Шайтандаган шайлоо, шайы оогон эл



Элди экиге, жерди жетиге бөлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Кызыл-Жылдыз, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Куйручук айыл округдарынын 11 шайлоо участкасында болуп өтүп, 65 депутаттык орунга 123 талапкер аттанып, дүңү менен дүрбөп алышты. Жыйынтыгында "Республика"-17, "Замандаш"-12, "Таза табият партиясы - 1 орун, ал эми өзүн өзү көрсөткөн жарандар 34 мандат алууга жетишти. Шайлоонун жүрүшүндө эмне болсоң ошо бол дегенсип, көз карандысыз байкоочулардын бири да болгон жок. Заманыбыздын далай заарына чыдаган чымыр эл мындай шайлоону көргөн эмес.

Президенттик, парламенттик шайлоодо катышпаган, келбеген, көрбөгөн адамдарды мына ушул уруучулук, жалган патриот, коррупция аралашкан, алып - сатар шайлоодо көрдүк окшойт. Бөлөк шайлоолордо жөө келип, жөө кетсек, бул шайлоодо жөө жүргөн адам болбоду. Маңдайыңа келип токтогон унаага "жок түшпөйм" - деп кантип айтасың. Анан унаага отура калсаң "баланча-түкүнчөгө", же болбосо, "номери мына, эми ушуга эле добуш берип кой" деген сөздөр, оң кулагыңан кирип, сол кулагыңан чыгып турду.Анан демейде келалбайм, басалбайм деп бакылдагандар бул шайлоодо басып жетип келишсе, аргаңды таппай, алдастап калат экенсиң.
Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттары чачалбаган чачыланы айлыгы жок айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер ысык- суугун аралаштыра чачып, майталкан кылышты. Кайран эл курсакка бир нерсе кирсе эле эртеңкисин унутуп, көңүлчөөк болуп кетет тура.
Анан бир адам үч кишиге добуш бергени андан кызык болду, Ошентип, айыл өкмөт болом дегендерди алдыга салып, өз адамдарыбызды депутаттыкка аттантып, ириген сүттөн айран уютуп жибердик. Ботом, карапайым элди ойлоп койсоңор боло, кызмат эмне колдун кири, элди экиге бөлбөгүлө деген бирөө болбоду. Коррупция токтомок турсун эми башталмай болду окшойт. Өтүп кеткен депутаттарды айыл өкмөт болчумун дегендер параламай башталды. Азыр рахмат, меники жетет демей жок, бергенин алмай, "кимди ким көрдү, капчыгыбызды пул басты" болуп отурганга көнгөнбүз.
Айылдын өнүгүшүнө умтулуунун ордуна, жакырчылык кокобуздан басып отурганы аз келгенсип, айылдык интеллигенция акыл-эсин аракка алдырган. Келечегин ойлонмок түгүл, элдин жарымы уйкуда. Чакан бөлүгү элдин атын жамынып, бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн ак-терек, көк-терек ойноп, тууганчылык илдет менен ооруп, сан элдин сазайын берип жатканы элетте байма-бай, күпүлдөтө айтылып жатат.
Жаңы-муун, өлкө келечегин жолго коер жаштар келмейин, баягы эле тытылып тамтыгы чыккан эски жүздөр алмак-салмак бийликке жутунуп, жумурткадан кыр издеген кыйшыкбайлар , элди кыңк эттирбей келе беришери анык. Жаштарды тебелеп кеткен мурункулар, бүгүн элди жыргатпасы айдан ачык боло баштаганын байкап турасыз замандаш!!!
Чындыгында эле эгемендүүлүк, эл-жер, келечек-муун деген түшүнүктөн эчтеме жок, жалаң байлыкты көздөгөн, бирөөнүн куралы болуп, анын кызыкчылыгын ойлогон "эл-безерлердин" көптүгү, бүгүн жамы кыргызды өкүндүрүп, кабыргасын кайыштырып турат.
Эми сөздүн аягында элибизде токчулук, ынтымак болсунчу дегим келет. Эл жыгылып-туруп эптеп жапкан эгемен токочун жеп кетет, болгону элдин тагдыры, элдин жашоосу, элдин үмүтү, шайланган депутаттар сиздердин колуңарда. Андыктан "эки кылымга тете - эки түн" демекчи, беш жыл "а" дегиче өтүп кетет, кандай жол менен өтсөңөр да эл менен болуп, эл үчүн иштеп бергиле!



Мирбек АСАНАЛИЕВ, элеттик
журналист, Жумгал
району