№69 гимназия - мамлекет ичиндеги мамлекетпи?



"Алиби" гезитинин редакциясына Бишкек шаарындагы №69 - Т.Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиясындагы моралдык-этикалык, психологиялык кырдаал, финансылык тартип бузуулар айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевдин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Финансы полициясынын дарегине кайрылган каттардын көчүрмөсү 9-мартта келип түшкөн болчу.

Ал эми 10-мартта аталган гимназияда ойдо жок окуя болуптур. Ал мындай. Бишкек шаарындагы №69 - Т.Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын мугалими Баимбетова Нурила 10-мартта саат 10до профсоюз тарабынан уюшулган кеңешмеге чакырылат. Чогулушту профкомдун жетекчиси Дүйшеева Гүлнара Жаркынбаевна ачып, калган сөздү мектеп директору С.Атаева улантат. Директор мугалимден майда бир түшүнүк каттар үчүн суроо-сопкут сурап, жумуш убагында бир жакка чыгып кеттиң деген шылтоолор менен, "Эмгек кодексинин 83-статьянын негизинде жумуштан бошотулдуң. Кааласаң азыр, кааласаң башка күнү эмгек китепчеңди алып кете берсең болот" деп чогулушту жыйынтыктаган.
Баимбетова Нурила:
- "Директор мени эрте-кечпи жумуштан кетирем деп жүргөн. Муну мугалимдердин баары билишет. Эми мына жумуштан кетиргенде да, мыйзамды бузуп, менин адамдык укугумду тебелеп-тепселеп кетирип жатпайбы. Чындыгында чогулуштан кийин, профком протоколдун негизинде чечим чыгарыш керек эле. Профком эч нерсе окуган жок. Бир да мугалим директорго каршы сүйлөй албады. Чогулуштан соң, директордун кабинетине кирип, "Протокол менен таанышайын" десем, "Мен жазайын, сен эшикке чыгып тур" деди. Ошол учурда сырттан директордун орунбасары Мырзаева Рыскан, кыргыз тили мугалими Ширин Элебесова кирип, өз ара бир нерселерди сүйлөшүп олтурушту. Көрсө, менин 10а-классыма класс жетекчи катары Ширин Элебесованы бекитишиптир. Менин сабактарымды ушул өтөт деп дайындаптыр. Менин окуучуларым залдан жолугуп, "Сиз жумуштан кеткен турбайсызбы, бизге башка мугалим класс жетекчи дайындалды" - деп айтышты. Мугалимдин кадыр-баркын ушинтип жеке эле директор тебелеп-тепсеп койсо болобу? Мектеп жеке менчикке айланып калганбы?" - дейт.
Баса, Баимбетованы жумуштан кетирген профкомдун чогулушунан бир күн мурда, директордун орунбасары Мырзаева Рыскан жалаң класс жетекчилерди мугалимдер бөлмөсүнө чогулткан экен. Аңгыча алдын ала сүйлөшүлгөнбү директор келет. Ал класс жетекчилерге: "Азыркы кырдаалды түшүнүп жатасыңар, Баимбетованы дүйшөмбүгө чейин көзүн тазалап берем. Анан тынч жумушубузду уланта беребиз" деп убадасын берип, "Биз, Мейизкан эже (Мейизкан Абдыкадырова, тарых мугалими - ред.), дайыма жеңип келгенбиз. Дайыма жеңебиз" деп өзүнө ишеничтүү айткан. Класс жетекчилеринин "жашырын", ары сырдуу чогулушуна класс жетекчи катары Баимбетованын чакырылбаганы аны жумуштан кетирүү алдын ала иштелип чыккан сценарий болгонун тастыктабайт бекен?..
Биз жогорудагы окуяга комментарий берүүдөн мурда, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевдин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Финансы полициясынын дарегине багытталган №69 - Т.Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиясындагы моралдык-этикалык, психологиялык кырдаал, финансылык тартип бузуулар айланасындагы кат менен таанышып көрбөйлүбү. Көрсө, №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясындагы чырдын башы 2006-2007-жылдарга келип такалат экен. Мектептин азыркы жетекчилиги 2006-2007- окуу жылы мектептин ошол кездеги жетекчилиги этиканы билбейт, ашыкча ийримдерди алып алышкан, "кагаз иштери" көп деген күнөө коюп, кыскасы мурдагыларды болушунча каралап жатып кызматка келишиптир. Ал чырдан биздин да аз-маз кабарыбыз бар. Ошол мезгилде бул туурасында гезиттерге байма-бай жазылып, радио-теледен айтылган. Ошентип, ыр-чыр менен №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын башына келген жетекчилик өз иштерине киришип жатып, "Биз гумандуу болуп, мугалимдердин үнүн угабыз" деп өз жумуштарын башташкан экен. "Алгачкы берген убадалары (анттары) ушундай эле. Чындыгында андай болгон жок, бат эле өзгөрүшүп, азыркы учурда мектепте "Трайбализм", "Диктатордук" бийлик өкүм сүрүп келет" деп жазылат катта.
"Мугалимдердин укугунун тебеленгени", азыркы мектеп жетекчилиги: "Мурунку администрациянын адамдары" деп бөлүп-жарганы аз келгенсип, мугалимдерди "оштук" деп кемсинткени да айтылган катта, "ата-энелер чогулушуна ата-энелер толук келбей калса дагы, мугалимдердин айлыгы кыркыларын" окуп, чыны жакабызды кармандык. Көрсө, мындай катуу тартип, катуу жазанын себеби, айына №69-окуу тарбия комплекс-гимназиясында окуган 1700 окуучудан 200 сомдон чогултулгандыгында окшобойбу деп койдук. Бул жөнөкөй арифметика: 1700 окуучудан ай сайын 200 сомдон чогултулганда, ал сумма бир айда 340 миң сомду, 10 айда 3 миллион 400 сомду түзүп атпайбы. Биз муну катта белгиленгендей: "Ушул эле чогултулган акчадан администрация төбөлдөрү айына 5000 (беш миң) сомдон айлык акы катары алып турушары" үчүн гана айткан жокпуз. Кеп: "Класс жетекчилер акчаны өз убагында төктүрө албай калса, мектеп жетекчилиги ата-энелер менен иштешкенди билбейсиңер деп, пед. Кеңеште мугалимдерди жемелеп, ата-энелерди акырын "алдап", жолун таап мектеп фондусун төктүргүлө, иштегиле" деген мектеп жетекчилигинин педагогикалык-билим берүү саясатында. Жашырганда эмне, бүгүн мектеп эле эмес, бизнес мекемелери үчүн ай сайын 340 миң сом таза киреше оголе чоң, ойго келбеген, түшкө кирбеген сумма. Демек, биерде мектеп жетекчилигинин кызыкчылыгы жок деп эч ким кепилдик бере албаса керек.
Дагынкысы дагы бар дегендей, аталган гимназияда ата-энелерден "ыктыярдуу" түрдө чогултулган акча бул гана эмес. №69-окуу тарбия комплекс-гимназиясына 1-класска кирген жана башка мектептен которулуп келген окуучулар 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин "ыктыярдуу" түрдө взнос төлөөгө аргасыз экен. "Заманың бөрү болсо бөрү бол" демекчи, мектептер да жарым-жартылай мыйзамдуу-мыйзамсыз "бөрүгө" айланганы эч кимге жашырын эмес, бирок ата-энелерден чогулган каражаттар кайда жумшалгандыгы тууралуу ата-энелерге маалымат берип турушу керек го. А биздин колубуздагы каттарда "№69да ата-энелерге эч кандай маалымат берилбейт" деп ак-карасынан жазылып турат.
Катта мектеп жетекчилигине оголе көп сындар айтылган. "Бир да мугалим эмгек акысынын төлөнүшү жөнүндө табель менен таанышкан эмес (таанышса өзүнүн адамдары таанышкандыр). Бухгалтерияга барып эсептешкен мугалимдерге кысым көрсөтүп, (мектеп директору -ред.) "эмне үчүн менин башымды аттайсың" дейт. Демек, ушул жерде бухгалтерия менен мектеп директорунун ортосунда бузулгус көпүрө бардай. Айлык акыбыздагы туура эмес цифралар менен келгенде сурасак, бухгалтердин катасы деп айтат. Биз деги кимге ишенерибизди билбей калдык... Өзүнө, завучтарына жакпаган мугалимдерди ар кандай шылтоо менен жумуштан кетирип, өзүнүн "бөрк ал десе, баш алган" ишенген завучтарынын тааныштарын жумушка алып жана аларга ыңгайлуу шарт түзүп берет. Мугалимдердин ишмердүүлүгүнө карата мамиле кылбастан өзүнө кошоматчылык кылгандарды колдойт, мисалы шаардык конкурстардан жеңип алган сыйлыктар үчүн директордун астынан өтүү салтка айланган, андай кылганды билбеген мугалимдер "тагдырдын өгөй балдары" сыяктуу жумуштан айдалат. Кошоматчылыкты, мактанганды, пиарды жакшы көрөт" деп жазылган катта.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевдин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Финансы полициясынын дарегине кайрылган каттарда жазылгандардын баарына токтолсок болор эле. Бирок, аны азырынча кийинкиге калтыра туралы. Бизди таңгалдырганы мектептин азыркы жетекчилиги келгенден бери, ушул мектепте иштеп жатат деп айлык алып жүргөн "мертвый душалар". "Бул мамлекеттик каражаттар кимдин чөнтөгүнө түшөт болду экен?" - деп суроо коет кайрылган катта. Чын эле бул акчалар кайда, "өлүү жандар" мектепте барбы? Бул суроого Билим берүү жана илим министрлиги, финансы полициясы жооп берер, аталган маселе алардын компетенциясындагы иш.
Бирок, Билим берүү жана илим министрлиги өздөрүнө келген катка эмгиче көңүл бурбай, "Бул маселе мэрияга тиешелүү го" деп түртө салганы таңгалууну жаратпай койбойт.
Биз Билим берүү жана илим министрлиги, финансы полициясы алардын дарегине кайрылган катты, Баимбетова Нуриланын кызматтан алынышын адилет, мыйзам чегинде карап, мыйзамдуу чечим кабыл алат деген ойдобуз. Ал эми өз кезегинде биз катта айтылган Бишкек шаарындагы №69 - Т.Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиясындагы моралдык-этикалык, психологиялык кырдаал, финансылык тартип бузуулар айланасындагы маселеге дагы бир ирет кайрылабыз деген ойдобуз.

Болотбек
Таштаналиев






Алиби
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!