Кыңыр иш кырк жылда

Акмат Бакиевди ким качырган:


ОПГбы?


Акмат Бакиевдин №35 жатак абагынан гана эмес, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишинин жаңы жагдайлары ачылчудай өңдөнүп калды. Транспорт прокуратурасы Акмат Бакиев Өкмөттүк самолетто атайын рейс менен Кыргызстандан учуп кеткен деген маалыматты текшерип жатканын, анын башчысы Куван Мамакеев билдирди. Анын айтымында, бир катар ММКда экс-президенттин соттолгон бир тууганы 3-марттын түнүндө "Манас" аэропортунан самолет менен учуп кетишкенин жазышкан. Куван Мамакеев: "Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы ИИМдин Транспорт ИИБсы менен бирдикте иликтөө иштерин баштап, бул эмне болгон самолет, кайдан, кайда, качан учуп кеткенин тактоо үчүн "Кыргызаэронавигацияга" сурама жөнөтүлдү" дейт.
Адатта, бул өңдүү "уткалар" жөн-жай эле жеринен жарала калбайт. Бир нерсеге негизделип айтылат. Болгондо да, мындай имиштерди катардагы журналисттер эмес, атайын кызматтар таратат. Демек, Акмат Бакиевдин абак жайынан качышынын артында гана эмес, "Акмат Бакиев 3-мартта "Манас" аэропортунан түндө Өкмөттүк самолетто атайын рейс менен учуп кетти" деген имиштин артында да таасирдүү күчтөр турганында талаш жок. Бул абдан ойлонулуп, бери дегенде бир-эки ай ийне-жибине чейин иштелген операция. Демек, ЖАМКтын башчысы Шейшенбек Байзаковдун үстүнөн үстөккө-босток жасалган кысым, парламенттеги Шейшенбек Байзаковду кызматтан кетирүү тууралуу маселе да, Акмат Бакиевди Кыргызстандан чыгарып кетүү үчүн жасалган операциясынын бир бөлүгү катары карасак болот. Кайсы депутаттар эмне деп эле Байзаковго асылып жатты эле, ал депутаттардын Бакиев менен мамилеси кандай болгон, муну билип коюу да кызык. Барып-келип, жыл башынан бери Жаза аткаруу кызматынын айланасындагы сыр-борлордун баары Акмат Бакиевди качырып ийүү операциясы менен байланышкан болушу толук ыктымал. Мүмкүн, Байзаков Акмат Бакиевди качырып жиберүү операциясы уюштурулуп жатканын билип, ага каршы тургандыр. Ошол үчүн тепкиге алынгандыр.
Муну эскергенибиз, өз кезегинде экс-президент Курманбек Бакиевди да дал мына ошентип каратып туруп, качырып ийишкен. Акмат Бакиевдин качып кетишин комментарийлеген "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу: "Мен 2010-жылы Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарбаш керек болчу деген пикирдемин. Ага сот аркылуу: "Ооба, сен күнөөлүүсүң, сен жоопкерчилик тартышың керек" деп айтыш керек болчу. А биз болсо, аны өлкөнүн аймагынан чыгарып жибердик да, анын артынан: "Бизге Лондон бербей жатат, бизге Белорусия бербей жатат" деп кыйкырып жатабыз. Бул өтө күлкүлүү. Анда эмнеге аны өлкөдөн чыгарыш керек эле" деп кыжыры келгенин жашырган жок. Көрсө, Турсунбай Бакир уулу 2010-жылдын апрелинде Малайзиядагы элчилик ордун таштап, Кыргызстанга келген экен. Убактылуу Өкмөттүн башчысы Роза Отунбаевага Бакиев менен сүйлөшүүлөргө барайын, ал колго түшүп берсин деп сунуш кылганда, Отунбаева каршы болуп койгон экен.
"Мен машинага да олтуруп калгам, бирок алар: "Кереги жок" дешти. Мен болбой эле кеттим, жарым жолго жеткенде, мага чалышып: "Барбай деле койсоң болот. Убактылуу Өкмөт Курманбек Бакиевдин самолет менен Казакстанга учуп кетишине уруксат берди" деп айтышты. Бул жолу да көшөгө артында кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мен ойлойм, бийлик тараптын бул кылган иши туура эмес" дейт эл өкүлү.
Турсунбай Бакир уулунун айтымында, бийлик экилтик оюнду ойноп жатат. Ал: "Акмат Бакиевдин качышына себепкер адам жана күчтөр, ал жогорку бийлик эшелонунда болбосун жазасын алууга тийиш" деп эсептейт. Биз да ошондой ойлойбуз. Мында Акмат Бакиев "Манас" аэропорту аркылуу учтубу, же учкан жокпу, ал төртүнчү, бешинчи маселе. Учса андан бетер. Өз кезегинде, эл аралык издөөдө жүргөн Борис Березовский "Манас" аэропортуна ээн-эркин учуп келип, Көлгө барып эс алып, кайра учуп кеткен. Бул жолу куду ошондогудай окуя кайталанып жатат окшойт. Эгер Акмат Бакиев "Манас" аэропорту аркылуу учкан болсо, анда бул эмне болгон аэропорт, катардагы кылмышкерден эл аралык издөөдөгү кылмышкерлердин транзитине айланган аэропортпу деген суроо жаралат.
Дегеле, биз кандай мамлекетте жашап жатабыз? Күч структуралары эмне эле мышык-чычкан ойногонсуп, элдин көзүн боемолоп жатышат? Акмат Бакиев качса, кетсе жөн эле баса бериппи? Демек, анын артында кылмыш дүйнөсүндөгү "мыйзамдуу" ОПГбы (организованная преступная группа), же Акүйдө олтурган бакиевдик күчтөрбү, же береги эле ОПГбы (организованная парламентская группабы), же Акүйүбү, Көкүйүбү, сөзсүз бир күчтөр турат. Кыңыр иш кырк жылда демекчи, ал деле бир күнү Березовский Кыргызстанга келип кеткендей болуп ачыкка чыгат. Билинбей, көрүнбөй калат дегендер өтө чоң жаңылышат.
Болотбек Таштаналиев





Эскиден калган оору

Бийликтин кулагы


сокур, көзү дүлөйбү?


Акмат Бакиевдин №35 жатак абагынан качып кеткендиги тууралуу маалымат эл ичинде чоң нааразычылыктарды жаратууда. Бири Акмат Бакиевдин качып кеткени үчүн Жаза аткаруу кызматы айыптуу десе, башкалар кимди айыптаарын билбей турат. Кантсе да, бул жагдай учурдагы бийликтин шалаакылыгын, кайдыгерлигин, иш билбестигин гана эмес, мамлекет тагдыры тууралуу ойлобостугун да көрсөтүп турат. Сыягы, азыркы бийликте отургандар, азыркы кызматтарына кандай жол менен келгенин жана ушул эки жыл ичинде Кыргызстанда болгон окуяларды унутуп койгондой.


7-апрель
7-апрелде Бакиевдер алардын авторитардык режимине каршы чыккан элге ок аткан. Элди аяган да, каакы ордуна көргөн да эмес. Мына ошол күнү кыргыз журту 87 эр-азаматынан ажыраган. Миңден ашууну жарадар болуп, азыркы күнгө чейин дарыланып келишет. Арасында 7-апрелде тийген октун айынан каза болгондору да бар. Тилекке каршы, анүчүн жазыксыз төгүлгөн кан үчүн 7-апрелде элге ок атууга тиешеси бар делген бардык кылмышкерлер аныкталганы менен, алар ушул күнгө чейин жазасын ала элек. Ошол эле К.Бакиев, Ж.Бакиев, М.Бакиев, О.Малеваная өңдүү эски бийлик адамдары сыртта качып жүрүшөт. Ал эми Кыргызстандын ичинде кармалып калган же өз эрки менен келип колго түшкөндөр акчанын күчү мененби, айтор белгисиз, дайын оту жок жоголууда.
Бакиевдин буйругун аткарып, карапайым элдин башына калайман салганда дени-карды соо немелер эми мыйзам алдында жооп бериш керек болгондо, "бөйрөгүмө суук тийип калды, тамагым кырылдап калыптыр" деген шылтоолор менен ооруканага, үй камагына чыгарылып, кача турганы көп күттүрбөй шуу эттирип, качып кетишүүдө. 2010-жылдын 7-апрелинен бери кимдер гана качкан жок: О. Малеваная, С. Балкыбеков, К. Жороев... Бүгүн алардын бар-жогун сурап койгон киши жок.
Эми ошол качуу-качыруу операциялары тенденцияга айланып (мындай иштер бийликтин унчукпаган макулдугу менен жасалат эмеспи), 3-мартта Бакиев Акматты тузагынан чыгарып ийишти. Жаза аткаруу кызматын айтышат, бизде УКМК деген өзү эмне иш кылат? Же коррупционер кармай албаса, минтип Бакиевдерди качырса...
7-апрелде каза болгон эр-азаматтарды Ата-Бейитте акыркы сапарга узатуу зыйнатында А.Атамбаев, Т.Сариев, Ө.Текебаев ж.б. эл алдында Бакиевдер кармалып, жазасын аларын айтышып, ант беришкен эле. Ага бүтүндөй кыргыз эли күбө болгон. Эмичи? Эми ошол айтылган убадалар куру сөз экенин көрүп жатабыз. Урматтуу убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, кана Бакиевдердин үй-бүлөсүнөн кимиси жасаган кылмышы үчүн жазасын алды, айткылачы?! Айткан убадаларды аткарбагандыгыңар үчүн жооп берчү убакыт деле келди го. Ушул күнгө чейин 7-апрель боюнча сот аягына чыга элек жатып, ага катыштыгы бар делген кылмышкерлердин дээрлик баары куйругун түйүп качып кетишти. Эми алардын ордуна кимди соттойбуз?

Ош коогасына тиешеси
барлар качан
жооп беришет?
Ош коогасы болгонуна эки жылга чукулдап калды, бирок, дале, эки улуттун ортосундагы жаңжалды чыгарган уюштуруучулар жазасын алган жок. Күнөөнүн баарын Кадыржан Батыровго үйүп коюшту эле, анысы, "мен эч нерсеңерди билбейм" деп, сыртка качып кетти. Болгону, Ош окуясын уюштуруучуларынын бири деп укук коргоочу Азимжан Аскаровду кармашты да, өмүр бою эркинен ажыратышты. Мына силерге Ош окуясын уюштуруучуларын камадык дегенсип коюшту. Бирок, жаңжалды ким уюштурганын, эмне максатта экендигин ырастап, тактап беришкен жок. Ош окуясы боюнча жоопко жалгыз Азимжан Аскаров тартылып, жаңжалды чыгарган калган анабашы болгон уюштуруучулар кутулуп кеткенине элдин ичи чыкпай жатат.

Уулуу көмүр тууралуу баян
Уулуу көмүрдүн чуусун баарыбыз эле билебиз. Шибегени капка ката албагандай эле, уулуу көмүрдү ким алып келгенин, анда кимдин кызыкчылыгы жатканын эл билди. Көмүрдүн Куландан алып келинүүсүнө президентибиз Алмазбек мырза өзү кол коюп, уруксат бергени ачыкталды. Эми муну билгенден кийин, айтар сөз, "Ишенген кожом сен болсоң …" дечү беле?
Бул маселени ЖКда, премьер-министр да, президент да карап, аягында бир шылтоону айтып, уулуу көмүрдү казактар өз акчасына чыгарып кетишмей болду, сүйүнгүлө дегенсип, жалпы журтту алдашты. Ошону менен көмүрдүн чуусу тынчыды да калды. Көмүрдү алып келген, аны алып келүүгө уруксат берген, уулуулугуна карабай мектептерге таратып жиберген бир да жетекчи жазасын алган жок.
Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында канча окуялар болду. Мына, Аксы окуясын айталы. Ким жооп берди? Эч ким жоопко тартылган жок. Же адам деген бийликке жеткенде кубулмага айланабы?
Сөздү жыйынтыктаганда, учурдагы бийлик айткан убадаларын аткарбай, убадасын унутканы кейитет. Мурунку бийлик да айтканын орундатпай, акыр-аягы элди бир силкинтип, өздөрү чет жакка качып кетишти го. Же өткөн эки революция бийликке сабак боло албайбы?

Нуржигит Бейшебаев






Алиби
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!