Камчыбек Ташиев, ЖКнын депутаты,

"Ата-Журт" партиясынын лидери:


"1-мартта элдин кулк-мүнөзүнө революция


жасайбыз!"


- Камчыбек мырза, Башпрокуратурадан Сизге кылмыш ишин козгоп, депутаттык мандатыңыздан ажыратуу боюнча көрсөтмө берээри тууралуу маалыматтар айтылууда. Эгер бул расмий чындыкка айланса, муну кандай деп түшүнөсүз?
- Азырынча мага эч кандай кагаз жүзүндө менин депутаттык кол тийбестигимди алуу тууралуу же мага каршы кайсы бир кылмыш ишин козгогондугу тууралуу документ алган жерим жок. Эгер ал чын боло турган болсо, бул иш менин оппозициялык маанайдагы ишмердигиме карата бийлик тарабынан болуп жаткан кысым деп билем. Анткени, бийлик качан болбосун, оппозицияны муунтуу аракетин жасап келген жана жасап келе берет. Мындай атайын ойдон чыгарып, жалган жерден жалаа жабуу, кылмыш ишин козгоо Кыргызстанда биринчи болуп жаткан жери жок. Акаевдин бийлиги да, Бакиевдин бийлиги да оппозицияны ар кандай жол менен муунтуу аракетин кылып, саясий лидерлерди камакка алып келгенин билебиз. Мына, бүгүн дагы бийлик чындыкты көзгө сайып көрсөтүп, эл деп, жер деп, улут деп чырылдаганым үчүн мага ушундай ишти козгоп, коркуткусу келип жатса керек.
- Бирок, эгер кылмыш иши козголсо, факты менен болот да. Мисалы, ӨКМ министри болуп тургандагы артыкбаш чыгымдар, солго кеткен сомдор боюнча?
- Ооба, мен Өзгөчө Кырдаалдар министри болуп, эки жылдан ашык иштедим. Бирок, мен тескерисинче, ошол ӨКМнин кадырын көтөрүп, анын жабдыктар менен жабдып, кызматкерлердин шарттарын көтөрүп кеттим. Мен ушул убакка чейин мамлекеттин бир кирпичин мыйзамсыз алган да, мамлекеттик бир дагы мекеме-имараттын менчиктелишине катышкан да, бекер бир метр жер чыгарып алган да адам эмесмин. Азыр Барпы айылында мамлекет тарабынан мыйзамдуу берилген 15 гектар жерим гана бар. Андыктан мен артымдан бир илинчек чыгып калат деп коркпойм.
- Сиз ӨКМдин башында турганда, Өкмөт башы Данияр Үсөновдун эшигин "тарс" жаап чыгып кеткенсиз. Ошондо ал Эсеп палатасына буйрук берип, Сиздин министрлик ишмердигиңизди тез арада текшерткени, натыйжада бир канча мыйзам бузуулар, ашыкча чыгымдардын калкып чыкканы, ал боюнча Башпрокуратура кылмыш ишин козгой турган маалда, 7-апрель окуясы орун алып, ошол аудиттин документтери күйүп кеткенин уккан жайыбыз бар. Ошол аудиттин жыйынтыгы менен тааныштыгыңыз барбы?
- Негизи Эсеп палатасынанбы, башка текшерүүчү органдар тарабынанбы, ар бир министрликтин иши боюнча аудиттер ар качан болуп турат. Ага чейин деле текшерип эч нерсе таба алышкан эмес. Бирок, мен сен айтып жаткан аудиттин жыйынтыгы менен тааныш эмесмин, мен ал жөнүндө уккан да эмесмин. Эми иш болгон жерде ар кандай кемчиликтер болушу мүмкүн, бирок, министрлик ишиме мен толук жооп бере алам.
- Анда мандатыңызды убактылуу жерге чаап салып, өзүңүз сурак берүүгө эркиңиз жетеби?
- Эмнеге жетпесин? Мен качан, кайсы маалда, кайсы иш болбосун чакырган жерге барып, сурак берүүгө даярмын. Биринчи кезекте, эгер прокуратура кылмыш ишин ачса, шоу кылып, Жогорку Кеңештен уруксат сурабай эле, мени суракка чакырса, өзүм басып бармакмын. Ошондуктан мен муну саясий, атайын уюштурулган мага каршы акция деп билем.
- Айрым ММКларга "4-мартта биз жеңишке жетебиз, ошондон тарта биз жалаң жеңиштин үстүндө болобуз" деп айтыпсыз. "Биз" дегениңиз "Улуттар биримдиги" партиясыдыр, бирок, кимди жеңесиздер?
- Ооба, биздин "Ата-Журт" партиябыз менен Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Ош шаарынын азыркы мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясын колдоого алып, 4-марттагы шаар дык кеңештин депутаттарын шайлоодо жеңишке жетебиз деп турабыз. Ар бир шайлоого катышкан партия өздөрүн жеңебиз деп эсептейт да. Биздин жеңишибиздин дагы бир себеби, биз 1- мартта Ош шаарында 20 миң адам катышкан ири тынчтык митингин өткөрөбүз. Кыргызстанда мындай митингдер болгон деле эмес. Эң башкысы мында биз элдин саясий көз карашын өзүбүзгө бурабыз. Ошодон кийин эл ак менен караны ажыратып карайт.
- Саясатчылардан кимдер катышат?
- Биз сен катыш, сен катышпа деп бөлбөйбүз. Ким кааласа катышат. Бул жерде бизди колдогула, бийлик менен болбогула деген чакырык, демилге болбойт. Болгону азыркы бийликтин алешем иштерин ачыктап, Кыргызстандагы бүгүнкү ахыбалдын чындыгын айтабыз, биримдик менен бул маселеден чыгууну демилге кылабыз.
- Эмнеге Ошто? Бул аймактык бөлүнүп-жарылуу эмеспи? Балким Нарында өткөрсөңөрчү?
- Ошто дегенибиз, 4-мартта Ош шаарында шайлоо болгону турат. Ошон үчүн биз элдин ынтымагын, биримдигин сактап калалы, улут аралык бөлүнүүлөргө жол бербейли деген максатта өткөрүп жатабыз. Буюрса, марттын аягына чейин ушундай эле тынчтык акцияларды Бишкекте, Нарында, Көлдө өткөрөбүз.
- Силердин ошол акцияларыңарга бийликтен реакция болооруна ишенич барбы?
- Биз тарыхтан сабак алышыбыз керек. Өткөндү карап иш кылышыбыз керек. Бийлик элди, оппозицияны укпай калганда, сүйлөшүүдөн качып калганда, саясий оюндарды уюштуруп калганда эле революция болоорун унутпасак. Тарых кайталанат - деген ушул. Айталы, 2005-жылы 4-мартта Акаев бийлиги Жалалабаттын губернаторун алмаштырып ийгени, анан Бакиевдин мандатын бербей койгону үчүн эл көтөрүлүп, Жалалабаттын администрациясын басып алган. 2010-жылы Бакиев Данияр Үсөновду Өкмөт башчылыктан албай койгону үчүн апрель революциясы чыгып кеткен. Азыр да Атамбаев мырза Бабановду Өкмөттөн албаганы үчүн элдин нааразычылыгын пайда кылууда. Балким, 4-мартта Ошто административдик кыстоо орун алып, же башка ыплас технологиялар колдонулса, эл Ош шаар бийлигин басып албайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
- Революциялык жол менен бийликке келүүнү пландаштыргандай сүйлөп жатасыз?
- Жок, мен эч качан революциялык жол менен бийликке келүүнү максат кылган эмесмин, кылбайм дагы. Мына эки революция болду, эл эмне пайда тапты? 90дон ашык балдарыбыздан айрылдык, Ош, Жалалабатта канча жоготуулар болду? Тапкан пайдабыз эмне болду? Ошондуктан бийлик элге жакын болсо, эрктүүлүк менен иш кылса жакшы болмок. Мына, былтыркы бюджет 91 миллиард сом менен кабыл алынса, быйыл болгону 93 миллиард сом менен бюджетти бекитип жатабыз. Инфляция болсо 7-8 пайызды түзүп турат. Демек, ордубуздан жылган жокпуз. Эч нерсе өзгөргөн жок.

P.S. Ошентип, учурдагы оппозициянын бакыйган лидери жаздын келишин эле күтүп жаткандай, 1-мартта, жаздын алгачкы күнүндө тынчтык митинги деп Ошто опурталдуу жүрүштөрдү баштаганы камданыптыр. Маек учурнда анын эки революция болгону губернатор, депутат, премьер-министр үчүн болгон дегендей ишаараты мени таң калтырды. Баса, анын ӨКМ башчысы болуп тургандагы ишмердигин текшерген аудиттин жыйынтыгы азыр көп эле адамдардын, анын ичинде менин да колумда турганын жашырбайм деле. Камчыбек мырза таанышам, ар бир пункт боюнча жооп берем десе беришим деле мүмкүн....

Тынчтык
Алтымышев




Нариман Түлеев, ЖКнын депутаты:

"Байболов артист кызды жалдап, мага каршы


кылмыш ишин ачкан!"


- Нариман Ташболотович, Башпрокуратура Сизге кылмыш ишин козгоп, жакында парламентке кол тийбестиктен ажыратып берүү маселесин коерун электрондук ММКлар жар салууда. Буга кандай пикирдесиз?
- Эми бул саясий шоу. Коррупцияга каршы күрөшөбүз деп өздөрүнүн саясий атаандаштарын, өздөрүнөн алда канча күчтүү менеджер, иш билги, профессионал адамдарды коркутуп-үркүтүп коюуну азыркы бийлик максат кылып жатса керек. Болбосо, мага бир канча кинелер менен кылмыш ишин 7-апрелден кийин эле ачышып, негиздери жок, далилдери жок болгондуктан кайра жабышкан болчу. Мага ошол тергөөчүлөр өздөрү келип, "кечирип коюуңуз, ушундай болуп калды, бизди жогору жактан ушундай деп буйруп жатышат, бул кылмыш иштеринин баары жасалма" деп жалдырап кетишкен. Эгер, эми кайра ошол иштерди ача турган болсо, анда бул саясий буйрук экендиги кайра эле ачыкка чыгат. Анда ошол тергөөчүлөр уятынан жер баспай калат го?
- "Жогору жак" дегендер ким болду экен?
- Ошол кездеги бийликте отургандар болчу.
- Баарыбы?
- Менин ишмердигиме кызыгып, менден кандайдыр бир өч алууну максат кылып алышкандар болгон. Алар Байтемир Ибраев, Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболовдор.
- Кайсыл иштер боюнча кылмышка шектүү болдуңуз эле?
- Бишкек шаар башчысы болуп турганда, ШИИБге атайын спецмашина алып бергенимден кынтык табууга аракет кылышкан. Мен анда болгон максатым, мамлекеттин казынасына акча түшүрүү болгон. Ошол кезде билесиңер, шаардык МАИ кызматы унааларды техникалык кароодон өткөрүүдөн шаар бюджетине 100 миллион сомго жетпеген каражат түшүрчү. Мен аларга "эгер Силер коррупцияга жол бербей, шаар казынасына 200 млн. сом түшүрсөңөр, мен силерге сыйлык катары арзан, ипотекалык үй берем" деп сөз бергем. Натыйжада алар планды 100 пайыздан ашык аткарышып, бир жылдын ичинде 200 млн. сом түшүрүп беришти. Анан алар айтышты, "бизге үйдүн кереги жок, андан көрө ШИИБге спецмашина керек, машина алып бергиле" деп. Мен макул болуп, 250 миң доллар суммасында акча бөлүп бердим. Ошону менен алар өздөрү тендер өткөрүшүп, өздөрү унаа сатып алышты. Менин тиешем да болгон жок, өздөрү тандашып, өздөрү тендердик комиссия түзүшкөн. Экинчи кылмыш иши болсо атайын жасалма, Кубатбек Байболов Башпрокурор кезинде ачылган. Анда бир артист кыз, мэр Түлеевге квартира алуу үчүн 20 миң доллар пара бергем деп арыз жазат. Бирок, кийин сурак учурунда ал кыз "обраткага" кетти, арызын артка алып. Убакыт өтүп, ал кыз менден кечирим сурады, "ушундай болуп кетти, бирөө мага буйрук кылды" деп. Мен "кечирейин, фамилиясын атап кой ошол кишинин" десем, ал "Кубатбек Байболов" деген ысымды атаган. Мына, ошентип эле баары ачыкка чыгып, мен эл алдында таза бойдон келем.
- Ошол иштердин кайра ачылышын саясий өңүттө деп жатасызбы?
- Албетте, болбосо, антип шоу кылбай эле, кайсы бир жагдайлар боюнча повестка жиберишсе, кылчактабай эле соткобу, прокуратурагабы, коопсуздук комитетинеби, өзүм эле бармакмын. Далай жолу сурак берип келгем, коркпойм.