Александр Фадеев
Фадеев БКнын бакыйган мүчөсү болгонуна карабастан өз чыгармаларына коюлган цензурадан кутула алган эмес.
"Разгром" романын ондогон жылдар бою мектеп программасында окутушту. Роман сөзсүз түрдө окутулуучу чыгармалардын катарына кирчү. Көпчүлүгү аны тамшануу менен окуду. Канткени менен Фадеевдин жубайы таамай белгилегендей "Разгром" иштин жаңы гана башталышы эле…
Эгерде Фадеев сөздүн артынан кара терге түшүп эмгектенип кете бергенде, андан кыйын прозаик чыкмак. Бирок, Фадеев башка жолду тандап алды. Бир жерде отуруп кагаз менен эмгектенгендин ордуна ал-отурум, кеңешме, Жазуучулар союзунун жетектөөчү иштери менен алектенди. Ага анын саясий темпераменттүүлүгү, айлана-тегереги жана тарыхый жагдай негизги ролду ойноду.

Жетекчилик
кызматка умтулуу
жана Авербах
менен тиреш
Москвада партиялык иште тажрыйбасы бар жаш жазуучуну 1925-жылы түзүлгөн Россия пролетардык жазуучулар ассоциациясына уюштуруучу катчы кылып шайлашты. Бул советтик жазуучуларды жаңы коммунисттик ыкмага сала турган абдан агрессивдүү мекеме эле. Ал жерге, партияга кызмат кылышкан коммунист-жазуучулар киришкен.
Жогорудагы мекеменин генералдык катчысы болуп, жаш жазуучу жана адабий сынчы Леопольд Леонидович Авербах дайындалган. Ал 16 жашында партияга мүчө, 19 жашында "Жаш гвардия" журналына башкы редактор болуп иштеп, 33 жашында жогорудагы мекеменин башына келди. Мындан тышкары ал "На литературном посту" жана "Вестник иностранной литературы" аттуу журналдарда редакторлук кызматты аткарган.
Авербахтын карьерасы туугандык байланыш менен башталган. Себеби, ал кадимки Бүткүлроссиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп иштеген Яков Михайлович Свердловдун жакын тууганы, болочоктогу ички иштер эл комиссары Генрих Григорьевич Ягоданын жээни болгон. Анысы аз келгенсип, Лениндин убагында өкмөттүн иш башкаруучусу болуп иштеген Владимир Дмитриевич Бонч-Бруевичтин кызына дагы үйлөнгөн. бирок анын мындай туугандык байланыштары аны чоң террордук жылдардан аман-эсен алып чыгып кете алган жок.

Борбордук Комитетке нааразычылык,
Сталинге кайрылуу
Россия пролетардык жазуучулар ассоциациясын 1932-жылдын апрель айында таратып жиберишти. Сталин мындан ары жазуучуларды "пролетар жана пролетар эмес жазуучулар" деп бөлгүсү келген эмес. Алардын баары Совет бийлигине кызмат кылышы керек болгон же жок болушу керек эле. Бул мекеменин баштоочуларын "жазуучуларды группаларга бөлүп жатат" деп айыптап келишкен.
Фадеев үчүн бул мекеменин таратылышы асман көңтөрүлгөндөй эле болду. Ал БКнын катчысы Лазарь Моисеевич Кагановичке ачуулануу менен төмөндөгүдөй кат жазды:
"Мен Сизге ачык айтып коюшум керек. Россия пролетардык жазуучулар ассоциациясын жоюу жөнүндөгү чечимдин тексти революциянын оор кырдаалында бекем турган компартиянын жоокери катары мени өтө ойго салды. Жада калса өтө кемсинтти десем да болот. Мен бул чечимге макулдук берүү буга чейинки өмүрүмдү социализмди курууга, анын жазуучулар чөйрөсүнүн ишин алга жылдырууга, же болбосо БКнын жана партиянын таптык душмандары менен күрөшүүгө эмес, тескерисинче бардык убактымды күнүмдүк интрига менен өткөргөндүк катары эсептеп, аны моюнга алуу менен барабар".

Уюмдун башка
мүчөлөрү дагы
каршы болушту.
Бирок, Фадеев алгач таарынгандай түр көрсөткөнү менен БК ар убакта туура иш кылаарын түшүндү. Бир күндөн кийин, 12-майда Сталин жана Каганович политбюро мүчөлөрүнө Фадеев, Киршон, Авербах, Шолохов, Макарьев өз арыздарын артка алып, бул маселенин жараксыз экендигин моюндашканын билдирди.

Интрига жана
репрессиянын
башталышы
Мындан ары Александр Александрович өтө катуу чыгып, партиялык иштерге нааразы болбоого, кандай гана буйрук болбосун аны оң мааниде кабыл алууга өзүн катуу даярдай баштады. Көп өтпөй өзү менен бирге Россия пролетардык жазуучулар ассоциациясында өзү менен чогуу иштеген айрым жетекчилердин көзүн тазалоого катыша баштады.

Максим Горький
менен тирешүү
1932-жылдын май айында БКнын уюштуруу бюросунун токтому менен Фадеевди жаңыдан түзүлүп жаткан, болочокто адабият боюнча өзүнчө министрликке айланып калышы мүмкүн болгон Жазуучулар союзунун уюштуруу комитетине кошуп коюшту. Бирок Максим Горький буга каршы болду. Ал Сталинге 1934-жылдын 2-августунда жазган катында дагы бул тууралуу кеңири белгилеп, бир канча себептерди мисалга тарткан.
Горький Жазуучулар союзунун жетекчилигине өзүнүн адамдарын дайындагысы келген. Ал перспективдүү кадр катары Леопольд Авербахты сунуштаганда ага Сталин каршы туруп алган.
Авербахты Москвадан алып, Свердловск облусунун Орджоникидзе райкомпартиясынын сек-ретары кылып дайындашкан. 1937-жылдын 4-апрелинде аны камакка алышып, 14-июнда сотсуз эле атып ташташкан.

Билимсиз
жетекчилер
Сталин Жазуучулар союзуна жаш партиялык кызматкер- БКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген Александр Сергеевич Щербаковду жөнөткөн. Ал жаңы түзүлгөн Союздун секретары болуп калган. Бул аракеттер Горькийге жаккан эмес. Ал буга байланыштуу БКга төмөндөгүдөй кат менен кайрылган:
"Билими жок, үйрөнүүнү, окууну каалабаган жазуучулар администратордун ролун ойноп, интригаларга аралаша башташты. Айрымдары артынан команда чогултууга киришти. Алардын съездде сүйлөгөнүн көргөн адам билимсиздигин дароо байкайт.
Бул билимсиздик аларга үйрөнүүнү каалоого жол бербей, тескерисинче муну моюнга алууга каршы турууга мажбурлайт. Бул нерсе Панферов, Ермилов, Фадеев, Ставский жана башкалардын сүйлөгөнүнөн даана эле байкалып жатты.
Бир ирет мага бул адамдар Союздун башкаруучу составына кирээрин маалымдады. Мына ушундай адамдар алардан билимдүү адамдарды башкарабы?
Так ушул Максим Горький тарабынан билимсиз деп мүнөздөмө берилген адамдар совет адабиятын көп жыл бою башкарып турушту.

Жаңы чыгарма
Жазуучулар өткөргөн I съездден кийин 1934-жылы дагы жазгысы келип, ильхому ойгонгон Фадеев Ыраакы Чыгыштагы кичи мекенине кетти. Ал жерден "Последний из удэге" аттуу Советтик турмушту кеңири баяндаган романын жазды. Бирок, роман аягына чыкпай калган.

Фадеев төрага
Фадеевди Москвага чакырышып, Союзду уюштуруу ишине отургузушту. Алгач ал экинчи катардагы адам болуп келсе, кийин аппараттын ичинде интригаларды уюштуру менен массалык репрессиядан соң Союздун жетекчилигине жетти. Бул кызматка Фадеев 1939-жылдын 25-январында политбюро тарабынан дайындалган. Ал Жазуучулар союзун бийик энергия жана күчтүү темперамент менен башкарды.

Жазуучунун
кулк мүнөзү
"Ал жазуучулар клубунун коридорунда басуунун өзгөчө стилин тапкан, -деп эскерет аны жакындан билген Евгений Долматовский,-башын көтөрөт да, капталына же жогору карай тиктеп алып түптүз эле кете берет. Ага эч ким мындай учурда өтүнүч менен кайрыла албайт.
Ал бир иштен экинчи ишке дароо өтүп кетүүнү дагы жакшы өздөштүргөн. Бир маектешти кунт коюп уккандай түр көрсөтүп, дароо башкага өтүп кетчү. Кээ бир жазуучулар анын бул адатына таарынып калышчу".
Союздун жетекчиси жазуучулар менен мамилени чектегени менен, кызмат кылуучу чөйрөгө өтө жөнөкөй мамиле кылчу. Бул партиялык жөнөкөйлүк дегенди түшүндүргөн.

(Уландысы
кийинки санда)





Алиби

17-апрель, 2012-жыл






??.??