Оппозицияга мансап эле керекпи?


"Бүтүн Кыргызстанчы" Адахан Мадумаров баш болгон оппозиция лөктөрү маалымат каражаттарынын бардык өкүлдөрү катышкан шартта гана бийлик менен сүйлөшүүгө бараарын жарыялашкан эле. 18-апрелде бийлик-оппозиция диалогун чагылдыруу үчүн элүүдөн ашык журналист "Ала-Арча" резиденциясына чогулушту. Бирок, өкмөт "абысындары" убададан тайып, жолугушууга келбей коюшту.
Албетте, оппозиция лидерлеринин мындай салкын мамилеси журналист журтчулугунун нааразычылыгын туудурду. Айрым кесиптештерибиз: "Оппозиция качкандын ордуна келип, бийликтин катачылыгын көзүнө санап берсе болмок" дешсе, кээлери: "Айта турган, сындай турган конкреттүү фактылары болбогондон кийин келишпейт да" дешти. Чын да, эй! Пикет-митингде эл астына чыгып алып бийликти өкүртө шыбаганга маш немелер жазмакерлердин алдында өкмөттүн "косяктарын" четинен санап бере албагандан кийин, буларыңды баягы эле мансап кумары кытыгылап, тынч жаткырбай жаткандай, чамасы…
Шылтоолору "түз эфир гана болуш керек". Бардык ММК өкүлдөрүнүн катышуусу менен болгондун өзү эле баары ачык болгонун билдирет эмеспи.
Ошол эле убакта Акматбек Келдибеков менен Адахан Мадумаров күндүз "24кg" агенттигине берген интервьюларында "же түз эфир, же бардык ММКлардын катышуусу менен" - деп айтып жатышкан болчу. Бардык ММК келди, алар жок.
Ушундай да эки сүйлөгөн саясатчылар болобу?

Таарынып кетишти


УТРКнын Байкоочу Кеңешине Президент, парламент жана жарандык коом өкүлдөрүн шайлоо боюнча парламент жыйыны талаш-тартыштан барып, таарыныч, залды таштап кетүү менен жыйынтыкталды. Себеби, парламенттеги оппозициялык "Ата-Журт" фракциясы сунуштаган эки талапкер Нышанбек Кочкоров менен Анаш Кадырованы парламенттик көпчүлүк колдоп бербей койгон. "Биз деле силерди колдоп келгенбиз, мунуңар туура эмес" деп, мулуйган Камчыбек Ташиев өз командасын алып, залды таштап баса берди.


Канат Сыдыков


кайсы куйрукту басты?


Билим берүү жана илим министрлиги акыркы 10 жылдан бери мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Жалпы Республикалык Тестирлөө(ОРТ) жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен ЖОЖдорго кабыл алууну уюштуруп келген. Быйыл бу жараяндан чуу чыкты. Көрсө, министрлик акыркы үч жылдан бери ушул тестирлөөнү расмий жана мамлекеттик тилден тышкары өзбек тилинде да алып жүрүптүр. Ушунун өзү эле Конституцияга каршы келген иш экенин бетке кармаган коомдук уюмдардан депутаттарга чейин чаң салып жатып калышты. Чын да. Эгер ушул жол менен кете берсек, эмдиги жылы уйгурча, аркы жылы күрдчө чыгарып, жети жылда барып жетимиш тилде тест тапшырып калат окшойбуз. Министр Канат мырза канчалык какшанып актанганы менен эми "бовой" калды. Убагында Текебаев да Башмыйзамды өзбекче чыгара коелу деп атып, аягы эмне менен бүткөнүн окурмандар жакшы билишет.


Чүй дарыясы шаштырууда


ӨКМ министрлиги билдиргенге караганда суу ташкыны жууп кетип, Чүй облусу боюнча 500 гектар жер жарактан чыкты. Белгилүү болгондой, Чүй дарыясы 15 жылдан бери жээгин жемире агып, бир катар айылдарга, Бишкек-Торугарт- Кытай жолунун өзүнө коркунуч келтирип келүүдө. Буга, биринчиден, каражаттын жетишсиздиги жолтоо болсо, бир катар чиновниктердин көңүл коштугу да кесепетин тийгизүүдө. Учурда 39 жерде суу жууп кете турган объектилер бар. Ошондой эле Кең-Булуң, Бирдик, Милянфан, Черная речка, Гроздь айылдарындагы 600 үй суу жууп кетүү коркунучунда турат. Айта кетсек, Чүй дарыясы өлкөбүздөгү эң ири дарыялардын бири. Анын узундугу 1186 чакырымды түзөт.


Кудайы конок


"Кудайы конок" деген бар эле кыргызда. Алар кайсыл учурда болбосун босогодон баш бакса, үй ээси кош колдоп салам берип, төргө өткөрүп, акыркы айран калса да сунуп узатчы эле. Бүгүнкү күндүн ошол Кудайы коногу - Турсунбек Акун деген Акыйкатчыбыз экенин айтып кетпесек болбостур. Туке жүрбөгөн жер жок. Кайда митинг болсо ал ошерде, кайда чуу болсо ал ошерде, кайда конференция Туке ошерде, кайда маараке-той, Туке ошерде. Кечээ, оппозиция менен Өкмөт резиденциядан жолугат дегенди уккан Тукебиз атын сабап, ошерге жетип барыптыр. Ташиев келгенде кантет эле, ал жоктон пайдаланып, "Оппозиция суу жүрөк экен" - деп, ойдаа күпүлдөп, камера бетин берген жок. Кокус эле эртең уурдалып кетсе, оппозициядан сурайт окшойбуз.


Окшобой калды


Адвокат Акин Токталиев атайын пресс-конференция өткөрүп Башкы прокурор Аида Салянованы аябай туздады. Анын айтымында "А.Салянова кызматкерлеринен 500 доллардан "шыпылдатып" эле жыйнап алып турат экен. Ошондой эле прокурорлорду иштен кетирүү ал үчүн оюнчук болуп калыптыр. Аны менен тим болбой "ЖКнын уруксаты жок эле депутаттарга иш козгогон эрмек тааптыр". Муну уккан журналисттер тим турмак беле "далилиңиз барбы?"- десек кызматтан бошоп кеткен кайсы бир прокурорду айткандай болду. "Адвокат, өзү айткандай, укук коргоочу болсо, далилсиз эле сөздөрдү дарбыта береби"- деп, убакыт коротуп барганыбызга өкүнүп келе бердик. Кыскасы окшобой калды.


"Алиби" пресс




КСДП
фракциясынын лидери

Чыныбай Турсунбековго


Кайбарың башта ыр жазчу,
Калемдеш көрсө сырдашчу.
Түрүн көрүп замандын,
Түбүн ойлоп түгөтүң,
Түрктөр менен муңдашты.

Кыялын таштап элирген,
Кырааның салды тегирмен.
Азамат чыкты акыры,
"Акундун" унун жедирген.

Уучтап ушул дүйнөнү,
Унун көккө үйлөдү.
Акчалуу болуп алган соң,
Адаты калып күндөгү,
Ай-асманды сүйлөдү...
Абалтан тааныш немече,
Ажолор болду жүргөнү.
Сасыгына карабай,
Саясат болду "сүйгөнү".

Азыр,
Кыз-келинге каш кагат,
КСДПны башкарат.
Качаңкы түшүп эсиңе,
"Калемдеш элек"- деп барсаң,
Кадимкидей ташка алат.

Кызыгың түшкүр Чыныбай,
"Кыргыздыкы куурай"- дейт,
"Казактыкы буудай"- дейт,
Кокуйлук жагы дагы бар,
Кокус сунсаң жуубай жейт.

Баса,
Айтпай кетсек болобу,
Акчасын жандан чыгарып,
(Аманат жанын кыйнаган).
Алты шашлык бир алып,
"Алибини" сыйлаган.
Жума бою кеп кылып,
Журналист журту жыргаган.
Болушуп колдон тартышат,
"Болбойт"-деп муну сындаган.

Аа, Чыке,
Алыстап барат окшодуң,
Атыңдын оозун буралбай.
Акчаң деле буюрсун,
Асты болбо Чынарбай.
Сайга кулап түшпөгүн,
Саясаттан чыгалбай....

Темирбек АЛЫМБЕКОВ