Рысалиев кимдин короосуна таш ыргытты?


Кечээ жакында ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев ММКларга маек берип, анда чукул арада айрым ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин кызматтан алынарын шардана кылган. Бул сөз жарыкка чыгары менен эле шаардык, облустук, райондук милициялардын бир топ жетекчилери бүшүркөп, "мен кетпесем экен" таризинде титиреп атышат дейт. Сыягы, көчүктөрүндө калбырлары бар го?! Болбосо, кызматтан кетүүдөн анчалык эмне чочулап? Колдун кири эмеспи. Баса, Рысалиевдин мындай чечимине ошол жетекчилердин ишмердүүлүгүндө коррупциялык схемалардын жыттанып жаткандыгы түрткү болгон. Демек, бул жерде кызматтан алынып эле тим болбой, жоопкерчиликке тартуу дагы күтүлүп тургандай...
Айрымдар болсо, ИИМдин башчысынын бул аракетинде саясий боек жатканын, өзүнө жага бербеген же өзүнөн иш-тажрыйбасы бийик кызматкерлерди көралбастыктын жетеги менен кетиргени жатат деген пикирди айтышууда. Эгер эле бул чындыкка айланса, элдин кыжыры келет го?!


АКШ кечирим сурады


Афганистандын Кандагар провинциясында Америкалык бир солдат, таң эрте туруп барып, 16 афгандык жарандарды атып салды. Бир үй-бүлөдөн эле 11 адамды жайлаптыр. Учурда бул инцидент үчүн АКШнын президенти баштап кайра-кайра кечирим сурашууда. Бизде деле ушундай окуя болгон. Солдатын качырып, жазаладык деп коюшкан. Бул жолу алиги айныган солдатына мыйзамдуу чара көрөбү же адаттарынча качырып кетишеби, буга дүйнөлүк коомчулук көз салып турган учуру.


"Келме кезек, терме тезек"


Өткөн жумада Ош-Бишкек жолунда тагыраагы, Сокулукту көздөй катуу бараткан Субару-Форестер үлгүсүндөгү автоунаа жолдо өтүп бараткан аялды уруп кеткен. Кырсыкка күбө МАИ кызматкери унааны башкарып бараткан айдоочуну токтоткондо, ал Евгений Соловьев аттуу УКМКнын Сокулук райбашкармалыгынын кызматкери болуп чыгат. Бирок, кызмат абалын пайдалангысы келген Соловьев дароо МАИчиге күбөлүгүн көргөзүп, "автоунааны мен башкарып бараткан эмесмин, башка адам болчу" деп, жоопкерчиликтен качууга өтөт. Ал тургай протоколду жасалма толтурууну да суранып жиберет. Бирок, МАИ кызматкери мындай сунушту четке кагып, мас абалындагы укук коргоочуга керектүү документти толтуруп кирет. Ортого Сокулук РИИБсинин башчылыгынан кийлигишкенине карабай, ишти тергөөгө өткөрүп жиберген. Ошону менен бул боюнча кылмыш иши ачылып, тергелүүдө.
"Келме кезек, терме тезек" деген ушул эмеспи. Өткөндө МАИнин кызматкери УКМКнын камагында табышмактуу каза таап, буга кесиптештери УКМКны күнөөлөп чыккан. Бирок, алардын мыйзады эстен чыгарганы эске алынып, ИИМ жетекчилиги 50 гө чукул МАИ кызматкерин кызматынан алып отурат...




Казды туурап...


Кыргызстандын ИИМ министрлиги 15-февралда митингге чыккан МАИ кызматкерлерин кечире албаптыр. Дароо Бишкек шаардык МАИ кызматынын башчысы Ы.Саркулов баштаган 50 маичини иштен айдашты. Эми алардын ордун ким толуктайт, шаардагы жол коопсуздугу эмне болот белгисиз. Шаарлык МАИ кызматкерлери кесиптеши А.Эшбаевдин УКМКнын тергөө абагында белгисиз жагдайларда каза болгондугунан улам митингге чыккан эле. Мыйзам боюнча күч органдарынын кызматкерлери митингге чыга алышпайт. Андыктан күн сайын митингде жүргөн катардагы жарандарды туурап, чыкпай эле коюшса болмок. Министр З.Рысалиев күүлөнгөн боюнча 200-500 сом үчүн жаманатты болбой, пара берген шопурлардын өздөрүн кармагыла деп бакылдады. Баары эле бакылдашат, жыйынтыгын көрөбүз да.


Отуз уйлуу Жалал-Абад


Жалал-Абад шаарынын мэриясы өткөн жылы атайы Чүйгө келип "Ала-Тоо" тукумундагы отуз кунаажын сатып кеткен. Аларды алпарып, шаарга караштуу айтылуу Тайгараев чарбасына бактырып, сүт ферме ачып койгон экен, ошол кунаажындары четинен тууп, сүт деген көлдөп эле жатып калды дейт. Айта кетүүчү нерсе эгемендик жылдары Жалал-Абад шаарын сүт менен камсыз кылып туруучу чарбалар талкаланып, шаарлыктар жеке секторлордон алып калышкандыктан сүттүн сапаты боюнча түрдүү кептер айтылып жүрчү. Эми болсо бул ишке баш-аягы 2 млн.600 миң сарптаган Жалал-Абад мэриясы шаарлыктарды өздөрүнүн сапаттуу сүтү менен камсыздай баштады. 70 адамга кызмат орунун да таап беришти. Ошондой эле Жалал-Абад мэриясы 300 миң долларга Кытайдан асфальт-бетон заводун сатып алып, шаардын жолдорун оңдоо чыгымын 50-60 пайызга төмөндөтөбүз деп турган учуру.


Дастан аке жаз кайда?


Быйыл кыштын мойну узарып кетти. Элдик астролог Дастан Сарыгулов ай-күндү аябай тиктеп, тогуз жолу тогоол эсебин алып, кыш катуу болот, жаз эрте келет деген. Айтканындай эле кыш кылчылдатты. Бирок, апкыт-сапкыт алты күнү, жединин жети күнү деле кеткендей болду, жаздын жышааны анча байкалбайт да. Тескерисинче, күнүгө кар жаап айлабызды алты кетирип баратат. Дастан агага аябай ишенип алган жаныбыз ушуга түшүнө албай турабыз. Д.Сарыгуловдун эки айтканынын бири келип, эл алдында абийири жабылып отурганы менен Арстанбек Абдылдаев деген саясатчы да туурадан чыга калып, жайчылык жайым да бар дегенсип, быйыл кыш болбойт деп салган. Капырай, ченеп айтса болмок экен, ага ишенип жатып алсак, дегеле кыштан чыкмак эмес окшойбуз. Саясатчылар элдин тагдыры менен ойногону аз келгенсип, табиятты да тамаша кыла баштаганы жакшы жышаан эмес.


Жети атасы белгисиз


Кыргызстанда жети атасы белгисиз ар кандай өсүмдүктөрдүн уруктары, дарактардын калемчелери, гүлдөрдүн тири укмуш түрлөрү кеңири сатылып жатышы бир топ кооптонууларды жаратууда. Көрсө баягы эле эпчил сатармандар Кытайдан ташып, кылгылыкты кылып жатыптыр. Эч кандай документи жок эле уруп жатышат дейт. Ал өсүмдүктөр менен кошо өсүмдүктөрдүн биз билбеген илдети кошо келиши мүмкүн экендиги пайданын артынан түшкөндөрдүн эсине кайдан келсин. Муну айткан тамак-аш, ветеринария жана фитосанитария боюнча Маминспекциясы коңгуроо кагып жатат. Уккан бирөө болоор бекен?!


Орусия ойлонууда


Орусия Орто Азиядан ички паспорту менен келгендерге тыюу салуу жөнүндө кеп кыла баштады. Орусиянын нарко көзөмөл кызматынын директору Виктор Ивановдун айтымында бул баңги заттарын киргизбөөнүн бирден-бир жолу имиш. Чыны менен Орусия мындай кадамдарга барса, Кыргызстандын жарандарына кыйын эле болуп калат. Аргасыздан эл аралык паспорт алууга туура келет. Официалдуу маалыматтарга караганда Орусияда бүгүнкү күндө 5 млн.адам баңгичиликтин торуна чалдыгып, жылына 100 миң киши анын айынан каза табат экен. Демек, Орусиянын минтпеске чарасы калбагандай туюлат. Эми канттик?



Алиби
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!