Фарерлик аралдар


Фарерлик аралдар Шотландия менен Исландиянын ортосунда Атлантика океанынын түндүгүндө жайгашкан аралдар тобу. Ал аралдар Дания падышачылыгынын автономдук аймагына кирет. Фарерлик аралдар 1948-жылдан бери Даниядан көз карандысыз жашаса да, тышкы саясат жана коргонуу боюнча маселелерде көз карандысыздыкка жете элек.
Фарерлик аралдар 18 жанар тоолуу аралды камтып, жалпы аянты 1395,74 км.кв.ты түзөт (аймагы боюнча дүйнөдө 180-орунду ээлейт). 18 аралдын 17синде 50 миңге жакын эл жашайт. Аралдар 34 муниципалитетке бөлүнүп, 120 шаар жана айыл бар. Аралдардын эң бийик жери Эстурой аралында орун алган Слаттаратиндур чокусу. Бийиктиги 882 метр.
Аралдарда байланыш да жакшы жайылтылган. Болжол менен 23 миң орнотулган телефон жана 50 миң уюкфон бар. 6915 тен ашык сайт ачылып, колдонуучулардын саны 34 миңден ашат. Вертолёт кончу аянтчалардын саны 12ге жетет.
Калктын басымдуу бөлүгү балык уулоо менен жан багышат. Мисалы, Фарердин аралдарында 249 кеме болсо, анын 91и соода флотуна, ал эми 158и балык уулоо тармагына туура келет. Жылына 136,2 миң тоннадан ашуун балык жана деңиз азыктарын кармашат. Ал эми аны саткандан киреше катары 1 млрд. 174 млн. крон түшүп турат. Мындан тышкары, ушул күнгө чейин, Евро биримдиктин өлкөлөрү жана башка чет элдик балык уулоочулар, атайы лицензия алып, 390 миң тонна балык кармашкан.
Нуржигит Бейшебаев