Кыймылдагы таштар



Таштар адам баласынын жардамы жок, өзү кыймылдайт дегенге ишенесизби? Буга ишенүү кыйын, бирок, мындай көрүнүш АКШнын Ажал өрөөнүндө кургап калган Рейстрэк-Плай көлүндө кездешет. Андагы таштар өзүнөн-өзү кыймылга келет. Таштардын кыймылдаганын, алардын артында калган издери көрсөтүп турат. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин, таштардын ордунан козголгон учурун эч ким тасмага түшүргөн эмес. Бул укмушка ишениш же ишенбеш ар кимдин өзүндө.

Бул көрүнүш окумуштуулар тарабынан ар кандай жоромолдор менен чечмеленип келген. Алардын бир түшүндүрмөсү чындыкка окшосо, башкасы апыртмадай туюлат. Ошентсе да, окумуштуулар Ажал өрөөнүндөгү кыймылдуу таштардын кубулушун изилдөөлөрүн токтотуша элек.
Окумуштуулар буларды изилдеп чыгышкан: Таштар эки, үч жылда бир ирет ордунан козголушат. Кызыгы, кээ бир таштар бир бетинен экинчи бетине оодарылат да экен. Алар өткөндөн калган издери 3-4 жыл аралыгында сакталып кала берет. Издер ондогон метрге, туурасы 8ден 30 см ге жана тереңдиги 2,5 см ге жетет. Кургап калган көлдөгү таштар, анын түштүк жагында 260 метр бийиктеги дөңсөөдө орун алышкан. Таштардын салмагы жүздөгөн килограммды түзөт.
Окумуштуулар аныктагандай таштар кыймылга келиши үчүн кийинки шарттар болушу керек:
нымдуу, бирок, суу болбогон жер;
топурактын жука катмары;
кыймылга келтирчү күч катары катуу шамал;
кыймылды улантыш үчүн дайымкы катуу шамал.
Башында айтылгандай, мындай укмушка ишенүү же ишенбей коюу ар бир адамдын өз эрки. Ошентсе да табияттын бизге тартуулай элек миң сыры бар болсо керек.

Нуржигит Бейшебаев