арман

"Меникиндей тагдыр


кайталанбаса экен..."



Жашоодо трагедиялуу тагдырлардын жаралышына адамдар өздөрү эле себепчи болуп келет. Себеби, бирибиздин жашообузга экинчибиз таасир этип коёбуз. Айрыкча, ак никелүү жубайлар күнүмдүк турмуштун ачуу-таттуусун көтөрө албай, тагдырын өздөрү эле тамашага салып, татаалдаштырып алат. Бирок, кандай гана тагдыр сыноосуна тушукпаңыз, баарын арыдан бери эле кабыл алып, оор басырыктуулук менен көтөрүп койгон оң. Эч качан бирөөгө өчөшүп, ага жамандык издеп же өзүңүздү таштап салбаңыз. Анткени, анын акыры эч жакшылыкка алып келбейт. Жашоо бул жакшылык үчүн күрөш деп билели. Жамандык ар качан аңдып турганын эске алып, абайлап жүргөнүбүз дурустур. Антпесек, кайран өмүр кор болоор... Ынабасаңыз, эрк сизде. Ошентсе да бул сөздөрдү улаган, Кыргызстандын №2-аялдар абагында жазасын өтөп аткан Мусакеева Гүлбайранын маегин окуп көрүп, жыйынтык чыгараарсыз...

- Бул жакка кандайча түшүп калдыңыз?
- Тагдырымды башынан айтып берейин. Мен да эл катары жактырган адамыма турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болуп жакшы эле турмуш баштагам. Ата-энем жакшы турган түптүү адамдар эле. Жолдошумду абдан жакшы көрчүмүн. Канча кылыгына көз жумуп 11 жыл жашадым. Эки кыз төрөп, үчүнчү балам боюмда барда күйөөм үйгө түнөбөй калды. Көрсө, бир келин менен жакшы болуп кетиптир. Артынан балдарым менен ээрчип ыйлап жүрдүм. Ошол келиндин үстүнө кирип алган. Кийин ал аялы да каза болуп калды. Анан биз менен бир аз жашап эле дагы бир келиндин үстүнө кирип жашап алды.
- Балдарыңыз эмне болду?
- Экинчи кызымды кайындарым багып алышкан. Улуу кызым менен уулум өзүмдө болчу. Ошентип жүрүп, мас абалымда майда уурулук менен кармалып, 5 ай отуруп чыккам.
- Бул экинчи жолу соттолушуңуз экен да ээ?
- Ооба. Жолдошум үч бала менен таштап кеткенден кийин, "аны унутам" деп эле иче берип, ичкиликке берилип кеткем. Ичип алсаң унута түшөсүң, эртеси кайра эле баягы санаа, кайгы мээңди жейт. Ошол каргашалуу күнү да бир бала менен арак ичип отургам, эртең менен ойгонсом РИИБде жатыптырмын. Базардын четинде отурганбыз да биздин арыраагыбызда бир буту сынган араба турган. Ээси арабасын издеп келип, арабасынын жанында отурган бизди көрүп, уурдап саткан атышыптыр деп милиция чакыртыптыр. Тиги бала ал ортодо кетип калган окшойт. Мени кармап ички иштер бөлүмүнө алып барышыптыр.
- Жаныңыздагы бала качып кеттиби?
- Ал баланы деле тыңыраак тааныбайм. 1986-жылкы Нурбек деген бала болчу. Милициялар "жаныңдагы ким эле?" деп сураганда, "Нурбек деген бала болчу, башка эчтекесин билбейм" деп айткам. Таңгалганым, эртеси эле ошол баланын өзүн таап келишпедиби. Ал бала мурда соттолбоптур. Баланын тагдырын талкалабайын дедим да, "баарына мен күнөөлүүмүн" деп күнөөнү өзүмө алып, тиги баланы кетиртип жибердим. Ошентип, отметкага келип турчумун. Бир күнү дагы ичип алып бир мекемеге барып, жерде салынып турган килемди кескилеп салыптырмын. Анан "уурдаганга аракет кылган" деген айып коюп, мурунку "кражамды" кошуп туруп эки эпизод менен 7,5 жылга кесилип кеттим. Мурда соттолгонуңду да эске алып үстүнө кошуп салышат экен.
- Мунапыска туш болгон жоксузбу?
- Мунапыста 1 жыл 2 айым алынды. 2014-жылдын 14-майында "калонкага" чыгам. Өзүм 2010-жылы келгем.
- Кыздарыңыз келип турабы?
- Күйөөмдүн болсо, берки аялдары төрөбөй, эми кичүү баламды талашып атат. Ал балам Кара-Балтада сиңдилеримдин колунда. Улуу кызым 4-курстун студенти. Улуттук университетке тапшырып, өз күчү менен окуп атат. Бир туугандарым жардам беришүүдө. Кайненемдердин колундагы кызым, кийими жок классташтарынын арасында басынып, " 9-класстан кийин окубайм" десе окутпай коюшуптур. Эчтеке кийим алып беришчү эмес экен. Окуудан чыгарып алып кайним, балдарын бактырып үйүнө отургузуп коюптур. Азыр болбой шаарга келип, кафеде иштеп атат. Келип турушат. "Апа, кебетеңди карачы" деп чач боёк, майда-чүйдө алып келип беришсе эле көңүлүм көтөрүлө түшөт. Кээде эч кимден укпаган жылуу сөздөрдү кыздарыман угуп, боор тарткан мамилесин көрүп алардын алдында уялам, күнөөлүүмүн. Мурда түрмөгө түшкөн сайын "өлөм" деп аракет кыла берчүмүн. Канча жолу алып калышты. Күнүм бүтүп калгандай сезилчи. Өзүмдү адам катарынан чыгарып салгам. Бирок, болбой эле жан деген кыйын экен. Эми кыздарымдын аяганын көрүп, балдарымды ойлоп "мен да ушуларга керекмин да" деп ойлоном.
- Туугандарыңар келсе, жолугууга канча убакыт беришет?
-1айда эки жолу жолугууга мүмкүнчүлүк берилет. Бир кыска жолугушуу 2 саат. Узагы 3 күнгө чейин калса болот.
- Азыр кылганыңызга өкүнөсүзбү?
- Тагдырыма өкүнөм. Түрмөдө жатканда атам, агам экөө тең өтүп кетишти. Эми 76 жаштагы апам көрүнгөндүн колунда жүрөт (Ушул жерден мууну жашка толуп, үнү каргылданып барып, бир азга унчукпай калып анан сөзүн улады). Атам менен агам келип кабар алып турушчу эле. Дагы бир агам бар. Аны менен катташпайм.
- Бул жердеги аялдардын бири-бири менен мамилелери кандай?
- Кээде ич ара мамиле келишпей, урушуп кеткен күндөр болот. Бирок, бири-бирибизди түшүнгөнгө аракет кылабыз. Биринчи жолу түшүп чыкканда, түрмө эмне экенин деле түшүнбөптүрмүн. Анда атлантисте (окутуп, тарбиялоочу жай) болгом. Эми накта түрмөнүн жашоосун көрүп атам.
- Кандайча?
- Бул жакта негедир аба оор болуп, демиң кыстыгып турат. Кээ бирде тамагыңан тамак да өтпөй, айланаң тарып бир башкача эле кыйнала бересиң. Баары-бир эркиндик жетишпейт. Маанайың жарыла сүйүнө албайсың. Сүйүнүп жыргасаң, баарынын маанайы жок да , кээ бири жактырбай "кайсы арыңа күлөсүң?"-дейт. Кээде ушунчалык ызаң ичиңе толуп, бакырып ыйлагың келет. Анда да бир жарылып ыйлай албайсың. "Биз эле жыргап атабызбы? Элдин маанайын бузуп эмне ыйлайсың?" - деп урушушат.
- Күнүңүздү кантип өткөрөсүз?
- Токуганды үйрөнүп алгам. Жип алдырып алып, байпак токуйм. Ошентип өзүмдү алаксытам.
- Башыңыздан бир нече түйшүктү өткөрүп калдыңыз. Эми кыздарыңызга кандай кеңеш бересиз?
- Бактылуу болушсун. Кыздарыма айтаарым, менин өзүмдү да, тагдырымды да тартпагыла.

Нурайым Рысмамбетова






Алиби
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!