Сууда сүзгөн айыл


Түштүк Американын Уру уруусу, байыртан Титикака көлүнүн боюнда отурукташып, атадан калган салтын улап, тростник дарагынан аралча жасап, ошондо жашап келишет. Титикака көлү деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте орун алган.

Инкилердин империясы Түштүк Американы багынтуу аракеттерин көргөн кездерде, Уру уруусу көз карандысыздыгын жоготуп, башкаларга баш ийүүнү каалабай, айла таап, тростниктен аралча жасап, сууда жашап калышкан. Ошентсе да, алар Инкилерге салык төлөп турушкан. Алардын саны, азыркы күндө бир нече миңди түзөт. 500дөн ашууну суудагы аралчаларда жашайт.
Урунун эли тростникти күнүмдүк тиричилигинде кеңири пайдаланат: кайык жасоодо, кароол чеп курганда, алачык үй салганда жана тамак-аш даярдоодо отун катары (тростник күйүп кетпеши үчүн, 1-1,5 метр кылып таштан меш сымал курулуш куруп алышкан), тростниктин гүлүн чайга колдонушат. Тростниктен даярдалган аралчалар туристтер арасында да белгилүү.
Кийинки мезгилде бул уруу замандан артта калбай (заманда бул уруунун маданиятына, үрп-адаттарына таасирин аздыр-көптүр тийгизүүдө), күндүн нурунан ток алган телевизор ж.б. үй тиричиликке зарыл буюмдарды колдонушат.
Аралчанын кабаты бир нече метрге жетет. Антпесе, арал, анда жашаган адамдарды көтөрө албай калышы толук мүмкүн. Болжол менен тростник аралчалары 30 жылдан кем эмес колдонууга жарайт. Титикака көлүндө 40 чакан арал жана бир чоң арал бар. Чоң аралы Уру эли жашаган аралчалардын борбору катары саналат. Уру калкы алардан саны боюнча басым кылган, кошуна аймара уруусунун тилинде баарлашат. Окумуштуулар белгилегендей, Урулар тилин 500 жыл мурун жоготуп коюшкан.
Аларды сабатсыз деп айтууга болбойт. Анткени, Уру уруусунун 2 мектеби бар. Алар да аралда салынган. Тазалыкты сактап, дааратканаларын өз аралчаларына жакын жерге, башка чакан аралга салып алышкан.

Нуржигит
Бейшебаев