Улуу Манасчыга таазим
Кырк
теректе кызык иш
Токтогул Анапыя, Даркан, Айсалкын Жунус, Бейшегүл төртөө койго бата сурап туруп алышты. Асилиндеги пилан боюнча эч кимге кабар бербей көрүшүү бүтсө эле үнсүз кетмек болгонбуз. Бирок, жаштардын салттуулугун, нарктуулугун көрүп, бизге деген көңүлүн кайтарбадык.
Алдынкы күнү күн кечтеп кеткендиктен, Кырк терекке эртеси бардык. Кырк терек деген ыйык жай Манас ата менен байланышат экен: алп бабабыз Манас баатырдыгы менен кыргыз элин сырткы душмандын чапкынчылыгынан коргоп турган кези экен. Кашкарды жердеген кыргыздарды Калдай деген калмак чаап кетет. Муну уккан кан Манас кырк чоросун ээрчитип Кашкарга барып калдайды жоготуптур. Кыргыздарды тынчытып коюп, Кашкар менен Үчтурпанга каттоочу кан жол менен Кулжа башынан ашып, аралды көздөй бет алыптыр. Какшаал дайрасын бойлоп Үзөңгү-Кууш деген жерге келгенде алдында шаркырап аккан дайрасы бар, үстү аска зоо, күнгөй-тескей тоолору көк мелжип кабышып турган, дайраны жээктей баскан чыйыр жолу бар жерден өтүп бара жатып, сонуркап аттарынан түшүптүр. Манас, кан Бакай, Чубактар белги болуп калсын деп үч тал теректин чырпыгын дайранын жээгине сайып, бул жердин аты "шынаа" болуп калсын дешкен экен. Булардын эстелигин көргөн кырк чоро кырк чырпык сайып коюшуптур. Ал чырпыктар баары көктөп терек болуп жетишиптир. Бул жер "Шынаа", "Кырк терек" деп ар түрдүү аталып жүрүп, акыры "Кырк терек" аты менен айтылып калыптыр. Бул теректер кылымдар бою көгөрүп турат, Какшаал кыргыз эли:" бул бабабыз Манастын эстелиги, мазар терек" дешип сыйынышат. Ал теректерди бүгүнкү күндө санап көрсө санагы токтобойт. Анын сырдуулугу бир санаса кырк үч, бир санаса отуз тогуз, бир санаса кырк чыгып турат имиш.
Арабыздан үч киши теректерди ар башка-башка санап чыгышты, түндүктөн түштүккө карай санаса бирөөнүкү 43, бирөөнүкү 41, бирөөнүкү 39 чыкты, кайра түштүктөн түндүккө карай санаса, бирөөнүкү 37, бирөөнүкү 39 , бирөөнүкү 42 чыкты. Бир эле адам эки жолу санаса эки башка чыгып атканы бизди таңдандырды. Биз "көп эле санай бербейли" деп кайра санаган жокбуз. Учурда Сайыпбек ага баштап беш киши Кулансаракка тууганчылап кетишкен, Кулансарактагылар аларды кармап алышат, ошондо бирөө: "Биз он кишилик топ элек, бешөө Кырк теректеги теректерге номур салып калышты" деп тамашалайт. Бир байбече: "Кокуй, антпегиле, ага номур салса болбойт, кайдагы шумдук!" - деп чочуп кетти дейт. Бул теректерге номур салууга эч ким даай албастыгы мүмкүн. Бул бир тамаша сөз.

Бар табагым, кел
табагым, барип-
келип турбасаң
ортолукта сын
табагым
Как ошол учурда Ак-Чий ооданы боюнча эл өкүлдөр курултайы жана саясый кеңеш жыйналышы өтүп жаткандыктан оодандык маданият мекемесинен Турдубай байке көп убакыт бөлө албады, биз кантпесин аталган мекемеге алганча келген белегибизди ошол кишинин өз колуна тапшыралы деп, эртеси телефон чалсак араң бошонуп чыкты, ары бизди кеңсесине сунуш кылды. Кеңсеси өтө кеңири экен, белек-бечкектерибизди ошол эле жерде колуна тапшырдык, ал киши маданият мекемеси жана Жүсүп аксакалдын атынан "Манастын" кытайча төрт томдуу нускасын арноо сөз жазып, бизге белекке берди.

Жүсүп Мамай:
"Кыргызстанга
барганда мени
"Манас" айтпаган
дегени сандырак
сөз"
Абдыракман Азиз, Турду Мамбет жана мен үчөөбүз ошол жолку топтун башы Сайыпбек прафисордон кичине убакыт суранып, Жүсүп аксакалды сүрөткө алуу үчүн үйүнө дагы бардык. Бул жолу алдын ала кабар бербей түз эле бардык, себеби, аксакалдын табийгы турган турмушун, бейнесин тасмага түшүрүп алмакчы элек. Эшигин каксак, чебереси Турганалы тосуп чыкты, түз эле аксакал турган үйгө кирсек, Жүсүп ата орундукта олтуруп алып дагы бир кичине чебересин эркелетип жаткан экен. Баарын тасмага тартып алдык, андан соң кечөө күнү келген топтун мүчөлөрү экенибизди, бүгүнкү кайра келүүдөгү максатыбызды айтсак, "Чыңгыз Айтматов белекке берген дүрүя тонду кийип алайын, анан сүрөткө алгыла" деди. Биз өтө кубанып кеттик. Ошондогу элесин деле тартып алдык, биз менен сүйлөшкөн учурдун баарын тасмага түшүрдүк. Үй-бүлөсү менен сүрөткө түштүк.
- Жүсүп ата, небере, чеберелериңиз канчага жетти?
- Кудай буйруса 32ге жетти, мына бул кичине неберем.
- Денсоолук ахбалыңыз кандай?
- Жаман эмес, картайып кеттим, карылык жетип турат.
- Урууңуз эмне?
- Кызылтукум.
- Бул тонду Айтматов берген да...
- Ооба, Макелек аркылуу жибериптир экен, сыйлуу чогулуштарда кийип жүрөм.
- Айтматов менен кездешкенсиз да.
- Ооба, эки жолу телефондо көрүштүм, бир жолу гана кездештим: биринчи жолу 1989-жылы Горбачевди ээрчип Пекинге келген экен, ошондо өзү телефон чалыптыр, телефон аркылуу гана учураштык. Экинчи жолу, өз атынан Кыргызстанга чакыртты, Таласка, Сагынбай, Саякбайдын айылдарына бардык, манасчылар, санжырачылар менен жолугуштук, анда да Айтматов өзү Москвадан телефон чалып: "Москвага келесизби, мен мажилисте болуп атам, бошонуп тосуп баралбадым" деди. Мен же эл аралык кабарчы болбосом, Москвага эмнеге барам, анын үстүнө кайтууга убакыт кыстап да калган, Москвага баруу үчүн кайра Пекинден уруксат алуу керек, бир топ убарачылыктар туулат, ээ, ошентип он канча күн туруп кайтканбыз. Үчүнчү жолу, 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгы өткөндө барып бетме-бет көрүштүк, сахнада гана обочо кол кармаша алдык, ал киши атактуу киши болгондуктан, карбалас экен, көп деле убакыт бөлүшө албадык.
- Айтматов сизди Кыргызстанга чакырган сапар көп кишилер суранышса эле "Манас" айтбай койгон экенсиз, бүгүнкү күндө алар такыр эле сиз жөнүндө ою оң эмес сөздөрдү таратып атышат.
- Ээ, балам, ал да өз заманына жараша болгон. "Мурдум канайт" деп айтбай койгон эле, айталбады" дегендин баары жалган. Мен анда "Манас" айтмак түгүл, кыргызстандык туугандардын табышмак болуп келген жүздөгөн суроолоруна жооп берип атып, "баянатчы"га айланып калгамын. Таласта "Манас" деле айттым, бирок обонго салып салты боюнча айтбастан, кара сөз менен ырды аралаштырып жомок формасында айтканым бар. Ошол эле жылы Темирбек Токтогазийев деген окумуштуу киши менин Таластагы "Манас" айтканым жана башка кыймылдарым жөнүндө арналуу макала жазып, ачык-ашкере кабарлаган. Бүгүнкү сүйлөгөндөр аны көрбөйт болуш керек.
- 1995-жылы Манастын миң жылдык тоюна барганда эмне үчүн "Манас" айтбагансыз?
- Анда бирөө менден "Манас" айтып бер деп суранышкан деле эмес, манасчыларды тартипке тургузганда мен Саякбай, Сагынбайлардын катарында залкар манасчылардын тизмесине кирипмин, андан кийин орто заар манасчылар, акырында жетилип келаткан манасчылар бар. Залкар манасчылардан көзү тирүүсү мен экемин, ошого мени айттырбай эле орто заар, жаш манасчылар айтышкан, мен айтайын десем да оңуту келбеген.
Башка сөздү айткан жок. Сурайын деген суроомо акыры жооп алдым. Көңүл-көйүбүз башкача боло түштү. Айтматов берген тонду кийип сүрөткө түшүп алууну өтүндүк. Макул болду.
Темирбек Токтогазийевдин Жүсүп ата айткан макаласынан көпчүлүктү кабардар кылуу үчүн кайтып келген соң борбордук улуттар үнвирситетиндеги "Манас" таануучу эжебиз Токтобүбү Ысакка телефон чалып, катыштуу материялдарди алдым. Темирбек Токтогазийевдин 1995-жылы Бишкекте басылып чыккан "Кароол Чокудан келген ойлор" деген китебинин 14-, 16-, 17-, 19-беттеринде "Жүсүп Мамайдын Таласка келиши" деген бөлүмүндө мындай үзүндү бар экен: "Учурда атагы алыска тараган манасчылардын бири Кытай мамлекетиндеги Сынзыян автономыялуу районунун Үрүмчү шаарында жашаган Жүсүп Мамай карыя. Манасчы тууралуу республикабыздын эли анын 1989-жылы Кыргызстанга келип кеткенинен кийин гана кеңири маалымат алып, "Манастын" сегиз урпагын айтып, ал гана эмес ар бир баатырды өзүнчө китеп кылып чыгарган адам катары билип олтурат. Кыргызстанга алгачкы ирет келгенинде Жүсүп Мамай көл кылаасына жана Кочкор районуна барып атактуу манасчылар Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаковдордун айылдарында болуп, үй музейлерине келген эле. Ошондо Жүсүп Мамай менен бир нече күн бирге болуп, а киши менен болгон майектеримди жаштар гезити - "Ленинчил жаш" аркылуу окурмандарга тартуулаган элем. Жүсүп аксакал кайтарына бир нече күн калганда Талас жергесине да барып, Манастын күмбөзүнө таазим кылып кеткен болчу. Анын эмгегинен Жүсүп Мамайдын талыкбай эмгектенген залкар чыгармачыл адам экени даана көрүнүп турат. Жүсүп Мамайдын вариантындагы өзгөчөлүк анын ар бир окуяны дыкаттык менен, жип учугун чубагандай баяндалышында. Анын жомогун угуп олтурган адам чынында анын айткандарына жуурулушуп, өзгөчө ырахат алат эмеспи. Бирок, биз көнүп калгандай Жүсүп аксакал Саякбай сыяктуу же азыркы манасчылар Уркаш Мамбеталийев, Азиз Шабайев, Намазбектер сыяктуу обонго салып айтбастан жорго сөз түрүндө жорголотуп, куюлуштуруп айтат экен. Бул Жүсүп Мамайдын өзүнчө өзгөчөлүгү болсо керек деп ойлодум..."
Демек, Жүсүп Мамай Кыргызстанда бир канча жолу суранышса да "Манас" айтбай койгону чынында сандырак экен, тек гана жорго сөз түрүндө айтканы угармандарды жаңылыштыкка алып барган.
- Мына бул китепти көрдүңүзбү, сиздин таржымалыңыз жазылган китеп, оболу кытай тилинде чыккан, азыр орус жазуусу менен Кыргызстанга тарады.
- Ким жазыптыр, муну? -деп сурады. Токтобүбү Ысак, Адыл Жума Турдулар,- деп жооп берсем, "Алар менин балдарым, көп эле жазып атышат, кайсы экенин билбей деле калдым, баятан айтбадымбы, Айтматов Бейжинден мага телефон чалган деп, ошол учурда ушул кызым Токтобүбү да бар эле жанымда, менден кийин Айтматов менен сүйлөшкөн, таанышкан" деди.
- Ушул китепке колтамгаңызды түшүрүп бере аласызбы?
- Түшүрүп берейин, катты деле унтуп калдым окшойт.
Калем даяр болду, сын алгыларыбызда так болду, китептин ак бетине "Жүсүп Мамай, 2012-жыл 1-айдын 15-күнү" деген катты кыргызча жазып берди, эми бүттүго десек "Балам, атыңды унутуп турам" деп кайрылат, аты-жөнүмдү айта салсам "Мамбеттурганга арналды" деп да жазып берди.
Чоң уулу Абдыгазынын Турсуналы деген уулунан Турганалы аттуу кичине чебереси бар экен, Жүсүп ата жөнүндө, кызылтукум уруусу жөнүндө жаңы китеп жазып атыптыр. Өзү жигердүү жигит экен, Жүсүп Мамай айткан "Манастардын" үн, сын тасмаларын жыйнап жүргөнүн айтты. Бизден өзүнүн басмадан чыгуу алдында турган китебине арноо сөз жазып берүүнү өтүндү. Биз даңктуу кишилер болбогондуктан арноо сөз жазып, колтамга берүүгө кошулбадык.
Сөз учурунда аксакал Кашкарда миллиондогон уйгурдун арасында жалгыз жашап жаткан Абдыракман Азиздин уруусун, журтунун азыркы ахбалын, үй-бүлөсүн сурады. Абдыракман өтө толкунданып турду, залкар манасчынын сакалынан, колунан өөп кетти. Анын жөнү түшүнүктүү го. Жүсүп Мамайга эмес, кыргызга зар болуп жүргөн Абикенин ошондогу сезимин, жан дүйнөсүн мен кандай сүрөттөй алам...
Биз дагы бир жолу кыйбай коштошууга мажбур болдук. Бирок алдынкы күнкүгө караганда кичине бугубуз чыккандай боло түштү. Көп эле кылчактап, аксакал менен кайра-кайра коштошуп атып акыры айрылыштык.

Той да болот, тойдун эртеси да болот.
Биз эки күн бою Какшаал калкынын урмат-сыйын көрүп, даамын сызып, кармаганына болбой кайтуу сапарыбызды улап алдык. Жол үстүндө Мамбеттурду Мамбетакундун:
" Өлгөн сайын өрчүгөн Манас,
Өткүр Манас урпагы.
Кырсыкка да, кылычка да,
Моюн салып турбады.
Нечен ирет Манас кайра тирилди,
Кыргыз менен бирге жүрүп,
Кечип өттү кан кайнаган иримди.
Манас да Манас,
Айткан да Манас!
Жүсүп ата,
Сен элимдин Манасы,
Алтын сүрөт, алтын ордо,
Сала албадым сиз үчүн!" - деген ырын тоо кабыштырып ырдап жаттык.
Кантпесин ийги жумуш бүтөп алганыбыз үчүн корстон болуп да келаттык. Келатканда бизге бейтаниш туюлган жолдор эми көздөргө жылуу көрүнүп, Жүсүп атанын батасы көңүлгө демөөр болуп, Манас атанын арбагы бизди коштоп бараткандай жылуу сезимдер жол бою жалындап турду.

Мамбеттурган Курман,
Кытай, Ак-Тоо