УКМК баарын билбейт

УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов бүгүнкү күндө Кыргызстанга "ким келип, ким коюп жатканын билүү мүмкүн эмес"- деп алаканын жайып отуруп бербеспи. "Я кокуй, УКМК билбесе, ким билет?"-десек жүйөлүү себептерин айтып жатат. Көрсө, Кыргызстанга келип кеткендерди каттоо системасы бизде дегеле болбоптур. Анын айтымында, ушул багытта атайын мыйзам жок болгондуктан, келип жаткан адамдардын агымын эсеп-чотко алуучу, ага жоопкер болуучу адамды да дайындоого мүмкүн болбой жатыптыр. Шамил Атаханов: " ...Мыйзам да жок, жоопкерчилик да жок. Биздин чек арабыз жамалбаган тешик. Ал эми электрондук фиксация системасы бир жылдан кийин ишке кирет. Келип жаткан миңдеген адамдар эсепке алынбайт. Алар кайсы тешикке кирип кеткенин да билбейсиң",-дейт. УКМКнын лөгүнүн дагы далай сөздөрүн келтирет элек, элдин эси чыкпасын дедик. Абалыбыз ушундай экен.


Акыры жолукмак болушту

18-апрель күнү премьер-министр Ө.Бабанов оппозициянын лидерлери менен жолугушмай болду. Буга чейин ал оппозий тончондорду теледебатка чакырганы белгилүү. Бирок, тигилер экрандан эл көзүнчө "тытышып жүрөбүзбү" - дешсе керек, премьер- министр менен маңдай-тескей "чечишкенди" туура көрүшүптүр. Эмнеси болсо да оппозиция менен бийликтин мындай диалогу учурда абадай зарыл болуп турат. Бардык нерсени элди дүрбөтпөй эле, ушундай жол менен чечүүгө неге болбосун?. Тирешпей, эбак тегерек үстөлдү тегеректеп отура калышканда, далай маселенин башы ачылып калар беле?


Быйыл Казакстан албайт

Айыл чарба жана мелиорация министринин орунбасары Акылбек Жумалиевдин кулак кагышына сереп салсак быйылкы жылы Казакстан өздөрү жетишерлик айдап алгандыктан, бизден айыл чарба продукцияларын албай коюшу мүмкүн экен. Ушуга байланыштуу министрлик тоолуу райондор тоют өсүмдүктөрүнө, ал эми Чүйдө кызылча, жашылча өсүмдүктөрүнө, Жалал-Абад, Ош өрөөндөрүндө тамеки,пахтага басым жасоо керек деген сунуш киргизүүдө. Бул бир жагынан өкүнүчтүү болгону менен алдын ала мониторинг жасап, калкка кабарлап коюшканы жакшы эле. Ошондуктан, дыйкандарыбыз бул маалыматты эске алып коюшса.



Өзү жасабайт, жасаганды көрө албайт

"Алиби" сандан-санга жарыялап жаткан Роберт Гриндин "Бийликтин 48 мыйзамы" аталган китебинде "дегеле эч качан жакшылык кылган жарашпайт",-деген саптар бар. Ошол сөз ырас окшойт экс-президенттин уулу Атай Отунбаев өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып, жанына эки-үч жолдошун алып, борбордогу Токтогул-Московская көчөлөрүнүн толгон уңкул-чуңкурларын жамап чыкты эле, Бишкек мэриясы мурдун чүйрүп, жактырбай турат. Айткандарына карасак технология сакталбай калыптыр. Бишкек мэриясынын ошол технологияны сактап, жыл сайын жолдорду жамап-жаскаганын көрүп эле жүрөбүз. Технологиясы сакталса, ал жолдор жок дегенде бир жыл соо турбайт беле. Тескерисинче, жайында жасаса, күзгө жетпей "технологиясы" күбүлүп түшүп калып жатпайбы. Аны кайра жасамыш болуп, канча каражатты жумшап жатышкандыктарын шаардыктар көрүп-билип эле турушат. Андыктан мэрия Атайга рахмат айтпаса дагы, кур дегенде сынтакпай эле койсо болмок.


Митинг жасабагыла деп, жанын кыйып...

Алайдын тургуну Каныбек Сейитбеков: "Мен силерден башымды ийип суранамын, митинг кылбагыла. Кыргызстан жашаш керек да. Бабанов, Атамбаев, Мадумаровду сыйлагыла" деген керээз катын калтырып, өзүн өзү өрттөп каза тапты. Ош облустук ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн дарыгерлери канчалык аракет жасабасын, 100 пайыз денеси күйүп кеткен аны ажалдан арачалап кала алышкан жок. Бул карапайым адамдын мындай кадамы баарыбызды ойлонто турган болуп калды окшойт. Же, баш-аягы жок митингдер улана береби? Минтип, митинг өткөрө берип, анын таасиринен адам жанын кыя турган деңгээлге жетип калдыкпы? Көзүбүздү ушул жолу ачаар бекенбиз? "Алиби" гезитинин жамааты журттун келечегин ойлоп, жанын кыйган Каныбек Сейитбековдун жакындарына көңүл айтат. Кийинки сандарыбызда бул маселенин тегерегинде кеңири маалымат жарыялайбыз.


Каякка келдик?

Энени жана балдарды коргоо боюнча Улуттук борбордун дарыгерлери Кочкор району боюнча 262 баланы текшерип көрүп, алардын 80 пайызына өнөкөт бронхит, гайморит диагнозун коюшкан. Эки баланы чукул дарылоо үчүн ооруканага жөнөтүшкөн. Бул бир эле райондогу көрүнүш. Эгерде республика боюнча ала турган болсок, кейиштүү фактылар чыга турганы анык. Ушунун өзү айыл жерлериндеги балдардын медициналык кароодон тыш калгандыгын көрсөтүп тургансыйт. Деги, каякка барып такалганыбызды билебизби? Балдарды айтпайлы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 2015-жылы Кыргызстан психикалык оорулар боюнча ааламда биринчи орунга чыгып калышы мүмкүн экен. Тактап айтканда, ар бир төртүнчү адам депрессияга алдырып коюптурбуз. Анын натыйжасы психикалык оору менен аякташы ыктымал экен. Кудай сактагай эле?!


Миллиард дейби?

Орусиянын Борбордук банкы Кыргызстандын эмгек мигранттары 2011-жылы 1,5 млрд.доллар которгонун билдирди. Мындан тышкары поезд, тааныш, кошуна өңдүү жолдор менен келип жаткан каражаттарды эске алсак, бул сумма дагы көбөйөрү бышык. Ошол эле учурда өзбек мигранттары - 4,3 млрд (бу өзбектер бизден үйрөнүп алып, Орусияны каптап кеткен го), тажиктер - 3 млрд.доллар которуптур.


"Алиби" пресс





Асылбек
Жээнбековго

Кызаңдашты билбеген,
Кыздай майин сүйлөгөн,
Сыр бербей, ичтен таарынып,
Сындап койсоң сүйбөгөн.
Ээликме депутаттарды,
"Эми олтур"- деп жалдырап,
Энесиндей үндөгөн.
Жыланды деле жибитер,
Жылуу-жумшак сөз менен,
ЖКны жеке бийлеген.
Асылбекти айталы...
Ачыгына келгенде,
Көптүн көөнүн айнытар,
Көрүнө элек шайтаны.

Билип көрсөм өткөнүн,
Бир күндө үч жол мушташып,
Бир топ экен жашында.
Битин сыгып жакшы эле,
Бизнесмен экен башында.

Азыркы заман ушундай,
Акчалуу болсоң болгону.
Ачыла берет өзү эле,
Бийликтин түркүн жолдору.

Бир агасы Жусупбек,
Бир агасы Сооронбай.
Тирелип турса артында,
Тийишет буга жоо кандай?

Байкап турсаң Асылбек,
Баарына сонун көрүнүп,
Бал тили менен жайгарат.
Түз эле айтчу сөздөрдү,
Түшүндүрөт майдалап...
"Сен жакшы да, мен жакшы",
Ушуну менен жан багат.

Жаңы келген келиндей,
Жайкап сүйлөп эринбей,
Жай отурса эргулуң
Жайылып кетип табылбайт,
Депутаттары көрүнбөй.

Атамбаевге жалынбай,
Бабановго жагынбай,
Бар болсо чыгар үнүңдү.
"Бала кантип кетет" - деп
Байкаган жандар түңүлдү.

Капырай, турсаң момпоюп,
Катуу айтышка кыйбадым.
Тимеле тартып өзүңдү,
Тиши жок чыкты ырларым.





Алиби

17-апрель, 2012-жыл






??.??