"Платон менин досум, бирок чындык андан жогору"

Өрттөлгөн гезит, өпкөгө муш жеген кыймыл


Өткөн жуманын 12-апрелинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциянын бешиги болгон Талас жергесинде "Кыргызстан жаңы күчтөрү" уюмунун курултайы үзгүлтүккө учурап, жыйынды уюштуруу боюнча демилгелүү топтун өкүлдөрү Эшим Кожоналиев жана Таалай Изатовдор милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, алардын иштери шаардык сотто каралды.
Ал күнкү окуянын күбөлөрүнүн айтымында курултайга болжол менен 2 миңге чамалуу киши чогулган. Бирок курултай эми башталып, ырчы Сагынбек Момбеков ырдап бүтө электе эле белгисиз бирөөлөр курултайчылардын кетишин талап кылып, уюмдун символикасы тартылган баш кийимдерди жана желектерди өрттөп жиберишкен. Курултайга келгендерге таркатылган гезиттер да өрттөлүп, жарымы Талас суусуна ыргытылган. Жыйынды уюштуруучулар Талас шаарындагы стадиондо чогулган көпчүлүктүн төө бастысында кала жаздап, айрымдары Талас токоюна кире качып, башын аман алып калыптыр.
Окуя бир эсе курч окуялуу детективди элестетсе, бир эсе түптүк агаиндердин оппозицияны жумуртка менен уруп тосуп алган жоругун эске салат. Журналист Роза Жумалиева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Таластагы курултай тууралуу: "Бүгүнкү бийликтин кечээги Бакиевдердин бийлигинен айрымасы жок экенин Таластагы көрүнүш көрсөттү. Тынчтык жолу менен өтө турган митингге мындай күч колдонбой эле коюшса болмок. Түптөгү жумуртка менен болгон атакага ошол эле Шерниязов, Текебаев жана СДПКачылар өзүлөрү дуушар болушкан эле, бийликке отураары менен бардыгы эстеринен чыгыптыр. Бул бийлик экс-качкын ажолордон кем эместигин дагы бир ирет тастыктады. Таластагы обончуларды губернатор багат имиш, "айына 2 миң сомдон алган 20 обончу аял бар" деп айтышты бүгүнкү күнгө кайдыгер карабаган таластыктар. Бабановдун иниси баш болуп, губернатордун иниси төш болуп, "Атамекенчилер" правокаторлордун ролдорун ойношуп, тынч жыйылган элди таратып жиберди" деп жазды.
Азыр Интернеттин заманы эмеспи, Таластагы окуя боюнча пикирлер карама-каршы. Россия Федерациясынан интернет аркылуу үн кошкон Кошой (13.04.2012 13:15) "Азыркы бийликти Таласта эли колдойбу же колдобойбу? Эгер колдосо, бийлик эч нерседен коркпостон оппозициянын тынчтык митингисине жолтоо жасабаш керек эле. Бийлик өзү ишенген жерде, Таласта, оппозициядан корксо - тынчтык митингди өткөрүүгө тоскоолдук жасап, алдын ала катыша турган элди коркутуп-үркүтсө, анда бийликтин иши чатак! Демек, бул бийликтин артында сай таштан башка эч ким жок, бул бийлик Ала-Белдин ала бийлиги!.." десе, Бишкектен Урматбек (13.04.2012 02:00) "Бул бийликтин жасаган эле шоусу. Оппозицияны алдын ала бир коркутуп коёлу деп ушундай сценарийди ойлоп табышты. Бирок, оппозиция мындан коркпойт болуш керек. ОППОЗИЦИЯНЫ ЭЛ деле колдоп жатат. Себеби ЛИДЕРЛЕРДИН бардыгы кыргыз деген КЫРГЫЗДЫН НУКУРА ПАТРИОТ ЖИГИТТЕРИ болуп жатпайбы... Эгер бийлик дагы ушинте турган болсо, анда граждандык согуштун алдында турабыз, туугандар. Буга албетте, бийлик күнөөлүү болуп калат" ... дейт.
"Бул атайын бийлик тарабынан уюштурулган шоу-спектакль. Тынчтык митингине тыюу салууга болбойт. Ойлонгула таластык туугандар, силер айкөл, кара кылды как жарган Манастын тукумунан тарагансыңар!" (Бишкектен Адилет (12.04.2012 20:45), "Баягы эле Акаев, Бакиев учурундагы көрүнүштөр кайталана баштады. Митинг өткөргөнгө тоскоолдуктар, жулуп алмайлар, өрттөмөйлөр. Баягы Ысык-Көлдөгү жумуртка операциясы эске түшүп кетти" (Болоткасым, Бишкектен 12.04.2012 18:38) - деген пикирлер басымдуу болгон менен "Талас, Нарын, Көл жана Чүйдүн аксакалдары митингди колдобойт, жаштары митингге келгендердин сазайын берет" (Асан, Бишкек 12.04.2012 17:41) - деген өңдүү пикирлер да жок эмес.
Кыскасы болору болду. "Кыргызстан жаңы күчтөрү" уюмунун теңтөрагасы Кубат Токсобаев: "Түнү бою атайын кызматтар, кээ бир партиялардын өкүлдөрү элди кыдырып, "эртең бул жакта Ташиев, Мадумаров жыйын өткөргөнү жатыптыр" деп үгүттөшүптүр. Оппозиция менен эч кандай байланышыбыз жок" - деп актанса, "Кыргызстандын жаңы күчтөрү" өздөрүнүн курултайы үзгүлтүккө учураганы үчүн "Республика" менен "Ата Мекен" партияларын айыптап, "ушул эки партиянын жергиликтүү өкүлдөрү тарабынан жалданган провокаторлор - белгисиз адамдар мыйзамсыз ишке барышты" деп жатышат.
Эмнеси болсо да бул окуя "жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап" дегендей, бийликтин да, таластык агаиндердин да бетине чиркөө, осол иш болуп калды. Курултайды уюштуруучулардын колун кайрып, суракка алган укук коргоо органдары, бийлик аларды эле эмес курултайдын ишин үзгүлтүккө учураткан ээнбаштардын да өздүгүн аныктап, эмне үчүн жоболоңдуу жорукка барганын тактаса болмок. Кыргызстан мыйзамдуу мамлекет курам десе, баары мыйзам чегинде болуш керек. Эмне үчүн курултайчылар кодуланып, куугун-сүргүнгө алынат да, аларды кууп таркаткандарга эч ким эч нерсе дебейт? Эгер биерде бийликтин катышы болуп, бир Таласты экиге бөлө жара тартып жатса, анда бул бийликтин өзүнүн башына келип тие турган таяк. "Зордун арты кор" - деген сөз бар кыргызда. Акаев менен Бакиевдин шору кутумчулук менен саясый интригаларды бирөөлөрдүн колу менен катыра жасай билип, өздөрү сырттан билмексен болуп карап турганында болгон. Ошол экөөнүн арамза иштеринен улам Аксыда элге ок атылып, Түптө оппозиция жумуртка менен тосулуп алынган.
Таластагы бул чырлуу окуянын артында "губернатор Койсун Курманалиева турат" деген сөздө канчалык чындык бар болду экен?.. "Кыргызстандын жаңы күчтөрү" "жакынкы мезгилде кайрадан Таласта тынчтык митингин өткөрөбүз" деп жатышат. Бул жолу митинг эмне менен аяктаар экен, көрө жатарбыз...




Таластык активисттердин пикири

"Кыргызстандын жаңы күчтөрү" - бакиевчилер


13-апрелде, өздөрүн "Талас областынын активисттери" атаган топ "АКИpress" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, "Кыргызстандын жаңы күчтөрү" деген ат менен чыгып жаткан жаңы кыймыл бакиевчилердин каражаты менен чыгып жатышат" деп билдиришти.

Талас облусунун тургуну Кубаныч Жээнгараевдин айтымында, "Кыргызстандың жаңы күчтөрү" кыймылынын башында турган Кубат Токсобаев убагында Ширшовдун оң колу болуп жүргөн. "Анын Максим Бакиевдин табакташы болуп жүргөнүн бүтүндөй Талас эли жакшы билет. Алардын минтип элдин тынчын алып, Бакиевдердин каражатына акция уюштурганынын кереги жок" дейт ал. Маалымат жыйынынын катышуучулары: "Кыргызстандын жаңы кыймылы" Талас шаарында же митинг, курултай экени, же концерт, акция экени белгисиз иш-чара уюштуруп, ага акча берип окуучуларды, студенттерди, жакын аймактагы айыл тургундарын алып келишкен. Ошондой эле катышуучуларга гезиттерди, баш кийимдерди таратышкан" деп айыптоо менен, "акциясы жүрүп жатканда 6-7-апрелдерде Бакиев бийлигин кулаткан Талас эли аларга каршы чыгып, гезиттерин өрттөшкөн. Бирок, эч кандай уруш болгон эмес. Азыр биздин катарыбызга өлкөнүн тынчтыгы үчүн миңдеген балдар келип атат. Эгер оппозициядагылар мамлекеттүүлүккө шек келтирип, радикалдуу кадамдарга барып, жанындагы 50-500 балага ишенип атышса алар терең жаңылышат. Миңдеген куралчан аскерлерди жеңген Талас эли ага жол бербейт" деген билдирүү жасашты.

Бетти даярдаган
Болотбек
Таштаналиев




"Казанчынын" өз эрки...

Сотсуз жана жоопкерчиликсиз...


Тагдырдын тамашасын кара, 12-апрелде Жогорку Кеңеш митинг, чогулуш, каршылык акцияларын жөнгө салган "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорунун бир беренесине ылайык укук коргоо органдары митингдерди, каршылык акцияларын жана чогулуштарын соттун санкциясы жок эле таркатууга укуктуу. Укук коргоо органдары чогулушту же каршылык акциясын күч менен тарката алат, андан кийин андай аракеттердин себеби тууралуу протокол түзүшү керек. Бул протокол сотко жиберилип, укук коргоо органдарынын аракетинин мыйзамдуу же мыйзамдуу эместигин аныктайт.
Өтө кызык экен. Бул мыйзам долбоору менен укук коргоо органдарына чексиз бийликти берип жаткан жокпузбу? Андай болгондо, аталган мыйзамга укук коргоо органдары мыйзамсыз чечим кабыл алган учурдагы жоопкерчилиги тууралуу да ак-карасынан жазылышы керек. Эмнеси болсо да, бул мыйзам долбоору бизге Бермуд үч бурчтугун эске салат. Азырынча, мыйзам долбоору күчүнө кире элек. Бирок, кокус президент көз жумуп кол коюп жибере турган болсо, анда Талас эле эмес Кыргызстандын бардык жерлеринде митингдер, пикеттер, жыйындар, курултайлар укук коргоо органдары тарабынан тап душманындай кабыл алынбасына кепилдик жок.