"Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат"


(Башталышы өткөн санда)
Ошентип Жогорку Соттун бул отуруму төмөндөгүлөрдү аныктай алды. Сот башталганда (2000-жыл, май) биринчи тараптын Кемелова Зейнептин колунда курулуш ээси "Северная ПМК" менен түзгөн келишими, Көк-Жар кичирайонундагы №23 үйдүн 51-квартирасынын толук наркын төккөндүгү тууралуу квитанциянын дүмүрчөктөрү жана Бишкек шаардык мамлекеттик мүлк каттоочу мекемеден алган кызыл китеби болгон.
Экинчи тарапта булардын бири да болгон эмес. Алардын колунда таштандыда жаткан МОЦ фирмасынын мөөрү басылган жасалма, жалган 60575 сомду Эсеналиевдердин пайдасына эсептегиле деген каты менен арткы жылдар менен жасалган "Северный ПМКнын" жыйналыштарынын протоколдору болгон. Мына ушул жалган документтердин негизинде Кыргызстандык соттор жесирдин маңдай тери менен тапкан, өмүр бою чогултуп, сатып алган 2 бөлмөлүү элитный квартирасын жогорку окуу жайын бүтө элек немеге тартып берип койгон. Ооба, болгондо да мыйзамды өтө одоно бузуу жолу менен.
Эми окурманым, окуяны башынан баштап угуп туруңуз. Мына ушул жогоруда көрсөтүлгөн жасалма документтердин негизинде Октябрь райондук сотунун судьясы Р.Нагаев Эсеналиевдердин пайдасына чечим чыгарган. Мейли, райондук соттун жаш судьясы тажрыйбасы аздыгынан, мыйзамдын ой-чуңкурун билбестиктен ушул чечимди чыгарды дейли. Ал эми көп жылдык тажрыйбасы бар, бир ишти коллегиялуу үч судьядан караган шаардын жана Жогорку Соттун курамы бул райондук соттун мыйзамсыз чечимин жокко чыгарышкандыр деп үмүт кылат экенсиң. Бирок мындай болбоптур. 2000-жылдын 26-октябрындагы Октябрь райондук сотунун Кемелова Зейнепти өз үйүнөн чыгаруу жөнүндөгү мыйзамсыз чечимин Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясы 10-февраль 2001-жылдагы чечими менен колдоптур. Бул ишти кайсы судьялар караган дейсиздерби? Бул ишти президенттерге жагып Жогорку Соттун төрайымына чейин көтөрүлгөн ошо кездеги шаардык соттун төрагасынын орун басары Аалиева Жаңыл коллегия мүчөлөрү Малярова, Абдрахмановалар менен карашкан.
Бул окуянын эң кызыгы иш Жогорку Сотко жеткенде башталды. Айласы кетип, амалы түгөнгөн Кемелова Зейнеп ылаажы болобу деп, чындык издеп Жогорку Сотко келет. Жогорку Соттун Акназарова башында турган Граждандык иштер боюнча коллегиясы арыздашкан тараптарды сотко чакырбастан туруп эле ушул ишке байланыштуу "Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин жараксыздыкка чыгарууга негиз жок" деп аныктама токушат. Мында Акназарованын анык эле шашып калгандыгы жана мыйзамды одоно бузгандыгы көрүнүп турат. Баягы, кыргыздардын "ишенген кожом сен болсоң, алды-алдынан тал карма" дегениндей эле болду. Бардык мамлекеттерде Жогорку Сотту акыйкаттыктын, адилеттиктин, чындыктын жеткен туу чокусу, ыйык жер деп эсептешишет. Мына ушундай мыйзамды сыйлаган мамлекеттерде арыздангандардын 10-15%ы эле Жогорку Сотко жетет. Ал эми бизде, Кыргызстанда бул көрсөткүч 90-95%дан ашат. Сиз ойлобоңуз, бул Жогорку Сотко кыргызстандыктардын ишеничинен экен деп. Тескерисинче, айла кеткендигинен жана кээ бир калыс чечилген чечимдерди жокко чыгаруу үчүн. Мына биздин Жогорку Сот ушундай.
Биз жогоруда Октябрь райондук сотунун судьясы Р.Нагаев, Бишкек шаардык сотунун ошондогу судьялары Ж.Аалиева, Малярова, Абдрахманова, Жогорку Соттун судьялары К.Акназарова, Крицкая, Мамбеталиевалар жалган документтердин негизинде калыс чечим чыгарышкандыктарын айтып келдик. Бул документтер жалган, жасалма болбогондо деле кандай судья болбосун МОЦ фирмасынын каты менен, ПМКнын акционерлери жана профсоюз уюмдарынын жыйналыштарынын протоколдорунун негизинде чечим чыгарууга миңден бир дагы мыйзамдык мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Себеби, сотто колунда курулуш уюму менен болгон келишими, казынага төгүлгөн акчалардын дүмүрчөгү жана мамлекеттик мүлк каттоочу мекеменин кызыл китеби болгон тарап утуш керек эле. Себеби, бул Кыргызстанда кабыл алынган эле мыйзам эмес, бул бүткүл дүйнө жүзүндө аныкталган норма экендигин жогоруда сөз кылбадыкпы. Бирок мындай болбоду. Колунда Кызыл китеби менен жесир үйдөн чыгарылды. Бул эки эсе мыйзамсыз окуя. Себеби, үйгө ээлик кылуучу бир эле документ болот. Бул Кызыл китеп. (Техпаспорт) . Бирок жогоруда аттары аталган соттор Кемелова Зейнептин Көк-Жар кичи районундагы №23 үйүнүн 51-квартирасына ээлик кылуучу кызыл китебин мыйзам боюнча жокко чыгарууга кудуреттери жетпеди. Себеби, Бишкек шаардык мамлекеттик мүлк каттоочу мекемеси "квартира Кемелова Зейнептики" деп кыйкырып чыкмак. Берилген Кызыл китепти жокко чыгарбай туруп, анын ээсин колунан сүйрөп эшикке чыгарып коюу - бул мыйзамды сыйлабагандык.
Сөзүбүздүн аягында баягы чүкө ойногон бала эсибизге түшөт. Сот - бул мамлекеттик түзүлүштүн эң оор жана эң татаал тармагы, бийликтин өзүнчө бир бутагы. Кайсы мамлекет сот проблемасын туура чечип, өлкөдө адилеттүү сот, бекем тартип орното алса ошол мамлекет гүлдөп өсөт. Ошондуктан сотторго, сот бийлигине мамлекеттин символу, башчысы болуп эсептелген Президент өзү такай көзөмөл жүргүзүп турбаса иш чатагына айланып кетиши ыктымал. Конституция боюнча да бул президенттин түздөн-түз милдети жана буга анын толук ыйгарым укуктары бар. Бирок аттиң, буга чейин бизде, Кыргызстанда, мындай болбоду. Президенттер сот бийлиги менен биригип кетти дагы элдин, жердин, мамлекеттин байлыгын талап-тоношту. 20 жылдын ичинде бир мамлекет толугу менен сатылды. Өкмөттүн кепилдиги менен 2,5-3 млрд доллар насыя алынды. Бирок, казынага бир сөлкөбай түшкөн жок жана Кыргызстанда бир дагы завод-фабрика курулган жок. Демек, сатылды деген мамлекет сатылбай эле тонолгон. 2,5-3 млрд доллар насыялар уурдалган. Мына ушулардын бардыгын сатылган соттор актап жиберишти. Мына ошондуктан бизде мамлекетти саткан, тоногон бир да чиновник, акты кара, караны ак деп чечим чыгарышкан бир да сот түрмөгө отура элек. Анан кайдагы Щвейцария, бакубат турмушту айтабыз? Бул жөн эле элди алдоо. Уурулар менен сатылган соттор түрмөгө отурбаса Щвейцария дагы, бакубат турмуш дагы болбойт. 20 жылда элдин, жердин, мамлекеттин бүт байлыгын талаган, 2,5-3 млрд доллар насыяны уурдашкан эргулдарды түрмөгө отургузуп, таланган байлыктарды ордуна койбосок, мамлекетте калыстык да болбойт.
Мен тээ 1982-жылы эле Совет империясынын кулашын, 1997-жылы Аксы трагедиясынын негизги себепкерин көргөзүп айтып келгем. "Акаев менен Бакиевдерди президент эмес, порядочный адам деп эсептебеймин" деп ачык эле кыйкырып жүрдүм. Москва, КПСС БК, Акаев менен Бакиевдер мени угушкан жок. СССР деген дүйнө жүзүн титиреткен империя кулады, Акаев менен Бакиевдер туулган жердин топурагына зар болуп тентип жүрүшөт.
Мен көзү ачык эмесмин. Мен өз элин - жерин сүйгөн, мамлекеттик түзүлүш жөнүндө акыл - эстүү ой жүгүртө алган патриот кыргызмын. Мен көп жерди кыдырдым, көп элди көрдүм. Бирок кыргыздардыкындай жакшы каада-салтты, таамай айтылган макал-лакапты, дүйнө жүзүн таң калтырган кийим менен даамдуу тамак-ашты, угуп көргөнүм жок. "Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат" дейт элибизде. Анын сыңарындай ууру-кескилер мамлекет, бийлик, эл башында, жогорку соттун креслосунда отурушса ал мамлекет мамлекет болбойт.
Кытайбек РАМАНОВ,
Кыргызстан журналисттер
союзунун мүчөсү
Менин макалама чычалагандар жана аларга болушкандар болсо теледебатка чакырам.




Бир шапке, бир туфли үчүн...


Бишкек шаарындагы Л.Толстой көчөсүнөн НТС телеканалынын электригин бир шапке, бир куртка, бир туфли үчүн өлтүрүп кетишти. Кан коё бербей кармалган эки эргул, аны тоноо максатында өлтүрүшкөнү белгилүү болду. Ал жигит жарым саат мурда эле ошол тегеректеги дүкөндөн тамеки алып, бул жактан кантип кетем деп сураган экен. Анан тиги канкорлорго кабылып калса керек. Деги кайда баратабыз?.


"Крышасы" кыйшайган деректир
Ат-Башы районундагы Жолдубай Кайыпов атындагы мектептин деректири Эсенбек Сатыбалдиев 11-класстын окуучусун кабинетине кийирип алып, каалаганындай ийлептир. Качаңкы өчү барын ким билсин, швабраны ала коюп эң кеми 50 жолу чааптыр. Ал аз келгенсип, ошол эле шваб-ра менен муунтууга аракет да кылса керек. Директордун туруп-туруп эле "крышасы" тайып кеткенине таң калган Кыргызстандын Омбудсмени Турсунбек Акун бул кабарды ММКларга өзү таратты. Учурда "колу кычышып" кеткен директор, ошол колун куушуруп, баланын ата-энесине "балакетиңди алайын, арыз жазбагыла "- деп, албарстыдай жалынып турган чагы. Ал бала болсо ооруканада.


"Алиби" пресс