Акыбети кайтпаган апрель ыңкылабы



О шентип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу революциянын эки жылдыгын да белгиледик. Адаттагыдай эле көшүп-жашып, адаттагыдай эле Бакиевдерге ызырынымыш болуп, баягы эле кландык бийликтин кулаганын, өлкөдө чыныгы бийликтин ээси эл болгонун куру сөз менен бакылдап, коррупциянын тамырынын кыркылганы, жаштардын бийликке келгени саймедиреп мактануу менен айтылды. Бирок аттиң, ошол революция тарых барактарындагы жүздөгөн революциялардай эле алда кимдерге олжолонуп кеткенин ачык айтууга оозубуз барбай, өзүбүздү өзүбүз алдап жатпайбызбы, кашайгырдыкы!


Кландык режимден партиялык анархияга!
Кыскарта чаап айтканда, ошол апрель революциясынын чыгышына ошол кездеги мамлекетти бир кландык бийлик, Бакиевдер жана алардын айланасындагы эл аралык шылуундардан турган коррупциячыл топтор башкарып, өзүм билемдик менен өлкөнү талап-тоноп, сатып киргени себеп болгон. Алар элдин мүдөөсүн, мамлекеттин келечегин эстеринен чыгарып коюп, байлык менен бийликке ач көздүк менен асылып калышканда, бүтүндөй журт карайлап, караңгыда чырак менен отуруп калбады беле? Мектеп директорунан министрликке чейин өз кишилерин коюп алып, жапырт коррупциянын желесине чырмап, кыргыздын кызылын кырып кирген ошол зулум бийликтин зордугунан улам чыккан эмес беле, 7-апрелдеги кандуу революция!
Бүгүнчү? Бүгүн эки жылдан бери ошол бийлик системасын тыптыйпыл жоюп, чыныгы бийликтин ээсин эл кылып салдык дегенге чыны ооз барбайт. Анткени, биз аруу тилек, жакшы ниет менен алып келген "кеңеш бийлиги" же парламенттик башкаруу системасы эл күткөндөй болуп чыкпады. Туулбай жатып, туна чөккөн биздин бул башкаруучуларыбыз, парламентаризмди чыныгы демократиялык принциптерден оолактатып, кайрадан эле көнгөн эски тепшибизди эске түшүрүп отурат. Тактап айтканда, парламентке келе турган саясий партиялар баягы эле эски адаттар менен түптөлүп, акчасына, байлыгы менен бийлигине, туугандыгына же тааныштыгына карап шашылыш түзүлө калышты дагы, беш кол менен эсептей алгыс каражаттарды жумшоо менен бийликти ээлеп отуруп калышты. Андан соң алар коалициялык көпчүлүктү жеке кызыкчылыктардын жетеги менен желимдешип, мамлекетти кайрадан эле камчыга ченеп бөлүп киришти. Башкача айтканда, азыр мамлекеттеги күчтүү кадрлар, мыкты менеджерлер, заманбап ишмерлер парламентке кирген партияларга мүчө болбогондугу жана коалициялык көпчүлүктү түзгөн "короолош кожолордун" катарында болбогондугу үчүн кызматка илинбей, көчөдө кала беришти. Азыр айыл өкмөтүнүн анабашынан Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин партиялык диктатура орноп, башка саясий партиянын өкүлдөрү күңдүн баласындай четте калганын жашырып болобу? Айтор, апрель ыңкылабынын максаттары бу жаатта ара жолдо калды.

Экономика, электр энергиясы-элдир-селдир....
Эки жыл мурун эл душмандарын кубалаган калың элдин дагы бир көксөөсү - эңшерилген экономиканы ордунан тургузуп, калктын турмуш-тиричилигин жакшыртуу, баарынан да өзүбүздөн чыккан электр энергиясын арзандатылган баада колдонуу боло турган эле. Бирок, андан бери дээрлик 700 күндөн ашуун убакыт өтсө да, энергетика тармагыбызда элди кубантарлык эч нерсе жасалган жок. Албетте, апрелден кийинки бийлик энергиянын баасын Бакиевдер көтөргөн баадан ылдыйлатып, мурдагы ордуна түшүрдү. Бирок, бул кирешелүү тармактан чекебиз жылыгыдай акча таппай, мурдагыдай эле "техникалык жоготуулар" деген тырмакчанын алдында миллиондордун изин таппай суй жыгылуудабыз. Бир кезде Балкыбеков менен Ширшов экөөлөп жалмаган бул жактын кирешесин азыр кимиси жеке соруп отурганын түшүнүш кыйын. Баарынан дагы "Электр энергиясы өндүрүлгөн баада" деп, убаданы узун берген "Республика" азыр бийликте отурганы менен элге электр жарыгын эч кандай арзандатып бере албады. Көрсө, жогорку лозунг убада же платформа эмес эле жарыктан жаны кашайган байкуш кыргыз элин ээрчите турган "саясий шпаргалка" турбайбы. Ырас, энергетика тармагы минтип ээрге мине албай ооп жыгылган абалда турганда, экономикабыздын кайсы жагына карайбыз? Баягы эле "Кумтөрдү" тежемел козудай зордук менен соруп, ошо менен жыртык-тешигибизди жамаганыбызга корстон болуп отурабыз. Өкмөт болсо, "быйылкы экономикадагы жасап жаткан иштерибиздин тыянагын эмдиги жылы көрөсүңөр" деп, элди кудум эле упчу соргон баладай алдап отурат.

Соттолгон сот жок,сорттолгон сот көп...
Акүйдүн алдын кызыл канга чылаган апрелдин ал күнүнө чейин эле, дээрлик 20 жыл бою Кыргызстанда "укуктук", "теңдик" - деген түшүнүк сөз түрүндө гана жашап, барактардын бетинде чаң басып жатканы реалдуу чындык эле. Демократия кандай кирсе, ошону менен чогуу кирген адам укугу деген түшүнүк андан бери ажолордун оозунан түшпөгөн төл сөзгө айланганы менен Кыргызстандагыдай адам укуктары тепселген өлкөлөр дээрлик болбосо деле керек. Бийликтегилер менен акчалуулардын гана сөзү сөз болуп, мыйзамдар ошолор үчүн гана жазылып, республикадагы сот системасы бүтүндөй кыянат органга айланганын нечен ирет какшаганбыз. Апрель ыңкылабында да эл ошол соодагерге айланган сотторду соолутууга аракет жасаган, ошол талапты апрелден кийин бийликке келгендердин алдына таштаган. Ооба, ошол бийликке келгендердин дээрлик бардыгы да соттордун кысымына, кордугуна чыдаган, алардын азабын тарткандар болчу. Андыктан, "сот системасы эми чындан оңолот экен" - деген ойдо болгонбуз. Көрсө, бекер эле сүйүнүппүз. Мына, эки жылдан бери ушул сот системасын реформалайбыз дешип, жан-алакетке түшкөнү менен бул кат-кат болгон катмардын чекеси оюла элек. 20 жылдан бери карапайымдарды какшатып келген соттор бүгүн деле жогоруда айткандай, парттизменин патриотторунун таасири менен система кылы кыйшайбай отурат. Ошондон улам эки жылдан бери апрель ыңкылабындагы кызыл кыргынга тиешелүү бир дагы адам өз жазасын ала элек. Андан мурунку саясий чуулгандуу кылмыштар дале уктап жатат. Канчалаган бакиевдик режимдин башчылары, кекиртегине кылкан сайылчу коррупционерлер ар жерде тайраңдап жүрөт? Кыскасы, сорттолгон сот көп, соттолгон сот жок. Тандалган сот көп, таза жыйынтыкталган сот жок....

Алы жетпеген акыретчил...
Айтпайын десең, атуулдук милдетиңди көтөрө албаганың, журналисттик кесибиңди талаага таштаганың. Айтсаң, андан тыянак чыгарып, адилет иштеген бийлик жок. Жаза берип жадайсың, айта берип тилиң тешилет. Кечээ элдин көзүн карагандар, бүгүн элди өзүнө караткысы келет.
Айтор, апрель ыңкылабы, андагы жаш өмүрүн ажалга байлаган азаматтардын көкүрөгү менен кеткен жакшы үмүт, жыргал жашоолорго азыр жетпейт көрүнөбүз. Андыктан, жемишинен кейиши көп ыңкылапты удургутуп укмуш мактай берип деле бекер го?!

Тынчтык Алтымышев,
60ev.alibi@mail.ru