Башкы редактордун колонкасы

Бүгүнкү күн жана "Алиби"


"Алиби" гезитинин үстүбүздөгү жылдын 23-мартындагы №20 санына "Депутат Калматовдун карындашы 5 литр май сурап..." аттуу макала жарыяланган. Көп узабай эле редакцияга Аксы районундагы бардык айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары (12 айыл өкмөтүнүн) жана райондук ЗАГС бөлүмүнүн башчысы кол койгон коллективдүү кат келип түшүп, редакция аны гезиттин 13-апрелиндеги №26 санына жарыялаган.
Эгерде бул катка ишенсек, "Алиби" гезитине маек берген Абасбеков Бактыбек Аксы районунун Ак-Суу айылдык округунун тургуну, бирок көп жылдан бери Бишкек шаарында жашайт. Ал Аксы райондук соцфонд, соцжардам, ЖААК (ЗАГС) бөлүмдөрү, райондук ИИБ жана башка кызматтар тууралуу чындыкка дал келбеген, районубуздун бетине кара так түшүрө турган жалган маалыматтарды бериптир".
"Болуптур"- деп туруп андан ары окуп көрөлүчү. "Абасбеков Бактыбектин райондук соц. коргоо бөлүмүндөгү: "Депутат Калматовдун карындашы 5 литр май сурады...", "... милиция мал уурдаткан адамды кайра куугунтук кылат" деген сөздөрүнө биз ишене албайбыз. Ал эми ЗАГС бөлүмүндө туулгандыгы тууралуу, нике тууралуу күбөлүктөр 500-1000 сомго чейин жазылат" деген сөзү уккан адамдын төбө чачын тик тургузат".
Коллективдүү каттын мына ушул жерине, негедир, мен да ишене албай турам. Себеби, бул катка кол койгондордун бардыгы айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, башкача айтканда ошол күбөлүктөрдү даярдоочу, жазуучу кызматкерлер экен. Эгерде, бул катка айыл тургундары кол коюп, жогорудагы сөздөрдү жазышса мен алардын айткандарына кулак төшөөгө аргасыз болмокмун. Бул жерде болсо "Аксы району" деген сөздү алып салып, Кыргызстандын каалаган районун кое бер, жаңылбайсың. Өзүбүз күндө эле күбө болуп жүргөн нерселерди кантип жокко чыгарабыз?
Коллективдүү катты гезитке жарыялаарын жарыяладык, бирок маселе ачык бойдон калды. Редакция бул көйгөйгө кайра кайрылууну туура көрүп отурат.
Мен эмне үчүн башка эмес, так ушул маселеге кайрылдым? Бул окуядан мен биздин редакциянын бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүп келген саясатын, позициясын, тагыраак айтканда редакциялык саясаттын да, редакциялык позициянын да жоктугун көрүп турам. Бул деген баарына эле баш ийкей берүүчүлүктү, анализдебей, жыйынтык чыгарбай туруп эле Эшмат менен да, Ташмат менен да, Кошмат менен да макул боло берүүнү туюнтат. Ал эми менин терең ишенимимде гезиттин өзүнүн түз багыты, күрөшчүл позициясы, турмушубузду артка тарткан терс көрүнүштөр менен келишкис мамилеси, карапайым калктын кызыкчылыгын жактаган таптык көз карашы болууга тийиш.
Бүгүндөн баштап биз редакциянын өзүн тазалай баштайбыз. Ишке болгон, өзүбүздүн кесиптик милдеттерибизге, гезит окурмандарына, жалпы эле кыргыз журтуна болгон мамилебизди түп-тамырынан кайра карап чыгууга киришебиз.
"Алиби" гезити кыргыз коомчулугуна 4 принципти даңазалоону, кеңири жайылтууну өз милдети катары карайт. Атаандаштык, сөз эркиндиги, ачык-айкындуулук жана тынч митингдер бүгүнкү кыргыз коомчулугун кыймылдатуучу күчкө айланууга тийиш. Буларсыз бир да коом өнүкпөсүн ар бирибиз көкүрөгүбүзгө кыттай куюшубуз керек.
Үч принципке макул болгон айрым окурмандарга тынч митингдерди тоскоолдуксуз өткөрүү талабы осол көрүнүшү мүмкүн. Бирок, мага ишенип койгула, кашаң, анча-мынчаны тооткусу келбеген бийликти митинг, анда айтылган ачуу сөздөр гана эсине келтирет.
Бүгүндөн тартып "Алиби" гезитинин журналисттери күн тынымын, түн уйкусун бөлүүгө, орчундуу маселелер боюнча Кыргызстандын кайсы гана бурчу болбосун сапарга чыгууга, силер менен бирдикте адилеттик үчүн күрөшүүгө даяр.
Ошол эле убакта биз силерден кат-кабарларды, маалыматтарды, көркөм чыгармаларды күтөбүз.
Изденгиле, жазгыла, редакцияга келгиле. Биздин эшигибиз силер үчүн ар дайым ачык.

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ




Парламент

Ушуга шүгүрбү?


Кечээ Башкы прокуратура Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге акыркы айыбын тагып, коомчулукка жарыя кылды. Эң кызыгы ал маалымат интернет булактарынан бир жарк этип көрүнүп, ошол замат кайра жок болду. Кимдир бирөөнүн түктүү колу "көзүн тазалагыла"- десе керек. Дагы жакшы, "ВБ" интернет редакциясы чукул реакция жасап, депутат Тынчтык Шайназаровдун бул боюнча пикирин укканга үлгүрүптүр.
Ага таянсак Т.Шайназаров шак эле мындай дептир: " Шалаакылык дешет…Шадиев кандайча өз милдетин дурус аткара албай калган? Аны далилдеш керек да. Жеке мен бул жерде негиздүү эч нерсе көрбөй турам. Сатып алууга премьер-министр Атамбаев кол койгон. Анын штабын Бабанов башкарчу. Бул жерде анын аткарбай койгон милдети эмнеде эле? Мага ушул түшүнүксүз. Мен болгону ал "садагага гана чабылганы турат"- деп ойлойм, юрист катары ушундай жыйынтыкка келип отурам".
Депутат алысты мелжептир. Шадиевдин мойнуна шамыяндай илинген сатып алуу кагазына "агездеги премьер-министр А.Атамбаев кол коюп, маңдайында Ө.Бабанов карап турбады беле? Шадиевдин күнөөсү кайсы?" - дегенди айтып жатат. Кыскасы, "башын Атамбаев кармап берген"- дейт. Анан аны ала жыгылышса болду, А.Шадиевге көмүрдүн көөсү эмес, баткак шыбасаң да жукпайт. Бул жеке шакылдаган Шайназаровдун пикири эмес.
Жогорку Кеңеш Кулан көмүрүнүн сары изине чөп сала баштаганына көп болду. Коомчулукта чоң резонанс жараткан бул окуяда үн кошпогон, жок дегенде трибунага бир чыгып, "мен да бармын" сөзүн айтпаган депутат калган жок. Айрымдары, Кулан көмүрүнүн артынан кулан куугандай сая түшүп, көпчүлүккө Кыргызстан үчүн "жалгыз күйгөн" образды жаратканга да жетише алышты. (Айтмакчы, Кулан көмүрүнө байланышкан, мурда коомчулукка белгисиз материал колубузга тийди. Эмки санда жарыялайбыз. Биз да үн кошуп калалы. Депутаттар эле "дей" береби?). Акыры, комиссия түзүп, анын жыйынтыгы боюнча А.Шадиевди актап, ААА "Электростанциясы" ишканасынын башкы директору Аман Тентиевди, Бишкек ТЭЦинин директору Юрий Фрикти "ушулардан кетиптир" - деп чыркыратып кармап беришкен.
Кызык жагдай келип чыгып жатат. Атамбаев, Бабановдорду коё туруп эле министр А.Шадиевге чейинки субординациялык деңгээлди алсак, ЖКнын депутаттык комиссиясы берки эки директорду (А.Тентиев, Ю.Фрик) "иштен айдагыла" деген сунуш киргизип, А.Шадиев "апакай" деген жыйынтык чыгарышын кандай түшүнөбүз? Макул, А.Тентиев, Ю.Фрик иштерине шалаакылык менен менен мамиле жасап, (бул үчүн мыйзамдын статьясы бар) А.Шадиевге билип - билбей көө жугузуп алыптыр дейли. Ал эми ЖК комиссиясы А.Шадиев колун жуубай барып, ошол көөсүн Атамбаевге, Бабановго жугузганын анда эмне көргөн эмес? Шакылдаган Т.Шайназаров "ВБ" интернет сайтына айткан логикасын ошондо айтса "ырас эле" - деп муюп калбайт белек. Дегеле, министр А.Шадиевди ЖКнын "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" бооруна басып отурушу көп суроолорду жаратууда.
Буга чейин парламент депутат И.Пирматовду да Башкы прокуратуранын кылычынан калкалап калган. ЖКнын мунусун түшүнсө болот. "Карга карганын көзүн чукубайт" бул жерде ылайыксыз. Мыйзам ошондой. Депутаттар надзордук органдын айыбын "негизи жок"- деп тапкандан кийин, "кың" дей албайсың. Бирок, мыйзам боюнча кимдир бирөөнү "күнөөлүү же күнөөсүз" - деп табуу бир гана соттун укугу экенин билген коомчулук, парламенттин мындай кадамына ичи чыкпай турат. "Күнөөсү болсо далилдеп бергиле" - деп И.Пирматовду сотко салып бергенде, ошондо далилденбей калса айтчусун айтса болмок" - деген пикирлер күч. Ал эми депутат болбогондон кийин, ЖКнын министр А.Шадиев үчүн "чокко түшө калып" Башкы прокуратуранын мындай кадамына "саясый заказ" катары баа берип жатышкандыктары, ЖКга болгон ишенимди күн өткөн сайын суутууда.
"Өздөрү сот, өздөрү прокурор болуп алган, мындай парламентти чилдей таратуу керек" деген сөздөрдүн чыгып жатышы тегин жеринен эмес. Бул сөздү "таш доорунан келаткан" революционер А.Бекназаров баштаган. Президент А.Атамбаевге алты кулач кайрылуу жасап, "эл депутаттары бийлик, байлык бөлүштүрүү менен эле алек болуп калды. Парламент, өкмөт үзөңгүлөш иштей албайт. Бул парламентти таратып, 2013-жылга чейин жаңы шайлоо өткөрөлү", -деген болчу. Качан да болсо бирдеме айтып турбаса башы ооруган А.Бекназаровдун мындай сунушун коомчулук деле жакшы кабыл алган эмес. Депутаттардын өздөрү болсо "ичиң күйсө туз жала" - деп коюшкан. Анткени, ал учурда ЖКнын анык жүзүн көрсөткөн И.Пирматов, А.Шадиев маселелери чыга элек болчу. Экинчи коалиция, Бабановдун өкмөтү түзүлүп жаңы эле иштей баштаган. Бирок, ЖК экинчи коалициядан кийин деле "баягы кетменди басып алып" көпчүлүктү иренжитүүдө.
Кайран ЖК, А.Бекназаров айткандай ошондо бийлик, портфель бөлүштүрүп жатып, катуу тийген кетмендин сабы чекесин томуйтуп кеткенине деле караган эмес.
(Уландысы 5-бетте)