Рыспай Исаков, манасчы:

Манас бирөө, аны ар ким өз деңгээлинде таанып жатат!


- Рыспай ага, акыркы кездерде "Манастын" айланасында арбын кептер айтылууда. Бир даары Манасты ислам динин жайылтуучу, даваатчы катары санап жатышат. Дагы бирлери Манасты акыл-ойдун башаты, энергия катары кабылдашып, дагы бирлерибиз аян аркылуу Манасты кайра жазып жатабыз. Деги, биз буга чейин уккан, билген, ата-бабадан калган нукура Манаска булар шек туудурбайбы?
- Манас - бул чалкып жаткан бир бүтүн океан. Азыркы айтылып жаткан нерселердин баары ошол океанга чөмүч салгандай эле кеп болуп калат. Ооба, Манас эпосу нечен кылымдардан бери бирде толкуп, жээкке жаба берип, бирде кемип, жээктен алыс кала берип, бирок, мезгил менен кошо толуп-кемип ага берип, бизге жетти. Ошол, опол тоодой зор эпосту бүгүн ар кимибиз өз деңгээлибизге жараша түшүнүп, ошого жараша чечмелеп, ошого жараша аны таанып жатабыз. Чындап келсе Манаста биз билбеген, укпаган дагы нечендеген сырлар катылып жатат. Аны улам убакыттын алмашуусу менен катар акырындап, аң-сезимибиздин жетилишинче чечмелей береттирбиз. Бирөөлөр Манастагы энергияны байкап жатса, бирөө Манастагы тарыхты тактап таап жатса, бирөө Манастагы таалим-тарбиядан сабак алып, азыркыга пайдаланайын деп жатса, биз тескерисинче сүйүнүшүбүз керек. Манасты биз канчалык өзүбүзгө сиңирсек, ошончолук кут түшөт, ийгилик жылоолоп, береке кирет деп билишибиз керек.
- Аныңыз го туура, бирок, "Манас атабыз такыбаа мусулман болгон, ал ислам дини үчүн күрөшкөн, жеңген жеринде Исламды орноткон" деген исламчыл туугандарыбызга каршы пикирлер коомдо күч болуп турбайбы?
- Ооба, бул боюнча арбын пикирлерди биз деле угуп келебиз. Менин пикиримде мындай аргументтерге Сагымбай атабыздын варианты түрткү берип турат. Ал өзү беш убак намазга жыгылган адам болгондон кийин, айткан Манасына да ушул намазды кошуп, Манастын баскан турганын бүт эле ушул диндин эрежесине таяп, болгондой кылып айткан экен. Убагында буга устаты Тыныбек да сын менен карап, "Манаска кошумча киргизип жибербей, нукура бойдон айт" деген насаатын айткан. Бул маселе келип-келип эле жанагы 1950-жылдардагы "Манастын" элдүүлүгү боюнча маселенин келип чыгышына да түрткү болгон. СССРдин атеисттик көз караштагы идеолог дегендери Манасты "пантүркизм" жыттанып турат деп, андагы ушул ислам кирип кеткен жерлерин айыптап чыккан да. Ошол тарабынан алып карап келгенде, азыркы замандаштарыбыздын да "Манас ислам динин карманган" деп айтуусуна жүйөө берип турбайбы. Бирок, биз бир нерсени эске алышыбыз керек-эки ача пикир, эки ача көз караш Манаска эч кандай жакшы нерсе алып келбейт. Менин жеке пикиримде "мен Ислам дини менен гана жашайм" деген тарап да, "жок, мен салт-санаа менен, Теңирим берген ишеним менен гана жашайм" деген улутчулдар тарап да катуу жаңылышат. Биз качан бул эки чоң дүйнөнү бири-бирине жуурулуштуруп, бирине экинчисин толуктатып, орун бермейин алдыга кете албайбыз. Башкача айтканда дин менен кетип, ар бир эл өзүнүн салт-санаасын, үрп адатын жоготууга акысы жок. Бул Куранда да айтылган. Экинчи жагынан биз улутчулбуз деп эле динди эч убакта сыртка тээп кое албайбыз. Анткени, биз кыргыздар, баарыбыз жапатырмак беш маал намазга жыгылбасак да өзүбүздү мусулман деп эсептейбиз. Мусулманчылыктын жол жобосу менен жүрөбүз деп эсептейбиз. Арабыздан адам каза тапканда ошол исламдын жол-жоболорун колдонуп келебиз. Демек, ошол экөөнүн ортосунан ылайыктуу бир жарк эткен нерсени кармап албасак, улутту да, динди да, Манасты да жоготуп алуу коркунучу кала берет.
- Суроого так жооп алсам экен, Манас баатыр исламды тутунганбы?
- Манас деген бул көөнө тарыхтан, алыскы тарыхтан астыртадан кабар берип турган укмуштуу улуу баян. Керек болсо, Манас ислам динине чейин канча бир кылым мурун жаралган. Үңүлүп караган адамга Манаста ички бир ишеним болгону көрүнүп эле турат. Айталы, мусулман деген сөз бул - бир Кудайга ишеним деген эле сөз. Ал эми Ислам болсо Мухаммед пайгамбардан кийин пайда болгон түшүнүк. Ушундан алып келгенде, биз бир беткей аны ислам дининде болгон деп айтууга болбойт. Ошол эле убакта аны исламды карманган эмес деп да айта албайбыз. Ал доорлордо эл Кудайды кандай аташканы, кантип ага кайрылышканында маселе жок болушу керек, бул жерде негизги кеп бул ишенимдин болушу.

Маектешкен
Тынчтык Алтымышев






Көз караш

Кыргызстан жана жаштар



Адамзаты дайым алдыга карап, келечекти ойлоп жашап келет. Жаштар - бул улуттун, мамлекеттин келечеги. Кыргызстандын жаштары бул - Кыргызстандын келечеги. Кыргызстандын жаштары жок, Кыргызстандын келечеги жок десек болчудай. Бирок, биздин мамлекет өзүнүн келечегине кандай кам көрүүдө?

Кимден үлгү алган?
"Жаштар бузулду, ыймандан кетти, улууну сыйлабайт, биздин мезгилде мындай эле" деген сыяктуу сөздөрдү кулак көп эле эшитип жүрөт (бул пикирге аргасыз кошуласың). Бул пикир азыр эле жаралып калган эмес. Ар дайым ар улуу муун жаштарга сын айтып, кемчилигин көзүнө сайып көрсөтүп, оң жолго түзөп келген. Муну биз, XI кылымда жашап өткөн ойчул, окумуштуу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" чыгармасында жазганынан деле окуй алабыз. 10 кылым мурун жашап өткөн ойчул Жусуп Баласагын "Жаштардан ыйман кетти, каада-салтты унутту..." деп жазат. Андан бери нечен суулар акты, бирок, улуу муун жаштарга сын айтканы айткан. Аны адамзатында болуп жаткан табигый көрүнүш катары бааласак болот. Улуулар акыл айтып жаштарды, адепке, ыйманга, улууну сыйлоого чакырган. Ошентип, улуулар кичүүлөрдү тартипке салган.
Азыркы улуу муунга мурунку улуу муун сын айтып, "жаштарыбыз мындай, тигиндей" деген пикирлерин билдиргенин биз бөркүбүздөй билсек болот. Азыр да жаштар улуулардын сынында. Биз, агай-эжейлерибиздин бизге карата айткан пикирлерине кошулбай койбойбуз. Калыстык үчүн айталы, жаштар чыны менен бузулду. Баалуулук дегендин баары жоголду. Азыркы "убактылуу баалуулуктар" бул - акча, бийлик. Булар кээ бир жаштар үчүн бул жашоонун түркүгү. Аларга, болду, мындан башка эч нерсенин кереги жок. Кичүү муундун кумири, үлгү алчу адамдары ким, бул темир тор аркасында "түшүнүктөр" менен жашаган "мыйзамдагы уурулар", мамлекеттин башында отуруп, уурдап жеген коррупционерлер. Себеби, аларда акча, бийлик деген бар. Бир сөз менен айтканда, азыр кримчөйрөнүн өкүлдөрү менен, коррупционерлердин ташы өйдө кулап, жаштардын идеалдарына айланууда.
Жаштардын көбү чоң кызматтарда: Акүйдө, же Көкүйдө, өлө калды дегенде бажыканада иштегилери келет. Ошол себептен болсо керек, көбү экономист, бухгалтер, юрист өңдүү кесиптерди тандашат. Бул кесиптерди аркалоону каалагандардын кээ бирөөсү, биринчиден, экономист же юристтик кесипке кызыккандыктан эмес, бул кесипти алса, чоң кызматка орношуп, майлуу-сүттүү орунга отуруп, "жеп-ичем" деген пикир менен барышууда. Бул да болсо, мамлекетибиздин коррупциясынын сазында экенинин белгиси. Бул көрүнүш өкүндүрбөй койбойт.

Себеби эмнеде?
Балдар менен иштешкен психолог адистердин баамында, бүгүнкү күнү жаштардын келечекке ишеними жок болгондугу үчүн алар көп жаңжалдарга барып, чыр-чатактарга жакын болушууда. Дээрлик көпчүлүгү, бир күндүк жашоону ойлоп, эртеңки күндөн үмүтүн үзүшкөндөй. Ошондон улам болсо керек, 35 миңге жакын өспүрүм ичкиликке берилип кеткен.

Таяктын экинчи учу
"Таяктын эки учу бар, ыймандуу кыздар дагы бар" деп төкмөбүз Аалы ырдагандай, кыргызды сүйүп, эли үчүн эмгек кылып, элдин батасын алгысы келген улан-кыздарыбыз бар. Байлык, бийлик дегенди экинчи орунга таштап, элдин керегине жараган азаматтардан болууну каалагандар да арбын.
Өзүбүз көрүп, билип жүрөбүз, жаштар чет мамлекеттерде, билим алып, өз мекенинде көрбөгөн камкордукту бөтөн элден көрүп, көп ийгиликтерди жаратышууда. Алар туулган жеринен алыс болбой, мекенинде иштесе мамлекетке канча пайда алып келмек дейсиң?.. Бирок, алар коррупциялашкан мамлекетте билимдүү жаштарга орун жок экенин билип, өз дараметин чет өлкөдө көрсөтүшүүдө. Бир гана чет өлкөдө эмес, мекенинде калып деле көп жаштар ийгиликтерге жетишүүдө. Мамлекетти ар тараптан көтөрүүгө далалаттанган жаштардын жоон тобу бар экенин да айта кетели. Алар өзүн көрсөтөр кези да келе жатат.
Ооба, Кыргызстандын жаштарынын арасында, ыймандуусу да, адепсизи да бар, акылдуусу да, куусу да бар. Бирок, алар бөтөн элдин эмес, биз жашаган мамлекеттин жаштары. Алар Кыргызстандын келечеги. Биз, келечегибизге кам көрүшүбүз зарыл. Өзгөчө, саясатчылар бири-бири менен кайым айтышууну улантпай, жаштар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаргыдай иш-чараларды уюштуруп, жаштарга иштөө багытын көрсөтсө. Себеби, бүгүнкү жаштар, азыркы улуу муунду бакчу кез келет. Улуу муун жаштарга туура насаатын айтып, кыйшык жолдон оңдоп турса, жаштар эч адашпайт. Биз жаштарды канчалык жаман-жакшы дебейли, биз Кыргызстандагыдан башка жаштарды таба албайбыз. Ошондуктан жаштарды өстүрүү бул - Кыргызстанды өнүктүрүү...

Нуржигит Бейшебаев






Нур реклама

14-февраль, 2012-жыл






??.??