"Жал-Артиске"


жашайбыз дегендердин жалыны өчөбү?


Учурдагы Өкмөттүн мойнуна алган милдеттемелеринин бири бул-чет элдик инвесторлордун коопсуздугу менен алардын ишкердигин коргоого алуу экендиги талашсыз. Бул боюнча өздөрү да ар бир жыйында белгилешип, ал тургай учурдагы антикоррупциялык кадамдар ошол максатка жетүүнүн бир жолу экендигин белигилеп келишет. Албетте, өзүбүздүн каражат капчыгыбызда сокур тыйын жок болгондуктан, чет элдиктердин салымы биз үчүн абадай зарыл. Бирок, ошол эле биз ишеним артып, кош колдоп тосуп алып жаткан инвесторлордун арасында да Кыргызстандын жарандарынын укуктарын тебелеп, өз кызыкчылыктарын алдыга коюп, арзан пайда таап кеткиси келгендер да бар экен. Андыктан ооз күйүп калбасын үчүн айрым мисалдарды келтирели.
Бакиев бийлигинин тушунда "Жал-Артис" жаңы типтеги жана стандарттагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоору башталып, Бишкекте мурда жок бул кичи район боюнча укмуштай кооз сөздөр айтылган. Азыр болсо, бул үйлөрдү куруучулар менен келечектеги жашоочулардын ортосунда чыр башталып отурат. Бул боюнча жакында vesti.kg сайты маалымат таркатты.
Анда ошол зыңгыраган үйлөрдөн турак-жай алабыз деп акча төгүп келе жаткан айрым арыздануучулардын пикирине таянсак, инвесторлор ишти иритип жатыптыр. "Эгер биз жеке өздүк турак-жай менен камсыз болуп калсак, сүйүнмөкпүз. Экологиялык жактан таза, жогорку сапаттагы курулуш материалдары менен тургузулган, бардык эрежелер сакталган үйдө турабыз деп кыялданып келгенбиз. Бирок, капысынан "Артис Глобал" компаниясынын эсептерине кайсы бир банк тарабынан арест салынганын уккандан кийин үмүтүбүз таш капты", дешет арыз менен кайрылгандар.
Алардын айтымында, бул боюнча эчак эле соттук териштирүүлөр башталып, "Артис-Глобал Ко Лтд" ЖЧКсы жайгашкан Ленин райондук сотунда каралмакчы болуптур. Бул боюнча, аталган органдын судьясы Маргарита Мельникова да тастыктап, "Ооба, бул боюнча соттук кароолор башталганы турат, бирок, кайсыл негизде иштер болуп жатканын тергөөгө байланыштуу айта албайм" деп сыр кылып койгон. Болуптур, бул эми анда жашоочулардын ар түрдүү арыздарынан деп билели.
Бирок, соттон мурунку бир кооптуу жагдай, 2008-жылдан бери аталган объектинин ири курулушу токтоп турганын, алар болсо "2008-жылдын күзүндө бардык үйлөр ээсин табат" деп шаң-салатанат менен убада кылганын кантип жашырабыз? Ооба, ошол кезде ур барабан, тарт сурнай менен белгилеген 16-18 кабаттүү үйдүн ордуна, бүгүн болгону 4 үй тургузулуп, анын дагы курулуш материалдарынын сапаты шектүү делинип келет.
Эсиңерде болсо, ошол 2008-жылы "Артис Глобал Ко ЛТД" ЖЧКсына ири суммадагы салыкты жашырып жүргөнү боюнча каржы полициясы кылмыш ишин козгогону да маалым.
Айтор, азыркы учурда бул ири инвестициялык долбоордун айланасындагы айың кептер өлкөнүн жалпы инвестициялык маанайына көлөкө түшүрүп, ошол эле убакта мамлекеттин бул тармактагы ачык-айкын иштөөсүнөн шек санатып турат. Эгер бийлик инвесторлор менен так келишим түзүп, анын аткарылышын көзөмөлгө ала албаса, келишимди аткарбаган тараптар менен ачык-айкын сүйлөшүп, жарандарды жогоркудай жолдо калуудан коргой албаса, анда эл кимге ишенет?
Мирлан Кулбаев