип, өзү майдан талаасын таштап качат. Аскерлер болсо анын качканына ишене бербей, кошумча аскер менен келет деген үмүттө колбашчысын жети күн күтөт. Келбесине көзү жеткен аскерлер сегизинчи күнү аргасыздан багынууга мажбур болушат.
Б.з.ч. 30-жылдын жазында Октавиандын аскерлери Египеттен өтүп, Александрияга жетет да Антонийдин аскерлеринен жеңилип калат. Бирок, ишеничтен чыккан аскер башчысын эч ким акыр аягына чейин ээрчибей, анүчүн эч ким салгылашка баш байлагысы келбейт. Көңүлдөрү үч көчкөн журттай калган Клеопатраны коргоого бир да аскер көтөрүлүп чыкпайт.
Антоний Эрот аттуу кулга өзүн "өлтүр" - деп буйруган делет тарыхта. Бирок, Эрот макул болбогон соң, "Бул кул мага кантип өлүүнү көрсөттү" деген сөздөр менен ал өзүнө найза саят. Катуу жаракат алган Марк Антоний Клеопатранын колунда дүйнө салат...

Нуржигит
Бейшебаев