Мирослав Ниязов, коомдук ишмер: "Коррупционер" деген айып бир кишиге тагылдыбы?"
- Адатта жаз келери менен эле митингдер башталып, эл көтөрүлчү болду. Революция болсо деле бийликке нааразычылык күч. Ушинтип эле бийлик жетпей калганда митинг уюштуруу жолу менен саясат жасай береби?
- Бул терең маселе. Эмне себеп менен митингдер болуп атат? Мына, 2005-жылга чейин Акаев бийликте, андан кийин Бакиев келди. Бийликке келген адамдар мамлекеттин багытын так билиши керек. Мисалга, армиянын командири тактиканы билбесе-бул армия эч качан утпайт. Бизде дагы ошондой болуп атат. Президенттер, жетекчилер келет бирок, жада калса экономикалык, саясый ориентирлери жок. Мамлекеттин башына мамлекеттик ишмерлер эмес, иш билбеген чийки саясатчылар келип отурат. Элдин чыдамы жеткен чегине жетип, революция болгон. Ошол 2005-жылдын 24-мартын перманенттүү (токтобос) революция башталган күн деп эсептөө керек. Үй-бүлөлүк башкарууну кетиргенге, бийликтин тазалыгы, профессионалдык деңгээли, саясый маданияттуулук үчүн күрөш башталды. Таза, Кыргызстанды алдыга жылдырууну так билген адам бийликке келмейинче бул революция токтобойт. Бул эки революция эмес, мындай нерсе дагы алдыда болушу ыктымал. Быйылбы , же башка жылыбы дагы революция болот. Бирок, мунун да максаты жогорудагыдай.
- Интеллигенциянын арасында ошондой таза, иш билги команда барбы?
- Албетте, Кыргызстанда патриоттук сезими жогору, таза, мыкты адистер бар. Бирок, 20 жылдан бери мындай адамдарды четке кагып, тууганчылык, жердешчилик жана акчанын күчү менен кызматка келүү жолу гүлдөгөн. Ошентип жүрүп бүгүн ишке келгендерди мыкты адис, профессионал эмес болуп калды. Башкаруу системасын өзгөртүп атабыз. Конституцияны 8 жолу өзгөрттүк. Мыйзамды өзгөртүп койсок эле эртең жакшы жашап калабыз деп ойлоп атабыз. Биздин эң негизги адашкан жерибиз ушул. Мыйзам-бул жөнөкөй эле декларация. Ушул декларациянын маанисин арттырып, иштеттирген-бул адам. Бир дагы мыйзам жакырчылыктан алып чыгып кеталбайт. Ар бир иштин башында мыйзам эмес, адам турушу керек. Адамдын күчү менен чоң ийгиликке жетсе болот. Бирок, ошол эле адамдын акылсыздыгы менен мамлекеттин ишпалдасы чыгып калат. Акаев, Бакиевдин кылган иштерине Конституция күнөөлүүбү же президенттерби? Биз Конституцияны күнөөлөп, аны алмаштырдык. Дагы жүз жолу алмаштыралык, эч качан андан жыйынтык чыкпайт. Анткени, мамлекеттин башында адам турушу керек.
- Бүгүнкү бийлик коррупцияга күрөш ачты. "Өздөрү коррупционер болсо, кантип күрөшүшөт?" дегендер да жок эмес. Миллиондорду уурдагандар эмес, ортодо 100-200 АКШ доллары менен кармалгандар арбыды?
- Коррупция менен күрөшүү үчүн үч негизги нерсе керек. Биринчи- саясый эрк, экинчи-граждандык эрк, үчүнчү- юридикалык механизм керек. Ушуну изилдеп көрөлүчү. Биринчиден бизде саясый эрк барбы? Биз коррупция менен күрөшкөнгө эч кандай саясый эрк жок. Бул жасалма. Паракорчулук менен күрөшүүнү таза жана жолду так билген адам жасаш керек. Утурумдук бийлик азыр расмий бийлик болуп отурат. Ошол утурумдук бийлик учурунда банктагы ячейкалар талкаланды. Мына ортодо 20 млн. доллардын тегерегинде сөз болуп атат. Ал эми иш жүзүндө 20 эмес, ячейкадан 100млн. доллар чыгарылганын айтып атышат. Бекназаров, Атамбаев, Сариевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү коомчулукка чыгып, элге маалымдалып кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин, буга жооп жок. Максимдин лабораториясынан 2 тоннага жакын алтынды Малайзияга алып чыгып кетишкенин ММКлар жазып чыгышты. Бирок, "коррупция менен күрөшүп аткан" бийлик бул тууралуу да унчукпайт. Мына ууланган көмүрдү алып келишти. Буга А.Атамбаев өзү кол койгонун ачык эле айтып чыкты. "Мен кол койсом дагы, бул иштин бети ачылсын"- деди Президент. Аны ачууга көп деле колдун кереги жок. Буга кызматтык иликтөө жүргүзсө эле алаканга салгандай эле көрүнүп калат. Бирок, буга эч ким жооп бербей атпайбы? Президент: "мен укук коргоо органдарына команда бердим" деп атат. Мына президентте да эрк жок. Парламент болсо, үстүртөн маселени коё коет да, болду жаап салат. Бүгүн парламент да унчукпайт. Премьердин эрки барбы? Муну экологиялык диверсия деп атасак жаңылышпайбыз. Ууланган көмүрдү ким алып келет? Муну алып келген элдин душманы. Өз кызыкчылыгын гана ойлогон адамдар. Эртең эл кырылып өлүп кетсе, көзүнөн бир тоголок жаш чыкпайт. Бийликке келгендердин баары "башкарам" дейт. Бирок, жоопкерчиликтен баары качышат. Кабинетте отуруп алышып, коррупциялык схемага акырын кол коюп коюшат. Кокус, ал иш ачылып, элге билинип калганда, санитар, темир жолдогу кызматкер өңдүү майда жетекчилерге күнөөнү оодарып коюшат. Жоопкерчиликтен корккон адамдардын бийликке келишинен коркушубуз керек. Анткени, алар бир жагынан уурдайт, экинчи жагынан жоопкерчиликтен качып башка бирөөнү садага чабат. Өздөрү коррупцияга аралашып атышса, каяктан саясый эрк болот? Экинчиден, жарандык эрк керек. Бүгүн эл коррупцияга каршы аракетти катуу колдоп атат. Элге ыраазычылык билдирип коюш керек. Бизде жарандык эрк бар. Ал эми коррупция менен күрөшкөнгө так юридикалык механизм керек. Бүгүн биз эч кандай юридикалык механизм жок. Анткени, дүйнөдө бир дагы мамлекеттик мыйзамдарда конкреттүү түрдө коррупция деген кылмыштык берене жок. Коррупция-деген кубулуш. Кылмыштуулук сыяктуу эле коррупция Кылмыш Кодексинде каралат. Биз бүгүнкү күнгө чейин коррупциянын табиятын түшүнбөй атабыз. Ошол беренеге таянсак биз эч качан коррупция менен күрөшө албайбыз. Ал беренени тапкан ким?Акылы кыска депутаттар. Ошол депутаттар дүйнөнүн кайсы мамлекетинде коррупция -деген берене бар экенин таап берсинчи? Жок, андай. Ошондуктан юридикалык жактан коррупция менен күрөштү жолго коюшубуз керек. Кылмыш Кодексинин 303-беренесин биротоло жоготушубуз керек. Коррупция боюнча биз дүйнөдө алдыңкы мамлекетпиз. Бирок, 303-берене менен бир дагы адам жазага тартылган жок. Коррупцияга каршы атайын мыйзам менен иштешибиз керек. Ошондуктан, коррупция менен күрөштө саясый эрк жетишпейт. Бийликте коррупционерлер отурат. Юридикалык механизм жок жана элге коррупция кылмыштык беренеби, же кубулушпу түшүндүрүүлөрү керек.
- Негизинде, пара алган менен пара берген киши дагы жооп бериши керек да туурабы?
- Негизи берген дагы, алган дагы адам жооп бериш керек. Коррупциянын табиятын түшүнө албай жатабыз дегеним ошол. Коррупция-бул 100 $ акча эмес. Мен өзүмдүн башымдан өткөн бир нерсени айтайын. КГБнын башчысынын орун басары болуп турганда, мага келишип:"мобу чиновник 100$дан пара алып атат. Ушуну эртең кармап, отургузуп салсак эмне дейсиз?" -дешти. "Анын канча баласы бар экен?"-дедим. "Үч баласы бар экен". "Аялы иштейби?"-десем, "иштебейт, балдары кичинекей экен"- дешти. " Анда неге 100$ менен кармап, 3-5жылга кесип салганга аракет кылып атасың. Анын балдарын сен багасыңбы? Такай акча алып атса, ошол арыз материалдарды алып, министрине жазгыла. Ал өзү жыйынтык чыгарсын. Биз бири-бирибизди алдабашыбыз керек. Коррупция менен күрөшкөн адамдарга мамлекет толугу менен шарт түзүп бериши керек. Бүгүн болбогон айлык менен иштеп жаткан антикоррупциячыл кызматкер өзү айла жоктон пара алганга барат.
-Өкмөт элди жакырчылыктан чыгаруу аракети деп, насыяларды берип жатат. Ошол эле убакта насыя алгандардын көбү аны кайтара албай үйүнөн ажырап, ыйлап жүрүшөт?
- Былтыр 1 миллиардга жакын кредитти элге бөлүп беребиз дешкен. Ошонун теңи эле бөлүндү. Быйыл дагы кредит берип жатышат. Мындай жалпы кредит берүү менен эч качан Кыргызстанды, айыл-чарбасын көтөрө албайбыз. Майда кредиттердин зыянынан башка, пайдасы жок. Көпчүлүк кредит алып алган адамдар дебитордук карызга түшүп калды. Мына Акаевдин мезгилинде акылсыздык менен канча акчаларды жалпы кредиттик кылып, элге таратып жиберди. Кыргызстан биротоло отуруп калды. Алган кишилер же кредиттерин кантип пайдалуу жолго жумшарын билишпейт. Ошол кредиттерди алгандан кийин, айлык-акы, пенсия, пособиелер төлөнбөй, Кыргызстандын каржы системасы оор акыбалга келип калды. Өндүрүшүбүздү коргойбуз десек, кредитти жалпы баарына бербеш керек. Кайсы тармакты көтөрүшүбүз керек жана ошол тармакка канча каражат жумшалаарын мамлекет билиши керек. Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн гана эмес, даяр азыктардын запасына чейин мамлекет камсыздаш керек. Кыргызстан мителик менен жашап калган эл. Сырттан 500 миң тоннага жакын буудай,100 миң тоннага жакын кумшекер , 75 миң тонна эт,анын ичинде 65 миң тонна тооктун этин, 12 миллион жумуртка, 30 миң тонна өсүмдүк майын, 8 миң тонна маргарин, миллион тонна көмүр алып келип жана башка керектүү товарлар алып келип атабыз. Эртең дүйнөлүк кризис болсо, баалар асмандап кетет да Кыргызстандын эли ачкадан эси ооп, кулап калат. Кандай жол менен дүйнөлүк кризиске илинбешибиз керек. Биз азык-түлүк жагынан көз карандысыз болушубуз керек. Азык-түлүк коопсуздугун эң башынан бекемдеш керек эле. Биз бүгүн өзүбүздү өзүбүз багалбаган элбиз. Муну так түшүнөлүк. Бардыгын сырттан алып келип атабыз. Анан бирдеме болсо эле дүйнөлүк кризис экен деп жатып калабыз. Өзүбүздүн улуттук электр түйүнүбүз жок. 30 млрд. тонна өзүбүздө көмүр кени жатса, Казакстандан ууланган көмүрдү алып келип атабыз. Бул эмне деген жашоо?! Кыргызстан өзүбүзчө эл, мамлекет болобуз десек көз каранды болбой, азык-түлүк коопсуздугун камсыздашыбыз керек. 100% керектүү азыктар өзүбүздө болуп, өзүбүздү өзүбүз багып кетмейинче, мамлекет катары башыбызды көтөрө албайбыз.
- Бийликтин дагы бир иш программасы -кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү болуп жатат. Ошол эле мезгилде кылмышкерлерге согуш ачкан Байзаковго бут тосулууда. Ушул процесске оюңуз кандай?
- Башында айтып кеткендей адамды күнөөлөбөй, системаны күнөөлөп келдик. Ошол жол менен парламенттик башкарууга өттүк. Биринчиден, парламенттик башкарууга түп тамырынан даяр эмеспиз. Бизде эл бийликке 100 пайыз көз карандыбыз. Жоопкерчиликсиз башкаруу системасын ойлоп таап алдык. Бул акылсыздык. Бир иш чыкса 120 депутат, президент, премьер кийлигишет. Аягында эч ким жооп бербейт. Мурда түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлүнсөк, эми партиялаш болуп бөлүнүп атабыз. Сот системасын да бүгүн талкалап эч нерсе жасай албай атат. Ар бир партия колунан иш келсе, келбесе да, өз партиясындагы адамды кызматка койгонго аракет кылат. Байзаков ушул системанын курмандыгы болуп калды. Мындай адамдар толтура. Бийликтин жоопкерчиликсиздигин түрмөдөгүлөр да сезип атат. Буга өзүбүз келип алдык. 120 депутаттын кичинекей Кыргызстанга эмне кереги бар? Же саясый түшүнүктөрү болбосо, Ширин Айтматова айткандай, парламент драмтеатр болуп калды.
- Жакында Президент Россияга барып, авиа базанын ижара акысына делген 15 млн. долларды өндүрүп, ошону менен бирге "биз Россия менен теңата саясат жүргүзүшүбүз керек" деп келди. Буга сиздин оюңуз?
- Биринчиден, элибиз үчүн Москвага барбай койсо жакшы болот эле да. Шайлоо кайнап жаткан учурда барып алды, Медведевге деле, Путинге деле абдан оор учур болчу. Иш абдан кайнап аткан. Ошол учурда буларга тоскоолдук кылбаш керек эле. Акча доолай турган учур да келмек. Эми сүйлөгөн сөздөрүн айтпай эле коёюн. Кандайдыр бир деңгээлде орой сүйлөгөнү Москванын чиновниктерине жаккан жок. Мындан бизге дилема болуп калды. Себеби, бир жагынан 15 млн. долларды уткандай болуп атабыз. Экинчи жагынан жүздөгөн миллион долларларды уттуруп койгон жокпузбу? ГСМдин баасынын көтөрүлүшү, кредиттик транштарды токтотуу , кыргыз мигранттарды кысымга алуу чоң ыктымал бар. Путин кечиримдүү, толеранттуу адам. Бирок, көңүлүндө "тык" дей түштү го. Тышкы саясатты чоң маданияттулук менен жүргүзүшүбүз керек.
Нурайым Рысмамбетова
