Беш түстүү дарыя


Колумбиянын Саранья де Ла-Макарен аймагында ажайып бир дарыя бар. Каньо Кристалес же жергиликтүү эл атагандай - Беш түстүү дарыя. Ал дүйнөдөгү он кооз суулардын бирөөсү деп эсептелет. Суунун эл арасында Беш түстүү дарыя деп аталышынын да жүйөөсү бар. Дарыянын түбүнөн, суунун бетинде ар кайсы түстөр көзгө урунат. Жаратылыштын мындай кооздугун көрүүгө ашыккандардын саны жыл санап өсүүдө. Көргөн көздү суктандырган кооздукка эч ким кайдыгер карай албайт...
Каньо Кристалестин башаты Макарена тоолорунан (Макаренага 1 млн 200 жыл болгон деп айтылат) башталып, чыгышты карай агып, Гуайаберо дарыясына куят. Суунун узундугу 100 чакырымдан ашпайт, туурасы 20 метр.
Сууну ар түстө көрсөткөн дарыянын түбүндөгү ар түрдөгү балырлар, кум жана аска таштар. Жээктеги аска таштарда көп сандаган жарганаттар жашашат. Суунун өзүнөн ар кайсы түстү кездештирсе болот: сарысы, көгү, жашылы, карасы жана кызылы да бар. Суу ичинен ушул беш өң куюлушуп, бир башкача таасир калтырат. Кызыл, жашыл, сары балырдын, таш-кумдардын таасирлүү болгонун, дарыядагы суунун тунуктугу менен байланыштырса да болот. Бирок, суу тунук, таза болсо да ичүүгө жарамдуу эмес. Сууда азык болчу өсүмдүктөр жок болгондуктан, дарыяда майда балыктар гана учурайт.
Дарыянын түстөрүнүн ачыктыгы жыл мезгилине жараша өзгөрүп турат. Мисалы, жай айларында Клавижера кызыл гүлү көп болуп, кызыл түс басымдуулук кылат. Ал эми көлөкөлүү жерлерде көгүлтүр, жашыл түстөр көбүрөөк экени байкалат. Өзгөчө, жаздын биринчи күндөрүндө, дарыянын кооздугу эч бир мезгилге теңегис ажайып көрк алат. Кургакчылык мезгилинде Каньо Кристалесте суу аккан сайлар эле калат. Жаан-чачын катуу болгон кезде суунун агымы балыр, гүлдөрдүн баарын агызып кетет.
Дарыя көрүүчүлөр үчүн июнь айынан ноябрдын аягына чейин ачык. Көрүүчүлөр дарыянын булуңдарында сууга түшүүнү адат кылып алышкан. Уламыштарда айтылгандай, Беш түстүү дарыянын суусуна түшүп, кайра төрөлсө болот.

Нуржигит
Бейшебаев