СМС-пикир


"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ар кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине СМС-каттарыңыздарды жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


Айка, жаралыпсың сүйүүгө сараң болуп ,\ Жаралачы жүрөктү дабам болуп. \ Сени сүйүп катуу ооруп турган кезим,\ Карап турчу жанымда караан болуп.\ Айтилек, мен сени сүйөм.
Дастан

Урматтуу кыргызымдын жигиттери. Мекен коргоочулар! Майрамыңыздар менен! Намыска бек, эр жүрөк, өрт болгулачы.Үй-бүлөдө бекем тирек, мамлекетибиздин пайдубалын бекем тиреп, мээримдүү ата, сүйкүмдүү жубайлардан болуңуздар!
Үмүт, 778 7020***

Майрам алдында мен Апендинин жоруктарынан айтып берейин дегем: Апенди там салдырып жатып, устага айтат дейт "Тамдын астына салчу тактайды үстүнө ур да,үстүнө урулчу тактайды астына сал"дейт экен. Анда уста "эмнеге антем?" деп сураса, АПЕНДИ "там салынып бүтөрү менен аял алам. Аял алган кишинин үйү астын-үстү түшөөрүн билбейсиңби?" дептир. Мына дос, алдын алуу керек десе эле апендидей жорук жасабайлы.
Бир куудул

5 миллион кыргыздын тең жарымы эле жаштар экен. Буга кубансак болот, бирок, алардын теңи жумушу жок жүрүшөт.Теңи чет өлкөгө "экспортко" кеткен. Калганы боштуктан арак ичишет, анын айынан ажырашып, канча бала атасыз калган. Аскерге баргандары менен барбагандарынын деле айырмасы жок. Келечек кандай болот, туман…
Токтокан

Көп аял алууга эркектерибиз даяр эмес. Бир аял, бир баласын бага албай жүрөт.
Айназ, 778 9160***

Бийлик өзүнө канчалык бекем жана ишенимдүү болсо, элдин ишеничине жол, карапайым калктын таянаар тоосу боло алат!
772 1723***

Кыргыз аскерлери кошуна өзбек, тажиктерге оюнчук эле болду. Бирде таяк жесе, бирде ок жеп жатышат. "өлкө жүзү-куралдуу күчтөр" деген идеология кайда деги?
Камал-Баткен-Апкан

А.Келдибеков 1993-жылкы КОНСТИТУЦИЯНЫ колдонолу деп баштады. Спикерликтен түшкөнү 10-15 машиналарына май куя албай, квартираларынын ар кандай эсептерине акча төлөй албай жатса керек. Акча жеп көнүп калган кишиге айла жок да!
Бакыт Бишкектен

"Алибинин" эркектер жамааты майрамыңар менен! Турмуштун өйдө-ылдыйына чыдап, чыгармачыл майданда эч майтарылба.
Окурман Бишкек

Жогорку Кеңештин жорукчулары тергөөчү болгонуңарды токтоткулачы?! Башка кылар иш жокпу? ДЕПУТАТ десе эле … башкага кирише бересиңерби? Андан көрө карапайым калк эртең жазда эмне кылат деп Айыл чарба министрликтеринен чакырып, сурак албайсыңарбы?
Элмирбек,771 5722***

СПИД деп жатасыңар, абортту жаздыңар аны окуп, ойлонгон адам,жаштар барбы? Жер-жерлерде андай окууларды жүргүзүү керек. 96-98-ж.ж.ры жалаң эле ошону окутуп калышкан. Анда эч ким аны түшүнгөн эмес, эми түшүндүрүүнү күчөтүш керек деп ойлойм. М: көп гезиттерде жазып жатышат, Кыргызстанда СПИД күч алды деп, анан да Жалал-Абад областы боюнча эң эле көп экен. 2011-жылы эле бул область боюнча 1жарым миң аял аборт жасатышса анын теңинен көбү 16-17 жаштагылар экен. 14-15 жаштагылар төрөп жатышат дейт. Ыкчам чара көрүүбүз керек го!
Жөнөкөй кыз

"Жалгыз аттан чаң чыкпайт, жалгыз иттин үргөнү билинбейт" дегендейби, эми оппозиция дегендерибиз топтошуп алып жүгүрө турган болушту, топтошуп алып кыйкырып көрөлү дешти окшойт. Бирок, эл баардык "оюндардан" тажап бүтүштү!
Бердалы

Парламенттегилер "иштейм" деген адамды эмнеге кет дейсиңер? Байзаков өзү деле айтып жатпайбы "менин күнөөлүү экенимди табышса, мен кетем" деп. Тиешелүү органдар ишти жүргүзө берсин да. Силер, абактагыларды дүрбүтүп, шык бергендей болуп жатасыңар. Канчалык Байзаковго асылган сайын алар да күчөп жатышпайбы!? Кээ бир олуттуу иштерди же укук коргоо, түрмө иштерин "жабык эшик" артында эле карасаңар болот да.
Ага эл таарынбайт болуш керек, минтип отурсаңар түрмө деле эч кимге коркунучтуу болбой калат.
771 5722***

Саясатчылар коопсуздукту сактоону ойлогула! Бөлүнүп- жарылууну күчөтпөгүлө!
Орозбек

СССР ураганы экономиканы көтөрбөй, жалаң саясатчы болдук. "Саясатчы болбогонго болбойт экен, саясат өзү үйгө кирип келди" деп да айткандар болду. Саясат-ыплас нерсе, ага малынып алып, андан чыга албай, анан саясатты эрмектеп жатасыңар. Таза кишиге башты оорутуунун кереги эмне дейм да! Мисалга, "шорочу" Табылды Эгембердиев эмнеге саясатка барбайт? Ал "коррупцияга аралашкан эмесмин, пара да берип көргөн эмесмин" деп жатпайбы.
Тама, Кочкор району

Дары-дармектерди ташыгандарды токтотуу керек. Аптекалардагы коррупцияны ооздуктоо болобу? Догдурга көрүндүң эле толтура дары, дагы витамин дегендерди жазып бере салышат, карапайым адам аны кантип алсын? Аны алса ачка калат. Баары эле өз таанышынын дарыларын сатып бергенге шашат, ортодон акча көрүп калуу үчүн.
Каным, Бишкек шаары

СПИДге чалдыккан адамдын монологу(башы өткөн сандарда): Күн санап күндө ойлоном,/Ач ажал кыйнап толгоном./ Урпагым күнү не болот,/ Канында СПИД ойногон!/ Кылымга салган чуулган,/Кыйналдым жексур оорудан,/ Арманда калбай алыс бол,/ СПИДдин жайган торунан.
Эргеш-Али-Эл-Бек

Кыргыздын рух-дөөлөттөрү(башы өткөн сандарда): Мүнүшкөр жанды кубанткан,/ Кыраан журттун өнөрү./ Бүркүт таптап, куш салган,/ Ата салтын сүйөлү./ Дартка даба дары чөбү/ Ала-Тоонун кенчи го./ Кыргызыма табыпчылык, кылымдардын энчи го./ Темирди ийлеп ширеткен,/ Ак жүзү күйгөн илептен,/ Сулууга сүйкүм түс берген,/ Зергерлик өнөр илгертен,/ Саймадан таңдар агарган,/ Саймадан калпак жаралган/ Ааламдын эли таң калган./
Эргеш-Али-Эл-Бек

Мектептердеги акча чогултуу бул жаңылык эмес, бардык мектептерде акча чогултушат. Аны токтотсо болор бекен?! Акча бербесек, баланы окууга албай жатпайбы. Эмнеге бир класста 40-45 окуучу отурат, ашыкча алганы демек, акча менен. Же ошончо эле гумандуу болуп кетти дейсиңерби? 45 минута 45 окуучуга бир эле минут тийет экен…
Рыскан

Дастан Сарыгулов айтып жатты эле, "эгин айдоо 23-марттан 7- апрелге чейин өнүмдүү, андан кийин кеч болот" деп. өкмөт техникадан, соляркадан жардам берсе эле жакшы болот эле.
Нурбек

Тышкы карызыбыздан 2014-жылга кутулушубуз керек экен. Антпесек, чоң кризиске батып каларыбыз бышык. Испаниянын кейпин кийбесек болду. А оппозиция улам артка тартып, революциянын карааны көрүнүп калды дейсиңер. Жаңы өкмөттү иштетпейиңерби? Өзүңөр бийликте турганда эмне кылдыңар эле? Элди бири бирине душман кылбагыла! Силер миң мейли 10-20 миң болосуңар, ал эми шайлоочулар, эл миллион да!
Нукура кыргыз жигити

Карызыбыз күн санап өсүүдө. Кайра эле карыз алып жатабыз. Эмгек кылып тапкан оокатыбыз эле буйрусунчу. Антейин десең ,эч акталбай жатат. Эмне кылыш керек?
551 1602***

Өмүрбек Токтогулович Ошко барып, эл менен жолугушууда "Кең-Сай деген жерде эң заманбап, стандарттуу үйлөр курулат, ипотека түрүндө каражат берилет" деди. "Жакшы сөз -жарым ырыс" демекчи, эл абдан ыраазы болушту. Бирок, ал ишке ашабы…?
Райла, Ош шаары

Эки революциянын тең биден бир себеби АКШ авиабазасы болгонун эч ким тана албайт. Эми да ал себеп болуп жүрбөсүн. Урматтуу Президент, анын чыгышын талап кылыңыз, сөзүңүз күчүндө болсун. Ислам өлкөлөрүнө да шылтоо болбосун, бизди эч ким аябайт!
Патриот

Парламенттегилер 120 эмес, 20-30 депутат отурса деле ишти добушка коюп , кабыл ала беришет? Демек, 100 депутат ашыкча эле экен. Кыргызстанга 60 депутат эле болсо туура болчудай…
778 7020***

Жакшы нерсе- жөнөкөй болот. Биздин депутаттар кыйын сезишет, өздөрүн. "Азаттыктан" көргөздү Германиянын депутаттарын, эң жөнөкөй, кызматтык машина да айдашпайт экен. Баары велосипед минип жүрүшөт экен. Эң башкысы элдин жашоосун оңдоо, өлкө экономикасын көтөрүү дешет. А бизде үй, машине, кийим деп 1 жыл талкуулап, ызы-чуу болушту го, чиркин!
Райла Смс-19

Борборубуздагы №13 мектеп-гимназиядагыдай көрүнүш №9 мектепте да бар. Аны Билим берүү министрлигине сиздердин гезит аркылуу билдирүүнү чечтик. Бул мектепте окуган бала үчүн банкка 10 миң(род плата) төгөбүз, анан дагы 4миң банкка төгүп, класс жетекчисинин колуна дагы 5 миңден беребиз. Майда -чүйдөсүн айтпаганда. Ушунча акчаларды кайда жиберишет, тактап койгулачы. Же бир мектептин сырткы көрүнүшү ремонтко жооп бергидей болсочу. Балдарыбыздын окуусуна көңүл бурбай эле, ошого акча тапсам экен деп, баламды чыгарып жибербесе экен деген эле көйгөй.
Ата-энелер

Мен бул жолу бир аз "культур-мультур" жөнүндө айтайын. Аны оңдоо мүмкүн, ар бир шаардыктын өзүнөн, буга көп деле мээнин кереги жок! Эмне үчүн аялдамаларда, тротуарларда, ж.б. адам көп жерлерде какырык-түкүрүк жатыш керек?! Сырттан келгендер эмне дейт? Мен тамеки тартпайм, мен аны жейм. Бирок, түкүрө турган жерлерди билем. Муну айтып жаткандарыма күлсөңөр керек. Мейли күлгүлө. Бирок, бул менин өз мекениме болгон, шаарыма, аң сезимге, маданиятка болгон патриотизмдин бир элементи деп айтар элем, кымбаттуу замандаш, мекендеш.
Окурман Бишкектен