Эмилбек Каптагаев, экс-президенттик аппарат башчы:

"Түндүк-түштүк", "аркалык, коңкобай" деген саясатчылар чоң жаңылышат!"


- Президенттик администрациядан кеткенинизге дээрлик 3 ай болуп баратат, эмне менен алексиз?
- Эс алып, бир аз ден соолугумду карап, тууганчылап дегендей күнүмдүк эле жай турмуш....
- Бир кезде Сиз да, биз да оппозициянын туусун кармап, кландык режим менен талбай күрөштүк эле. Азыр болсо ошол биз кармашып жүргөн адамдардын айрымдары бийликте отурушат. Буга кандай комментарий бересиз?
- Биз Бакиевдин кылмышкер тобуна каршы мансап үчүн же байлык үчүн күрөшкөн эмеспиз, биз жаңы заман, жаңы мамлекет үчүн башты канжыгага байлап жүрдүк деп, ошол эле 2010-жылы апрелде ачык айтканбыз да. Бул жөнөкөй эле сөз эмес, бул Убактылуу Өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат болду. Мунун далили катары бийликке келгенине үч ай өтпөй Убактылуу Өкмөт отставкага кетип, бийликти жаңы дайындалган Президентке жана Техникалык Өкмөткө өткөрүп бергенин айтсак болот. Ооба, Убактылуу Өкмөт бийликте болгону үч ай болду. Бирок, ушундай кыска убакыттын ичинде Конституциялык реформа жүргүзүп, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүп, жеке бийликке чек коюп, мурдагы бийликтин кыянаттык чечимдерин жокко чыгарып, уурдап-тонолуп кеткен мүлктөрдү улутташтырып, эң башкысы өлкөдө жаңы саясий маданияттын пайдубалын түптөп кетти. Кыянаттык күчтөр тарабынан апрель революциясына каршы контрреволюция катары атайын уюштурган Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялар да жаңы багытты өзгөртө алган жок, 27-июндагы Референдумда эл жаңы түзүлүштү толук колдоп берди. Жаңы саясий маданиятты калыптандырууну Атамбаев, Текебаев, Сариев, Бекназаров, Шерниязов, Исаков, Чотонов жана башка лидерлер оозеки же сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да көрсөтүштү. Алар өз ыктыярлары менен бийликтен кетишип, башка сасатчылар жана саясий күчтөр менен бирдей шартта парламенттик шайлоого катышууга бел байлашты. Ачыгын айтсак, өтө чоң саясий тобокелчиликке барышты. Ал эми Президент Отунбаева болсо, ачык жана демократиялык шайлоону уюштурууну моюнга алды жана ишке ашырды. Ойлонгон кишиге бул кадамдар абдан терең мааниси бар , ошону менен бирге көптөгөн саясий натыйжаларды алып келген чоң иш болгон. Убактылуу Өкмөт мурдагы бийликке кызмат кылып жүргөндөргө тазаланууга, кайрадан элге ак кызмат кылууга, мамлекеттик бийлик бутактарына кайра келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мындай кадам аргасыздыктан эмес, атайын ойлонуп жасалган саясий кадам болгон. Эгерде биз ошол кезде элди ак-кара, биздики-тигилердики деп бөлө баштасак өлкө жарандык тирешүүдөн чыга алмак эмес, балким эмдигиче эле кимдин күчү көп, кимдин сүрөөнү күчтүү деп чабышып жатмакпыз, экономика калмак бул жакта эле, балким эмдигиче мамлекет да ыдырап кетмек. Акыры элдин башына түшкөн эле мүшкүл болмок. Саясий люстрация идеясынан баш тартканыбыз туура болгонун кийинки практика, турмуш өзү далилдеди. Биз бул кадам менен жаңы шартта жалпы улуттук биримдикке жол ачтык. Дүйнөлүк тажрыйбада биринчи жолу Кыргызстан эң кыска убакытта өткөөл мезгилди артка таштап, кайрадан толук кандуу конс-титуциялык нукка түштү. Бул чоң ийгилик, мунун баркын, маанисин көпчүлүгүбүз түшүнө элекпиз али. Ал эми 7-апрелден кийинки коомдогу, мамлекеттик түзүлүштөгү революциялык өзгөрүүлөргө көп адамдар мурдагы эле чен-өлчөм менен карап жатканын ушул эле сен берип жаткан суроо айгинелеп турат. Туура, кечээ эле бакиевдердин бийлигин жанталашып жактап жүргөндөр бүгүн шакылыктап сага акыл айтып турганы көп адамдардын жанын кашайтып жатат, кыжырланып жүргөндөр да жок эмес. Балким, алардын кай бирлери "Кана, революцияңардан эмне пайда таптыңар?" деп табалап да жүрүшкөндүр, ал эми кай бирлери Кудайга тобо кылып, кайрадан элге аралашканына шүгүр кылып жүргөндүр. Менин оюмча, эң башкысы алардын мындан ары таза иштешинде, мурдагы адаттарына түшүп уурдап, алып-жулуп арам иштерге киришпегендигинде. Бүгүн коом башка, эл да башка. Менин оюмча революциянын негизги багыты болгон - таза жана демократиялык коомду куруу жолунан бурулуп кетүүгө эч ким жол бербейт.
- Убактылуу Өкмөт, Техникалык Өкмөт, Коалициялык биринчи Өкмөт учурунда иштедиңиз, ошол кездеги бийликтин утушу не болду да, утулушу не болду? Тагыраагы 2010-жылдын 10-апрелинен 2011-жылдын декабрына чейинки аралыктагы кыргыз бийлигинин ишмердигине кандай баа бересиз?
- Башкы утуш - биз криминалдашкан үй-бүлөлүк башкарууну кулаттык, коомду өзгөрттүк, мамлекеттик түзүлүштү өзгөрттүк, өлкөдө жаңы саясий маданияттын пайдубалын түптөдүк. Өлкөнүн уурулардан, криминалдык элементтерден, коррупционерлерден тазаланышына жол ачтык. Убактылуу Өкмөт тарабынан өткөөл мезгилге белгиленген саясий программа толугу менен аткарылды, биз кайрадан толук кандуу конституциялык түзүмгө келдик, парламенттик жана президенттик шайлоолор ачык маанайда өттү, биринчи жолу жогорку бийлик тынчтык жолу менен бир адамдан экинчи адамга өттү. Ошондой эле өткөөл мезгилде экономика дагы кризиске батып калган жок, тескерисинче өнүгүп жатты. Булар айта койсо оңой болгону менен, саясий жагынан дагы, маданий жагынан дагы, эң башкысы тарыхый жагынан дагы өтө терең окуялар. Негизги бааны мезгил өзү берет деп ойлойм. Өзүм жөнүндө айта турган болсом, ээлеген кызмат ордума ылайык алдыга койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн бардык күч аракетимди жумшадым, жыйынтыгы начар болгон жок. Анткени Президент Отунбаеванын ишмерлигине азыр дүйнөлүк коомчулук дагы, биздин карапайым эле эл дагы берип жаткан эң жогорку баа ошол эле мезгилде анын ишмерлигин камсыз кылып турган Аппаратка да тиешелүү деп ойлойм.
- Жашырганда эмне коомчулукта "Отунбаева менен Каптагаев кетеринде сыйлыктарды каалагандай таркатып кетти" деген бир жаман кеп ээрчип жүрөт. Балким, сыйлыктар чыныгы ээсин таппай калган эмеспи?
- Бул суроого жоопту ошол эле сыйлык алгандардын тизмесин алып, талдап көрсөңөр аласынар. Акыркы эки жылда биз мамлекеттик сыйлыкты туш келди бергенди токтоттук, сыйлык акчага сатылат деген сөздү жокко чыгардык, канча жылдан бери өз эмгектеринин үзүрүн көрө албай жүргөн адамдарга тиешелүү наамдарын, тиешелүү сыйлыктарын бердик. Бир дагы татыксыз адам сыйлык алган жок деп, мен так эле айта алам. Балким, дагы бир топ татыктуу адамдарды сыйлоого жетишпей калдык, убакыт өтө чукул болду да. Эми жашоо токтоп калган жок, азыркы бийлик деле алардын эмгегин көз жаздымда калтырбайт да.
- Жаз алды менен азыркы бийликти алып түшүүгө астыртан даярдыктар башталып, саясий күчтөрдүн убактылуу биригүүсү башталды. Сизге лидерликти сунуш кылгандар болдубу?
- Жок, мага эч ким эч нерсе сунуш кылган жок, андай сунуш айта турган саясий күч деле жок азыр. Бирок, ачыгын айтуу керек, азыр кайрадан тополоң чыгарып, Апрель революциясынын натыйжаларын жокко чыгарабыз дегендердин максаттары ишке ашпайт, революциялык күчтөр андай саясатчылар менен ачыктан ачык көрөшүүгө даяр. Айрыкча элди "түндүк-түштүк" деп, "аркалыктар, коңкобайлар" деп бөлүп саясат кылам дегендер чоң жаңылышып жатышат, алардын арам ойлору да таш кабат, андай сасык саясий оюндардан карапайым эл деле тажап бүттү.
- Дегеле азыркы бийликтин ишмердигине, программасына, коррупция менен кармашуу аракеттерине көз карашыңыз кандай!
- Коррупция менен күрөш Убактылуу Өкмөттүн да, Президент Отунбаеванын да ишмерлигинин чордонунда турган. Уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөштү Роза Исаковна баштаган, ошондой жоопкерчиликти моюнга алган. Муну азыр эч ким тана албайт. Бийлик сөзсүз коррупциядан арылууга тийиш, антпесе өнүгүү жок. Менин оюмча Президент Алмаз Атамбаев бул ишти аягына чейин жеткирет, ал киши Кудай деген киши, көңүлү ток таза киши, мен буга ишенем. Башкысы, ушул күрөштүн башына ошол эле коррупциянын "ана башылары" туруп алып, анан "ууруну каракчы тоноптур" дегендей болуп, майда барат иштерди бетке кармап, иш солгундап калбаса болду.

Маектешкен
Тынчтык Алтымышев




Барган жерин соолуткан


Жумасарлыктын келгени чынбы?


Жакында чет жакта качып жүргөн олигархтардын бири, барган жерин соолуткан паракор, кызылкулак Жумасарлык Нуржановдун Кыргызстанга келгени тууралуу узун маалыматтар ММК беттеринде жарыяланды. Эгер бул имиштер чынга айланса, анда эле биздин чек ара кызматыбыз чектен чыгып кеткенин, УКМК кызматы уктап жатканынын далили дей берсек болот. Болбосо, Кыргызстандын кызылын кырып алып турган Жумасарлык сыяктуу жуттар Кыргызстанга асмандан аба десанты катары учуп түшөбү?
Балким, азыркы чек арачылар анын ким экенин жакшы билишпейт чыгар? Андай болсо, ал тууралуу азыноолак айтып коелу. Ал Кыргызстандагы казактардын өкүлү, кайсыл бийлик менен болбосун тил табышып кете алган шылуун, мамлекеттик майлуу кызматтарды аркалаган чиновник болгон. Казино дегенде көзү кызарган ал 2007-жылы Жаныш Бакиевдин жакын досу болгондугуна байланыштуу мамлекеттик маанилүү кызматты Мамлекеттик материалдык резервди кармап турганда, өлкөдө ун каатчылыгы болуп, эл арпа, нан жеп отуруп калууга аргасыз болгон эле. Өзү болсо ошол кездеги мамлекеттик кампадагы буудайларды жеке бизнесине айлантып, мамлекеттик иш ордунда эмес, өзүнүн "Старый город" казиносунда эсирип жаткан болучу. Мунун көпкөн жоругун ошол кездеги премьер-министр Алмаз Атамбаев ашкерелемекчи болгону менен, ошо кездеги УКМКнын башчысы Мурат Суталинов Нуржанов менен келишип алып, камабай койгон болучу. Көп өтпөй көпкөн ал, кайрадан мамлекеттик монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттигине келет. Жолу жаман неменин келиши менен 2008-жылы өлкөдө күйүүчү жана майлоо материалдарынын баасы эки эсеге кымбаттап, аны көзөмөлгө ала турган Нуржановдун командасы алакан жайып туруп берген эле...