Кыргыз Республикасынын Президентине,
Премьер-министрине, Жогорку Кеңешине,
бийликти колдогон жана колдобогон саясатчыларга

АЧЫК КАТ



"Келечек үчүн бир
тарыхый иш жасагылачы"
I. Өлкө абалы

СССР урагандан кийин өлкө жетекчилери (президент, Жогорку Кеңеш. өкмөт) жана саясатчылары мамлекетибиздин саясый жана башкаруу түзүлүшүн, жашоо багытын туура эмес, адашуу жолго салган үчүн өлкөбүз тез эле (2001-жылдан баштап) туташ (системалык): саясый, чарба(экономикалык) жана рухий(идеологиялык) кризиске учурап калды.
Эл чарбасы уурдалып - тонолду, калк жумушсуз калды, турмуш начарлап, элибиз тентип, тарады… .
Кылмыштуулук, паракорлук, баңгилик, сойкулук кеңири жайылды, жакшылар жакырланды, ардагерлер мусапыр болуп, коом бай-кедейге бөлүнүп, баарын акча чечип, адилет, калыстык өлкө турмушунда болбой калды.
Элибиздин каада-салты, рухий наркы, эне тили, бай тарыхы унутула баштады…
Өлкөнү мындай оор абалга алып келген мамлекеттин саясый жана башкаруу түзүлүшүн толук кабыл албай койгонун эки ыңкылап аркылуу кыргыз эли ачык, даана көргөзүп, айтып билдирди.
Бирок, элдин бул пикири менен президенттер, Жогорку Кеңеш, өкмөт жана саясытчылар эки жолу эсептешпей, көңүлгө албай коюп, өлкөнүн саясый жана башкаруу түзүлүшүн эч өзгөртпөй, аны кичине гана оңдоп-түзөтүү менен чектеп калтырган үчүн эки элдик ынкылап тең эл үмүтүн актабай, түпкү муктаждыктарын чечпей, турмушун оңдобой койду.
Өлкөбүз мурдагыдай эле системалык кризиске учураган бойдон калды, коррупция ого бетер күчөдү, эл дагы эле бөлөк өлкөлөргө көчүп кетип жатат… .
Өлкөнүн саясый жана башкаруу түзүлүшүнө, жалпы бийликке, соттордун адилетсиздигине элдин нааразычылыгы, ишенбестиги мурдагыдай эле калды, ал жоюлган жок… .
Ушул эки жагдай үчүнчү элдик ыңкылап болот деген сөздөрдү күчөттү жана мындай пикирге негиз болууда.

II. Баш Мыйзам

Кыргыз эли эки ыңкылапты ишке ашырууга аргасыз болуп, турмушу оңолбосо - үчүнчү ынкылапка баруудан баш тартпаганынын түпкү себеби Баш Мыйзамда жатат.
1993-жылкы Баш Мыйзамдан баштап, кийин тогуз жолу оңдолгондун баары элди, бийликти тескеп, ага көзөмөл жүргүзүп, анын жообун угуп, ишине баа берүү укугунан толук ажыратып салганы - ыңкылаптардын негизги себеби болууда.
Президент менен Жогорку Кеңешти шайлоо жолу менен бийлик жүргүзүү үчүн жалдап алган эл бийлик жетекчилерине эч бир таасир кыла албаса, жообун угуп, ишине баа бере албаса - анда беш жыл унчукпай чыдашы керек, чыдамы түгөнсө - аргасыздан ынкылапка барышы керек.
Баш Мыйзам элге бөлөк мүмкүнчүлүк калтырбай койбодубу!
Ыңкылаптын бул негизги себебине бийлик өзү Баш Мыйзамдын бир далай беренелерин одоно бузуп жатканы зор кошумча болууда.
Баш Мыйзамдын 4 беренесинин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана партиялык институттардын кошулушуна тыюу салынат", 5 беренесинин "элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме (партиялардын коалициясы да) мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз", 16 беренесинин "эч ким … саясый ынанымдары … боюнча кодулооого алынышы мүмкүн эмес", 72 беренесинин "Жогорку Кеңештин депутаты … ишкердик менен алектениши … мүмкүн эмес" деген талаптарын бүгүн бийлик аткармак түгүл , эсине да алып койгон жок (депутаттар жеке ишканаларын бөлөк адамдарга башкарууга өткөрүп бергени менен, менчиктин субъекти болуп өздөрү кала бергенин эл жакшы билип, түшүнүп турат).
Демек, Баш Мыйзамды өзү одоно бузуп жаткан бийлик элден мыйзамдарды сыйлоону талап кыла алабы?
20 жыл бою Баш Мыйзамды президенттердин кызматчылары, депутат, саясатчылар жазып келгенине байланыштуу, бул баш мыйзамдар президенттердин, депутаттардын, сот, прокурорлордун, бюрократ-чиновниктердин гана кызыкчылыктарын жактап, камсыз кылып келатат.
Элге тиешелүүнүн баары жалпы сөз менен гана айтылып, жазылган үчүн 20 жыл бою эл азап көрүп, тозокко тоңуп, кыйналып, чайналып, абалы оор бойдон калууда.
Бир сөз менен айтканда, элдин мүдөө-талабын чечип, элдин кызыкчылыгын камсыз кылган Элдик Баш Мыйзам кабыл алынмайынча, анда "Президент менен Жогорку Кеңеш элдин тескөө, көзөмөлүнөн чыкпай, элге жооп берип, өз ишине элден, эл шайлаган Курултайдан "канааттандырылсын" же "канааттандырылбасын" деген баа алып турат" - деп жазылмайынча бийлик элге кызмат кылбайт, өзүн элден өйдө коюп, эл менен эсептешпейт, демек элдик ыңкылаптар боло берет.

III. Өлкө абалын
ким оңой алат?

Республикабызда 20 жыл бою бир эле мамлекеттик саясат: "өлкө байлыгын уурдап, талап, тоноо" болгонуна байланыштуу;
- кыргыз элинин тарыхый тажрыйбасы, салт-адаты, ыйман-адеп наркы, улуттук дөөлөтү, кулк мүнөзү эске алынбагандын айынан;
- 20 жыл бою бир дагы президент, өкмөт, депутат, сот, прокурор, министр, аким элге жооп бербей, өз билгендерин кылып келген үчүн бүгүн өлкө абалы абдан эле оор. Оңдоп, түзөтүүгө жатпаган өлкөнүн саясый жана башкаруу түзүлүшү(системасы) түп тамыры менен өзгөртүүгө муктаж болуп турат. Коррупция жашоо шартка айланып, жазылбаган мыйзам болуп, мамлекеттүүлүктүн өзүн жокко чыгарган абалга жеткизип койду.
Калың элдин жигердүү колдоосу жана катышуусу болбосо президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш ынтымакка келип, бирдиктүү аракет кылса да өлкө абалын оңой албай калды.
Демек, бийлик башында эл, эл шайлаган Курултай туруп, ал Баш Мыйзам менен бекитилген укук-милдетке ээ болгондо гана Элдин жаратуучу кудурети ишке аша алат!
Эгерде баарыңыздар биригип, кыргыз элинин рухий наркын камтып, кыргыз тилинде жазылган накта Элдик Баш мыйзамды элдик референдумга алып чыкпасаңыздар, анда үчүнчү элдик ынкылап болоору күмөн жаратпайт.
Мындай опурталдуу иш болуп кетсе - күнөөнүн баары сиздерде болот, анткени элди ошондой ишке барууга кийинки эки жыл бою сиздер жүргүзүп жаткан саясат алып барганы талашсыз болот.
Ынкылап - мамлекеттүүлүктүн өзүнө зор коркунуч туудурат, өлкө башкаруудан чыгып кетет, коомдук абалды туруксуз кылып, тартипсиздикке алып барат.
Ар кандай басып алууларга жол ачылат, өлкө бир-эки жылга артка кетет.
Тарых алдында мындай күнөөнү моюнга алуу сиздерге керекпи?
Ансыз деле элдин эсебинен далай маселеңиздер чечилип калгандыр… .
Жакынкы айларда элдин жана мамлекетибиздин келечеги үчүн бир тарыхый иш кылып койбосоңуздар, үчүнчү ынкылап болуп кетсе бул жолу эл эч кимди качырып жибербейт, 20 жыл бою элдин көкүрөгүндө толгон ыза менен кеги катуу чыгып кетиши мүмкүн. Жараткан андан элибизди сактасын!

IV. Урматтуу мырза
Президент!

Сиз президенттин кызматына киришип жатып сүйлөгөн сөзүңүздө минтип айттыңыз: "Я уверен, по примеру США, мы должны в нашем паспорте, вместо графы о национальности написать только одно: гражданин Кыргызстана!" (Газета "Эркин Тоо", 2 декабря 2011г. 2стр.).
Баш Мыйзамдын 38-беренесинде минтип жазылган: "Каждый имеет право свободно определять и указывать свою этническую принадлежность. Никто не должен быть принуждён к определению и указанию своей этнической принадлежности".
Демек, сиздин айткан сөзүңүз Баш Мыйзамдын 38-беренесине карама-каршы келип жатпайбы!
Эгерде кыргыз атуулу паспортунда "улутум кыргыз" деп көрсөткүсү келсе, эмненин негизинде Сиз аны мындай укуктан ажыратуу керек деп элге сунуш кылдыңыз?
Же Баш Мыйзамдын 38-беренеси сиз үчүн жөн эле жазылган сөзбү?
"Эхо Москвы" сыналгысына сиз маек берип,минтип айттыңыз: "Мына, анык ислам деген ушу…Мына ушундай жол менен кетиш керек"- деп, өлкөнүн өнүгүү жолун көрсөттүңүз (Де-факто гезити, 28-февраль, 2012ж. 13-бет).
Бүгүн Ислам 72 агымга бөлүнүп, ар бир агымдагылар өз ынанымын "таза, анык ислам" деп айтышат.
Кыргызстан "анык ислам" жолуна түшүш керек деп, Сиз исламдын кайсы агымын сунуштап жатасыз?
Баш Мыйзамдын 7-беренесинде минтип жазылган: "Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес" -деп.
Демек, сиздин сунушуңуз Баш Мыйзамдын 7 жана 32-беренелерине карама-каршы болуп жатпайбы?
Президент болуп үч ай иштебей жатып, Баш Мыйзамдын үч беренесин тебелеп, тепсегениңизди эл кандай түшүнүшү керек?
Москва шаарында өткөн Россиянын 42 регионунан келген мигранттар менен жолугушууда сиз баса белгиледиңиз: "Кыргызстандын тамырына үч нерсе: коррупция, улутчулдук жана маңкуртчулук балта чабат" - деп(газета "Алиби", 2.03.2012ж. 10-бет).
Эки жолу жарга такалган өлкөнү өнүгүү мүмкүнчүлүккө улутчул-мекенчил кыргыздар алып чыгышты. Эки ыңкылапты тең саясый, чыгармачыл, илимий "элита" эмес, жеңишке сиз "жарма патриоттор" деп какшыктаган улутчул-мекенчил жаштар жеткизди.
7-апрель, 2010ж. БЭКтин 14 мүчөсүн, сизди кошуп, абактан СДПКнын мүчөлөрү эмес, окко учуп жаткан улутчул-мекенчил атуулдар эркиндикке алып чыгышты!
Сиз муну тез эле унутуп калсаңыз, кыргыз эли эгерим унутпайт!
Сиздин айрым олдоксон айткан ойлоруңуз элге дем берүүнүн ордуна кыжаалат абалга алып келүүдө.
"Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" - деп айтылгандай, иш кылбаган адам гана жаңылбайт.
Эгерде сиз өлкөнү жаңылантып, кубаттуу мамлекет курууга кеңири жол ачкан Элдик Баш Мыйзамды элге сунуштап, бийлик башында Эл, Эл шайлаган Элдик Курултай турган өлкөнүн жаңы саясый жана башкаруу түзүлүшүн түптөп койсоңуз тарыхта Кыргыздын "ата түркү" болуп калат элеңиз.

Баарыңыздарга каалоо-тилек айтып,
терең урматым менен Д.Сарыгулов
экс-мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты
апрель айы, 2012-ж.

Бул материал "Улутман" партиясынын төрагасы Сазыкбай Турдумалиевдин каржылоосу менен жарыяланды