Экинчи мыйзам:

"Досторуңа чексиз ишенбе, душманыңды пайдалана бил"


Мыйзамдын чечмелениши
Достордон этият болгула- алар көрө албастыкка тез алдыргандыктан, оңой эле сатып коюулары мүмкүн. Анын үстүнө бат эле мойнуңа минип, тиранга айланып кетишет. Бирок, кызматка мурунку душманыңды чакырсаң ал досуңа караганда пейили түз болушу ыктымал, себеби ошонусун көрсөткүсү келет. Чындыгында, душмандарыңа караганда досторуңдан коркконуң эп. Эгерде душманың жок болсо, аны тапканга аракет кыл.

(Башы өткөн сандарда)

Мыйзамдын
сакталышы
Кытай тарыхында Хань (222-жыл) династиясы кулагандан кийин бир нече кылымдар бою кандуу төңкөрүштөрдүн аягы басылбады. Армиянын өкүлдөрү кутум уюштуруп, жүүнү бош императорлорду укум-тукуму менен өлтүрүп, анын ордуна Ажыдаардын тагына чыгаан аскер башчыларын дайындашчу. Алар өздөрүнүн династиясын негиздеп, келечекте коркунучтан оолак болуу үчүн эң жакын деген аскер башчыларын мууздатып салыша турган. Бирок, мезгилдин өтүшү менен бул окуя кайра кайталанып, кан суудай акчу. Кытайдын императору болуу "кайсы күнү чагып алары белгисиз жалаң жыландардын арасында жашоо" дегендик эле.
956-жылы генерал Чжао Куан-инь Сун империясынын императору болуп калат. Бир жылдын ар жак, бер жагында ажал табарын туйган ал, адатка айланган төңкөрүштөрдү канткенде болтурбай коюунун жолун издей баштады. Император болору менен Чжао жаңы династиянын негизделишинин урматына чоң той өткөрүп, атагы таш жарган аскер башчыларын түгөлү менен чакырды. Качан гана баары шарапка канып, шапар тээп калган маалда Чжао аскер башчыларын алып калып, калган меймандарды сакчыларын кошо кубалап жиберди. Аскер башчылары " эми өлдүк го"- деп жандан түңүлүп турду. Ошондо Чжаонун айтып турганы: "Мен ар бир күндү коркунуч менен өткөрчү болдум. Мени эч нерсе кызыктырбайт. Түнкүсүн уйку жок. Себеби, араңарда императордун сары чапанын жамынгысы келгендер жокпу? Мен силердин мага берилгениңерден шек албайм. Бирок, байлыктан, бийликтен көзү каткан кол алдыңдагылар колтугуңарга суу бүркүп, күч менен алып келип бул чапанды жамын десе, баш тарта аласыңарбы?" Шарапка мас болгон аскер башчылары өздөрүнүн өмүрүнөн коркушуп, бир ооздон "бизде күнөө жок, биз сага берилгенбиз" деп чуулдашат. Бирок, император Сун сөзүн башкача улантты: -" Жашоодо тынч жашап, байлыктын үзүрүн көрүп, сый-урматта жашаганга не жетсин. Эгерде силер ээлеген ордуңарды бошотконго макул болсоңор, мен ар бириңерге көз тайыткан сарайларды, берекеси төгүлгөн жерлерди берет элем. Анан кыз кучактап, шарап ичип, жыргап-куунап жашай бербей жаныңар жокпу?".
Таң калган аскер башчылары кыл чайнашкан күрөш, кыярбаган сар-санаанын ордуна император аларга байлык жана тынчтык берип жатканына ынанышат. Кийинки күнү алардын баары кызматын тапшырып, сый-урмат менен император берген ээликтерине чыгып кетишти.
Ошентип, Чжао бир шилтем менен өзүн эртең эле сатып кете турган азуулуу бөрүлөрдүн үйүрүн бийлик менен иши жок момураган козуларга айлантып таштады.
Кийнки жылдардын аралыгында император Сун башкаруусун чыңдоонун аракетинде болду. 971-жылы түштүк Ханейдин князы Лю көп жылдык көтөрүлүшүнөн кийин багынып берди. Аны император хан сарайга чакырып, кызмат сунуш кылганда таң калбай коё албады. Хан сарайда жаңы достук мамилени чыңдоо үчүн шарап ичүү сунуш кылынганда, императордун колунан куюлган шарапты алып жатып Лю, "уу берип жатат го" - деп аргасыз онтоп: "Сиздин кулуңуз албетте, кылмышы үчүн өлүмгө арзыйт. Ошентсе да жан соога сурайм. Көрдүңүзбү, бул шарапты иче албай жатпаймынбы". Император Сун каткыра күлүп, шарапты анын колунан өзү алып ичип жиберет. Ошондон бери Лю анын эң ишенген жана берилген досу болуп калды.
Кытай ошол учурда майда княздыктарга бөлүнүп турган мезгили болчу. Ошондой княздардын бири Шен Цзу акыры жеңилгенде Императордун кеңешчилери "аны зынданга салуу керек" деген акылын айтышты. Алар княздын императорго кол салганы жатканын тастыктаган документтерди көрсөтүшөт. Бирок, Шен Цзу хан сарайга келгенинде император аны абдан сый-урмат менен тосуп, кетээринде бир кагазды "жолдон оку"- деп, колуна тапшырат. Кайткан жолунда баягы кагазды ачып көрсө, өзүнүн кутумдук жасайм дегенин ашкерелеген кагаз экен. Ошентип ал, император Сун анын ой-максатын билип койгондугун, ошого карабастан өзүн жазалабай, кең пейилдик кылганын түшүнөт. Буга ичи жибиген Шен Цзу да императордун өтө берилген вассалдарынын бирине айланат.

Түшүндүрмө
Кытай макалдары досторду азуу тиши аркайган коркунучтуу жырткычка салыштырып, "кокус сактанбасаң баса калып тытып жиберишет"- деп айтышат. Император Сун өзү мамлекетти башкарууну колуна алгандан кийин, мындай азуулар ар тараптан аңдып: анын армия боюнча "достору" бир кесим эттей эле сугунганы турганын, эгерде андан аман калса өкмөттөгү "достору" акыры кечки тамакка керектеп жиберерин жакшы билген. Император алар менен күч сынашып, таш ыргытуунун ордуна аш ыргытып, генералдарга дүнүйө-мүлк тартуулап, өзүнөн оолактата алды. Бул түгөнбөгөн кан төгүшүүлөргө караганда алда канча жакшы, акылдуу кадам эле. Ошондой эле ал өкмөттөгү "досторунан" да оңой кутулат. Көпчүлүгү анын колунан уу шарап ичип, жиги билинбей, жан таслим болушту.
Ал досторуна таянгандын ордуна ашынган душмандарын өзүнө дос кылып, жакындатты. Жакын достору императордон бийлик, байлык үмтөтүп турган кырдаалда душмандан доско айлангандар андан эч нерсе сураган жок. Ал өзү берип жатты. Башы баталгадан куткарылган ким гана болбосун аны куткарган адам үчүн баарын жасайт. Убакыттын өтүшү менен императордун мурдагы душмандары анын жакын санаалаштарынан болуп калды. Натыйжада, ал кайта-кайта болуп турчу төңкөрүштөрдү, атуулдук согуштарды кан буугандай тыйганга жетишип - Сун династиясы Кытайды үч жүз жылдан ашык башкарып турду.
Атуулдук согуш кайнап турган мезгилинде Авраам Линкольн түштүк каршылаштарын " адашкан бир туугандар"- деп атаган эле. Буга нааразы болгон улгайган аял, анын ушул сөзүн айыптап чыкканда ал минтип жооп берген: "Ойлонуп көрчү мадам, мен душмандарымды доско айландыруу менен, аларды жок кылып жатпаймынбы!"

Бийликтин ачкычы
Сага зарыл болгондо - достордун жардамынан пайдаланууга аракет кылуу табигый нерсе. Жашоо - катаал, ал эми досторуң көп учурда аны жумшартып турат. Анын үстүнө аларды жакшы билесиң. Досторуң турганда чоочун бирөөгө таянып эмне кыласың?
Азаптын башы, ошол досторуңду "жакшы билем"- деп ойлоп алганыңда жатат. Достор көбүнчө сени менен талашып-тартышкысы келбегендиктен, дайыма эле макул болгонго даяр. Алар бири-бирин катуу тамашалашып, каткырып- күлүп турса дагы, чыныгы жүзүн көрсөтүшпөйт. Ак пейилдик - достуктун чыңдалышына сейрек өбөлгө түзгөндүктөн, досуңдун эмне ойлоп жатканын дайыма эле биле албайсың. Достор, сенин ырыңды мактап, жазган музыкаңды жактап, кийген кийимиң да мыкты деп турушу мүмкүн, бирок, көпчүлүгү чын айта беришпейт.
Эгерде сен досуңду кызматка алсаң, акырындап анын ким экендигин биле баштайсың. Ага чейин байкалбаган жүзүн көрөсүң. Эң таңгалыштуусу сенин жакшылыгың, баарын бузуп жиберет. Анткени адамдарга "ийгиликке өзүм жеттим" деген ой абдан жагат. Ал эми жыйынтыгы көңүл калуу, өкүнүч менен бүтүшү ыктымал. Себеби, аны жөндөмдүүлүгүнөн мурда, дос болгону үчүн тандап алгансың. Ошентип, күндөн-күнгө жарака тереңдеп, кыжың-кужуң болуп жүрүп, таарыныч, көрө албастык арбып, артыңа кылчайып караганча достуктун да бүтүп калганын билбей каласың. Канчалык белек-бечкегиңди арнап, алдынан өтүп, достукту калыбына келтирейин десең, ошончолук жан кейиткен жооп аласың.
Жакшылыкты билбегендиктин тарыхы узун жана терең. Ал өзүнүн күчүн канча кылым бою көргөзүп келатса да, адамдар аны баалабай келишет. Тескерисинче, анын бар экенин биле жүргөн оң. Эгерде досторуңдан жакшылык күтпөсөң, анын бир күнү чын пейилден жасалышы сен үчүн күтүүсүз, жагымдуу белек болору шексиз.
Досторду жумушка чакыруу, сенин бийлигиңдин эртедир-кечтир чектелип калышы менен татаалдашып кетиши мүмкүн. Дос деген сага баарынан жакшы жардам бере алган; анын ар тараптуу билими, ишмердиги досчулук сезимдерден жогору турган адам. ( Михаил III нүн дал мурдунун алдында, аны эч качан жолдо калтырбай турган мындай адам бар эле. Ал Бардас болчу).
Жумуштун өзү адамдар ортосунда белгилүү бир аралыктын болушун талап кылат. Сен достошкондон мурда иштегенге аракет кыласың; достук сезимдер (чын пейилден же жасалма) буга көлөкө түшүрүп турат.
Бийликтин ачкычы - баарынан мурда талдай алгандык, ким чынында эле сенин ишиңди ар кандай кырдаалда илгерилетип жибергенге жөндөмдүү экенин билүү болуп саналат. Достошо бергиле, бирок, билимдүү, адис, иш билген адамдар менен иштешкиле.
Сенин душмандарың - булар али чети оюла элек алтын казына. Аларды иштете гана билүү керек. Айталы, Наполеондун Тышкы иштер министри Талейран 1807-жылы, "мамлекет башчысы Францияны талкалай турган жолго салды"- деген чечимге келет. Ал эми убакыт болсо Напеолонго каршы иштей баштаган эле. Ал императорго каршы кутумдук жасоонун өтө коркунучтуулугун сезип, өзүнө ишенимдүү өнөктөш издеп, досторунун арасынан караштыра баштайт.
Акыры ал жашырын полициянын башчысы, кезегинде өзүн да өлтүрүүнү уюштурууга аракет кылган, жек көрүндү душманы Жозеф Фушени тандайт. Талейран, өткөндөгү душмандашуу эмоционалдуу жарашууга алып келээрин жакшы түшүнгөн. Ал мындайды күтпөгөн Фуше, аны тандап алып Талейран жаңылган эместигин көрсөтүү үчүн баш оту менен иштеп берээрин билген. Эң негизгиси - Фуше экөөнүн мамилеси өз ара кызыкчылыкка багытталып, эч кандай жакындык сезимдер болбостугун сезген. Кутумчулар Наполеонду тактан алып ыргытып жибере алышпаса дагы, мындай карама-каршы адамдардын кубаттуу байланышы өтө маанилүү жыйынтыкка, императорго каршы турган оппозициянын кеңейишине алып келген. Талейран менен Фуше биргелешип, жемиштүү аракеттерди жасай алышкан эле.
Кандай гана кырдаал болбосун душманың менен мамиле түзүп, аны кызматташууга чакырган жолдорду таба билүү абдан маанилүү.

(Уландысы бар)



Алиби

17-апрель, 2012-жыл






??.??