Сандан-санга

Александр Фадеевдин


аянычтуу тагдыры



Александр Александрович Фадеев кечкисин оңой менен уктай алчу эмес. Уктаар алдында уктатуучу дарыдан ичип алып төшөккө жыгылганы менен эртеси аны тургузуу кыйын эле. Ошол күнү дагы кечкисин уктай албай, эртең мененки тамактан баш тартып, аны түшкү тамакка чакырмай болушуп, атасын чакырмакчы болгон кичинекей Миша үстүңкү кабаттын тепкичтерин аттап-буттап бара жатып эле ачуу чаңырды: -Атам атынып алыптыр!

Октун атылган үнүн эч ким уккан эмес…
Бул окуя 1956-жылдын 13-майында болгон эле.
Фадеевдин жубайы Москва көркөм академиялык театрынын актрисасы болгондуктан бул маалда Югославияда гастролдо жүргөн. Переделкинодогу Фадеевдин дачасына жазуучулар Алексей Сурков жана Евгений Долматовский жетип келди.
"Фадеев кенен кроватта сулап жатыптыр. Байкашыма караганда жарандык согуштан калган эски наганы жерге кулап калыптыр. Фадеевдин тулку бою мраморго айланып кеткенден бетер аппак болуп калган эле", -деп эскерет Долматовский
Александр Фадеев белгилүү жазуучу гана болбостон, маанилүү, ири саясий фигуралардын бири болгон. Анын өлүмүнүн себептерин иликтөө үчүн КГБнын тергөө башкармалыгынын начальниги генерал Михаил Петрович Маляров, анын орун басары полковник Козырев жана 4-башкармалыктын биринчи бөлүмүнүн начальниги Филлип Денисович Бобков келишти. Бобков өмүр бою саясий интеллигенциянын артынан из кууп жүрүп, убагында КГБнын төрагасынын орун басарлыгына чейин жеткен. Ал Фадеевдин кийими стулда тыкан жыйналып турганын байкаган. Бул жерден анын өлүмгө алдын ала даярданганын көрүүгө болот. Буга удаа Фадеев акыркы коштошуу катын дагы таштап кеткен.
Жашыруун кат
"Маляров, -деп эскерет Бобков, -катты үңүлө карап, шектүү бирдемелерди издей баштады эле, бирок Козырев генералды токтотуп:
- Мунун канчалык зарылчылыгы бар Михаил Петрович?
- Кат Борбордук Комитетке жолдонуптур,- ушул жерден мен дагы аны колдодум.
Мен күбө катары айтып коеюн: кат тиешелүү дарегине жеткенге чейин аны эч ким окуган эмес. Ошондуктан эч ким "күбө" издебей эле койсун. Борбордук Комитеттен бул кат менен А.А.Сурков, М.А. Шолохов, К.М. Симонов, А.Т. Твардовский жана менимче К.А. Федин таанышкан. Бул тууралуу мага Сурков каттын мазмуну менен тааныштыргысы келгендей өзү айтып берген. Мен каршы болуп:
- Алексей Александрович, Сиз БКга Фадеев эмне жазганын эч кимге айтпайм деп сөз бергенсиз. Эгер Сиз азыр бул тууралуу мага айтчу болсоңуз ал убаданы бузасыз да, андан кийин таза адам катары бул жасаганыңызга өкүнүп каласыз. Мен өзүмө тиешеси жок маселелерге кызыкпайм деп өзүмдү үйрөткөм.
Бул сүйлөшүү Сурковдун Воровский көчөсүндөгү Союздар үйүндөгү кабинетинде болгон. Алексей Александрович турду да шкафтан грузин виносун алып чыкты да, стаканга куюп: "Аксакалды үйрөттүң!" деген сөзү менен мени дагы ичип жиберүүгө үндөдү".
Бобковдун бул эскерүүсү чыны менен эле кызыктай элес калтырат. Кантип эле өзүн-өзү атып өлгөн адамдын өлүмүнүн себебин анын коштошуу катын иликтебей туруп ачууга болот? Эгерде чекисттер, тергөөчүлөр чындап эле Фадеевдин бул катын изилдешпесе, анда алар өздөрүнүн профессионалдык милдетин аткарбай калып жатышпайбы. Чыны менен эле бул нраванын кимге кереги бар?
Фадеевдин өлүм алдында жазган катын жалпы өлкөдөн 30 жылга чукул жашыруун кармашты. Азыр ал ачыкталып отурат. Александр Фадеев өкүнүчтөрүн жыйынтыктап отуруп, өзүнүн өмүрүн кыл учуна кептеген бийликке ачуу даттанган. Ал катта Фадеев каардуу бийлик өкүм сүргөн Сталиндин учурун гана эмес, Хрущев маалындагы жагдайга дагы нааразы болуп, адабияттагы, искусстводогу бийликтин өкүмзордугун, аны партия менен өкмөт өз кызыкчылыгына пайдаланып, Ленин каза болгондон кийин жаш баладай мамиле жасап калгандыгын белгилеген. Ошондой эле нечендеген чыгаан адабият жана маданият адамдары бийлик "дубинкасына" кабылып, миңдеген адамдар репрессияланганына ачууланган. Мына ушул сыяктуу ачуу армандарын жыйынтыктаган Александр Фадеев:
"Мунун баарын мамлекетти башкарган адамдарга айтам деген акыркы үмүт бар эле. Тилекке каршы акыркы үч жылда менин суранганыма карабай, алар мени кабыл алуудан дагы баш тартышты" - деп, коштошуу катын жыйынтыктаган.
Фадеевдин өлүмүнүн жагдайы тууралуу КГБ төрагасы, армиянын генералы Иван Александрович Серов кийинки күнү БКга төмөнкүчө билдирди:
"1956-жылдын 13-май күнү, болжолу менен 15:00дө өзүнүн Кунцево районундагы Переделкинодогу дачасында револьверден белгилүү жазуучу жана КПСС БК мүчөлүгүнө талапкер Фадеев Александр Александрович өз жанын өзү кыйган.
Алдын-ала иликтөөлөргө караганда, ошол чакта, тагыраак айтканда 12-май күнү Фадеев өзүнүн Москвадагы квартирасында жазуучулар С.Я. Маршак жана Н. Погодин менен кездешип, узакка баарлашып отурган.
Ошол эле күнү Фадеев 11 жаштагы уулу Миша менен бирге Переделкинодогу дачасында өз жанын кыйганга чейин болгон". Анын катчысы Книповичтин берген көрсөтмөсүнө ылайык, 13-май күнү 12 ченде Фадеев ага Маршак менен сүйлөшкөндөн кийин уктоого мүмкүн болбой калганын, жана ага уктатуучу дары дагы таасир этпегенин айткан.
Ал эми үй кызматчысы Ландышованын билдирүүсүнө ылайык, Фадеев 13-май күнү эртең менен ага кухняга келип, эртең мененки тамактан баш тартып, кайрадан кабинетине кетип калган. Ландышеванын айтымында муну менен Фадеев эмнегедир толкундануунун үстүндө болгон.
Саат 15 чендерде Фадеевдин кабинетине небереси Миша кирип, аны өлүк абалында көргөн.
КГБ кызматкерлери тарабынан Фадеевдин кабинети текшерүүгө алынганда ал төшөктө ич кийим менен, жүрөк тушка ок жеген абалында жаткан. Анын жанында "Наган" системасындагы револьвер бир огу атылган тейде табылды.
Маркумдун сөөгүн Склифосовс-кий институтуна изилдөө үчүн жөнөтүлдү. Фадеевдин кабинетине мөөр басылды. Тергөө уланууда"
Жазуучулар союзунун төрагасынын өз жанын өзү кыйып алганы КПСС БКнын президиумунун мүчөлөрү үчүн абдан эле оор тийди. Буга анын таштап кеткен каты себеп болгон эле. Хрущев жана анын соратниктери жазуучунун бул өлүмү алардын адабият жана искусство тармагындагы туура эмес саясатына протест катары жооп болгонун моюнга алууга аргасыз болушкан. Болбосо мындай аракетти оорулуу же мас абалындагы адам гана жасашы мүмкүн эле. Тергөөгө бул маалыматты тактоо зарыл болучу.
22-май күнү генерал Серов Фадеев менен өлүм алдында баарлашкан адамдардын тергөөгө берген маалыматтарын жыйынтыктап, БКга маалымат берди:
"Маршактын айтымында ал учурда Фадеевдин кимдир бирөөгө капаланган пессимисттик маанайын байкоого мүмкүн болгон эмес.
Тергөөгө күбө катары сурак бергендердин дагы бири, буга чейин Фадеевдин тууганы катары анын жеке катчысы болуп иштеп келген Валерия Захарина болжолу менен бир жыл мурда Фадеев жаткан бөлмөгө күндүзү киргенде ал кроватта жатканын, жанындагы кичинекей столдо бир бутылка арак жана пистолет турганын көргөндүгүн айткан. Ал пистолетти алып, Фадеевди урушканда гана ал тынчып калган.
Тергөөгө күбө катары маалымат берген дагы бир жаран, 10 жыл бою Фадеевдин дачасында кароолчу болуп иштеген К.С. Чернобай Фадеев өлөрүнө 2 саат калганда дачага жер семирткич ташуу боюнча сүйлөшкөнүн, Литфонддун машинеси менен жеткиртип берээрин убада кылып, андан соң экөө ашканага киришип, 100 граммдан арак ичишкен".
14-май күнү БКнын президиумунун отурумунда Никита Хрущев каардануу менен жазуучунун бул кадамын катуу сындап, туруксуз коммунисттин дарегине катуу сын айтып:
- Врачтар анын алкоголдон канчалык деңгээлде дарыланганын жарыялашсын. Керек болсо, анын баарын коомчулукка жарыялагыла!


Адилет
АЙТИКЕЕВ
adi77@
inbox.ru
Уландысы кийинки
санд а