Күн жүрүш

Орусиянын оюну


же кыйчалышта калган Кыргызстан


Учурда ички-сырткы эксперттер, саясый серепчилер "Кыргызстан-Орусия мамилеси кыр ашпай турат"- деген пикирди айтышууда. Буга кошулбай коюуга мүмкүн эмес. Жакында эле Кыргызстанга келип кеткен Орусиянын Энергетика министри Сергей Шматко гидроэнергетика, нефтепродуктылары боюнча өкмөттөр аралык келишимдин шарттарына 10-апрелге чейин "жооп беребиз" деп кетишкен. Ошондой эле бул өлкөнүн Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун келиши да 20 жылдын аралыгында жылбаган келишимдерге кан куюп, жан киргизет деген үмүттү жараткан.

Бүгүн апрелдин жоон ортосу болуп калды. Орусия тарап оң жооп бере элек. Бирок, Орусиянын каш-кабагын таасын чагылдырып, айтайын дегенин "далысынан" билип туруучу "Коммерсанть" гезити (6-апрель) министр Сергей Лавров келатканда эле, "Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин 75 пайыз акциясын сураганы баратат"- деп жар салган болчу. Ошентип, официалдуу Бишкек андагы сүйлөшүүлөрдүн "мазмунун" ачыкка чыгарбай, "качан жооп беришет"- деп күтүп турган чагында, ошол эле "Коммерсанть" сан-сайын дүңкүлдөтө жазып, көп нерсени ачыктап жиберди. Ага ылайык, Орусия тарап "Дастан" ишканасынын да 75 пайыз акциясын талап кылганы белгилүү болуп отурат.
Айрым эксперттер сүйлөшүп алышкансып Орусиянын Камбар-Ата-1, Сары-Жаз, Нарын каскаддарынын 75 пайызын талап кылып жатышын дароо эле "жүйөлүү"- деп жатышкандары да кызык. "Энергетика жана финансы институту" аталган бейөкмөт уюмдун эксперти Сергей Кондратьев: "Негизги финансы жүгү Орусиянын мойнуна жүктөлүп жаткандан кийин ошончолук тобокелчилиги бар да. Кыргызстан үчүн ГЭСтердин курулушун тезирээк бүткөрүп, электрэнергиясына тарифти төмөндөткөн маанилүү. Ал эми Орусия "Интер РАО ЕЭС" ишке ашыра турган бул долбоордон киреше табышы керек. Менимче, 50 пайыз акция менен инвестиция жасоо орус тарабын пайда таба алышынан шектенүүгө аргасыз кылат. Ошондуктан Орусия көбүрөөк акция алганга аракет жасайт".
Мындай пикирге кыргыз саясатчылары макул эмес. "Ата Мекенчи" депутат, ЖКнын энергетика боюнча комитетинин мүчөсү Райкан Төлөгөнов: "Москванын мындай сунушун Кыргызстан кабыл алалбайт. Анткени ал бизди көз каранды кылып коёт. Эгерде мындай долбоор айыл чарбасына сунуш кылынса кабыл алса болоор эле. Анткени, ал жакта тобокелчилик бар. Энергетика андай эмес да. ГЭСтерди ишке киргизгенден кийин энергия чыгарса, аны сатып алуучулар дайыма табылат. Тескерисинче, мамлекет 60 пайызын ээлеш керек. Калганын, ошол инвесторлор алсын. Ал эми 75 пайыз дегендиктери таза эле аша чапкандык, биз ага макул болбошубуз керек"- дейт.
Ал эми "Коммерсанть" гезити буга байланыштуу түрдүү жүйөөлөрдү келтирип, ачык-жабык маалыматтык чабуулун улантууда. "Кыргызстандын эки эле жолу бар ,- деп жазат гезит өз "төлгөсүндө", - же Орусиянын сунушун кабыл алышы керек, же 50 пайыз акциясын алгысы келсе ГЭСтин курулушуна салымын көбөйтүшү керек". Көрүнүп тургандай Орусия "Коммерсанть" аркылуу Кыргызстанды "каякка барат элең?"- деп тургандай. Тагыраагы, "Кытайга барасыңбы?"- дегенди ачык эле кыйытты.
Макул болбой турган болсок, "Коммерсанттын" кыргыз жетекчилигиндеги булагынын айтымында, Орусия тарап үстөксүз берип жаткан күйүүчү майын "токтотуп коебуз" дегендей кылыптыр. Эгерде ыгына көнсөк, азыркы берип жаткан 750 миң тоннаны (жалпысынан жылына 1,200 миң тонна күйүүчү май керектейбиз) дагы 7 пайызга көбөйтүшү ыктымал экен. "Ушул жол менен кетсе Орусиянын Кыргызстандын экономикасына салымы жылына 240-280 млн.долларга чаап барат"- дейт "Коммерсанть" чотун койгулап. Ошондой эле "бир учурда күйүүчү май маселесин кабыргасынан койгонубузда, К.Бакиев тагынан ыргыды эле" -дегенди да кошумчалап, жыландын башын кылтыйтып отурбайбы. ("Коммерсанть" 6-апрель).
Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча 2008- жылы мамлекеттер аралык келишим түзүлүп, биргелешкен эки ишкананын ("Интер РАО ЕЭС",- АО "Электрстанциясы") ар бири 50 пайыздан акцияга ээ болуп, Орусия бул эки ишканага 1,7 миллиард доллар бөлмөк. Ошондой эле Орусия ал кезде "Дастан" заводунун 48 пайыз акциясына макул болуп, ошого эле барбалактап сүйүнүп, 180 миң доллар грант, дагы 300 миң доллар жеңилдетилген кредитин берип, көңүлүбүздү аябай көтөрүп салган. (Азыр "Дастандын" 75 пайыз акциясын бересиң"- деп Кыргызстанды желкелеп турган кербези).Тилекке каршы, бул сүйлөшүүлөр К.Бакиевдин саясый оюндарынын кесепетинен ишке ашпай калган. "Жамандын кесепети"- деген ушу.
Ошентип, Орусия жаңыча "ойной" баштады. "Дастан" заводу жөнүндө сөз болгондо, "анын жабдуулары эскирген" деген шылтоону айтса, ГЭСтерге келгенде "өндүрүлгөн энергияны сатуу кыйын, кеткен чыгымдарыбызды жаба албай калабыз" - дешүүдө. Муну да "Коммерсанть" гезити аркылуу айттырып жатпайбы. Белгилей кетүүчү нерсе, уникалдуу "Шквал" торпедасын чыгарган "Дастан" заводу кийинки мезгилде бутуна туруп, эл аралык заказдарды аткарып жатат. Анын продукцияларынын 70 пайызын Индия, 26 пайызын Орусиянын өзү алат. Былтыр 1 млрд.139 миң сомдук продукция өндүрүп, таза кирешеси 143 млн.712миң сомду түзгөн. Жабдуулары 2006-жылы алмаштырылган. 1 миңден ашык өзүбүздүн кадрлар иштеп жатат. Суроо туулат: Эгерде, Орусия андай эле күмөн санаса "эски жабдуулар" менен жасалган "ишенимсиз" торпедаларды албай койбойбу? Бир сөз менен айтканда мунусу кур шылтоо экени көрүнүп турат.
Кандай болгондо да кыргыз бийлиги "караңгыда көз таба турган учур" эми келди. Орусия, "Коммерсанть" өңдүү ар кандай маалымат булактары аркылуу Кыргызстанды ачык эле кысып, пейил-куюн билдирип жатат. Президент А.Атамбаевдин Азербайжанга барышынын артында көп нерсе жаткандай. Бирок, алар убада кылган мунайды кайра иштетүүчү завод эки жылда барып бүтөт деп жатышат. Бүткөн күндө да күйүүчү май менен Кыргызстанды камсыздап жибере алабы? Кеп ошондо. Ошону менен орус оюндагысын бербесе, Кыргызстандын түпкү кызыкчылыгы үчүн ар кандай жолдорду карап көрүүгө туура келет. Ошол эле "Коммерсанть" "Кытайга эле барбаса, кайда барат",- дегенсип табалап турбайбы. Аны да көрө жатарбыз. А чындап келсе, Кытайы болобу, АКШсы болобу, Турция же Европа өлкөлөрүбү, кайрылса эмне экен? Кептин баары Кыргызстандын кызыкчылыгында. "Чапкан сайын көз чыга бербегендей" коомчулукта азыркы бийлик мурдагы президенттердин жолоюна түшүп, жаратылыш байлыктарын, энергетика ресурстарын ар кимге тарата бербейт деген ишеним күч. Анткени, саясый бийлик тең салмагы баягыдай эмес. Президенттик институттан тышкары Кыргызстанда башкы ролду - парламент ойноп калган. Өкмөт да өз сөзүнө ээ. Мунун баары бийлик башындагы бир адамдын билгенин кылып жиберишинен сактап тургандай. Бул эми сыртынан караганда. Ал эми ичтеринде "кандай ит" өлүп жатканы деле белгилүү. Ошондуктан ички саясатта тытыша бергенибиз менен Кыргызстандын кызыкчылыгына тиешелүү сырткы саясатта бир ооз болбосок болбойт.
Мындан келди, Орусия менен тышкы саясый, соода-экономикалык мамиледеги түзүлгөн кыйчалыш кырдаал, Кыргызстандагы бардык саясый күчтөрдү бириктиреби же, "ушуну кылмаксыңар"-деп табалачулар чыгабы, бу да табышмак.
Кандай болгондо да президент А.Атамбаевге абалдан "камырдан кыл сууругандай" чыгып кетүү кыйын. Өкмөттүн чалына турган жери да ушу болуп турат.


Темирбек
Алымбеков