Биз тууганчылыкка, жердешчиликке жана
партиялык-кландык башкарууга каршыбыз!
(Башталышы 11-бетте)

Медеров Курант Мэлсович - Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын имараттарды жана коммуникацяларды иштетүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, капиталдык курулуш жана оңдоо секторунун башчысы. Ал бул кызматка келгенче Жогорку Кеңештин жетекчилигин жана фракция лидерлерин тейлөө тобунда адис болуп иштеген. Ал өзүнүн ою боюнча бөлүмдүн башчысы болуш керек эле, бирок бул орунга Мусабековдун түрткөн адам күчтүүлүк кылган өңдүү. Медеровдун кесиби агроном болсо да өзү капиталдык курулуш жана оңдоо секторун башкарышы акылга сыйбаган нерсе. Медеров Ош айыл-чарба техникумун бүтүргөн. Ошентсе да ал 4 жылда 2 дипломдун ээси болууга жетишкен, бирок алардын бирөө да курулуш адистигине эч тиешеси жок.
Карапашов Бакыт Шермаматович - Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын социалдык-өндүрүш жактан тейлөө бөлүмүнүн башчысы. Бул кызматка келгенче Карапашов жалпы бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. Ал Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Т. Мамытовдун жакын тууганы жана Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын башчысы Кожомкуловдун жакын досу.
Карапашов 2011-жылы тууганы Т.Мамытовдун жардамы менен бир нече кызматтык тепкичти секирип өтүп, бат эле улук консультанттан жалпы бөлүмдүн башчысы болуп калган. Ал эми 2012-жылы досу Кожомкуловдун жардамы менен Карапашов Б.Ш. Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын социалдык-өндүрүштүк жактан тейлөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Карапашов Б.Ш. Кыргыз Республикасынын "мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" мыйзамынын 24-беренесин бузуу менен улук консультанттык кызматка дайындалган. Ал Башкы прокуратуранын 2010-жылдын 28-августундагы №12-9-көрсөтмөсү менен иштен алынып анын ордуна конкурстук жол менен башка кишини ишке алышы керек эле. Анткендин ордуна Карапашовду жалпы бөлүмдүн башчылыгына дайындашкан.
Карапашов Б.Ш. мыйзамдарды бузуу жолу менен өз максатына жеткенди жакшы көрөт, ал мыйзамды бузуп ишке орношкон, ошондой эле "мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси" деген класстык чинди да мыйзамсыз жол менен алган. Президенттик шайлоо убагында ал ооруусу боюнча эс алууга чыгып "Ата-Журт" партиясынын Ноокен району боюнча жооптуу адамы болуп иштеген. Анысы аз келгенсип, ишке чыкпастан, эч кандай комиссиядан өтпөстөн, "мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси" чинин алган.
- Карапашов Б.Ш. армияда кызмат өтөгөн эмес.
- кесиптик талапка (5 жыл ушул тармакта иштөө керек) жооп бербейт.
- эч кандай кесипкөйлүгү жана иш билгилиги жок.

Борбодоев Жоробек Матиканович - Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын укуктук, кадр-дык жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы. Борбодоев Ж.М. Жогорку Кеңештин Төрагасынын жердеши. Ал Кожомкуловдун командасынын идеологу. Билими боюнча музыкант жана дипломат. Билими боюнча юрист болбой туруп укук бөлүмүн жетектейт. Эң башкысы Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгындагы кадрдык баш аламандыктардын жарымын ушул киши уюштурган. Ушул кишинин көрсөтмөсү менен Жогорку Кеңештин Төрагасы ага ишенип, жогоруда биз айткан кишилерди кызматка койгон. Так ушундай адамдар өзүнүн кош көңүл мамилеси менен мамлекетке, жана башка адамдарга көп зыян алып келет.
Ушуга окшогон катачылыктар Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгында башка да кызматкерлерди дайындоодо кетирилген.
Биз, төмөндөгү адамдар, Кыргыз Республикасынын атуулдары төмөндөгүдөй талаптарды коебуз:
1. Бул маселени изилдөө жана чечүү үчүн, ичине Баш Прокуратуранын, коомдук жана укук коргоочу уюмдардын адамдарын камтыган көз карандысыз комиссиянын түзүлүшүн;
2. Кыргыз Республикасынын, Эмгек кодексинин 78-беренесине каршы келгендигине байланыштуу Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 25-январында кабыл алган №1536-V Токтому жокко чыгарылсын;
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынан мыйзамсыз иштен кеткен бардык кызматкерлерин кайрадан ишке алышын.
4. Жогоруда аты аталган мамлекеттик кызматкерлердин жумуштан кетишин;
5. Алардын кызмат орундарына конкурстук негизде кызматкерлерди алууну;
6. Эгерде 15 күндүн ичинде, бул маселе чечилбесе, биз сотторго кайрылабыз жана бул маселени чечүүнүн бардык башка мыйзамдуу жолдоруна барабыз.

Бизде, ушул ачык катты жазган адамдардын эч биринин жакындары депутат же министр эмес. Биз өз өлкөбүздүн партриотторубуз. Бизде Сиздерден башка кайрылаар эч кимибиз жок. Биз Сиздерден болуп жаткан кадрдык баш аламандыкты токтотууну жана бул маселелерди акыйкат, мыйзам жолунда чечип берүүңүздөрдү суранабыз.

Урматтоо менен,

Мамыралиев А.С.
Мамбеталиева Б.С.
Тотубаева А.
Иманбеков З.
Тиленчиев Н.
Урумбаев А.А.
Маматов К.И.
Кочоров Д.А.
Акматов А.А.
Мараимбеков А.К.
Мукасов
Тасмабеков У.А.
Бостекова И.
Садыков Э.А.
Ибраим кызы А.
Джусубалиева А.
Сатаркулов
Мамытбеков Э.
Жоробаев Н.
Бексариев Н.
Адиев М.З.
Сабиров С.
Борбуев К.
Султанов Б.С.
Султанова Н.
Шанаева А.




"Өрдөк жок жерде..."
Тарыхчылар
журналист болуп кетишти эле...

"Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" дейт кыргызда. Акаев менен Бакиев бийлиги тушунда тарыхка такыр көңүл бурулбай калган. Натыйжада кыргыз таанууда баары башаламан, будуң-чаң болуп кетти. Кыргыз тарыхчыларынын алды саясат таануучу, арты журналист болуп жан багып атышса, журналисттер, курулушчулар, алтын казгандардын алды тарыхчы, арты санжырачы болуп, том-том китептерди жазып, "өрдөк жок жерде чулдук бий" замана болду. Бир караганда, тарых тууралуу китептер чыгып, жаманбы-жакшыбы изилдөөлөр болуп, иш жүрүп жаткандай. Антсе да, ошол эле кошуна Казакстанга, Өзбекстанга салыштырмалуу тарых илимине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай калгандыктан, кыргыз таануу бир ордунда токтоп калганы факт.
Ар бир эл өзүнүн өтмүшүн, тарыхын жана элди эл кылып сактап келген нарк-насилин, дүйнө таанымын билүүгө тийиш. Ошондо гана ал эл өзүнүн жашоосун улантып, жер бетинен татыктуу ордун ээлей алат. Өлкө башчысынын тарыхый жана маданий мурастарды тереңдеп үйрөнүү тууралуу жарлыкка кол койгону эми да болсо ошол кенемтени толтуруу деп түшүнсө болот.
СССР күчтүү мамлекет, ири держава кудуретине жеткени үчүн тарыхка милдеттүү. СССРде тарыхка чоң маани берилип, ал идеологиянын уюткусу болгон. Тарых факультеттери партиялык кадрларды даярдоонун устаканасы катары эсептелген.
Ата Мекендин тарыхын билбей туруп, аны менен сыймыктана албайсың. Калктын мекенчил сезимин козгош үчүн ириде кадрлар өзү тарыхты мыкты билиши абзел. А бизде кандай? Тарыхчы Т.Акеровдун айтымында жогорку окуу жайларындагы факультеттердин декандарынын, кафедра башчыларынын дээрлик көбү философтор, тилчилер, искусство таануучулар.
Эгер "Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхынын" 10 томдугу тууралуу айтсак, алдыда чоң милдет турат. Айтымда, байыркы жана орто кылымдар боюнча тарыхый булак болуучу база түзүлүшү керек. А андай булак бизде жок. Кыргыз окумуштуулары орус окумуштууларынын маалыматтарынан пайдаланып келишкен. Акеровдун айтымында, бардык эле тарыхый булактар которулган эмес. Түп нускада сакталуу турат. Айрымдары гана англис тилине которулган. Азыр кыргыз окумуштуулары ошол тарыхый маалыматтарды топтоп, алгачкы 1-2-китебин чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат. Бул долбоорго катышкан тарыхчылар доор-доорго бөлүнүп, архивдик материалдарды иликтеп жатканы белгилүү. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан кыргыз таануучуларды чакырып, эл аралык конференция өткөрүү планы да бар. Дегинкиси, дүйнөлүк кыргызтаануу кайсыл деңгээлде экенин билип койгон жаман болбойт.
Демек, өлкө башчысынын тарыхый жана маданий мурастарды тереңдеп үйрөнүү тууралуу тарыхый, саясый гана эмес, идеологиялык да мааниси чоң экени айтпаса да түшүнүктүү. Тарыхчыларыбыз качанга чейин "кантип жан багам" - деп, кара курсагын ойлоп, ар кайсы идеологиянын кылычын чаппай, качан кыргыздын, улуттун кылычын кармап жүрөр болду экен?

Болотбек Таштаналиев