Жарыяланганга кайрылабыз:
"№69 гимназия мамлекет ичиндеги мамлекетпи" ("Алиби" №17(269))

"Биздин милдет татыктуу билим берүү жана Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо"



"Алиби" гезитинин өткөн санында (№17(269)) "№69-гимназия мамлекет ичиндеги мамлекетпи" аттуу макала жарык көрүп, анда аталган гимназиядагы моралдык-этикалык психологиялык абал жана финансы жагдайы тууралуу азыноолак сөз болгон. Ошол макаладан соң, аталган гимназиянын педагогикалык жамааты редакцияга кайрылышып, өз позицияларын да гезит бетинде чагылдырып коюуну өтүнүшкөн эле. Анда бүгүн сөз кезеги №69 гимназиянын мугалимдер жамаатында.

Элебесова Ширин Бекказиевна, кыргыз тили жана адабияты мугалими, профсоюздук комитеттин мүчөсү, гуманитардык бирикменин жетекчиси:
- 2012-жылдын 10-мартындагы комплекс-гимназияда өткөн профсоюздук кеңешмени профкомдун төрайымы Дүйшеева Гүлнара Жаркынбаевна ачып сөз сүйлөдү жана бул чогулушта Байымбетова Нурила Козубаевнанын жумушка жасаган кайдыгер мамилеси жөнүндө айтылды. Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Л.Т. Үркүнбаеванын соцпедагог Байымбетова Нуриланын аткарылбаган иштери жөнүндө маалыматтарды камтыган, жумушту аткарбагандыгы тууралуу актылар, өзүнүн түшүнүк каттары менен тааныштык. Жыйынтыгында Байымбетованын өз жумушун аткарбагандыгынан жумуштан бошотулгандыгына күбө болдум.

Борукчиева Гулмира Турсуналиевна, усулдук иштер боюнча директордун орун басары:
- Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы жыл сайын шаардык, республикалык, эл аралык олимпиадаларда, окуучулар арасында илимий-изилдөө долбоор жактоодо, мугалимдер арасындагы "Мыкты мугалим" кароо-сынактарда, спорттук мелдештерде алган көп жетишкендиктерибиз 2011-2012-окуу жылындагы республикалык "Жылдын мыкты мектеби" деген наамды алуу, биздин жамаат үчүн оңой эмгекке турган жок. Бул жамааттын күндүр-түндүр чыгармачылык изденүү менен жаралган эмгектин жыйынтыгы.

Мырзаева Рыскан Азимовна, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары:
- Макалада көрсөтүлгөн Байымбетованын жалган сөздөрүнөн турган арызы чындыкка жатпайт. Мугалимдердин эмгек акысы дайыма ар бир мугалим үчүн айкын-ачык көрсөтүлөт. Тааныштарына гана көрсөтүлөт деген сөз да жалган. Анткени, ар бир иштеген мугалимдин эмгек акысы тууралуу маалымат алууга, текшертүүгө укугу бар, ошондой эле, ар бир мугалим эмгек акысы жөнүндө маалымат алышат. Жамаатта 190 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 40 мугалим ийрим жетекчилери, 15 мугалим айкалыштырып иштеген (совместитель) педагогдор. "Өлүү жандар" деген сөзү да калп, ошол мугалимдердин баарысы иштейт, же болбосо иштебеген мугалим жок. Жамаатта мугалимдердин саны көп болгондуктан, мугалимдер бири-бирин таанышпайт. Ийрим жетекчилери сабактан кийин белгиленген убактысында келип сабактарын өтүшөт. Ошондуктан, дайыма мугалимдер бири-бири менен тыгыз байланышта боло алышпайт.

Абдыкеримова Самара Абдыкеримовна, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, немец тили бирикмесинин жетекчиси:
- Бишкек шаарындагы №69 окуу-тарбия комплекс гимназиясында 2002-2003 -окуу жылында немец тили тереңдетилген класстары ачылган. Немец тилин тереңдетилген класстар үчүн 3 группага бөлүнүп окутуу жүргүзүлөт. Тилди окутуунун негизги максаты -I жана II даражадагы "Тил дипломун" алуу. Азыркы учурда немец тилин тереңдетип окутуу 23 класс-комплектте окутулуп келүүдө. Окуучулардын тилге болгон кызыгуусу абдан жакшы. Окуучулар чет өлкөдөгү мектептердин борбордук башкармалыгы тарабынан китептер, техникалык каражаттар жана керектүү материалдар менен камсыз болуп келүүдө. Андан тышкары мугалимдер педагогикалык тажрыйба алмашуу кызматы аркылуу өздөрүнүн билимин жогорулатуу үчүн Германия мамлекетине барып тажрыйба алмашуу болуп турат. Бардык каржылоо Германиянын педагогикалык тажрыйба алмашуу кызматы тарабынан милдеттендирилген жана финансылык каражаттар (жол акысы, тамак-ашы, жатаканасы жана медициналык камсыздандыруусу) толугу менен Германия мамлекетинин эсебинен төлөнөт жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде барышат.
Мындан тышкары жыл сайын №69 ОТКГсы Германия мамлекетинин Бремен шаарындагы Оберфиланд гимназиясы менен окуучулардын ортосунда тажрыйба алмашуу долбоорунун негизинде иш алып барат.
2010-жылдын 1-ноябрынан 10-ноябрына чейин Педагогикалык тажрыйба алмашуу кызматы (PAD) Бишкек шаарындагы Кыргызстандын чет өлкөдөгү мектептердин борбордук башкармалыгы (ZFA) тарабынан окуучулардын алмаштыруу долбоору боюнча 11-Г классынан 11 окуучусу жана немец тили боюнча волонтер мугалими Мария Крингс жана №69 ОТКГнын директору Атаева Сайрагүл Токтосуновнанын жетекчилиги менен Бремен шаарынын Оберфиланд гимназиясына барышкан. Бул долбоорду толугу менен (ZFA) Германиянын Чыгыш-Батыш фондусу жана (PAD) каржылаган. Финансы каражаттар (жол акысы, тамак-ашы, жатаканасы жана медициналык камсыздандыруусу) төлөнгөн.

Калбаева Шарипа
Мамытовна, мугалим:
- Мен комплекс-гимназияда көп жылдан бери музыка мугалими болуп иштейм. Жердештик ж.б. көрүнүштөр биздин жамаатта жок. Ал сөздөр туура эмес. Баарыбыз педагогбуз ошондуктан окуткан окуучуларыбызды татыктуу билимге жана Ата Мекенди сүйүүгө, коргоого тарбиялайбыз.

М.Солтобекова