Атасынан баласы тапан чыгат демекчи...

Ажыдаарга айланган оппозиция...


Оппозиция (oppositio) латын тилинен которгондо "каршы туруу, каяша айтуу" дегенди түшүндүрөт. Демек, оппозиция дегенде саясатта - көпчүлүк колдогон бийликтеги партияга же жалпы коомдук ой-пикирге каршы чыккан партия же топту түшүнсөк болот. Андан да тагыраак айтсак, өкмөттүн багытына жана башкаруучу партиялардын жүргүзгөн саясатына карата башка бир партия, топ жана кыймылдардын ортосундагы мамлекеттик бийлик үчүн күрөшүү саясий ишмердиги.
Оппозициянын орду
Дүйнөдөгү дээрлик бардык мамлекеттерде, саясий өңүттөн алганда оппозициянын аздыр-көптүр ээлеген орду бар. Бир өлкөдө саясий бийлик чөйрөсүндө оппозициянын таасири чоң болсо, башкасында оппозиция деген аты гана болбосо, кылган иши, салган кушу жоктой өңдөнөт. Бийликтин тоталитардык башкаруусунда, бийлик төбөлдөрү, бирдиктүү оппозициянын куралышына бөгөт коюп, аны жок кылууга далалаттанат.
(Уландысы 11-бетте)




Ууланган коом, ууланган саясатчылар

Кыргызстандын келерки президенти


"Вор в законе" болобу?


Ууланган Кулан көмүрүнүн чыры - эски көйнөктүн тигишиндей ансыз да ыдыраганы араң турган коалициялык көпчүлүктү ичинен ыдыратып, таркатууга гана аргасыз кылбастан, Өкмөттүн отставкасына, андан ары парламенттин таркашына, акыр аягы коомдун дагы бир жолу силкинип алынышына апкелет окшоп калды. Кулан көмүрүндөгү радиация чынында эле күчтүү окшойт. Президент Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган иш сапарынын учурунда толкунданып кеттиби: "... мы всегда помним, что Манас - это выходец из Алтайского края России, этнический россиянин" деп балп эттирип салды. Мм-да, Атамбаевдин логикасына кошулбай коюуга болбойт, кыргыз тарыхынын энциклопедиясы деп эсептелген Манас дастанында Ороздунун он уулу - бири Тереңге, бири Эренге, бири Алтайга, бири Каңгайга тентип кеткенин эске алсак, оболу Россиядан гана эмес, бул жагы Америка, тиги жагы Африкадан этникалык кыргыздарды издей жүрсөк эч кандай деле жаңылышпайбыз.

Тышкы саясатыбыз ал болду.Ички саясат да ириңдеп баратат. Президент менен премьер-министрдин, президент менен Жогорку Кеңештин, Жогорку Кеңештин фракциялар арасындагы Кыргызстандын саясатындагы таасирдүү күч ким, бийлик кимдин колунда экенин тастыктоо максатындагы тирешүүлөр тымызын күч алганына бир айга чукулдап баратат. Бул таасир көрсөтүү чөйрөсүн бөлүшүү максатындагы күрөш эмес. Бул алдыңкы беш-он жылга багытталган саясый күрөш. Коррпуцияга жана криминалга каршы багытталган күрөштүн түпкү максаты келип эле ошого такалат. Мамлекет башына келген Атамбаев КСДПны кыргыз саясатындагы таасирдүү партияга айлантуу саясатын ырааттуу улантууда.
Антсе да, саясый элита эле эмес, карапайым эл арасында кадыры кетип бараткан "Ата Мекен" реванш алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууда. Келдибековду ээрден оодарып түшүп, эми кезек Бабановдо деген "Ата Мекен" башкы скрипканы ойногондун жандалбасасында. "Ата Мекен" фракция лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоонун алдында бир күндө жүз жолу: "Биз парламентке келсек эле, жарым жылдын аралыгында криминалды ийинине киргизебиз" дегенден жадачу эмес. Арийне, "Ата Мекен" фракциясы парламентке өтөр менен, биз баягы криминал дүйнөсү менен күрөшкүсү келген бала кыял Текебаевди тааныбай калдык. Өзүнүн фракция ишине берилгенин далилдеп Өмүрбек Чиркешовичтин оң колуна айланган Туратбек Мадылбеков жетектеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында түзүлгөн жагдайды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия "Иликтөө Жаза аткаруу кызматында көптөгөн мыйзам бузуулар болгондугун көрсөттү" деген жыйынтык чыгаруу менен, Жогорку Кеңеш КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси генерал-майор Шейшенбек Байзаковду кызматынан алуу сунушу менен Өкмөт башчысы Ө.Бабановго кайрылган токтомун токушту. Муну менен алар ачыктан ачык Бабановду, андан ары коррупцияга жана криминалга каршы күрөштү мамлекеттик №1 маселе катары койгон Атамбаевди жарга такап коюшту.
Жогорку Кеңештин мындай бир муштумдай биримдигинин сыры "Ата Мекен" фракциясынын реванш алууга карата аракетинде эле эмес. Мамлекет башчысы тарабынан демилге кылынган коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы баскычында эле бир нече депутаттын артында шакмары бар экени белгилүү болду. А чындыгында, Жогорку Кеңеште кимдер депутат болуп олтурганы жашырын эмес. Эгер УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызмат чындап эле иштесе, депутаттардын экс-ишмердигинен толгон-токой коррупциялык схемаларды таап чыгарында шек жок. Анысынан да Жогорку Кеңеш депутаттарынын арасында кылмыш дүйнөсү менен тикелей катышы барлары да жок эмес экенин Текебаев өзү баш болуп, далай ирет айтышкан. Коомчулук болсо, депутаттардын арасында Кыргызстанда тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир уюмуна тиешеси барлар да бар экенин айтып эле келатат. Кыскасы, кыргыз парламентинин акыркы кадамдары ЖКнын бекеринен ОПГ (организованная парламентская группа) аталбаганын дагы бир тастыктады.
Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн генералдар жана офицерлер КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана анын жетекчиси генерал-майор Шейшенбек Байзаковдун айланасындагы сыр-бор башталганда эле, бул бийлик менен кримдүйнөнүн ортосундагы күрөш экенин, кылмыш дүйнөсү бийликти кысмакка алгысы келип жатканын ачык эле айтып чыгышкан. Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев эгер бийлик криминалдарга каршы күрөштө чегине турган болсо, анда эртең Кыргызстанда "Вор в законе" бийликке келүү коркунучу бар экенин, андай болгондо Кыргызстан мыйзам менен эмес, түшүнүктөр менен жашап каларын, мамлекеттик тил менен эмес, түрмө жаргондору менен сүйлөшүп каларыбызды билдирген.
Мм-да, Жогорку Кеңештин 74 депутаты кабыл алган КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси генерал-майор Шейшенбек Байзаковду кызматтан алуу сунуш токтому Жогорку Кеңештин чыныгы жүзүн, урматтуу депутаттар кимдин арыгын чаап, кимге кызмат кылып жатканын дагы бир жолу далилдейт деген ойдобуз. Бийлик менен кылмыш дүйнөсүнүн ортосунда чечүүчү, мамлекет тагдырын аныктаган күрөш болуп жатса, ЖК комиссиясынын: "Жаза аткаруу кызматынын биркатар кызматкерлерине карата мыйзамсыз кылмыш иштери козголгондугу да ачыкка чыкты. Борбордук аппарат кызматкерлеринин саны 30дан 36га чейин көбөйтүлгөн. Анын алдындагы бир нече түзүмдүк бөлүктөр мыйзамсыз кайра түзүлгөн. Камактагы адамдардын жарандык укуктары бузулгандыктан, нааразычылык жараяны болуп өттү. Аны басуу жүрүшүндө бир адам каза болгон.
Андан сырткары, буга чейин 43 обүектиде курулуш иштери жүргүзүлүп, көптөгөн бюджеттик каражат өз багытында жумшалбагандыгы, курулуш иштеринин наркы кыйла көбөйтүлүп көрсөтүлгөндүгү белгилүү болду. Мындай каражат ар обүектиге эсептегенде орто эсеп менен 120 миң сомду түзөт. Камактагы адамдардын тамак-ашы үчүн азык-түлүктөр дагы тендерсиз эле сатылып алынган" деген бүтүмү депутаттардын Конституция менен эмес, түшүнүктөр менен жашагысы келгендиктин далили эмей эмне?
Кылмыш дүйнөсү менен күрөш, анын ичинде КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тийиштүү мекемелерде тартипти орнотуу жеке эле генерал-майор Шейшенбек Байзаковдун иши эмес. Бул ириде, мамлекеттик бийлик бутактарынын: Президенттин, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин иши. Бирок, арийне минтип депутат мырзалар менен айымдардын өз ишине текебер мамиле жасоо менен Бабанов менен Атамбаевди жарга такап, коррупция жана кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштө аларга бут тосуп, амбицияларынан аркыны ойлобой турганы Президент, Өкмөт, парламент ортосундагы тиреш ачыкка чыкканын, бул тиреш бийликти башаламандыкка, бири-бирине карата ырайымсыз күрөшкө аргасыз кыларын гана көрсөтөт. Бирок, саясый күрөшкө кылмыш дүйнөсүнүн аралашып, алар коомго өз мыйзамдарын таңуулап жатканы, парламент алардын барымтасында калганы өтө өкүнүчтүү экенин айтып коюуга тийишпиз.

Болотбек Таштаналиев