Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0228_9.htm on line 10

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0228_9.htm on line 10

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0228_9.htm on line 10

Күн нурун биринчи тосуп, эң кийин узаткандар



Кытай Эл Республикасынын жалпы жер аянты 9 миллион 600 миң квадарт км, жан саны (2011-жылдагы ыстатистика боюнча) 1миллиард 339 миллион 724 миң 852 адам. Анын ичинде кытай улутунун жан саны 1миллиард 225 миллион 932 миң 641 адам болуп, өлкө жалпы жан санынын 91.51% түзөт, 55 аз сандуу улут жалпы 113 миллион 792 миң 221 киши (8.49%). Кыргыздар 193 миң айланасында (0.00001%); Бүт республика 23 правынсыя, 5 автономыялуу район, 4 төтө караштуу шаар, 2 өзгөчө акимчилик районго бөлүнөт.

Кытайдагы кыргыздардын көп бөлүгү өлкөнүн эң батышындагы Памыр тоо бөксөлөрү жана Теңиртоо кыркаларына чачылып конуштанган. Кыргыздар бир кыйла чогуу конуштанган аймактын чыгыш-батыш меридияны 73.5 градуска туура келип, Кытай(жуңго) карыйтасындагы эң батыш өңүр эсептелет. Кызыл-Суу кыргыз автоном областынын Улуу-Чат ооданына караштуу Сымкана кыштагы өлкөнүн батышынын эң батышында. Мына ушул жердеги кыргыздар бүт мамлекет боюнча ар күнү күн нурун эң кийин узатып, ар жылы көөнө жыл менен эң кийин коштошот. Ошого 2000-жылы 31-декабрь Кытай Эл Республикасынын 20-кылымдагы эң акыркы күн нурун узатуу аземи ушул кичине кыштак Сымканада кыргыздын каада-салты боюнча шаан-шөкөттүү өткөзүлгөн. Бул Кытай Эл Республика тарыхындагы орошон окуялардын бири, ал күнү борбор Пекинден жана башка правынсыялардан 20-кылымдын эң акыркы күн нурун сүрөткө алуу жана узатуу аземи үчүн жүздөгөн кабарчылар, ырасымий өкүмөттүк уюмдар, Кызыл-Суу областынын атка минерлери, карапайым калк, ондогон артистер кичине кыштакка чогулушкан. 19 саат 25 минутта Кытай чегиндеги 20-кылымдын эң акыркы күн нуру Памыр тоо кыркаларынан узап баратты. Кыргыздарды өз ичине алган 2000ге жакын аземдин катышуучулары арчадан жагылган алоону тегеректеп Манастап ураан чакырып, ыр-бийге түштү. Алардын ичинде 83 жаштагы карыя Жүсүп Мамай да бар эле. Кылым кыйрына толгон Манастын руху ошол чепте кайра тирилип жатты. Туш-туштан кагылган добулбас үнү, тоо кабыштырып жаңырган жагымдуу кыргыз музыкасы, "Манас" айтуу аземи бирдей убакытта бир сызык үстүндө ашташты. Кытай кыргыздарынын чоң тою ошондо болду. Акырын күн нуру тоо башына жашынып, айылга күүгүм түштү, көп узабай бүт айыл түн көшөгөсүн жамынды. Бирок ал жерде шаңдуу той өткөрүп жаткан ар улут эли оюн-зоогун токтоткон жок, түн бир оокумда 21-кылымдын эң мурдагы күн нурун тосуп алуу үчүн жүздөгөн кабарчылар жана өкүмөттүк уюмдар айылдан Пекинге карай аттанышты. Алар эртеси таң саар Пекиндин эл аянтында Кытай Эл Республикасындагы 21-кылымдын эң мурдагы күн нурун тосуп алмакчы ары сүрөткө түшүрмөкчү. Алар түн бою учак менен жүрүп таң атканда жетип барышат.
Бүт Кытай Эл Республикасы боюнча ар күнкү күн нурун эң мурда тосуп ала турган улут хы жы улуту. Алар кытайдын Хый-Лоң-Жияң дайрасы, Суң-Хуа-Хияң дайрасы жана Уссурий дайраларынын учурашкан түйүнү - үч дайра чатындагы Бың-Жияң районуна таралган. Негизинен балык чарбачылыгы менен алпурушат. Жан саны 5300 айланасында гана, бүт мамлекет боюнча жан саны эң аз эки улуттун бирөө эсептелет. Тили бар, бирок жазуусу жок, хы жы тили алтай тилдер сестимасы, манжу-тоңгус тилдер түркүмү манжу тилдер тобуна таандык. Он миңди кыргыздар өңдүү түмөн деп аташат. Шаман динине табынышат. Илгери алачык өңдүү үйлөрдө олтурушкан.
Үч дайра чаты кытай зымынынын эң чыгышы эсептелет. Хы жы улуту менен кыргыз улутунун аралыгы 5миң км келет. Хы жылер бар жерде как түш болгондо, кыргыздар районунда күн көк жээктен көтөрүлгөн учур болуп, убакыт айрымасы 4 сааттан ашат. Эгер бир киши Бың-Жияң районунда бир күнкү кечки кызгылтты узатып коюп, учак менен Сымканага жетип келсе бул жерде да бир жолу кечки кызгылтты узатуу шыбагасына күбө боло алат. Мамлекеттин эки учунда жашап жаткан эки аз сандуу улуттун бири бир жыл ичиндеги жаңы жылды эң мурда тосуп алса, бирөө көөнө жылды эң кийин узатып коёт.
Мамбеттурган Курман,
Кытай, Ак-Тоо



 Алиби

28-февраль, 2012-жыл


Яндекс.Метрика