Кыйын кырдаал

ӨКМ сага айтам, Өкмөт сен ук!


Кыргызстанда быйыл жаз кечикти. Жылда бул убакта күн жадырап тийип, айлана жапжашыл болуп, дарактар бүр байлачу. Быйыл болсо жумасына кар сампарлап, суук күчүн кое бербей турат. Демейде, бул кезде талаачылыкты ортолоп калчу Ош, Жалал-Абад жергесинде да кош эми жаңы чыкты. Ал эми аска-тоолордун арасындагы Нарын жергесинде жаздын карааны жок экен. Талааларда тизеден кар жатат. Суук болсо нөлдөн кыйла төмөн. Ошондон улам Нарындын тоолуу Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда кооптуу жагдай жаралды. Себеби, кыш демейдегиден узакка созулуп, кардын оор түшкөнүнөн улам жандыктын баары кол карап, тоюттун жетишсиздиги күн санап өсүп барат. Ооба, чындап эле азыр ал жакта абал кыйын. Элдин маанайы суз тартып, кечиккен жаздан улам санааркап турат. Анан кантет, эптеп мал менен жан сактап, жашоо кечирип, мал менен турмушун тыңдап келатса. Эгерим эле андай болбосун, бирок, "жаман айтпай жакшы жок" демекчи, жаз дагы бир айга кечиге турган болсо, Атбашы менен Акталаада мал кырылып калганы турат. Азыр облустун бийлиги да ушул маселени ыңгайына карап чечүүгө иш аракет кылганы менен, борбордук бийлик тарабынан камкордуктун учкуну байкала элек.
"Ботом, биз деле элбиз, айта бар бийликке, жаза бар гезитиңе, бийлик бизге да ийилсин. Жардам берсин мобу жаны ачып турган элге. Жиберсин Чүйдөн мобу биртке жандыгына тоют таба албай тегеренип тургандарга" дешет, мага жолуккандар. Айтайын дедим.
Чындап келгенде алардыкы да эп. Болбосо, бир жылда болгону 4 ай жаз көргөн атбашылык, акталаалык туугандар башкаларчылап бары-жогуна бийликти күнөөлөп, митинг, пикетке чыгып, жол тосуп, догуруна элек. Майда-чүйдө маселелер үчүн Өкмөттү "кетсинге" алып, жаратылыштын башка салганын да бийликтен көрүп, "кокуй, өлдүк, жардамга" деп жан алакетке түшкөн эмес. Ошондон уламбы, бийлигиң да жаман көнгөн. Көңүл чордонунан тыш карап, бул жактагылардын жашоосуна жакшылыктуу жардам кыла элек…
Бирок, бул жолу кыргыз Өкмөтү эртерээк кыймылдап, жаздын кечигишинен жутап бараткан Ак-Талаа менен Ат-Башыга тоют жагынан жардам кылбаса болбойт! Антпесе, миңдеген малдар ачкадан боо түшүп кырылып, анын айынан дагы жүздөгөн адамдар кол карап, күнүмдүк жашоосун тыңдай албай, жакырчылыктын сазына батып кете турган болду. Ушуну ойлонушу керек, биздин бийлик.
Жардам дегенде, алар башкаларчылап даяр аш, бекер тоют деле доолашып жаткан жери жок. Болгону, ушу тапта жуттан пайдаланып, чөнтөгүн толтуруп калгысы келген кызыл кулактарга чек коюп, бир боосу 300 сомго чыгып кеткен чөптү арзаныраак баада жеткирип берсе деген эле тилек. Элге азыр ушул гана керек. Болбосо, ортосуна арпа-буудай ширеп койгонсуп, асмандатып чөп саткан соодагерлер элди ойлой турган эмес.
Аягында айтаарым, Өкмөт башы Өмүрбек Бабанов, Айыл чарба министри Сапарбек Тынаев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мырзалар тезинен бул ишке тиешелүү деңгээлде чара көрүп, ыкчамдуу түрдө кыймылдашы керек. Болбосо ачка мал жазды күтүп зарыгып чыдап отурбайт. Жаз болсо кечиккени туру. Мына Бишкектеги суук ушул, ал жакты айтпай ак коелу…

Тынчтык Алтымышев




Алыска ыргытылган кайырмак...Алдастаган Кыргызстан


"Ош-Бишкек" кан жолунун Чычкан капчыгайындагы 246-чакырымынан көчкү жүрүп, үч адамдын өмүрүн алып кетти. Кыргызстандын түндүк-түштүгүн байланыштырган жападан жалгыз ушул жол болгондон кийин, эл жылдын кайсы мезгили болбосун жолго чыгууга аргасыз. Анан минтип табияттын кырсыгына да кабылмайы бар. Бу жол, жайкысын керемет. Ажайып жаратылышка суктанып бара бересиң. Айрыкча, ошол эле Чычкандын ичин көрүп көзүң тойбойт. Ал эми кар оор түшкөн жылдары Суусамырдын ичи көпкөк муз болсо, Ала-Бел, Өтмөк, Төө-Ашуу көчкүсү тыйылбаган азаптуу жолго айланат.
Дүйнөдө экстремалдык автоспорту деген бар. Бир карасаң жанынан кечкен немелер көрүнөт. Бирок, ошолорду чакырып "мынакей көчкүбүз жүрүп турат, жолубуз тигине" деп көрсөтсөң, баары эле көнө коймок эмес. Ошондуктан президент А.Атамбаев айткандай түндүк-түштүктүн ортосунда дагы бир автожолдун зарылдыгы аба менен суудай керек болуп турат. Кереги го керек. Бирок, "төшөгүбүзгө жараша бут суна келгенде" каражатка, илимий-техникалык далилдерге, экологиялык кесепетине барып такаласың. Президент, "Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай" темир жолун салууда, авто жолду кошо сала кетүү зарыл дегендей айтып жатпайбы. Айткан, кыялданган оңой. Ал эми ишке ашырууда Акаевдин Жолчубегиндей мамиле жасоого болбойт. Себеп дегенде "Кыргызстан-Өзбекстан- Кытай" темир жолунун ТЭОсу даяр. Ал эми ага жарыштыра салынуучу кара жолго канча акча кетет, канча көпүрө салынат, кайсы тоонун астынан же үстүнөн өткөрүлөт, узун-туурасы кандай болот, муну эсептеген киши жок. Атамбаевдин эле кыялында жашап жатат.
Аныгында, аталган темир жолду салуу жөнүндө эгемендик каймактагандан бери кеп болуп келе жатат. Кытай тарап 2002-жылы эле 20 млн.грантын бере салып, ал каражатка темир жолду салуунун "сөөгү" иштелип чыккан. Мындан улам Кудай акы, "темир жол салгыла" деген демилге ошолор тарабынан чыкканбы, чыкканда да "силер тиги тоодогу кенинерди эле бергиле, быягын биз бүтүрөбүз" дегенби деп кетесиң. Барып-келип бүгүнкү бийлик "чуулгандуу" темир жолду салдырууга бел байлоодо. Айтымдарында, буга чейин кеп болуп келгендей, ал темир жолдун кунуна кен байлыктарыбыз берилбейт экен. Былтыркы жылы эле андай сөздөр кызуу жүрүп жаткан. 2010-жылдагы апрель окуясынын детонатору "Жетим-Тоо" темир кени Кытайга берилип кетти деген сөз болгону эсибизде. Азыркы бийлик эми андай сөздү айта албайт. Оозунан чыкса, кылдан кыйкым таппай турган оппозициядан мурда элдин өзү ээрден оодара тартышы мүмкүн.
Анан "эмнебизге салабыз деген?" суроого барып такалабыз. Премьер-министр Ө.Бабанов: "Кыргызстан "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун салууда 2 млрд. кредит алалбайт, анткени ансыз да тышкы карызыбыз кокодон" деди. Мурда 2 млрд. керектелет деген жок эле. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Шералы Абдылдаев "...курулуш материалдарынын кымбаттап кеткенинен улам, дагы 650 млн.доллар кошулуп, 2 млрд.га чаап кетти" дейт. Курулуш материалдарынын баасы өйдөлөбөсө эле, эгерим ылдыйлабасы белгилүү. Андай болгондо бу "темир жолдун" куну бүтүп-бүткүчө 3 млрд. болуп кетпейт деп ким кепил боло алат. Андыктан ушу баштан кунун бычып, бышырып албасак болбойт.
Ошону менен кыргыз өкмөтү кылым курулушун каржылоонун эки жолун көрүп турабыз дейт. Биринчиси, кредитор менен партнер катары биргелешкен ишкана түзүү, экинчиси, башкаруу ишеними берилген өзүнчө ишкана ачуу. Ага чейин эл аралык концессия, концерциум түзүү идеялары айтылып жаткан. Кантсе да, Ө.Бабановдун тапшырмасы боюнча ушу жуманын ичинде каржылоо булагы такталып чыкмай болду.
Ошентип, кыргыз өкмөтү жүз күндүгү жакындаган сайын жүгүрүүдө. Эгерде, ушул ирет "Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан" темир жолунун каржылоо булагын ынанымдуу далилдей алышпаса, алдыдагы жүз күндүк "отчетунда" парламенттик оппозициянын туяк алдында калышы мүмкүн. Атургай, ушу кадамдарынан бирдеме чыгабы деп турган карапайым калкты да иренжитип алышы ыктымал.
Кызык жери ушу темир жол кеп боло баштагандан бери бир гана Кытай тарап салмай болду деген сөздөр келатат. Башка инвесторлорду табуу боюнча дээрлик айтылган да жок окшойт. Бу, жол бүтүп калса, дүйнөлүк мааниге ээ болору талашсыз. Андыктан темир жол салуу боюнча бай тажрыйбасы бар, андан пайда табууну көздөгөн башка мамлекеттерден "жуучу" келбедиби дегиң келет. Өткөндө "Ар-Намыс" фракциясы "Темир Роял" аталган немец компаниясы "көз кысып" жатат дегендей болгон. Ф.Куловдун айтымында алар "өз каражатыбызга салабыз, болгону 10 жыл салыктан бошоткула" дешиптир. Орунбасар министр Ш.Абдылдаев темир жол өзүн 10 жылда актайт, Кыргызстандын чөнтөгүнө жыл сайын 210 млн.доллар шакылдап эле түшүп турат дейт. Немис инвесторлору ошол млн.дорду "10 жылча биз алалы, андан кийин темир жол силердики" дегендей кылышты окшойт. Бирок, айтылган менен ошол эле жерде кала берди.
Демек, каржы маселеси да айланып келип, "мен эле салам" деп турган Кытай инвесторлорунун каш-кабагына жараша чечилет окшойт. Бекеринен, баягыда грантын (20 млн.доллар) бере койду дейсиңерби. Кайырмак ошентип, алысты көздөп ыргытылат.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ