Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0228_10.htm on line 10

Warning: include(../../head.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0228_10.htm on line 10

Warning: include(): Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0228_10.htm on line 10

Кыргызстанда жайгашкан


авиабазалардын биздин өлкөгө


кереги барбы?



Жакында президент А.Атамбаевдин Россияга болгон иш сапарында Кыргызстанда жайгашкан авиабазалардын тагдыры тууралуу да маселе козголду. НАТОнун жана ОДКБнын авиабазаларынын бизге кандай пайдасы бар деген маселеге саясый серепчилер, күч органдарынын кызматкерлери да эки ача пикир билдиришет.


Табылды Акеров,
саясый серепчи:
- Менимче АКШнын авиабазасынын биздин өлкөдө турушу эл аралык терроризмге сүр көрсөтүп турат. Террористтик кыймылдардын активдешүү аракеттерине бөгөт болот. Андан тышкары, Өзбекстан, Казакстандан бизге туулуучу коопсуздук коркунучтарын нейтралдаштырып турат. Ал эми Россиянын Канттагы авиабазасынын ролун ала турган болсок, бул жерде Россия тараптын кызыкчылыгы көбүрөөк болуп турат. АКШнын базасын өзүбүз чакырганбыз. Россия болсо транзиттик жүк ташуучу борборго атаандашып эле өздөрүнүн авиабазасын киргизген.


Мирослав Ниязов,
генерал:
- Бул жөнөкөй маселе эмес. Мен бул тууралуу далай ирет өз оюмду билдиргенмин. Сиздин бул маселе тууралуу кыска эле сурооңузга бир сөз менен кыскача жооп бере албайм. Анткени, тышкы саясатка биз этияттык менен мамиле кылышыбыз керек.


Мавлян Аскарбеков,
"Кыргыз эл" жаштар
саясый кыймылынын
төрагасы:
- Кыргыз мамлекетинде эки чоң державанын авиабазаларынын жайгашышы кичинекей мамлекетибиз үчүн бир чети кооптуу жагдай түзөт. Экинчиден коңшу мамлекеттердин да кыжырын келтирип, аларга да кооптонууну жаратууда. Ушундай оош-кыйыш саясый абал болуп турганда Кыргызстан геосаясатта нейтралдуу позицияда турганы жакшы. Экономикалык жардамдарына муктаж болгондуктан деп отура берсек, эртең ошол акчалар өзүбүзгө шор болушу да мүмкүн.


Кубатбек Кожоналиев, генерал:
- Биздин аймакта туруксуз коркунучтар чачтан көп. Алардын бири Афганистандагы абал. Кыргызстанда бул эки державанын авиабазаларынын турушунда чоң мамлекеттердин кызыкчылыгы бар экендиги айдан ачык көрүнүп турат. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондуктан, бир топ эл аралык уюмдарга кирип, ошого жараша милдеттерди да алганбыз. Муну укуктук талаада чечишибиз керек. А.Атамбаевдин 2014-жылдан жүк ташуучу борборду жарандык базага айлантабыз же чыгарабыз дегени туура эмес. Эл аралык мамилелерде сабырдуулук менен мамиле кылып, кадамга карай кадам жасоо керек. Алган милдеттерди да так аткарышыбыз керек.


Марат Казакпаев, саясый серепчи:
- А.Атамбаев Москвага барганда, мөөнөтү бүткөндө бул эки база тең Кыргызстандан чыгат деди. Бул бир чети туура. Анткени, биз геосаясаттын оюнчугу болбошубуз керек. Бирок, АКШнын жүк ташуучу борборуна биздин өлкөгө жылына 60 млн. АКШ доллары суммасында салык төлөйт. Экинчиден, Өзбекстан менен болгон мамилебиз жылдан-жылга оордошуп баратат. Кырсыкты "кайдан?" деп билүүгө болобу? Андыктан АКШнын авиабазасынын Кыргызстанда турганы бизге пайдалуураак. Ал эми Россия авиабазасы үчүн ушуга чейин Кыргызстанга бир да сом төлөгөн жок. Алар үчүн коммуналдык тейлөөлөрүн да Кыргызстан мойнуна алган.


Марс Сариев,
саясый эксперт:
- Биздин өкмөт АКШнын жүк ташуучу борборун 2014-жылы мөөнөтү бүткөндө чыгармай болду. Буюрса. Муну Россия тарапта колдоп атат. Алар айтып атат: "Иран каалаган убагында силерге ракетасын коё бериши мүмкүн"- деп. Бирок, ага чейин геосаясат кандай болуп кетет ага кепилдик берүү кыйын. Аны айтууга азырынча эрте. Ал эми ОДКБнын авиабазасын азырынча чыгарбайт го. Анткени, Иран менен АКШнын мамилеси курчуп турат. Ошондой эле, Афганистандагы талибдерден да кооптонуу бар. АКШнын жылына салыкка төлөөчү 60 млн. долларына кызыгып, Кыргызстанды жоготуп алышыбыз мүмкүн.


Артур Медетбеков, генерал:
- Кыргызстанда дүйнөлүк терроризмге каршы НАТОнун базасы жайгашкан. Кийинчерээк бул база жүк ташуучу борбор аталып калды. Учурда 1,5-2 миңге жакын АКШ аскерлери турушат. 1999-2000- жылдары Баткен окуясынан кийин, НАТОнун базасынын турушуна көп маани берилип келет.
Ислам динин жамынган диниий экстремисттик уюмдар Кыргызстанга катуу коркунучтарды туудурууда. Ошол себептен бул жүк ташуучу борбордун Кыргызстанда турганы бизге эле эмес бүтүндөй Борбордук Азиянын тынч-тыгына кепилдик берет. Үчүнчүдөн материалдык жактан да пайдасы бар. Ал эми ОДКБнын базасы деле эл аралык терроризмге каршы туруп, бул мамлекеттерге кирген мамлекеттердин мүдөөсүн аткарууда. Россиялыктар 15 жылдан бери Кыргызстандын күч органдарын окутуп, аскердик техникаларды берүүдө. Өзбекстан аркылуу НАТО нун 90% жүк ташуусу өтүп турат. Тажикстанда Франциянын учкучтар тобу жайгашкан. Россия менен Казакстан аба мейкиндигин НАТОнун учактарына ачып коюшкан. Бул жерде жеке гана Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы кызмат кылган жок. "Кыргызстандан НАТОнун базасы чыгарылса, ал базага биз деле орун бергенге даярбыз" деп Казакстан билдирүүдө.


Нурайым Рысмамбетова






 Алиби

28-февраль, 2012-жыл


Яндекс.Метрика