Автоунаа менен ойнобо!

Чоң ылдамдыкта


кырсыкка шашкандар!



Учурда 5 миллион кыргыздарга 7 млн авто унаа туура келет деген маалыматты угуп, кыргыздардын жошоосу оңолуп баратабы деген ойго чөмүлдүм. Албетте, элибиздин жашоосу өйдөлөп, темир тулпарлардын санынын көбөйгөнү жакшы саамалык, бирок, борбор шаарыбыздын көчөлөрү кеңейбей, жаңы жолдор курулбай, анысы аз келгенсип, авто жол кырсыгынын көп болуусу зээнди кейитет. Мисалы 2011-жылдын 11 айында эле Бишкек шаары боюнча авто жол кырсыгы 35,3 пайызга жогорулаган.

Ар бир эле адам темир тулпарлуу болгондо чекеси жарыла сүйүнөт, кубанат жана ушул менин темир тулпарым мага жана менин үй-бүлөмө жакшы кызмат кылат деген ак тилектерди ойлойт. Бирок, темир тулпарлуу болгондон кийин ал бир эле өзүнүн өмүрүнө эмес, жанында отурган бардык адамдардын дагы өмүрүнө дагы жоопкерчиликтүү экенин терең түшүнө бербейт. Алыскы жолдо авто кырсыкка үй-бүлөсү менен кабылып, ай мончоктой балдары дагы майып болуп калган учурларды көргөнбүз. Буга чейин шаарыбыздагы ооруканалардын травмотология бөлүмүнүн жетекчилери менен маек курганыбызда көбүнчө "биздин ооруканага авто жол кырсыгы менен келип түшкөн бейтаптар абдан көп деп" айтышкан. 2011-жылдын 11 айында эле Бишкек шаары боюнча авто жол кырсыгы 35,3 пайызга жогорулап кеткен. Ал эми ушул эле жылдын 9 айында 3420 авто жол кырсыгы болуп, анда 697 адам каза болгон жана 4840 адам ар кандай жаракаттарды алган. Мындай статистика жол кырсыгы жылдан жылга азайбай кайра жогорулап баратканынан кабар берет. МАИ кызматкерлеринин айтымында, бул көрсөткүч айдоочулардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн жол эрежелерин сактабаганынан улам келип чыгууда. Өзчөчө катуу ылдамдык менен айдаганда, ошончолук жол кырсыгына кабылуу коркунучу бар экенин айтышууда аталган ведомствонун инспекторлору. Авто жол кырсыгына кабылууга төмөнкү факторлор дагы кызмат кылат. Авто жол эрежелерин туура сактабагандыктан, карама-каршы келе жаткан айдоочунун жолуна чыгып кетүү, алдыдагы авто унааны туура эмес ашып өтүү, спирт ичимдиктерин ичүү, жолдордогу кесилиштерде кайрылуу эрежелерин так сактабагандыктан улам, жолдордун начардыгынан, атайын айдоочулар үчүн жазылган белгилерге баш ийбөө, жөө жүргөндөр өтө турган атайын сызыкчалар тууралуу эрежени сактабагандыктан жана айдоочулардын белгиленген аралыкты кармабаганынан улам. Албетте, бул эрежелер аткарылса, жол кырсыгы жакшы эле азаймак, бирок, кыргызчылык жана кайдыгерлик көп адамдардын кырсыкка кабылуусуна себеп болууда. Ушундан улам, жол коопсуздугу жана кырсыктардын болуусунун себептерин айдоочулардын өз оозунан угуу үчүн аларга дагы кайрылдык.

Сиздердин оюңуздар боюнча кандай учурларда авто жол кырсыгы болот?

Бакыт Жумалиев, айдоочу:
- Жол кырсыгынын болуусуна айдоочулардын дагы, анан жөө жүргөндөрдүн дагы күнөөсү бар. Анткени, жөө жүргөн адамдар дагы анан айдоочулар дагы жол эрежелерин сактабайт. Мисалы жөө жүргөн адамдар жөө өткөнгө гана уруксат берилен жерден өтпөстөн, каалаган жеринде эле машиналар менен жөөлөшүп жүрө берет. Ал эми кээ бир айдоочулар жөө өткөнгө чийилген сызыктардан өтүп бара жаткан адамдарды көргөндө да жол бербейт. Бул адамдардын дагы, айдоочулардын дагы жол эрежесин туура сактабаганынан болот. Менин оюм боюнча айдоочулардын 60-70 пайызы жол эрежесин аткарбайт. Ал эми чоң жолдордо болгон авто кырсыкта, айдоочулар гана күнөөлүү. Анан 60 деген жерден 60 менен 40 деген жерден 40 менен айдашың керек. Анткени, ал жерде киши көп өтөт, же мектеп бар. Катуу айдабай, ошол жол эрежелерин караш керек.
Жоомарт Үсөнбаев, айдоочу:
- Эми чоң жолдордо кырсыктын болуусуна, биринчиден айдоочулар күнөөлүү. Анткени, алар чоң жолдо катуу ылдамдыкта айдашат. Экинчиден МАИ кызматкерлери жашынып туруп алышат. Эгерде алар ачык турушканда, айдоочулар дагы тартипти сакташмак. Анткени, ушул жерде МАИ кызматкерлери бар деп жол эрежесин бузбаганга аракет жасашмак. Анысы аз келгенсип, атайын МАИлердин машинеси менен эмес, жөнөкөй машинелер менен турушат. Анан жол эрежесин бузгандан кийин гана токтотушуп айып пул беришет. Кээ бир МАИ кызматкерлери тумактарын чечишип, жашынып алып, тосушат. Алар ушинтип айдоочулар тартипти бузушса деп, күтүп турушат. Ошондуктан, айдоочуларга алдын ала эскертүү үчүн пост ГАИ деп жазышы керек, ошондо айдоочулар дагы МАИ кызматкерлери болобу же болбойбу алардан сестенип, жай айдаганга жана башка дагы эрежелерди бузбаганга аракет жасашат. Анан авто жол кырсыгына көбүнчө жаштар, өзгөчө окубай эле сатып алгандар кабылышат.
Камил Өмүрканов, айдоочу :
- Эми баарыбыз эле жолдо жүрөбүз, авто жол кырсыгынын болуусуна көп себептер бар. Алардын бири биз кыргыздар көпчүлүк учурда кыргызчылык кылып, өтүүгө болбой турган чоң жолдордон дагы ары-бери чуркап өтүп жүрө беребиз. Мындай карап турсаң мисалы, кээ бир адамдар өтүүгө уруксат берилген гана сызыкчалардан гана өтпөй, жолдун башка жеринен өтүшөт. Анан аларды келе жаткан авто унаалардын бири көрсө аркасындагысы көрбөй калат. Ал эми, андай жерлерде айдоочуларга атайын алдын ала маалымат илинген. Ошондой жерлерде айдоочу өзү ылдамдыкты азайтып жай айдайт. Дагы бир жаман көрүнүш автоунааларын баш аламан эле токтотуп коюшат. Алар башка айдоочуларга аябай тоскоол болушат. Кээ бир акчасына ишенгендер болсо, аварийкасын күйгүзүп коюшуп, каалаган жерде токтотуп коюшат. Аларга МАИ кызматкерлери деле унчуга албайт. Жол коопсуздугу оюнчук эмес, жөө жүргөн адамдар дагы, айдоочулар дагы, жол эрежелерин жакшы сакташып, анан МАИ кызматкерлери мыйзамды баарына бирдей колдонуп жакшы иштешсе, жол кырсыгы азаймак.

Айгерим МАКЕШОВА