Жолдошева жок деди


Учурда 41 мамлекетке Кыргызстанга визасыз киргенге уруксат берүү маселеси кызуу кеп болууда. Депутат Ж.Жолдошева; "…эгер мындай болсо Өзбекстанга эшигин катуу жаап алат, алар менен кыз алып,кыз беришип турабыз. Эгер өзбектер эшигин жаап салса жаштардын, жалпы элдин убалы кимге",- деп тызылдаса, Экономика жана антимонополия министри Т.Сариев официалдуу Өзбекстан бул маселе боюнча эч нерсе билдирбегенин айтат. Акыры виза көйгөйү тиги же бул жагына чечиле турган болуп калды окшойт.


Апыртып ийишти окшойт


Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2012-жылдын январь айында Кыргызстанда орточо айлык акы 9 миң 708 сомду түзүптүр. Же болбосо 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,9 пайызга өсүп кетиптир. Буга ишенер ишенбести билбей башыбыз маң. Ошол эле учурда 61,4 миң адам жумушсуз экен. Ал эми инфляция январь-февраль айларында болгону 0,9 пайызга өсүптүр. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга көптүк кылат. Анан эмнебизге мактанабыз дейбиз да.


Бакиевдер карааны…

Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлүүгө кимдер кызыкдар?


Заматта бийлигин колдон жулдуруп, ар өлкөдө баш калкалап жүргөн экс-президент Курманбек Бакиев жана анын туугандары элдин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн уруп ойнобостон, эски режимин кайтарып алыш үчүн Кыргызстанды бөлүп-жаруудан дагы кайра тартпай келет. Мындай аракет оппозициянын 1-мартта Ошто өткөн митингинен, ошондой эле Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо мэр Мелисбек Мырзакматовго караштуу "Улуттар биримдиги" партиясынын жеңишинен кийин күчтөнө баштаганы байкалды.
Мунун алгачкы белгиси катары мурдагы ажонун үкасы Акмат Бакиевдин жаза мөөнөтүн өтөп аткан жеринен "көздөн кайым" болгонун айтсак жаңылышпайбызбы? Анткени, эркинен ажыратылды дегени менен А.Бакиев дээрлик эркиндикте болчу. Эгер ал кааласа 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин эле агачасынан мекенинен безе качпайт беле? Маселенин бир жагы ушундай.
Акмат Сали уулунун "жоголушуна" байланыштуу маалымат каражаттары түрдүү версияларды билдирүүдө. Келтирилген мисалдардын ичинен оппозиция бийликти элге жаман көрсөтүш максатында А.Бакиевди атайын уурдап кетиши ыктымалдыгы чындыкка жакындай туюлат. Себеби, бейрасмий маалыматка кулак төшөсөк, оппозиция Акматты атайын түштүккө "ала качып", анан бийликке карата чабуулду күчөтүшөт имиш.
Мырзакматовдун жеңиши саясат айдыңында дагы далай кызык окуялардын болоруна жол ачып койду өңдөнөт. Мындай шартта тагдыр чечүүчү суроо туулат: Кыргызстандын даңгыр келечегин ойлогон азыркы бийликти колдош керекпи же өлкөбүздү экиге бөлүүнү көздөгөн бакиевчилерди жана алардын таламдаштарынбы? Муну өзүн таразалап ал, замандаш…




Казак кайда эле я?!


Президент А.Атамбаевдин теледен берген кайсы бир интервьюсунда "...кыргыздар Сибирден Каспийге чейин жерлерди ээлеп турган каганат болгон. Ага быйыл 1170-жыл толду. Бул каганат Байкалдан (Бай-Көл),Красноярскиден (Кызыл-Жар) башталып, Тибетке чейин жетип, бүтүндөй Орто Азияны кучагына алып турган" деп айтышы Казакстандын тарыхчы-окумуштууларынын күйбөгөн жерлерин күйгүзүп, такыр уктатпай жатат. Таласбек Омарбеков деген тарыхчысы "кыргыздар Енисейдеги кичинекей эле мамлекет болгон, бул жакка Чыңгыз хандын чапкынынан кийин эле көчүп келген" десе, Мамбет Койгелди дегени "каганат экениңерди кантип далилдейсиңер, эмне документиңер бар " деп эзилип турат. Сыягы, биз кайда элек дегенди айта албай жатышат окшойт. Дал ошол тарыхый документтерди карап отуруп, чын эле казактар кайда эле деп, биз да таппай отурабыз.


Биздин - "Республика"...


Кечээ, Токмок шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын имаратынын жанына пикетке топтолгон "Замандаш-Современник" саясый партиясынын өкүлдөрү "Республика" партиясы тарабынан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүп жатканын билдиришти.
7-мартта АШК шайлоонун жүрүшүндөгү тартип бузуулар тууралуу актылардын негизинде Токмок шаардык кеңешине шайлоодогу добуштарды кайрадан эсептеп чыгуу боюнча чечим кабыл алган. "Бирок, шайлоого катышкан "Республика" саясый партиясынын кысымы менен кайра саноо жүргүзүлгөн эмес" дейт "Замандаш-Современник" партясынын теңтөрагасы Станислав Епифанцев.
Акыркы мезгилде, шайлоо шайлоо эмес эле, тырмоо болуп калды. Эгер, минтип мыйзам бузула турган болсо, карапайым элдин башын оорутуп, алдап, убактысын коротуп, шайлоо өткөрүп эмине кылабыз дейсиң да.


Эмил мырза ээрге минди


Эмил Узакбаев деген азаматыбыз бар эле. Акаев менен Бакиевдин кадрларын шатыра-шатман кызматка коюп жаткан бул бийлик Узакбаевди неге унутуп калды деп ойлогонбуз. Көрсө, биз жаңылышыптырбыз. Аны унутушпаптыр. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети - кечээ анын Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилик кызматына көрсөтүлгөн талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти.
Жаша, Кыргызстан! Жаша, парламент! "Эч ким, эч нерсе унутулбайт" деген ушул.


Атанын баласы


"Аккан арыктан суу агат" дейт. Белгилүү кинорежиссер Мелис Убукеевдин уулу Сейит Убукеев жакшы чыкканын угуп, сүйүнүп жатабыз. Кыргызстандын кошуна Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консулу болуп иштеген Сейит мырза Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматованын 70 жылдык мааракесин 15-март күнү Алматы шаарында кыргыз эмгек мигранттарынын катышуусу менен өткөргөнү жатыптыр.
Буга чейин С.Убукеев кыргыз эмгек мигранттарынын "жеңилин жерден, оорун колдон алып", эл аралык жана коомдук уюмдарды демөөрчү катары ишке тартып, ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. Эмне дейбиз, болсун, атанын баласы деген ушул.


Карганбек катуу чочуду


Депутат К.Самаков өзүнө сотторду люстрация жасоо кыймылынан кат келип түшкөнүн, ача коюп чалкасынан кетип кала жаздаганын айтып чыкты. Ал катта Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү В.Слесарев "КыргызАлтын" коомунан 3 млн.сом пара алган деп жазылыптыр дейт депутат. Ал эми А.Жутанов дегенине буга чейин эки жолу кылмыш иши козголгон имиш. Ушул маалыматка кантип эле көңүл бурбай коебуз деп депутатыбыз демин баса албай турган чагы.