Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0228_12.htm on line 10

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0228_12.htm on line 10

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0228_12.htm on line 10

Ашынган айдооочу аксакалдын өмүрүн кыйды


Кечээ, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын жеке айдоочусу жетимиштеги аксакалды унаасы менен уруп кеткендиги тууралуу маалымат электрондук ММК беттеринен орун алды. Бул боюнча биз атайын ИИМдин Чүй облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматы менен байланышып, төмөнкү маалматтарга ээ болдук.

Алгач 26-февралдын кечинде болжол менен 19:30дарда Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек-Торугарт жолунун 67-километринде авто кырсык болуп, адам өмүрү кыйылгандыгы тууралуу кабар келип түшөт. Бул боюнча атайын оперативдик-иликтөөчү топ түзүлүп, окуя болгон жерге барганда, белгисиз автоунаа жол жээгиндеги 2 адамды коюп, ошол бойдон токтобой качып кеткендиги, ал адамдардын бири ошол жерден жан бергендиги маалым болот. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Кочкор району тараптан келе жаткан "Хонда-Одиссей" унаасынын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу аны которуу үчүн жол жээгине чыгып токтогон. Ал дөңгөлөк менен алектенип жаткан учурда унаадагы жүргүнчүлөр да сыртка чыгып, жол жээгинде аба жутуп турушкан. Дал ушул учурда катуу ылдамдыкта келе жаткан ак түстөгү унаа жол жээгине жакын айдап, 70 жаштагы Кочкор районунун тургуну Асангазы Кутманалиев менен 38 жаштагы Сокулуктун Ново-Павловка айылынын жашоочусу Алмаз Матиевди коюп кетет. Натыйжада бир канча аралыкка ыргып кеткен аксакал жан берип, жанындагы катуу жаракат алган. Баарынан жаманы сүзгөн унаа ошол бойдон токтобой Бишкекти карай качып жөнөп, окуяга күбө болгондор коркуу сезиминин астында унаанын маркасын жана мамлекеттик номерин караганга үлгүрбөй калышат.
Окуя болгон жерге дароо жете келген укук коргоочулар унаанын сынып түшкөн тетиктеринен улам бул ак түстөгү "Тойота-Камри" унаа экендигин билишип, аны кармоо боюнча бардык тиешелүү бөлүмдөргө кабарды таратышат. Ошону менен Бишкек шаарында жана анын айланасында аталган кылмышка шектүү унааны кармоо боюнча оперативдүү иштер башталат.
"Уурунун көчүгү кууш" демекчи, болжол менен кечки саат 21лер чамасында Бишкекке чукул ГЭС-5 кичи районунун шакекче жолунан ак түстөгү, мамлекеттик KG номерлүү "Тойота-Камри" унаасы көзгө чалдыгат. Кызматтык унаа болсо да, "сактыкка кордук жок" болуп, текшерип коюуга аракет кылган укук коргоочулары кызыкты ошол жерден көрүшүптүр. Жол көзөмөл кызматчыларынын токтотуу аракетине баш ийбеген анын айдоочусу сүзө качырып, из жашырууга аракет жасаганы менен анын амалы алсыздык кылып, акыры колго түшөт. Ооба, унаанын жол кырсыкка кабылганы тууралуу айкын фактылар бар экен. Алдыңкы айнеги сынып, капотунун капкагы, бампери сынып, ийилип түшүптүр.
Укук коргоочулардын колуна түшкөн мезгилде 28 жаштагы айдоочу Х. А, алкоголдук ичимдикке тоюп алып, көзү тумандап турган экен. Бул боюнча медициналык текшерүү дагы тастыктайт. Өзүн болсо "Мен СДПКнын депутаты, Ирина Карамушкинанын айдоочусумун" деп тааныштырган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, мас айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалды. Иш акыйкат тергелип, адилеттүү каралса, бейкүнөө адам өмүрүнө забын болуп, дагы бир мекендешибизди оор жаракатка кептеген, алагөөдөк айдоочу, депутаттын эмес, министрдин айдоочусу болсо да өз жазасын алууга тийиш.
Бирок, аттиң, Бакайдай болуп карып, балдарынын чайын ичип отура турган мезгилде бир мастын айынан ажал тапкан аксакалдын өмүрүн кайрып ала албайт эмеспизби….

(Бул боюнча толук
маалыматты
www. guvd-chui.kg cайтынан алсаңыздар да болот)

Мирлан Кулбаев




Коррупция жыттанабы?
Зиябидин Айдаров:

Зурдинов 109 студенттин орунун өзүнө катып калган!


Акыркы кезде 70 жылдык тарыхы бар, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын билим берүү сапаты төмөндөп, окуу жайдын көпчүлүк мугалимдери коррупцияга белчесинен батып кеткендиги коомчулукта байма-бай айтылып келет. "Бул көрүнүштүн күч алышына, ректорлук кызматты так аткара албай жаткан Аширалы Зурдиновдун түздөн түз күнөөсү бар" дегендер да четтен чыгууда. Биз өткөн саныбызда жазылгандай, медакадемиянын айланасындагы чуулгандуу кептердин чын бышыгын изилдөөнү баштадык. Ал арада медицина илимдеринин доктору, профессор Медициналык академияда 20 жылдан бери эмгектенип келген Зиябидин Айдаров редакциябызга келип, аталган окуу жай боюнча бир топ мыйзам бузуу фактыларын айтып берди.

-Саламатсызбы Зиябидин Абдраимович, алгач коомчулукта көптөн бери айтылып келе жаткан А.Зурдиновдун ректорлук кызматка мыйзамсыз дайындалышы туурасында сөз козгосоңуз. Бул имиштер канчалык деңгээлде чындыкка төп келет?
- Ооба, чындыгында азыркы маалда Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиянын ичинде абал тынч эмес, анткени, андагы бир топ кызматкерлер азыркы ректорго нааразы болсо дагы, нан таап жаткан жеринен айрылгысы келбей, окуу жайдагы көптөгөн мыйзамсыз көрүнүштөр туурасында ачык айта албай келишет. Негизинен Аширалы Зурдинов башынан эле бул кызматка мыйзамсыз келген деп эсептейм. Анткени, бул кишинин дайындалышы 2009-жылы 12-мартта чыкса, ал эми токтом 13-март күнү күчүнө кирип "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланып жатат. Бул деген коррупциялык жолдор мененби, айтор, Зурдиновдун кызматка бир күн эрте дайындалып жатканынан кабар берет. Мыйзам одоно бузулду деп эсептейм.
-Аширалы Зурдиновдун ректорлук кызматка келиши менен аталган окуу жайда билимдин сапаты, студенттердин окуу шарттары жогоруладыбы?
- Мына ушул суроо башкы маселе. Жакында 70тен ашуун студент ректордун атына, лекция өтүүчү залдардын суук болуп жатышы, жылыткычтар жарактан чыгып көптөгөн студенттер анда эки-үч сааттан билим алабыз деп, ооруп калгандыгы туурасында атайын кат жөнөтүшкөн. Андан сырткары, Медакадемияга жер-жерлерден келип жатаканада жашап окуган 500гө чукул студент ачык кат жөнөтүп отурушат. Алардын нааразы болгону, жатаканага төлөнчү акчанын баасы жогору болуп жатышы себеп болгон. Алсак, биздин окуу жайда билим алган студент жатакана үчүн айына 950 сом акча төлөп, бир бөлмөдө 4 студент жашайт. Эми эсептеп көрүңүзчү, төрт бала төрт миң сомго жакын акча төлөйт экен. Андан көрө алар бардык шарттары менен квартираларга батирге чыгып алганы оң да. Зурдинов жатакана үчүн каралган бул бааны эч бир орган менен чечишпей туруп, өзү бекитип алган. Учурда бул иштер боюнча бир дагы жыйынтык жок.
- Медакадемия Республиканын алдыңкы окуу жайларынын бири катары эсептелгендиктен, бул жакка окууну каалагандардын саны арбын болчу эле. 2011-2012 жылдардагы кабыл алуу планы кандай өттү?
- Туура айтасыз. Бизге тапшырабыз дегендер Кыргызстанда эле эмес, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн да арбын болот. Айтайын, бизге жыл сайын алыскы чет өлкөлөрдөн англис тили менен окуган 100дөн ашуун студенттер келип, ар бири 113 миң сомдон акча төлөп билим алышчу эле. Быйыл бул көрсөткүч он эсеге азайды. Натыйжада Медакадемия 12 млн. сом чогулта албай калды. Анын эсебинен 10дон ашуун мугалимди кыскартууга туура келди. Бул жагдайлардын келип чыгышын мен, Зурдинов мырзанын коррупциялык схемаларынын жыйынтыгы деп билем. Анткени, ал быйылкы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматына өзүнүн кафедрасындагы тийиштүү жакын адамдарын кабыл алып, жергиликтүү жарандардын орундарын жашырып калуу боюнча кызыкчылыкты көздөгөн. Айта кетүүчү нерсе, быйыл Аширалы Зурдинов 109 орунду өзүнүн кызыкчылыгы үчүн катып алган, аны Билим берүү министрлиги да аныктаган. Бирок, эч кандай чара колдонулган эмес.
-Менин билишимче медициналык академияда эч бир жерде колдонулбаган айрым практикалар иштеп келет. Айтсам, сабакка келбей калган студент ошол предметке кийин кирүүгө уруксат алыш үчүн 57 сом акча төлөйт экен. Андан сырткары, окуу жайдын түзүлүшүндө аппарат жетекчиси деген кызмат бар. Ал эмне милдет аткарат?
- Сабакка катышпай калган студент кайра кирүүгө уруксат алыш үчүн акча төлөө системасы Зурдиновго чейин эле бар болчу. Бирок, ал кезде 20 сомдун айланасында төлөнчү. Ошол бааны ректор эч бир тийиштүү органдар менен кеңешпестен эле өзүм билемдик менен көтөрүп алган. Ал эми аппараттын жетекчилик кызматы туурасында айта турган болсом, чындыгында бул кызматтын окуу жайдагы түзүмүнө кереги жок деп эсептейм. Анткени, бул кызматты ээлеп отурган адис бир дагы адамдын алдында отчет бербей, ага эч бир жоопкерчилик жүктөлгөн эмес, ал жөн гана окуу жайдын ичиндеги ушак менен алектенип келет. Ал эми айлык акысы депутаттардыкынан жогору алат. Анын ишмердүүлүгү кадрлар бөлүмүнө эле жүктөлсө болмок.

P.S. Кийинки сандарыбызга аталган маселелер боюнча экинчи тараптын пикири менен кошо студенттик топтордун арыз-даттанууларына орун бермекчибиз.
Тынчтык
Алтымышев





 Алиби

28-февраль, 2012-жыл


Яндекс.Метрика