"Дыйкандын эмгегин баалабаган өкмөттүн кимге кереги бар"


"Өлбөгөн жанга жаз да келет" демекчи, буюрса босогого жаз мезгили да келип калды. Бул го жакшы. Бирок, биздин мамлекетибиздин экономикасынын негизги бөлүгүн айыл чарбасы түзөт эмеспи. Ушул себептүү дыйкандарыбыз быйыл эмне эгээрин билбей, башы катып турган чак. Мамлекет тарабынан былтыр эч кандай айдап-себүүдө жол көрсөтүлгөн эмес. Дыйкандар мурдагы жылы картошка менен капустанын өтүмү жакшы болгондуктан, көбүнчөсү былтыр капуста менен картошка айдап алышкан. Эми, түшүмүн сата албай куурап атышат. Тонналаган картошкалар жер төлөөдөн чыкпай чирисе, канчалаган капусталар үшүк алып, чирип талаага төгүлүүдө. Бул жерден бир чети кайран гана дыйкандын эмгеги, ага кеткен чыгым деп баш чайкасак, экинчиден өкмөттүн шалаакылыгына, энөөлүгүнө каңырыгың түтөйт. Ушул тапта кыйналып турган дыйкандардын акыбалын жакындан билүү максатында "Дыйкан" базарга барып, андагылар менен баарлашып кайттык.


Жума, "Дыйкан"
базарында сатуучу:
- Биз пиязды 7,50 дөн Токмок жактан сатып алабыз. Бул жакка келип 8сомдон сатып атабыз. Ортодо 50 тыйын кошобуз. Кээде өз баасына деле берип жиберген учурлар болот. Дыйкандардын эмгеги акталбай эле калып атат. Солярка кымбат. Мамлекетке жер салыгын төлөш керек. Картошканы дүңүнөн 3 сомдон алып келишип, 4-5сомдон сатып атышат.
Азирет, дыйкан:
- Акыркы кезде дыйканчылык менен жан багууга да болбой баратат. Тонналаган картошкалар 5 сом болуп, пахта, капуста, пияздар да арзан болуп, эл эмгеги талаада калды. Эмгекчил элге, дыйкандарга жардам көрсөтө албаган Айыл чарба министрлигинин кимге кереги бар? Аны жоюш керек. Бекер эле кресло кучактап, мамлекеттен айлык алып отурушат. Базардагы дыйкандардан салык төлөп, акчасын тартып алгандан башка өкмөттүн деле жардамы жок.
Алтын, сатуучу:
- Быйылкы жылы дыйкандардын эмгеги такыр акталган жок. Тонналаган картошкалар жер төлөөлөрдө сакталып турат. Аны каякка сатып, кантип жер эгүүнү билбей баштары маң. Жөн эле чыгым. Өкмөттөн "эмне болуп атасыңар, алыңар кандай? Тонналаган картошка, капустаны сата алдыңарбы?" - деп сураган эч ким жок. Күнүмдүк оокат үчүн ушул жерде отурабыз. Бир күндүк тапканыбыздын теңинен көбү эле базарда калат. Мисалга, бизге ташып берген арабага, жыйып, сорттоп берген балага, отурган ордубузга, кароолчуга, тамагыбызга, дааратканага акча төлөйбүз. Ошонун баары эле акча да. Бир күндө 1500 сом тапсак ошонун 800 сому базарда калат. Эртеси күнү ал акчага товар алышыбыз керек. Ошентип, өзүбүзгө жарыбаган акча түшөт.
- Сабизди канчадан алып канчага сатасыздар?
- Дүңүнөн саткандыктан 50 тыйын эле кошулат. Мүшөгүн 100 сомдон алып, 120 дан сатабыз. Картошканын баасы 4-5 сом болуп калды. Дыйкандардан сатып алып, бул жакка алып келген ортомчуга деле эч нерсе түшпөйт. Алган кредиттерибизди да төлөй албай атабыз.
- Айыл чарба министрлигинен абалды сурап келген бир жан болдубу?
- Биздин көйгөйүбүз менен Айыл чарба министрлигинин иши да жок. Кайра салык төлөп мамлекеттин чөнтөгүнө акча берип атабыз. Же, отуруп саткан ордубузду ылайыкташтырып беришпейт. Үстүбүз моминтип аңырайып ачык. Арманыбызды айтып, арыздансак: "каалаган жагыңарга барып иштегиле" дейт.
Бурма, сатуучу:
- Быйыл такыр эле арзанчылык, дыйкандардын мээнети да акталган жок. Элдин баарына кыйын эле болду. Ар ким өз жаныбызды багып атабыз. Өкмөт "быйыл муну айдагыла" деп айтып, сатканда жардамдашып, жол-жобосун түзүп, дыйкандарга багыт берип койсо болмок. Жок, антпейт. Керек болсо, телевизордон какшап аткан 0,7% дык насыяга да жетпей койдук. Ал дагы жогору жактагылардан артпай калган окшойт. Ошондой насыяны бизге окшогон карапайым калкка берип турса, Казакстандыкындай болуп, элдер эбак эле оңолуп кетмек.
- Анан соодаңыз кандай болуп атат?
- Соода жок. Картошка 2 сомдон болуп аткандан кийин кеткен чыгымды жаба албайсың. Айла жок текейден арзан баага сатып атабыз. Антпесе жата берип чирийт. Картошканы Көлдөн, Кочкордон алып келебиз. Картошкасын тонналап жыйып коюп, сатуунун айласын таппай аткан дыйкандар ыйлап атышат.

"Капустанын килосун 2 сомдон араң сатып атам"
Шергазы, дыйкан:
- Былтыр1гектир жерге капуста айдагам. Жалпысынан айдап-сээп, түшүмдү жыйнап корооңо түшүрүп алуу үчүн 100 миң сом кетет. Бир гектирден 40 тонна капуста алдым. Ошонун 10 тоннасы суукта үшүп, чирип жарактан чыгып калды. Мына март болду. Ушуга чейин килосун 2 сомдон 15 тонна капуста араң саттым. Эми канчасы сатылып, канчасы жарактан чыгып калат (?) билбейм. Бул жерде саткан ордум үчүн базарга күнүнө 50 сом төлөйм. Жаңы Жерден базарга машина менен капуста жүктөп келем. Машинанын майына да акча кетет. Кээде такыр эч нерсе сатпай калган күндөрүм болот. Жакшы саттым дегенде 1тонна сатам. Кеткен чыгымымды жапмак турсун, банкрот болдум.
- Быйыл эмне айдайын деп турасыз?
- Билбейм. Эмне айдашты да билбей турам. Былтыр капуста жакшы болгондон, быйыл капуста эгип койсок минтип чыгым болдук. Эми эмдиги жылы дагы быйылкы базар баасына карап айдап алып, чыгым болуп калбайын деп коркот экенсиң. Мамлекет дыйкандардын өндүргөн азыктарынын жакшы сатылып кетерине кепилдик бербей атпайбы.

Азамат, дыйкан:
- Ижарага жер алып иштетем. Жерлердин акысы абдан кымбат. Былтыр 1га 15 миңден алганбыз. Быйыл 17 миңден алып атабыз. Андан тышкары 1,5 миң сууга төгөбүз. Негизги көйгөй жер семирткич. Россиядан бизнесмендер вагондоп алып келишет, ушул жерден чоң машиналарга жүктөп, "Баткенге" деген документ менен түз Тажикстанга жөнөтүшөт. Быйыл помидор, бадыраң, капуста, калемпир баарын аралаштырып эккен атам. Былтыркы боюнча капуста менен картошка 3төн бирин да актаган жок. Бирок, помидор менен калемпир актады. Помидорду 30 сомго чейин, калемпирди 20 сомго чейин саттык.
Төрөбек, дыйкан:
- Биз жер-жемиштердин уруктарын сатып алып, ижарага алып айдаган жерге себебиз. Ошол сатып алган уруктардын баары түшүм бербейт. Кээде ар кайсы жерге эле чыгып калат. Урук алган жерге барып айтсаң, "мына" деп лицензиясын көрсөтүп коюшат. Алар го ошентип кутулуп кетет экен. Мамлекет башы да оорубастан лицензия берип коёт. Ортодо чыгым болуп эле. эмгеги талаада калган дыйкандар болуп атат.
Нурайым
Рысмамбетова