Кыргыздан Бжезинский чыгабы?



"Каждому своё" дейт орус агаиндер. Бжезинский "согуш чыгып кетеби?" - деп чочулап жатса, кыргыз бийлиги жана оппозициясы бири-бири менен же сүйлөшөрүн, же сүйлөшпөсүн билбей, башы катып турат.

АКШ президентинин улуттук коопсуздугу боюнча мурдагы кеңешчиси Брент Скоукрофт менен Россия, Иран жана Түркиянын азыркы глобалдуу дүйнөдө ээлеген ордун талкуулаган көрүнүктүү саясат таануучу, АКШ президентинин улуттук коопсуздугу боюнча мурдагы кеңешчиси Збигнев Бжезинский "Иран менен болуучу аскердик конфликт Пакистандан Жер Ортолук деңизине чейинки эбегейсиз аймакты дестабилдештирүүгө алып келиши мүмкүн" - деген пикирин билдирди. Эл аралык деңгээлдеги эки саясат таануучунун пикири дээрлик бир жерден чыгып, Кошмо Штаттарынын тышкы саясатын катуу сынга алышты. Бжезинский тышкы саясатта "аналитикалык мамиленин жоктугун" айтса, "АКШнын тышкы саясаттагы башкы баш оорусу башка өлкөлөрдөгү саясый системаны өзгөртүү үчүн бийликти алмаштыруу жолун тандап алышы" дейт Скоукрофт.
Збигнев Бжезинский: "Войну начать легко. Но никто не знает, сколь долго она будет продолжаться и во сколько она обойдется. Еще сложнее спланировать достойный выход из состояния войны" деп кескин билдирүү менен, "автократ башкаруучулар кетиш керек" деген билдирүүлөрдү токтотуу керектигин, андай билдирүүлөр автократ башкаруучуларды бийликтен четтетүүгө багытталган реалдуу пландар болбой туруп, проблеманы чечмек түгүл тескерисинче татаалдаштырарын белгиледи. Анын айкын мисалы катары Чыгыш Азия маселесине токтолуу менен, "Наши возможности влиять на ситуацию в этом регионе уменьшаются. Нам необходимо работать с другими игроками и действовать крайне осторожно" дейт Збигнев Бжезинский. Иран маселесине кайрылган Скоукрофт бул өлкөгө жөндөн жөн эле тийиштик кылып, туюкка камабоо керек десе, Бжезинский кризисти күч менен чечүү кайгылуу жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, эгер Израиль Ирандын ядердик объектилерине кол салса, өз кезегинде Тегеран Израилди тымызын колдойт деп эсептеген АКШдан өч алуу максатында Ооганстан жана Иракты дестабилдештириши мүмкүн. Бул кырдаалда акыркы мезгилде мамилеси сууй түшкөн Иран менен Азербайжандын ортосунда конфликт келип чыгары ыктымал экен.
Бжезинскийдин божомолунда Россия бул кырдаалды Грузиянын бийлигин алмаштыруу үчүн пайдаланышы мүмкүн имиш. Брент Скоукрофт менен Збигнев Бжезинский Россия, Түркия жана Иран миңдеген кылымдык тарыхы бар күчтүү империялардын мураскорлору экенин, азыркы саясый процесстерге мына ошол чен-өлчөмдөн мамиле жасашарын белгилеп кетишти. "Путин СССРдин урашын 20-кылымдын эң чоң катастрофасы" деп атаганы бекеринен эмес" - дейт Збигнев Бжезинский.
Дүйнө антип глобалдуу маселелер тууралуу сүйлөшүп, Жер планетасынын эртеңки тагдыры тууралуу ойлонуп жатат. Кыргызстанда болсо бийлик менен оппозициянын күндөш катындардан бетер баягы эле акыйнеги. Оппозиция бийликти сүйлөшүүгө чакырса, бийлик оппозицияны сүйлөшүүгө чакырып атыр.
Бизде эмне болсо эле, бийлик жана оппозиция бири-бири менен сүйлөшкүсү келип турат. Аргасыз таңгаласың, эмне үчүн бийлик эл менен сүйлөшкүсү келбейт? Эмне үчүн оппозиция эл менен сүйлөшкүсү келбейт? Минтип суроо салган эч ким жок. Сүйлөшсө да, диалогго караганда монолог көп. Айталы, карапайым элге бийлик менен оппозиция бирдей эле. Эл бийлик тууралуу кандай ойдо болсо, оппозиция тууралуу да ошондой эле пикирде. Анүстүнө акыркы 20 жылда бийлик менен оппозицияда баягы эле бизге тааныш өңдөр, бизге тааныш кытмыр жылмайган жүздөр. Жылтырап, майы көрүнгөн беттер. Эч кандай деле жаңылык жок.
Маселен, айталы бийлик жана оппозициянын бири-бири менен сүйлөшкөнүнөн кимге пайда да, кимге кызык... Алар сүйлөшсө эле Кыргызстан оңолуп кетеби? Алар сүйлөшсө эле карапайым элдин жашоосу жакшырып кетеби? Соңку 20 жылдын аралыгында бийлик менен оппозиция сүйлөшкөн жокпу? Сүйлөшүп эле келатат. Сүйлөшмөк түгүл, кучакташып өбүшүп, бир өйүздөн бир өйүзгө өтө качып, коюн-колтук алышып, "бери карап күлүп, нары карап ыйлашып" деле келатат. Эмне өзгөрдү? Тилекке каршы, эч нерсе өзгөргөн жок. "Эшегине жараша тушагы" дегендей, бийлик кандай болсо, оппозиция да дал ошондой. "Эли кандай болсо, бийлиги да, оппозициясы да ошондой" деген тапан сөз.
Акаев бийлигинин тушунда ал өз тарабына оппозициядан тартпаптырбы, Акаев командасында оппозиция өкүлдөрү иштебептирби? Тарткан, иштеген. Бакиев бийлигинде деле оппозиция топ-тобу менен иштеди. Ошол убакта деле оппозиция омуроолоп жатып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип жатчу. Ошондон эле Кыргызстан оңолуп кеттиби? Жок, оппозиция омуроологон сайын бийлик оңкосунан кетти. Эми азыр деле бийлик менен оппозиция олтура калып сүйлөшө салса, бир нерсе өзгөрүп кетет дегендик бул жомок.
Эми да бийлик жана оппозиция сүйлөшөбүз дешип, туурасынан кырланып тур. Ырас, сүйлөшкүсү келеби, анда жаап-жашырынбай, карапайым элден кысынбай ачык эле сүйлөшсүн. Булар эмне деп сүйлөшөт экен "БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН" уксун. Болбосо, Акүйдүн муздак дубалдарынын артындагы кутумчулук, жең ичинен соодалашкан сөздөргө биз тоюп бүткөнбүз. Алар эми антип элди алдай алышпайт. Элди бир жыл алдаса болот, 20 жыл алдаса болот, бирок түбөлүк алдоого мүмкүн эмес.

Бетти даярдаган
Болотбек
Таштаналиев