Кайдасың…

Тирүүсү же өлүүсү белгисиз Каныбек



"Алиби" гезитинин редакциясына келип түшкөн Токмок шаарынын Октябрь көчөсүнүн жашоочусу Асанакунова Лиранын арызында, 2010-жылдын 7-апрелинде 1992-жылы туулган Нарынбек уулу Каныбектин дайынсыз жоголуп кеткени, ошондон бери өлүү же тирүүсү белгисиз экендиги айтылат. Жоголгон жигит Асанакунова Лиранын бир тууган агасынын баласы экен. Каныбектин ата-энеси ал кичине кезинде эле ажырашып кетишиптир. Андан көп өтпөй атасы да каза болуп калып, бала эжесинин колунда өсөт.


Ошол каргашалуу 7-апрель күнү Бишкекте митинг болуп, бийликке нааразычылыгын билдирген эл аянтты көздөй агылып аткан. Аны уккан Токмок да дүрбүдү. "Патриоттор барсыңарбы, Бишкекке!" деген ураан менен бир Камаз толо жаш балдар Бишкекке, Ак үйдү көздөй жөнөшөт. Ошол балдардын арасында Нарынбек уулу Каныбек дагы бар эле. Анын Камазга түшүп Бишкекке келгенин баары көргөн, андан кийинкисин эч ким так айтып бере албайт.


7-апрель күнү Бишкекте бийлик тарабынан элге ок атылып, ага карабай жаалданган эл Ак үйдү алышат. Каныбек ал күнү үйүнө келбейт. Байланышууга да мүмкүнчүлүк болгон эмес. Эртеси 8-апрелде да келбеген соң, Лира издей баштайт. Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылса, арызын кабыл албайт. Издөө салып, жардам берип коюусун суранганда: "азырынча издөө салалбайбыз. Оорукана, моргдорду кыдырып көргүлө. Тополоң болуп жатканын көрүп атпайсызбы?" - деген жообун берип,тоготпогондой мамиле жасап коюшкан. Эжеси Каныбекти издеп, барбаган жери калбайт. Инисин же тирүүлөрдүн арасынан, же өлгөндөрдүн катарынан табалбай отуруп калат. Анан эле былтыр 87 баатырдын арасында "Ата-Бейитке" коюлган М.Максымбеков деген адамдын тирүү экендиги билингенде, Каныбекти эч жерден издеп табалбаган Л. Асанакунова: "мүмкүн белгисиз адамдын сөөгү биздин балабыз болуп жүрбөсүн" - деген ойдо 2011-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаеванын наамына арыз жазат. Арызында "2010 -жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлардын арасында өлдү деп "Ата-Бейитке" жаңылыш коюлуп калган М.Максымбеков деген адамдын атынан көмүлгөн сөөк менин агамдын баласы Каныбек болушу мүмкүн" - деп текшертип берүүсүн өтүнөт.
Л. Асанакунованын Президентке жолдогон катынан соң, аны Башкы прокуратуранын кеңсесине чакырышат. "Прокуратурага барганда, "Ата-Бейиттеги" М.Максымбеков болуп көмүлгөн сөөктү ачып бергиле. Кайрадан карап чыгалы. Инимди тишинен болсо да тааныйм" дегем. Бирок, менин суроомду канааттандырышкан жок. Алар мага "М.Максымбековдун ордуна ушул адамдар коюлган болушу керек" деп, чачтарын ак басып улгайып калган, үч-төрт кишинин сүрөттөрүн көргөзүп коюшту. "Менин иним жаш болчу" десем, ар нерсени айтып, мени жолго салышкан"- деп билдирет Лира айым.
Ошентип, андан көп өтпөй Л. Асанакуновага Башкы прокуратуранын ошол кездеги Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Ж.Салиевдин атынан кат келет. Катта: "Сиздин катышууңуз менен М.Максымбеков делип "Ата-Бейитке" коюлган өлүктүн сүрөтү жана соттук-медициналык экспертизасынын 2010-жылдын 29-апрелинин №501 сандуу корутундусу менен таанышуу учурунда сиз агаңыздын баласы Каныбек Нарынбек уулунун сүрөттөрдөгү адамдардын арасында жок, алар Каныбекке окшош эмес жана иниңиз көрсөтүлгөн сүрөттөгү адамдардан жаш экендигин, сүрөттөгү адамдар башка адамдар деп көрсөткөнсүз. Жогорудагылардын негизинде сиздин арызыңызда көрсөтүлгөн дооматтарды толугу менен териштирүүсүн Чүй облустук ички иштер башкармалыгына 2010-жылдын 20-апрелиндеги №163/10 сандуу Каныбек Нарынбек уулунун издөөсү боюнча ачылган издөө ишинин алкагында каралуу үчүн жөнөтүлгөндүгү тууралуу билдиребиз"-деп жазылыптыр.
Л.Асанакунова Чүй облустук ички иштер башкармалыгына кайрылып, маалымат сураса: "карап атабыз" - деген жоопту берип, тим болушкан. Ошондон бери алар дале унчукпай келишет. Л. Асанакунованын айтымында, эч кандай соттук-медициналык эспертиза өткөрүлгөн эмес. Болгону Баш прокуратурадан улгайган кишилердин сүрөттөрүн көргөзүп коюшкандыгын айтат. Андан тышкары, Нарынбек уулу Каныбектин жоголгондугун билдирүү менен табылышына жардам сураган Кайрылуу каттары Жогорку Кеңешке, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысына жөнөтүлгөн. Бирок, эч кандай майнап чыкпаган. Тирүүлүктө баарынан адамдын дайынсыз жоголгону жаман. Туугандары куран окуп, "тагдырдын буйругу экен" деп жазмышка баш ийели десе, тирүүбү(?) деген сокур үмүт менен өлдү дегенге ооз барбайт. "Тирүү"-деп издесе, анда да кабар жок. Мусулманчылыкта жаназасын окуп, сөөктү жашыруу зыйнаты бар. Бул тирүүлөрдүн оо дүйнө баштанган тууганына жасаган милдети болуп эсептелет. Учурда "өлсө сөөгү кайда калды?" - деген сар-санаа Каныбектин чоң атасын жана эжесинин көкүрөгүн эзип келет. "Камазга жүктөп барып эле бир жерден өлтүрүп салыштыбы?" дейин десе, бир Камаз баладан жалгыз Каныбек эле жоголуп атпайбы? Тирүү болсо эки жылдан бери эмдигиче келет эле да же кабарын билдирмек. Кызыгы, ал тууралуу бирөө-жарымдан да багыт берүүчү маалыматтын жок болуп атканы. Камазга түшкөн боюнча, кайран жигиттен жылан сыйпагандай дайын жок. Мындайда, 7-апрелде курман болгондордун арасында эле жашырылып калды го деген эле ой келет экен.

Лира Асанакунова бизге жазган катында: "издеп жүрүп, кыйналып да кеттим. Жардам берип коёр адамдар бар болду бекен?" деп акыркы үмүтүн билдирет. "Революцияны азаматтар ишке ашырып, акмактар үзүрүн көрөт" дегендей, "Патриоттор барсыңарбы? Бишкекке!" - деген чакырыктан баш тартпай, Каныбек мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаптыр. Бүгүн эми элдин жакшы жашоосун самап кеткен боюнча, дайынсыз жоголгон патриот жигитке өз мамлекети, революциядан кийин бийликке келген чиновниктер кайдыгер карап коюштубу? - деген суроо туулбай койбойт.




Арапбаев "сүттөн ак, суудан тазабы"?


"Алиби" гезитинин редакциясы мындан бир топ убакыт мурда Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты А.Арапбаев менен укук коргоо органдарынын ортосундагы чатакты изилдөөнү максат кылып, республиканын Башкы прокуратурасына түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жакында редакцияга Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан төмөндөгүдөй мазмунда жооп келиптир.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1 бөлүгүндө каралган, Кыргыз Республикасынын ИИМнин кызматкерлери тарабынан кызматтык укуктардан аша-чабуу фактысы боюнча, 2011-жылдын 26-сентябрында №150-11-91 кылмыш ишинин козголушунун себеби төмөндөгүдөй:
Кыргыз Республикасынын ИИМнин кызматкерлерине Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2011-жылдын 23-августундагы токтомуна ылайык "Даннур-Юг" ЖЧКнын Кара-Суу районунун Беш-Мойнок айылында жайгашкан кеңсесинде гана тинтүү иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. Бирок, 2011-жылдын 24 жана 25-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМнин Башкы тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсү Ж.Каримбаевдин, уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Башкы башкармалыгынын коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Таштан уулу жана ыкчам кызматкерлери Н.Алахунов, Э.Нуралиев, "Түштүк" ыкчам бажысынын тергөөчүсү А.Абдиевдин, Ош шаарынын ИИБнын уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери А.Аккаров жана тергөөчүсү У.Жусубалиев жогоруда айтылган соттун токтомундагы дарек боюнча тергөө иштерин жүргүзбөй, өз ыйгарым укуктарынан аша-чабуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-беренесинин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 184 жана 186-беренелерин бузуу менен Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан "Даннур-Юг" ЖЧКнун кеңсесинде мыйзамсыз тинтүү иштерин жүргүзүп, бухгалтердик документтерин алышкан.
Белгилей кетчү нерсе, бул мыйзамсыз тинтүү иштеринин жүрүшүндө жеке менчикке же башка укукка тийиштүү жеке турак жайдын жана башка объектилердин кол тийбестиги боюнча менчик ээсинин конституциялык укуктары бузулган.
Прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча 2012-жылдын 6-7-апрелинде Ж.Каримбаевге, А.Абдиевге, У.Жусубалиевге, Н. Таштан уулуна, А.Аккаровго, Н.Алахуновго жана Э.Нуралиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, кылмыш иши боюнча айыптар коюлуп, 2012-жылдын 9-апрелинде, аталган кылмыш иши Ош шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Ж.Каримбаевге карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Арапбаев тарабынан күч колдонуу фактысы боюнча 2011-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча прокуратура органдары тарабынан №150-11-92 кылмыш иши козголгон. Бирок, 2012-жылдын 10-мартында кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пунк-туна ылайык (жабырлануучу жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу), башкача айтканда Ж.Каримбаевдин тосмо арызынын негизинде токтотулган. Тосмо арызында Ж.Каримбаев 2011-жылдын 24-августунда "Даннур-Юг" ЖЧКнун аймагындагы окуя боюнча эч кандай жана эч кимге, анын ичинде А.Арапбаев да дооматы жок экендигин көрсөткөн.
2012-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан А.Арапбаевге карата Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 66-10- беренесине ылайык (ден соолукка атайылап жеңил зыян келтирүү) администрациялык укук бузуу боюнча тергөө иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.
Ошентип, эки жактын тең кыймыл аракетине прокуратура органдары тарабынан приципиалдуу баа берилди деп эсептейбиз.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасынын
басма сөз кызматы

Редакциядан : Башкы прокуратуранын бул катында айтылбай калган сыр бардай, көп нерсе көмүскөдө калгандай сезилүүдө. Эмне үчүн жоопкерчиликке жалаң гана ИИМ кызматкерлери тартылган? Жогорку Кеңештин депутаты А.Арапбаев "сүттөн ак, суудан тазабы?"" Санкция берген прокуратура кызматкерлери мыйзамсыз санкция берген болсо, ага эмне чара көрүлгөн эмес?
Биз өз изилдөөбүздү баштайбыз жана ИИМ кызматкерлерин кызматташууга чакырабыз.





Алиби

17-апрель, 2012-жыл






??.??