Феликс Кулов:

"Мисир Ашыркуловдун айткандары


жигиттикке жатпайт"


Феликс Куловду тааныштыруунун кажети жок. Жай учурда эле акыбал сурап барып, эл катары диктофонумду сунуп, баягы эле үйүң күйгүр саясатты талкууладык. Же аныбыз бүтсөчү. Бирок бул маегибиз кызыгыраак чыкты окшойт. Бир көз жүгүртүп көргүлөчү.

- Феликс Шаршенбаевич, жакында эле кыргыз гезиттерине "Цойду калкалаган Кулов" дегендей мааниде бир макала тарап кетти. Сиз чын эле айрым адамдарга "крыша" боло баштадыңызбы?
- Мындай сөздөр мен үчүн көнүмүш эле болуп калган. Саясатчы болгондон кийин ар кандай кептер артыңдан ээрчийт. Ага көнүш керек.
Башка кеп, эмне үчүн биздин фракция Мамлекеттик каттоо кызматын (ГРС) алды? Биз коалицияга кирип жатканда ГРСти, минсельхозду, социалдык саясат боюнча вице-премьерди жана башка бир канча структураларды сунушташты. Биз макул болдук. Себеби коалицияга 4 фракция киргендиктен бул жерде консенсус деген нерсе болушу керек да.
Өзүңөр жакшы билгендей, буга чейин ГРСти Жаныбек Бакчиев жетектеп келген. Убагында негизсиз соттолгон. Мен Чүйдө губернатор болуп турганда менин жардамчым болгон. Башында "Ар-Намыс" партиясында эле. Кийинчерээк "Ата-Журтка" кирем деп чечкен экен. Андан кийин бул мекеме жаңы коалициялык келишимге ылайык биздин партияга тийди. Ал эми коррупция боюнча айтылып жаткан дооматтар негизсиз. Мен аны түшүндүрүп берейин.
ГРСте жеке жана мамлекеттик структура деген түшүнүк бар. Мамлекеттик бул ГРС, ал эми жеке структура паспорт жасоо боюнча тендерден утуп алган компания. Бул эки мекеменин ортосунда келишим түзүлөт. Жеке компания "Интер Линкс" деп аталат. Жетекчиси силер айтып жаткан Дмитрий Цой. Мисалы ГРС "Интер Линкс" компаниясына 1000 адамдын арызын жана алардын аты-жөнү толтурулган бланкты берди дейли. Аны жеке компания атайын протоколдун негизинде өткөрүп алып, кайра кечинде ошончо көлөмдө паспорт жасап берет. Аны операторлор алат да, атайын жеткирүүчү мекемеге дароо таратат. Бул жерде ашыкча кыймыл жок. Ошондуктан коррупция жок деп ишенимдүү айта алам.
Коррупция кайсы жерде бар? Мисалы, мен паспорт столуна паспорт алуу үчүн бардым. Ал жердеги кызматкер айтат: "Бизде паспорт жок эле. Жакын арада болбойт. Бирок, менин таанышым бар. Ошол аркылуу тез арада алып бере алам",-дейт. Ал эми ошол учурда анын столунун астында даяр паспорт жаткан болот. Ал адам паспорт алганы келген жарандан ашыкча акча алат да, тиги паспортту даярдай салып, колуна карматат. Мына ушул жерде коррупция болушу мүмкүн.
"Интер Линкс" компаниясы буга чейин ар бир паспорттук столго атайын автоматтарды бекер орнотуп берүүнү сунуштаган. Ал автоматка паспорт алуучу жаран келип өз фамилия-атын тергенден кийин анын паспорту кайсы мекемеде жатканы жазылып калат. Мисалы: "Сиздин паспортуңуз ГРСте", же болбосо:"Сиздин паспорт паспорттук столдо" деп аныктап коет. Мына ошол учурда паспорт столундагылар алдай албай калышат. Тилекке каршы бул системадан мекеменин мурдагы жетекчилиги баш тарткан экен. Бул менимче Бакчиевдин эмес, техникалык кызматкерлердин күнөөсү болсо керек.
Бирок, биз учурда "Интер Линкс" жасаган ишти мамлекет өз колуна алсын деген демилге менен чыгып жатабыз. Бул боюнча атайын топ түзүүнү өкмөткө сунуштадык эле, өкмөт негедир дароо эле тендер өткөрүү боюнча чечим чыгарып салды. Эгерде мамлекет бул миссияны колго алса ага тендер өткөрүүнүн кандай кажети бар эле? Жеке компания жасаган кызматты мамлекетке өткөрүү үчүн 10 миллион долларга жакын каражат керектелет. Ошол эле учурда жеке компанияга кеткен каражат үнөмдөлүп жатпайбы. Мына ушундай маселелер бар.
- Жакында эле "Де-факто" гезитине Мисир Ашыркулов кеңири маек берип, мурдагы президент Аскар Акаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн наамына карата бир топ ачуу сөздөрдү айтты. Ошол эле учурда "Акаевдер 2 миллиард 400 миллион доллар каражатты чыгарып кеткен", -деди. Бир кезде Сиз Улуттук коопсуздук министри болуп турганда ал Сиздин орун басарыңыз болгон. Анын айткандарын окусаңыз керек. Сиздин пикириңиз кандай?
- Биринчиден, Мисир Ашыркулов Аскар Акаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн 40 жылдан берки досу болгон. Анын мурдагы досуна, соратнигине карата айткан сөздөрү жигиттикке жатпайт. Экинчиден, ал Улуттук коопсуздук министри болуп иштеген. Эгерде ал каражатты чындап эле Акаев алып чыгып кеткен болсо анда неге аны кагаз жүзүндө далилдеп бере албайт? Ал генерал катары далилин көрсөтүшү керек эле эгер чын эле алып чыгып кеткен болсо. Болбосо аскер адамына ооз жүзүндө бир маалыматты жөн гана айтып койгону уят иш. Үчүнчүдөн, Ал мени Акаевдин буйрутмасы менен камагандыгын айтыптыр. Андай болсо ал мыйзамсыз буйрукту аткарган турбайбы? Ошондуктан мен Мисирдин айткандарына көңүл бургум да келбейт.
- Бермет Акаева дагы Мисир Ашыркуловдун айткандарына жооп катары интервью берип, "Куловду Ашыркулов каматкан" деген маалыматты айтыптыр…
- Эми болсо ар кимиси ар кайсыны айтып, бирин-бири айыптоого маш болуп жатышат. Мени каралоо саясий буйрук эле. Анын алдыңкы катарында Ашыркулов да болгон. Алар Аскар Акаевдин айланасындагы таасирдүү адамдарды тазалап, өңчөй кошоматчы, алсыз адамдарды алып келүүгө салым кошкон. Өткөн жылы болгон президенттик шайлоодо дагы бул жакка келип, разведка жүргүзүп туруп, аны эч ким колдобостугун сезгенден кийин кайра кетип калды. Ошондуктан туура айтылган. Ал мени камоо тууралуу буйрукка өзү түрткү болгон. Бул анын жасаган адепсиздигинен эле көрүнүп турбайбы. Болбосо, Акаевдер аны колдоп, катардагы мугалимден УКМ министрлигине, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына, жада калса президенттик администрация башчылыгына чейин көтөрмөлөштү. Канча жыл бою дос болуп келген адамдарын ушундай баткакка чылаган адамга не десе болот? Жок дегенде унчукпай койсо болот эле да. Ошондуктан мен Мисир тууралуу бир нерсе айткандан дагы жийиркенип калдым.
- Мынчалык кеп болуп калгандан кийин Аскар Акаев жана анын мамлекеттик ишмердиги тууралуу да сурап кетпесем болбос. Кантсе да Сиз ал киши менен 10 жылга чукул убакыт чогуу иштешип калбадыңызбы?
- Буга чейин канчалаган адамдар "Сиз Акаевди эмнеге кечирдиңиз?"-деп сурап келишти. Мен аларга айттым: "Мен ал кишини Кулов катары өз атымдан кечирдим. Калганын биздин айкөл элибиз кечирсин",-деп. Мен эгер ошондо премьер-министр катары өчүмдү алам деп ал кишинин жакындарын куугунтуктадым дейли. Эртең мен кызматтан кеткенден кийин дагы башкалар келип менин үй-бүлөмдү куугунтуктаса анда биздин мамлекетте не калат? Ошондуктан жаңы саясий маданиятты калыптандыралы дедим.
Кийин дагы бир топ сөздөр чыкты. "Акаев менен Кулов кыргыз эмес, ошон үчүн бирин-бири кечирди" деп чыгышты. Мен ошондой пикир айткандарга айттым: "Тескерисинче, сен кыргыз эмессиң. Тилиң кыргызча жакшы сайраганы менен көөдөнүңдө Айкөл Манас атабыздын айкөлдүгү, кечиримдүүлүгү жок! Кыргыз болгондон кийин кечиримдүү болуш керек", -дедим.
Кандай болгон күндө дагы Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын биринчи президенти. Бул учурда анын ийгиликтери дагы, кемчиликтери дагы болду. Негизи эле өз элине 100 пайыз жаккан мамлекет башчысын эч жерден таппайсың.
Мен бир тарыхый мисалды айтып берейин. Кытай компартиясынын пленумунда Мао Цзэдундун "культ личносту" тууралуу талкуу болуп өткөн. Баары чыгып Мао Цзэдунду шыбап киришет. Баарын угуп бүткөн соң трибунага чыккан Дэн Сяо Пин болжолу менен 2 мүнөт гана сүйлөйт. Ал Мао Цзэдун жасачу нерсенин баарын жасап бүткөнүн, каралоонун кажети жоктугун айтып, анын жасаган иштеринин 70 пайызын туура, 30 пайызын туура эмес деп жыйынтык чыгарууну сунуштайт. Ошентип маселеге чекит коюлат. Мен дагы ошентип айтаар элем, Акаевдин жасаганынын бир канча пайызын жакшы, дагы бир канчасын кемчилик деп жарыялап, ошону менен чекит койсок жакшы болмок. Болбосо билбегени деле, билгени деле ал кишиге асылышканын токтотушпады. Биз өткөндү урматтаганды үйрөнүшүбүз керек. Эгер бири-бирибиздин артыбызды чукуй берсек анда жакшы болбойт. Ал кишини жөн эле сындай бергенден көрө анын катасын кайталабаганга аракет кылыш керек.
Ал эми Акаевдин азыркы абалын мактоого алса болот. Ал киши учурда илим менен кызуу эмгектенип, атайын лаборатория дагы ачып, ошону менен катар эле бир канча адамга жумуш берип, аларды каражат менен камсыз кылып жатат. Андай жерде чоң ийгиликке жетишүү өтө кыйын. Анын талантына баа бериш керек. анын азыркы абалы мен үчүн дагы кубанычтуу. Себеби ал учурда Россия Илимдер Академиясынын чет өлкөлүк академиги, бир канча адамды иш менен камсыз кылып, үй-бүлөсүн багып, алыс жерде өзүн татыктуу алып жүрөт. Бир канча ири программалардын ишке ашышына салым кошуп жатат. Бул азаматтык.
Ошол эле учурда көптөгөн псевдореволюционерлер Акаев Кыргызстанга келбеши керек дешет. Мен ушуларга абдан таң калам. Ал киши келгиси келсе келе берсин, ага эч кандай жолтоо жок. Туура эмес иштери үчүн кечирим сурасын. Балким, менин бул пикирим айрым псевдореволюционерлерге жакпастыр. Бирок мен өз пикримди айттым.
- Аксы окуясы боюнча Аскар Акаевди күнөөлөп жүрүшпөйбү?
- Аксы окуясы боюнча ал эч кимге буйрук берген эмес. Бул сотто далилденген. Ошол эле учурда Бакиев боюнча дагы айтып жүрүшөт "Ал "Тайфун" операциясына кол койгон" дешип. Мен адис катары айтайын, бул план сөзсүз курал колдонуш керек дегенди билдирбейт. Көпчүлүк муну сырттан карап алып эле кыйкыра берет. Ал туура эмес. Ал эми Акаевдин Аксы окуясына моралдык күнөөсү бар. Ал муну өзү дагы моюнга алган. А түгүл барып кечирим сураган. Ошол учурда премьер-министр болгон Бакиевдин дагы моралдык күнөөсү бар. Бирок түздөн-түз буйрук болгон эмес. "Акаев буйрук берип, элди аттырды" дегенге ишенүү кыйын.
Ал эми апрель окуясы боюнча айта турган болсок, бул жерде Бакиевдин түздөн-түз тиешеси бар. Бакиевдин күнөөсү бар экенин эч ким тана албайт. Муну баары билишет. Кандай болгон күндө дагы чогулган элди атуу боюнча Ак үйдөн атайын буйрук болгон. Албетте, муну сот далилдесин, тергөө аныктасын. Ошол эле учурда элди атып жатышканда ал киши Ак үйдө болгон. Бул дагы факт. Мен муну менен соттун ишине кийлигишким келбейт. Анткенге акым да жок. Жөн гана пикиримди айттым.
- Учурдагы президент Атамбаев менен мамилеңиз кандай?
- Атамбаев менен мамилем дайыма эле жакшы. Азыр эми бир коалицияда болгондон кийин ынтымакташып иштешип жатабыз. Биз кандай болгон күндө дагы мамлекеттик кызыкчылык үчүн биргелешип иштешибиз керек.
- "Атамбаев менен Кулов биригип алып Бабановду кетирүү аракетин баштаптыр" деген маалыматтар тарады…
- Мен ачыгын айтайын, Атамбаевдин позициясын жакшы билем. Ал түз эле айтат. Азыркыдай учурда ал киши бирөөнү башкага алмаштырууну каалабайт. Бул анын мүнөзүнө дагы жат нерсе. Мен Атамбаев менен бул маселени талкуулаган эмесмин. Азыр президент дагы, премьер-министр дагы жаңы гана иш башташты. Атамбаев эч качан эч жерде Бабановду алмаштыруу тууралуу айткан эмес. Президент мындай оюндарды ойнобошу керек. Ал канткен менен мамлекет башчысы катары калыс болгонго аракет кылат. Мен аны мактагандай болбоюн, бирок ал тууралуу мындай сөздөрдү айтуу туура эмес деп ойлойм.
- "Ар-Намыс" фракциясында бунт чыкканы баарыбызга белгилүү. Азыр фракция ичиндеги маанай кандай? 15 депутаттан өч алууну көздөгөн жоксузбу?
- Бул суроону мага көп беришет. Мен бир мисал айтып берейин. Көп жыл сүйүшүп жүрүп үйлөнгөн жаш жубайлар дагы бир жыл жашаган соң урушуп башташат. Болгондо дагы ит-менен мышыктай урушкан учурлар кездешет. Алар бири-бири үчүн өлгөнгө да даяр болуп сүйүшсө дагы турмуш аларды урушканга мажбур кылат. Ал эми биздин фракцияда 25 ар түрдүү көз караштагы адам бар. Булардын ичинде бири-бирине сүйүү жок. Анан албетте мындай учурда уруш, жаңжал чыгат. Эң негизгиси пикир келишпестиктер ачык жүрдү. Бул жакшы көрүнүш. Биздин фракция ичиндеги келишпестиктер өлкөнүн экономикасына, тынчтыкка залал келтирген жок. Учурда биз түшүнүшүү жолуна түштүк.
- Акылбек Жапаровду финансы министрлигине кандай максатта сунуштадыңыздар?
- Акылбек Жапаров мага жагабы же жакпайбы, ал башкы маселе болбошу керек. Эң негизгиси ал таланттуу менеджер, мыкты финансист. Муну Бабанов дагы, Атамбаев дагы жакшы билет. Ошондуктан ар тараптуу чечим кабыл алып, аны финансы министри кылып дайындадык. Бул жерде мамлекеттик гана кызыкчылык бар.
- Жакында эле "Перспектива" аналитикалык консорциумунун жетекчиси, белгилүү политолог Валентин Богатырев парламент тараарына 100 пайыз ишенээрин айтты. Ал кайсы мисалдарга таянды деп ойлойсуз?
- Мен өз элине жаккан парламент менен өкмөттү эч жерден көргөн эмесмин. Демократиялык принциптерди тутунган мамлекеттерде мындай көрүнүш жокко эсе. Мен кээ бир адамдарга таң калам. Учурда 93-жылкы конституцияны алып келүүнү талап кылып жатышкандар бар. Алар бул башмыйзамды окуганын же окубаганын билбейм. Бирок мен окуп чыккам. Ал жерде өлкөнү азыркы абалдан чыгарып кете ала турган сыйкырдуу таякча жок. Президенттин ыйгарым укуктары азыркыдан бир кыйла жогору. Андан тышкары бул башмыйзам кайра кабыл алына турган болсо, анда бардыгы башынан кабыл алынышы керек болот. Кыргызстан ортодо канчалаган эл аралык келишимдерди ратификация кылды. Мына ошонун баарын эсепке алыш керек. Мындай ызы-чуунун мамлекетке кереги жок. Ал эми парламенттин тарашына белгилүү бир деңгээлде жүйөлүү себептер болушу керек.
- Учурда оппозиция өкмөттүн кетишин талап кылып жатат. Сиздин пикириңиз?
- Оппозициянын табияты ошондой. Ал дайыма тартипке чакырат, талап кылат, митинг уюштурат. Анын коркунучтуу эч нерсеси жок. Тескерисинче алар өкмөттүн ишин көзөмөлдөп жатышат. Бул жакшы да. Кароолчу уктап кетпеш үчүн аны күтүүсүздөн текшерип турган бирөө болушу керек. Мамлекеттик бийликтин иши да ошондой. Тескерисинче өкмөт аны маекке чакырып, талкуу кылып турушу керек. "Мобу жерде Бабановдуку туура, тигил жерде Ташиевдики туура" деп тең салмактуу, туура чечимдерди чыгарганды үйрөнүшүбүз керек. Мен оппозициянын ишинен мамлекетке каршы коркунучтуу эч нерсени көргөн жокмун. Ошол эле учурда өкмөттүн ишине жаңы гана 100 күн болду. Муну дагы эсепке алыш керек.
Маегиңизге чоң рахмат!

Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru






Алиби

17-апрель, 2012-жыл






??.??